05.08.2009

Кочкор районунда сел жүрдү

«Naryn.KG», 5-август, Нарын. «Биримдик» ассоциациясынын мүчөсү Асыл Жаманованын маалыматында Кочкор айлына жакын жерде 5-августа саат бирлерде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бешке чукул тазаланган .

Жолдун эки тарабында 80-100гө чамалаш автоунаа токтоп турушат. Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын облустук башкармасынын башчысы Болот Аманбаевден алынган маалымат боюнча Бишкек-Торугар автожолунун 244-245 чакырымында 500 куб метрге чукул сел түшкөң. Учурда эки техника иштеп жатат. Кечки саат жети сегиздерде толук тазаланып бүтөт. Жабыр тарткандар жок. Жолду тазалоо караптуруу жолчулардын милдети деп кошумчалады Б.Аманбаев.

Оорулуунун көйгөйү дартта эмес, акчада

“Акыйкат”, 5-август, Жалал-Абад. Коомдогу пикирлерге таянсак, Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерде доктурлардын оорулуулардан мыйзамсыз түрдө акча алуулары көнүмүш адатка айланган. Анткени, жарандардын басымдуу бөлүгү медициналык төлөм жаатында өз укуктарын билишпейт.

Мыйзам кагаз бетинде эле

Кыргызстандыктардын медициналык тейлөөгө болгон төлөмдөрү арзандатылгандыгын тастыктаган мамлекеттик маанидеги документ болсо да (мамлекеттик кепилдиктер программасы), ак халатчандарга ооруп кайрылгандар доктурлар кызмат акысы үчүн сураган акчаны төлөшөт. Ал эми ден соолугун чыңдоо үчүн берген акчасын мамлекеттин казынасына түшкөндүгүн тастыктоочу квитанцияны сурагандары чанда гана кездешет.

Адистердин айтымында, жарандардын басымдуу бөлүгү ооруканага же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна төлөгөн акчалары кай жака кетип жатканына кызыгышпайт. Ошондой эле кайсыл оорулуу канча акча төлөшү керектигин билүүнү каалагандары жүздөн бирөө гана.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №269-токтомуна ылайык, кайсыл оорулуу эмне үчүн акча төлөшү керектиги даана жазып коюлган болсо да, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай келет.

Жарандык коомду колдоо борборунун юристи Нурбек Касымбековдун айтымында, мыйзамдын аткарылбай жатканына жарандардын өздөрүнүн медициналык тейлөөгө болгон укуктарын жакшы билбестиги себеп болууда. “Деген менен бүгүнкү күндө карапайым калк гана эмес, айрым медициналык кызматкерлер да өзүнүн кесибине тийиштуу мыйзамдарды толук билет, десек жаңылышабыз”,- дейт Н.Касымбеков.

Талаптар жазууда гана

Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) саламаттыкты сактоо мекемелери жана калк менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Фарида Шарипованын айтымында, медициналык төлөм жаатындагы жана акысыз дарылар боюнча маалымдамаларды коз көрүнө жерге илип коюу - ар бир медициналык мекеменин милдети.

«Эгер маалымдамалар илинбесе, ал мекеме сөзсүз түрдө административдик же тартиптик жазага тартылат. Бул жаатта Жалал-Абадда терс көрүнүш жок. Бардык мекемелерде маалымдамалар илип коюлган»,- дейт Ф.Шарипова.

Деген менен медициналык мекемелерге барган кезибизде (макалага материал топтоо учурунда) бейтапканага ооруп кайрылгандардын онунан бирөөсү гана ал маалымдамаларга көз чаптыра тургандыгына күбө болдук. Ал эми айрым пациенттер дубалда илинип турган жазууну окуп чыкса да, андагы талаптар жазуу жүзүндө эле калаарын айтышты.

Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, 70 жаштан ашкан адамдарга, 5 жашка чейинки бөбөктөргө, майып кишилерге, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына медициналык тейлөө акысыз болушу керек. Мындан сырткары, мамлекеттик кызыкчылыктагы түрдүү конфликттик окуяларга катышып, ден соолугу начарлаган кишилерге жана алардын үй-бүлөсүндөгүлөргө, ошондой 21 жашка чейинки студенттерге медициналык төлөмдө пайыздык жеңилдиктер каралган. Деген менен турмушта аталган программага каршы көрүнүштөр тез-тез кездешет.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, майыптыгы боюнча каттоодо турган пенсионер К.Ж.нын (атын ачык атабоону суранды) сөздөрүнө таянсак, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттарынын дубалдарына көрк берип турган маалымдамалар илип коюлганы менен кабинеттердин ичинде өз билемдик дале өкүм сүрүп келет.

Биз К.Ж. менен ал киши шаардагы №1-эмканага текшерүүдөн өткөнү келген учурда жолуктук (26.05.2009).

