02.07.2009
Баткенде өрүк былтыркыдан эки эсе кымбат
Баткен облусунун тургундары четтен келген соодагерлерге өрүктүн эрте быша турган сорту болгон ак өрүктү килограммын 16-20 сомдон сата башташты. Сатып алуучу оштук жеке ишкер Бакыт Өмүрзаковдун айтымында, алынган өрүк Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолот да, килограммы 100 сомдун айланасында сатылат.
Баткен облусу боюнча 7300 га өрүк бактары бар. Былтыр өрүктүн түшүмдүүлүгү жогору болуп, килограммы 8-10 сомго чейин сатылган. Быйыл өрүктүн түшүмдүүлүгү аз болгондугуна байланыштуу баасы былтыркыдан эки эсе жогору болду. Баткен обладминистрациясынын экономикалык өнүгүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаевдин берген маалыматына таянсак, облустун экономикасын өнүктүрүүдө өрүктүн мааниси чоң, элдин көпчүлүгү өрүктөн киреше табат. “Бизде өрүктү кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул ишканалар болбосо деле эл өзүнүн өрүгүн өзү четтен келген соодагерлерге сатып жакшы эле киреше табат“, - дейт С Хамрабаев. Адистердин айтымында, быйыл аба-ырайы жаанчыл болгондуктан өрүк мөмөсүнүн сырткы көрүнүшү начар болуп калган. (Жылдыз Абдрахманова)
01.07.2009
Бакайата районунда мыйзамсыз балык уулагандар кармалды
Аймак-news, Талас, 30-июнь. Калба айылынын эки тургуну жаратылышка 30 миң сомдон ашык зыян келтиришкен.
22 июнда Калба айылынын 2 тургуну Бакайата районуна караштуу Күмүштак өзөнүнөн 92 даана форель балыгын мыйзамсыз кармагандары аныкталган. Алар Талас район аралык курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик инспекциясынын оперативдик кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүү учурунда Күмүштак өзөнүнүндөгү егердик посттон кармалышкан.
Аталган инспекциянын жетектөөчү адиси Айбек Омуралиевдин айтымында, кармалгандардын бири балыкчылар жана мергенчилер коомунда егерь болуп иштейт экен. Бирок бул коомдун жетекчиси Владимир Мазер кармалган адам аларда егерь эмес, коомдук жардамчы экендигин билдирди.
Кармалгандардын колунда 10 балыкка 2 лицензия бар болгон. Бирок алар 102 даана форель балыгын уулашкан, же болбосо жаратылышка дээрлик 32,5 мин сомго зыян келтиришкен. Уруксатсыз кармалган ар бир форель балыгы үчүн 353 сом 24 тыйын доо коюлат.
Бул иш боюнча түзүлгөн материалдар облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. (Фархат Тилекматов)
Талас облусунан 15 ардагер Ысык-Көлдө эс алып келишет
Аймак-news, Талас, 30-июнь. Таластын ардагерлери 1-июлдан 10-июлга чейин Чолпон-Ата шаарындагы «Ак Толкун» президенттик резиденцияда эс алышмакчы.
Талас облусунан ар бир районунан, айылынан согуштун, эмгектин, айылдагы кадыр барктуу ардагер карылары он күндук эс алууга Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттин «Ак Толкун» резиденциясына жөнөтүлдү. Талас облусунун ардагерлерине камкордук көрүү максатында алардын 1-июлдан 10-июлга чейин эс алуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы алдында уюштурулган. Эс алууга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен жабылып, ал эми жол чыгымдары областтык администрацияга жүктөлгөн.
«Белгилей кетүүчү нерсе, карыларга көрсөтүлгөн мындай камкордук көп жылдан бери уланып келүүдө», - деди Талас облусунун билим берүү, маданият жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Сүйүмкан Чымырбаева. (Салтанат Досмамбетова)
30.06.2009
Баткенде биринчи жолу жабык тибиндеги спорт комплекси ачылды
КР ЖК депутаты Арзыбек Бурхановдун демөөрчүлүгү менен аянты 450 м2 болгон 12 млн. сомдук спорт комплекси бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды. Спорт комплекстин ачылыш аземи 29-июнь күнү болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев катышты. “Спорт комплексти куруу иши мындан бир ай мурун 29-майда башталып, анда ЖК депутаты А. Бурханов спорт комплексти бир ай ичинде бүтүрөм деп убада берген жана ошол убадасын аткарды”- деп билдирди Баткен облусунун пресс-катчысы Маматжан Бердишев.
Кошумчалай кетсек, мындай жабык спорт комплекси Баткен шаарында биринчи жолу ачылып,буга чейин шаардын жаштары мектептердеги спорт залдарда, ачык стадиондо машыгып келишкен. (Жылдыз Абдрахманова)