11.06.2009

Аймактык тренингдер

Июнь айында бардык аймактарда - облустук борборлордо журналистикага жаңыдан аралашып жаткан жаш адистер үчүн жаңылыктарды жазуу боюнча эки күндүк тренингдер өткөрүлөт.

Аталган тренингдер:
13-14-июнда Баткенде,
16-17-июнда Ошто,
18-19-июнда Жалал-Абадда,
22-23-июнда Нарында,
26-26-июнда Караколдо
29-30-июнда Таласта өткөрлүмөкчү.

Тренингдер ОБСЕнин Бишкектеги борборунун колдоосундагы "Үйрөнчүк аймактык кыргыз тилдүү журналисттерди окутуу жана "АЙМАК-news" билим берүүчү-маалыматтык блогду ачуу" долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Долбоорду "Журналисттер" коомдук бирикмеси аймактык өнөктөр: “Журналисттер үйү” коомдук бирикмеси (Каракол ш.), “Нарын.KG” коомдук бирикмеси (Нарын ш.), “Жалал-Абаддык аймактык журналистика борбору” (Жалал-Абад ш.), “Баткендик ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Баткен ш.), “Оштук ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Ош ш.), “Таластык ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Талас ш.) менен биргеликте ишке ашырмакчы.

Комментариев нет:

Отправить комментарий