«Азыр эле Лор бөлүмүнө кирип текшерүүдөн өттүм. Абалымды карап чыккандан соң догдур мага 30 сом төлөшүм керектигин айтты. Сураган акчасын берип чыгып келе жатам»,- деди К. Ж. аксакал.

Ошол эле учурда аталган мекеменин дарыгери Венера Муркамиловага төлөмдөрдүн кандай ыкмада болушу керектигин сурап кайрылганыбызда, ал бардыгы мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөнөөрүн айтты. Ал эми өзү иштеп жаткан эмкана боюнча «Ушул убакытка чейин эч кимдин үстүнөн даттануулар түшкөн жок. Эгер түшсө, албетте, ал кызматкер жазаланат»,- деп жооп берди.

Шаардагы ар турдуу саламаттыкты сактоо мекемелерине текшерилүүгө келгендердин дээрлик бардыгы медициналык тейлөө үчүн акча берише тургандыгын айтышканы менен, мыйзамсыз акча алып жаткан доктурларды көзүбүз менен көрө албадык. Анткени, оорулуулар кабинетте бирден гана кабыл алынат. Кабыл алуудан чыккандардын колунда болсо дарылардын тизмеги жазылган кагаз эле бар. Акча төлөгөндүгү тууралуу квитанция же кассага жолдомо эч кимге берилбейт…

Айына 900 сом мыйзамсыз акча

ММКФ каржы бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына сооплатанын негизинде айына 450 миң сом келип түшөт. Түшкөн акча атайын таллондун негизинде мыйзамдаштырылат.

Көз карандысыз эксперт Алмаз Акыл уулунун айтымында, ооруканаларда оорулуулар төлөгөн акчалардын дээрлик бардыгы эле мыйзамдаштырылат. Анткени, оорулуу тууралуу китепче ачылганда (история) акча төлөнгөнүн тастыктаган квитанция берилет. Ал эми бир жолу текшерилүүгө келген оорулуунун берген акчасы дарыгерлердин чөнтөгүнө кетиши анык.

«Бир күндө бир дарыгерге келбеди дегенде эки пациент кайрылат. Аларды дарыгер текшергени үчүн эң азы 20 сом толоп кетишет. Эсептей келсек, эгер бир дарыгер орто эсепте күнүгө бир оорулуудан мыйзамсыз акча алса, анда бир айда 600 сом акчаны чөнтокко салат»,- дейт Алмаз.

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бул сан бир аз жогору болушу мүмкүн. Себеби, кабинеттин ичинде дарыгерлер кеминде 30 сомдон акча алышат. Мындай дегенибизге себеп, макалага материал топтоо учурунда пациент катары бир топ дарыгерлерге кайрылганыбызда, текшергени жана дарыланганга багыт бергени үчүн 30-40 сомдон акча сурашканына күбө болдук.

ММКФнын маалыматына таянсак, бир айда Жалал-Абаддагы жети үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда сооплатанын негизинде топтолгон акчанын суммасы орточо 18 миң сомду түзөт. Бул шаардагы ар бир медициналык мекемеге 2 миң 570 сомдон туура келет дегенди билдирет.

«Чындыгында болсо, кабинеттин ичинде мыйзамсыз акча алууларды кошо эсептесек, ар бир врач бир айда 900 сом мыйзамсыз акчаны чөнтөккө салат (эгер күнүгө бир оорулуудан 30 сом алса)»,- дейт биздин эксперт.

«Биринчи акча төлө, анан…»

ММКФнын адистеринин айтымында, кандай гана саламаттыкты сактоо мекемеси болбосун, сөзсүз түрдө кассасы болууга тийиш. Ал касса пациенттерге ыңгайлуу жерде жайгашканы зарыл. Пайыздык же толук жеңилдик каралбаган кишилер текшерилүү үчүн бере турган акчасын кассага тогуп, квитанция алышы керек.

Пациенттердир айтымында, дарыгерлер ооруп кайрылгандарга же алардын жакындарына төлөмдү кассага төгүшү керектигин айтышпайт, тийиштүү акчаны өздөрү алышат. Жалал-Абаддагы медициналык мекемелердин басымдуу бөлүгүндө жайгашкан кассаларды табуу адамдарды убара болуусуна шарт түзөт. Себеби, кассалар терс жерде жайгашкан же көп учурда бекилуу турат.

Ноокен районунун тургуну СардарТекебаев ушул жылдын 13-майында баласынын колун рентгенге салдыруу максатында Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар болумуно кайрылган. Ал жерде эки медицина кызматкери Сардардын баласынын колун рентгенге салгандан сон жетимиш сом толошу керектигин айтышкан (Сардардын айтып бергени боюнча).

“Мен алар айткан сумманы төлөгөнгө макулдугумду билдирип, “төлөмду тастыктаган квитанция бересиңерби?”, - деп сурасам, «жок» дешти. “Квитанция керек болсо сыртка чыгып, кассага төлөп кел, натыйжаны анан беребиз. Болбосо качып кетесиң” дешип, рентгендин кагазын бербей коюшту”,- дейт Сардар

Баласы ыйлап тургандыктан, аны тезинен дарыгерге көрсөтүү зарыл болгону үчүн Сардар медайымдар айткан акчаны алардын колуна карматкан.

“Рентгендин натыйжасын бергиле, мен аны врачка көрсөтүп, баламдын колун гипс кылып койгондон соң кассага акчаны төлөгөндүгүм тууралуу квитанцияны сиздерге сөзсүз алып келип көрсөтөм, десем да болбой коюшту. Ал кезде мага баламдын тезирээк айыгышы биринчи планда эле. Ошондуктан акчаны ошол эжелерге берип, натыйжа кагазын алдым да, дарыгерге баса бердим”, - дейт Сардар болгон окуяны баяндап жатып.

Күнөө ак халатчандарда гана эмес!

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, медициналык мекемелерге пациенттер тарабынан төлөнүүчү акчалардын басымдуу бөлүгү мыйзамдаштырылбайт. Башкача айтканда, төлөм болгондугун тастыктаган документ оорулууларга берилбейт.

Деген менен ММКФнын адистеринин айтымында, финансылык текшерүү учурларында эмкана же оорукананын кызматкерлери төлөмдөр тууралуу эч кандай кемчилиги жок документтерди көрсөтүшөт. Бирок ал төлөмдөр пациенттердин көз алдында жасалгандыгы, төлөмдү тастыктаган квитанция оорулуунун колуна карматылгандыгы күмөн.

“Квитанция берилбеген акчалар дарыгердин чөнтөгүнө түшөт. Ал баарына белгилүү болгону менен кол менен кармап албагандан соң, ага чара колдонгонго мыйзам жол бербейт…”,- дейт аталган фонддун бөлүм башчысы Фарида Шарипова.

Бирок юристтердин жана тийиштуу адистердин айтымында, бул жаатта күнөөнү медицина кызматкерлерине эмес, ооруп кайрылгандарга же оорулуулардын жакындарына да койсок туура болчудай. Себеби, алар төлөм тууралуу квитанцияларды доктурлардан талап кылышпайт.

“Жарандарыбыз өз укуктарын билишпейт. Эмне үчүн, кандай мыйзамдын негизинде акча төлөп жаткандыгын сурашы, берген акчасына квитанция талап кылышы - ар бир адамдын милдети. Бейтапканалардын коридоруна төлөмдөр тууралуу жазылган маалымдамаларды окугусу келбеген оорулуулар да четтен табылат. Ал тургай айрымдар акысыз дарыланышы керектигин билбейт, себеби, маалыматы жок. Маалымат алууга өздөрү кызыгышпайт. Бул, албетте, медкызматкерлердин чөнтөгүнө пайда алып келиши толук мүмкүн”,- дейт юрист Нурбек Касымбеков.

Атын атагысы келбеген жалалабаддык медицина кызматкеринин айтымында, төлөм үчүн квитанция сураган кишилер бир айда бир же эки жолу гана кездешет.

“Жарыбаган айлыкка иштеп жаткан доктур аларга акчаны төлөө үчүн кассага жолдомо бергенди каалабайт…”,- дейт ал медкызматкер биз менен маектешуу учурунда.

Адистер баса белгилегендей, медициналык мекемелерде мыйзамсыз акча алуулар көнүмүш адатка айланган. Деген менен оорулуулардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн тологон акчаларынын канча пайызы мамлекеттин чөнтөгүнө түшүшүн аныктоо аябай татаал иш. Бул маселени чечүү үчүн медицинылык мекемелердеги мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу адамдар укук коргоо тармагына кайрылуусу керек. Бирок, акыркы сегиз жылда бул жаатта Жалал-Абад облусунун покуратурасына да, шаардык порукуратурага да даттануу түшкөн эмес. Ал тургай, медициналык мекемелердеги даттануу кутуларына да олуттуу нааразылык түшпөгөн. Мунун себебин адистер карапайым калктын укуктук билими төиөн экендиги менен түшүндүрүшөт…

Санжарбек ЭРАЛИЕВ

Баткен аймагында 6 ай ичинде 14 өзгөчө кырдаал катталган

“Аймак-news”, 5-август, Баткен. 5-августта ӨКМнын өкүлдөрү Баткен облусундагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу абал менен журналисттерди тааныштырышты.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 ай аралыгында Баткен облусунда 14 өзгөчө кырдаал, анын ичинде 12 сел каптоо, 1 жер титирөө жана 1 шахтадагы кырсык катталган. Бул тууралуу 5-августта Баткен облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурсттук борборунда өткөн пресс-конференцияда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ( ӨКМ) Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мухтар Марипов билдирди.

Анын айтымында, 6 ай ичиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсык болгон жерге жардам көрсөтүү жана зыяндарды жоюу үчүн жалпысынан 26 млн 173 миң сом чыгымдалган. Быйыл күн жаанчыл болуп сел жүрүү Лейлек жана Кадамжай райондорунда көп катталган.

Бүгүнкү күндө бул башкармалыкта облус боюнча 29 кызматкер эмгектенип 5 техника иштейт. Учурда ӨКМнын техникалары Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүндө өткөн айдагы селден жабыркаган дамбаларды түзөтүү менен алек. (Жылздыз Абдрахманова)

Караколдо кийизден китеп жасалат

“Аймак-news”, 5-август, Каракол. Караколдук кол өнөрчү 2-3 жыл аралыгындан кийизден китеп жасоону ойлонуштурууда.

Караколдук кол өнөрчү Темирбек Асанов “Манас” эпосу жөнүндө кийизден китеп чыгарууну пландаштырууда. Бул китептин өзгөчөлүгү - ал жалаң гана түстүү сүрөттөрдөн турмакчы. Т.Асановдун айтымында, аны жасаганга кеминде 2-3 жыл кетет.

“Китептин көлөмү менен анын жасалышы азырынча жашыруун сыр, жасалып бүткөндөн кийин аны улуттук музейге өткөрөм”, - дейт кол өнөрчү.

Т.Асанов кийиз менен 12 жылдан бери алектенет. Анын жасалгалары Франция, Түркия шаарларында көргөзмөлөргө коюлган. (Жанета Кадырова)

Баткенде дан эгиндердин түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу 4-5 центнерге жогору

“Аймак-news”, 5-август, Баткен. Быйыл Баткен облусунда 50 миң тонна буудай түшүмү жыйылды.

Баткен облусунда быйыл 29 миң 537 га жерден 50 миң тонна буудай түшүмү жыйылды. Жыл жаанчыл болгондугуна байланыштуу түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу 4-5 центнерге жогору болду. Бул тууралуу Баткен облусунун агро-өнөр-жайды жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Добутов билдирди.

Баткен облусу боюнча жалпысынан 76 миң га айдоо аянты бар. Алардын ичинен 35 миң 800 га суугат, ал эми 38 миң 200 га кайрак жерлер. (Ж. Абдрахманова)

5-августта Нарын шаары биринчи жарым жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарат

«Naryn.KG», 4-август, Нарын. Мындай маалымат Нарын шаарынын вице мэри Улан Мурадиловдон алынды.

Анын маалыматында, Нарын шаардык мэриясы эртеңден (5-август) баштап Нарын шаарынын социалдык-экономикалык тармагы боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери туралуу маалыматтары угулмакчы. Алсак 5- августа боло турган жыйында шаардын социалдык жана маданий жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча маалымат берилсе, 6-август күнү экономика, финансы тармактарындагы аткарылган иштердин маалыматтары угулмакчы. Бул жыйынга Нарын шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык мекеме-ишканалардан жана ЖМКнын өкүлдөрү чакырылган.

Жон-Коргондо спорт сарайы курулуп жатат

«Talasnews.KG», 4-август, Талас. Бакай-ата районуна караштуу Оро айыл округунун Жон-Коргон айылында «АРИС» программасы боюнча үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап чакан спорт сарайы айылдык тургундар үчүн курулуп жатат.

Акча каражатынын бөлүнгөнүнө аз гана убакыт болсо да айыл элдери ынтымакташып ашар жолу менен иштешип, спорт сарайынын пайдубалы толугу менен бүтүшүп, учурда чатырын жабууга киришти. Долбоордун ээси Жон-Коргон айылынын тургуну Кутман Жолдошев, аталган спорт сарайды 1-сентябрга чейин бүткөнгө аракет жасашаарын айтты.

«Биздин бул проектини жазып жана аны ишке ашырып жатканыбыздын себеби, буга чейин биздин айылда мындай сарай курулган эмес, бунун куру максаты, жаштарды ынтымака, тынчтыка, биримдике чакыруу жана спортко тартуу» - деди долбоор ээси Кутман Жолдошев.

Белгилей кетчүү нерсе, айыл тургундары долбоорго жумшалган каражаттын 5 пайызын өздөрү чыгарышып, тамак-аш жагынан да жардам беришүүдө. (Сыргак Раимканов)

Каракол шаарына 140 жыл

«Issyk-Kulpress.KG», 4-август, Каракол.Каракол шаары 1869 - жылы негизделип, быйыл 140-жылдыгын белгилегени турат. Шаардын генералдык планы 1977-жылы түзүлүп, сегиз жылдан кийин кайрадан толукталып кайсы мекеме ишкана кайсы жерге жайгашышы тууралуу иштер аткарылып, 2002-жылы каражаттын жоктугунан токтотулган.

19 кылымдын акырында изилдөөчүлөр Караколду Кытайдан бөлүп турган өрөөндөрдү картага киргизүү үчүн келе баштаганда көбөйө баштаган. Изилдөөчүлөрдөн кийин бай соодагерлер келип эки кабаттуу үйлөрдү салышкан. Алардын фасадынын кооз жасалгалары азыркы убакытка чейин сакталган. Мындай үйлөрдү Кыргызстан боюнча Каракол шаарында гана кездештирүүгө болот.

Он бир жылдан кийин Караколго дунган, кытай мусулмандары келе баштаган. Азыркы учурда Караколдо дунган элинин коомчулугу жашайт. Жети жыл өткөндөн кийин жер титирөө болуп, биринчи салынган үйлөр кулап, кайрадан үйлөр узун көчөлөргө түз салына баштаган. 1888-жылга чейин шаар Каракол деген ат алып жүргөн. 1888-жылы орус изилдөөчү Н. М. Пржевальск каза болуп, Ысык-Көлдүн жээгине коюу керээзин айтып кетет. Ушундан улам шаарды Пржевальск деп аталат. Эгемендүүлүктү алгандан бери Пржевальск шаары кайрадан Каракол деп аталып келет. Ушул жылы Каракол шаарынын 140-жылдыгына карата чоң салтанаттуу иш-чаралар уюштурулууда. Иш-чаранын программасына областтык драм-театрдын артисттери даярдаган концерт, оюн-зоок программалар жана аттардын парады болот. Каракол шаарында баалуу тарыхый булактар катары сакталып калган имараттар эсептелет. 140-жылдыкка карата бул имараттарды сактап калуу үчүн атайын долбоор иштелип чыккан.

” Токтогул көчөсүнөн Орозова көчөсүнө чейин Жамансариева көчөсүндөгү имараттарды оңдоо иштери башталды”- деп билдирди вице-мэр Гүлназ Орозова. (Мээрим Усубакунова)

«Радиомосттун» кызматкерлери жана кабарчылары семинар-тренингден өтүштү

“Аймак-news”, 4-август, Талас. Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн адистери “Радиомост” радиосунун кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүштү.

30-31-июль күндөрү “Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Светлана Марголис жана Курманбек Макешов «Радиомосттун» кызматкерлерине жанан анын 5 элдик кабарчысына радиопрограммаларды сапаттуу даярдоо, музыкалык фондду байытуу жана радиотехникалары боюнча семинар-тренинг өткөрүштү.

Семинардын пайдалуу жагы - катышуучуларга сабактын көбүрөөк бөлүгү практика жүзүндө өтүлгөнү болду. «Бул окуудан мен радиотехникалар менен иштөө эрежелери тууралуу жана берүүлөрдү көркөмдөө боюнча баалуу маалыматтарды ала алдым», - дейт «Радиомосттун» кызматкери Алексей Юрьев.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында “Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Мария Раснер жана адиси Аделя Лаишева Таласка иш сапары менен келип, жергиликтүү радиолордун иштери менен таанышкан. Жолугушуу учурунда «Радиомосттун» кызматкерлери үчүн радиоөндүрүшкө байланыштуу семинар-тренингди өткөрүп берүү өтүнүчү айтылган болчу.

“Радиомост” жамааттык радио болуп эсептелет. Ал жергиликтүү жамаааттын демилгеси менен ачылып, жергиликтүү жамааттын маалымат боюнча муктаждыгын чечкенге багытталган. Радионун програмаларынын негизги бөлүгүн жамааттын өкүлдөрү өзүлөрү даярдашат. Учурда анын 20 элдик кабарчылары бар. Радио 2007-жылдын сентябрынан бери иштеп келет. (Сыргак Раимканов)

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагына 160 миң еврону түзгөн гуманитардык жардам көрсөтүлдү

“Аймак-news”, 4-август, Баткен. Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Маратбек Бакиев 160 миң евро өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагына тапшырды.

4-июлда Баткен облусунун биргелешкен ооруканасында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Маратбек Бакиев Германиядан алынып келген жалпы баасы 160 миң еврону түзгөн гуманитардык жардамды облустун саламаттыкты сактоо тармагына тапшырды.

Гуманитардык жардам ичинде баасы 70 миң евро турган заманбап үлгүдөгү жаңы стоматологиялык кабинет, 20 даана көп функционалдуу керебет матрасы менен, 20 даана компьютер, 4000 даана чоңдордун жана балдардын жаңы кийимдери, ошондой эле бир топ санитардык медициналык жабдуулар бар.

Мындай гуманитардык жардам көрсөтүүнүн негизги себеби облус аймагындагы ооруканалардагы жабдуулардын жана медициналык аппараттардын эскилиги жана жетишсиздиги болгон.

Элчи Маратбек Бакиев 2007-жылдын 13-августунда ушундай эле чоң суммадагы 6 дарылоочу жабдууларды Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сакайтма бөлүмүнө тапшырган болчу. (Жылдыз Абдрахманова)

Чаткал жайлоосунда малчылардын майрамы өтөт

“Аймак-news”, 4-август, Талас. Карабуура жана Манас районунун малчыларынын майрамы Чаткал жайлоосунда болот.

5-августта Чаткал жайлоосунда Карабуура жана Манас райондорунун малчыларынын майрамы болот. Майрамда маданият кызматкерлери чакан концерт даярдашып, спорт жана улуттук оюндары ойнотулмакчы. Малчылардын майрамынын негизги максаты катары фермерлердин эмгегин баалап, алардын көңүлүн көтөрүү айтылууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай саамалыктын болуп келгенине быйыл бешинчи жылдын жүзү болот. Майрамда кеткен чыгымдарды Карабуура районуна караштуу Бейшеке жана Бакайыр айыл округдары толук моюндарына алышкан. (Сыргак Раимканов)

04.08.2009

Соң Көлдө Манастын мамысы уурдалды

«Naryn.KG», 3-август, Нарын. Мындай маалыматты Кара-Тал Жапырык мамлекеттик коругунун бөлүм башчысы Саламат Тоялиев 3-августта билдирди.

Коруктун кызматкеринин айтымында Ак Кула аттын эки мамысынын бирөөсү түп ордунан суурулуп, 20 сантиметрге чейин казылган. Ал эми экинчи мамынын теңи сындырылган. “Канча кылымдарды карыткан Манастын мамыларына кол салуу боюнча изилдөө жүргүзө баштадык. Азырынча мамылардын биринин уурдалып, экинчисинин сындырылышы боюнча эч кандай маалыматтар угула элек”, -дейт С. Тоялиев. (Күмөндөр Усуптегин)

Жалал-Абадда кыргызча «Рембо» тартылды

“Акыйкат”, 3-август, Жалал-Абад. Чолпонбек Абыкеевдин «Качкын» повести боюнча «Кара илбирс» аттуу кинотасма тартылып, Жалал-Абад шаарында кичи бет ачары болуп өттү.

Тасманын толук аталышы - «Кара илбирс. Өз элинин өгөйү». Аталган кино жазуучу жана журналист Садыралы Абдукеримовдун режиссерлугу менен тартылып, андагы образдардын бардыгын жергиликтүү актерлор жаратышты. Бир сааттан ашык убакытка созулган тасма жалалабаддык чыгармачыл кишилер тарткан алгачкы кинотасма болуп эсептелинет. Жергиликтүү киносүйүүчүлөр бул тасманы «Кыргызча Рембо» деп аташууда.

Режиссердун айтымында, фильмдин Бишкек шаарындагы чоң тушоо кесүүсүн өткөрүү күзгө пландаштырылууда.

Төмөндөгү маек «Кара илбирстин» режиссеру Садыралы Абдыкеримов менен уюштурулган.

-Садыралы байке, жаңы сүрөткө алган «Кара илбирс» кинотасмасын тартканга эмне түрткү болду?
-Баягы эле тынчтык бербеген чыгармачылык, шык, дем… Анан албетте, бала кезден берки аруу максат түрткү берди, десем туура болот.

-Буга чейин кинорежиссурада өзүңүздү сынап көрдүңүз беле?
-Мындан жети жыл мурун облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы жаштар комитетинин буюртмасы менен «Желдет» аттуу тасманы сүрөткө алгам. Андан соң, 2007-жылы «Кайып булак» фильминин сценарийсин жазып, долбоордук-чыгармачыл топтун курамында иштегем.

-Учурда кино тартуу аябай кыйын маселе. Каржы тарабын канттиңиз?
-Негизинен, «Сыймык» оюн-зоок борбору каржы тараптан колдоо көрсөттү. Анан албетте, өзүбүз - чыгармачыл топ да колдон келгенче каржы маселесин чечкенге аракет кылдык. Кино тартуу балалыктагы кыялым болгон дебедимби, ошондуктан, ар кимге жалдырабай, каржы тарабын да мүмкүнчүлүккө жараша чечкенге аракет кылдым.

-«Кара илбирс» кандай жанрдагы кино жана тасма аркылуу бүгүнкү күндүн кайсыл көйгөйүн көтөрдүңөр?
-Тасма жанры боюнча детектив да эмес, боевик да эмес. Ммм… Эмне десем, курч мазмундуу психологиялык көркөм фильм десем, туура болчудай. Фильмдеги окуялардын бүгүнкү күнгө тиешелүү жерлери да бар, бирок, негизинен, Совет маалындагы идеологияга каршы чыккан жан кечти адамдын жандүйнө кыйкырыгы сүрөттөлөт.

-Киноңуздун көрөрмандарын канча жаштагылар түзөт деп ойлойсуз?
-Менимче, кино улуу жана орто муундагы адамдар үчүн чоң кызыгуу жаратат. Анан Чолпонбек Абыкеевдин «Бриллиант жылан» чыгармасын окуган бардык окурмандарды да кызыктыра алат. Себеби, ал кишинин жазган повесттери эл арасында дайым кызуу талкуу жаратат. «Кара илбирсти» ошол кишинин «Качкын» повестинин негизинде тарттым.

-Тасмаңызда негизги каармандардын образын кайсыл актерлор ачып беришти?
-Негизги каармандын (Зарлык) образын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев ойноду. Анан облустук Барпы атындагы театрдын актерлору ойноп беришти. Дагы айта кетчү сөз, тасмага буга чейин кино же театрда ойнобогон кишилерди да роль ойногонго чакырдык. Режиссер катары алардын бардыгы өздөрүнүн милдетин жакшы аткара алышты, деп айта алам. Албетте, кемчиликтер бар. Ошол үчүн кинонун кичи бет ачарын Жалал-Абадда өткөрдүк. Бишкекке алып баргыча элдин сын-пикирлерин угуп, оңдоп-түзтөлү деген максатта…

-Жакшы кино жаратуу үчүн профессионал адистер жана мыкты техникалык каражаттар керек. Аларсыз тарткан киноңуз өзүн актай албайт. Айрыкча, кино бизнеси улам өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө…
-Анын эмнесин айтасын. Кинобизнес өнүгүп жаткан сайын кино тартуу кыйынга турууда. Бирок мен үчүн негизгиси - кинобизнес эмес, кыргыз киносун өнүктүрүү, жандандыруу, калыпка салуу… Мен бул кино аркылуу байып кетүүнү максат кылган жокмун. Бир жыл бою сарптаган эмгегим кыргыз киносунун өсүшүнө салымын кошсо болгону.

-Жакшы кино жараттым деп ойлойсузбу?
-Өтө жакшы деп айтпасам да, дурус эле деп тартынбай айта алам.

-Сиздин тасма башка кыргыз кинолорунан эмнеси менен айырмаланат?
-Айырмасын жогоруда айтпадымбы, мен кинону бизнес максатында тарткан жокмун. «Кара илбирс» чоң экранга чыккандан соң түрдүү талаш-тартыштарды жаратышы толук мүмкүн. Бул ар бир кино элге көрсөтүлгөндөн соң болуп келген жараян. Эми бул жагы көрүүчүлөр менен адистердин ыктыярындагы нерсе.

-Маегиңиз үчүн ракмат.

Маектешкен Санжарбек Эралиев

Кабарчылардын эмгеги бааланды

“Аймак-news”, 3-август, Талас. 3-августта Талас Медиа борборунун веб-сайтынын активдүү кабарчылары сыйлыктар менен белгиленди.

Талас облустунундага алгачкы маалымат Интернет булагы болуп эсептелген Талас Медиа борборунун “www.talasnews.kg” маалыматтык сайтынын кабарчыларынын эки айлык эмгектери жыйынтыкталып, 3-августта алдыңкы эки кабарчыга Медиа борбор тараптан шыкттандыруучу белектер тапшырылды. Сайттын кабарчылары Анара Мамбеткадырованын жана Айжамал Кубаныбекованын уюлдук телефондоруна 200 бирдиктен которулду.

«Жазып жаткан макалаларың кимдир бирөө тарабынан бааланып турганы, ишиңди алдыга жылдырууга түрткү. Медиа борбор тарабынан берилген шыктандыруучу белек күнүмдүк жашоомо жана ишиме да абдан керек»,- дейт А. Мамбеткадырова.

“Талас облустунун жаңылыктары маалымат сайты аркылуу дүйнөгө тараганы мени кубандырат. Бул сыйлык сайтка жаңылык жазып турууга дагы бир стимул болду”, - дейт өз кезегинде А. Кубанычбекова

Белгилей кетүүчу нерсе, www.talasnews.kg маалымат сайты үстүбүздөгү жылдын май айында Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборунун жардамы менен ачылган. Медиа борбор сайтка жаңылыктарды жазып туруу боюнча жергиликтүү таластык ЖМКлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар-бир ЖМКдан буга атайын бирден кабарчы тандалган. (Женишгул Тоголокова)

Каракол шаарында бейөкмөт уюмдар тажрыйба алмашты

«Аймак-news», 3-август, Каракол. Ар бир аймактан келген бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү 30-июлдан 1 августка чейин Караколдо тажрыйба алмашты.

Бул иш чараны Бишкектеги «Жарандык Коомду Колдоо Ассоцациясы» уюштуруп, ар бир аймактан келген бейөкмөт уюмдар «Лидер» уюмунан финансылык туруктуулукка жетүүнүн жолдорун үйрөнүштү. Бул жолугушууда жогоруда айтылган бейөкмөт уюму өзүлөрүнүн басып өткөн жолдорун, финансылык туруктуулукка жетүүнүн ыкмаларын, пайда алып келүүчү булактар жөнүндө айтып беришти.

Баткен облустунун “JR” бейөкмөт уюмунун координатору Уулбүбү Шишланбаева: «Биз уюмдун ар бир иштеген иш чарасы, алып барган программалары менен тааныштык. Жаштардын «Биз жана укук» программаларсынын иштегени мени кубандырды. Себеби, жаштардын билимдүүлүгү - келечектин ийгилиги», - дейт.

«Бул жолугушуу аркылу тажрыйба түрүндө, өз көзүң менен ийгиликке жеткен уюмду көргөнүм мен үчүн стимул болду”, - деди Бишкек шаарындагы «Здоровья для всех» уюмунун жетекчиси Бакыт Куланбаев.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, «Лидер» уюмуна Борбордук Азиянын бейөкмөт уюмдары да келип тажрыйба алып турушат. (Жеңишгүл Тоголокова)

Шаардык милиция жардамга муктаж балдарга кам көрүүдө

«Naryn.KG», 3-август, Нарын. Мындай маалымат Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Табылды Осмоналиевден алынды, дейт «Naryn.KG».

Т.Осмоналиевдин маалыматы боюнча, Нарын шаарында мектепке баруу үчүн жардамга муктаж жетим, жарты жетим, социалдык жардам керек болгон 142 бала бар. Нарын ШИИБ шаардык билим берүү бөлүмү менен бирдикте 20-июлдан 13-августка чейин «Мектепке даярданууга жардам бер» аттуу акциясын башташты. Алгачкылардан болуп Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев атайын жащикке 1000 сом салды. Калган мекеме ишканаларда жардам бере башташты. «Жардам берүүнү каалаган жарандар №2 В.П.Чкалов атындагы мектепте жайгашкан «Дилгир» усулдук уюмга алып барып берсе болот», - деп кошумчалады Т.Осмоналиев.

«Naryn.KG» медиа борбору билдиргендей, алар дагы «Мектепке барууга жардам бер» акциясына кошулууну чечти. Анткени медиа борборго маалымат алуу үчүн, ар кандай кызматтарынан пайдалануу үчүн көп адамдар келишет. Эми каалагандар медиа борбордун кеңсесинде турган жащикке жардамдарын салса болот. Коомдук уюмдардан түзүлгөн ревизиялык комиссия күнүгө жащикти текшерип, билдирүү жазып турушат. Каалагандар Облустук кесиптик бирликтер кошунунун имаратынын үчүнчү кабатында жайгашкан медиа борборго келип жардам берсе болот. Жыйынтыгында баары комиссия аркылуу Нарын ШИИБсине өткөрүлүп берилет. Акция жалпы жыйынтыкталганда каражаттардын сарпталышы боюнча көз карандысыз байкоо жүргүзөт.

Нарын райондук шайлоо комиссиясынын катчысы эскертүү алды

«Naryn.KG», 3-август, Нарын. Мындай маалыматты Демократия жана жарандык коом үчүн биримдигинин Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов 31-июлда билдирген.

Алар 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо Нарын районуна караштуу участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнү кетирген мыйзам бузуулар боюнча арыз тапшырууга аракет кылышкан. Бирок Нарын райондук шайлоо комиссияснын катчысы арызды алуудан баш тартып, кеңсени мөөнөтсүз бектип салган. Бул боюнча экинчи тарап облустук шайлоо комиссиясына даттанышкан. Себеби шайлоо бүткөндөн кийин алар дагы он күндүк мөөнөттө иштеш керек болчу. Натыйжада облустук шайлоо комиссиясы Нарын райондук шайлоо комиссиясынын катчысынын кылыгын кезексиз отурумунда карап эскертүү берди. «Бул боюнча бизге облустук шайлоо комиссиясы билдирди», - дейт А.Эшенов.

Жай – эс алуу убактысы, бирок коопсуздукту да унутпайлы

«Talasnews.KG», 3-август, Талас. Жай - жаратылышта эс алуунун убактысы, бирок токойго же тоого эс алууга барганда коопсуздукту да унутпагыла. Бул тууралуу 31-июлда Талас Медиа Борборунда өткөн пресс-конференцияда Талас район аралык курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Кадырбек уулу Болот жана Талас шаарынын башкы инфекционисти Раиса Комарова билдиришти.

Раиса Комарованын айтымында «энцефалиттик кенелердин чагуусунан ооруга чалдыгуу мүмкүн болгондуктан, жаратылышка чыгып бара жатканда биз коопсуздукту сактаганды билишибиз керек».

«Мисалы, кийингенде кол, бут жабык болушу керек жана баш кийим кийиш зарыл. Үйгө келгенден кийин бири биринерди карагыла»,- деди Раиса Комарова.

«Токой шаарга жакын болуп эч жагынан торолбогондуктан, ал жакта көп жаш балдар ата-энесинин кароосу жок жүрүшөт. Бизде токойчулар жетишпегендиктен, ал өзүнө бөлүнгөн аймакты бир күндө карап чыкканга мүмкүнчүлүгү жок» - деди Кадырбек уулу Болот.

Ошондой эле адистер тоого чыкканда жылаан же чаян чакса эмне кылыш керегин жана кандай тамакты эс алууга алыш керек экендиги жөнүндө айтышты. (Нургазы Өмүрзаков)