31.07.2009

Баткен облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Ш.Эрназарова: «Ким СПИДке каршы болсо, анда биз менен болгула!»

“Баткен таңы”, 31-июль, Баткен. «Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык ак жоолук» деп элибизде бекеринен айтылбаган чыгар. Адам баласына эң биринчи ден соолук керек эмеспи. Ден соолугуң чың болбосо байлыктын да, бийликтин да кереги жок. Ырас ар бир адам саламаттыкта жашоону каалайт.

Кыргызстан саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 млнго чейин жетет. Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда дегенди түшүндүрөт.

Ал эми ааламды билимсизден кара тумандай каптап келе жаткан ВИЧ инфекциясы акыркы он жылдыкта 40 млндогон адамдардын өмүрүн алып кеткен. Жылына 14 миңден ашуун атуулдар аталган инфекцияны жуктуруп алышат.

Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү ВИЧүСПИД боюнча абалга токтолсок, саламаттыкты сактоонун министрлигинин маалыматына ылайык, 2009-жылдын 1-январына карата 1967 киши ВИЧ инфекция менен катталган болсо, алардын ичинен - 1828и биздин жарандар, 139у-чет өлкөлүктөр. Оорууну жуктургандардын 1315 ийне аркылуу жуктургандар. Эң өкүнүчтүүсү 127си жаш балдар экендигинде.

Баткен облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Шайыргүл Эрназарованын билдиргенине караганда Баткен облусунда үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата айында ВИЧ инфекциясы менен расмий түрдө 42 учур катталган. Анын ичинде Баткен райнунда-2, Кызылкыя шаарында-27 (6 каза богон), Кадамжай районунда-10, Лейлек районунда-2, Сүлүктү шаарында-1 (каза болгон). Катталгндардын ичинен 28и эрке, 14ү аял.

- Ооруну дарылагандан көрө анын алдын алган жеңил. Ошондуктан, биз мындай жугуштуу оорунун алдын алуу үчүн облустун жер-жерлеринде, айрыкча, эң алыскы айылдарда калк арасында анын ичинде аялуу катмарга кирген жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын окутуу семинарларын өткөрүүдөбүз. Ошондой эле ВИЧ инфекциясынын алдын алуу боюнча бизге СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү Глобалдык фонду тарабынан дезинфекциялык каражаттар, контейнерлер, спирттелген салфеткалар, перчаткилер келген. Аларды биз гуманитардык жардам катары облусубуздагы медициналык мекемелерге үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, ФАПтарга бөлүштүрүп берүүдөбүз. Мындан сырткары, жакында июнь айларында Немецтик Банктын колдоосу менен облус аймагындагы Баткен, Лейлек райондору жана Кызылкыя шаарындагы СПИДди диагностикалоочу лабороториялар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү.

Ошондой эле, КР саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2006-жылы Чүй, Жалалабат, Баткен облустары пилоттук аймакка кирип, 2007-жылы болсо Баткен облусунун Кызылкыя шаарында «Дозордук эпидкөзөмөл» программасы өз ишин баштаган. Аталган программа 2009-жылдын биринчи кварталында аягына чыкты. Мунун негизинде 400 кош бойлуу аялдар, секс кызматкерлер, нарко заттарын ийне аркылуу колдонуучулар жана жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулар менен катталгандар ВИЧ инфекциясына өз каалоолору менен текшерилишип адистердин кеңештерин алышкан. Ушул пилоттук программанын жардамы менен облустун аймагында анын ичинен Кызылкыя шаарларында ВИЧ инфекциясынын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин эффективдүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, - дейт Шайыргүл Эрназарова.

ВИЧ инфекциясы - олуттуу коркунуч экендиги дүйнө тарабынан белгиленип келүүдө. Биз бардыгыбыз ВИЧ инфекциясы жөнүндө сөз болгондо аны кечиктирүү алааматка учураткан кесепетке алып келиши мүмкүн экендигин айкын сезүүгө тийишпиз.

Дени сак улут, дени сак калк үчүн күрөшпөгөн бир да мамлекет жок чыгар. Анткени, мамлекеттин экономикасын өстүрүп_өнүктүрөр, байлыгын жаратар бир гана дени сак адамдардын колунан келээри ырас. Ошондуктан, ден соолугубуз үчүн кам көрүп, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алып, ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү жалпы коомчулуктун иши. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» демекчи, баарыбыз аракет кылсак, ошондо гана белгилүү бир натыйжа чыгаары анык.

Байыркылар «Эгер оорулуу оору менен бириксе, дарыгер алсыз, эгер оорулуу

дарыгер менен бирге ооруга каршы күрөшсө, оору жеңилет» деп айтышкан. Андыктан, келгиле замандаштар, боордоштор бул көйгөй менен жапа тырмак күрөшөлү. «Биз СПИДке каршыбыз, СПИД бизге каршы. Эгерде ким СПИДке каршы болсо, анда биз менен чогуу болгула!» деген ураанды туу тутуп, СПИД менен күрөшүү ар бир кыргыз жаранынын милдети болуп калыш керек.

ВИЧ (АИВ) - бул адамдын иммунодефицитинин вирусу. Вирус организмди сактоочу милдетин аткарган иммунитет системасын бузат.

Ал кайсы жолдор менен жугат:

  1. Иньекция үчүн ийнелерди, шприцтерди ж.б. пайдаланганда
  2. Презервативсиз жыныстык ар түрдүү катнашуулар.
  3. ВИЧ менен илдеттенген энеден балага, төрөт же эмизүү убагында жугузуу.

Гүлчехра Тажибаева (Баткен таңы, №33, 22.07.09)

Ысык-Көл облусу боюнча вич-инфекция менен 29 адам катталган

«Issyk-Kulpress.KG», 31-июль, Каракол. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл областында вич-инфекция менен ооругун 29 адам, ал эми Каракол шаары боюнча алты адам катталган. Бул оору менен ооругандардын ичинен экөө эки жана эки жарым жаштагы балдар.

spid1

Бул эки баланын ата-энелери вич-инфекция менен ооругандарын билишкен эмес. Жергиликтүү врачка прививка алганы келгенде, ал эми экинчи баланын диагнозун энеси каза болгондо билишкен. Азыркы учурда балдар каттоодо туруп, бекер дарылар менен камсыздалышат. Областтык СПИДди алдын-ала эскертүү борборунун диспансердик көзөмөлдөө бөлүмүнүн врачы Чынара Акпаеванын айтымында бул балдар беш жыл жашашат. Вич-инфекция менен ооругандар дарыларды иммунитетин көтөрүү үчүн гана ичишет.

“Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин мамлекет келгендерден сертификат сурашпайт. Ал эми биздин жарандар Россияга же Казакстанга барышса да текшерүүдөн өтүп, сертификат менен барышат. Мамлекет тарабынан бул суроо чечилбей жатат”,-деп билдирди областтык СПИДди алдын-ала эскертүү борборунун диспансердик көзөмөлдөө бөлүмүнүн врачы Чынара Акпаева. (Салтанат Мурзабаева, Мээрим Усубакунова)

Кыргызстандын туусу Таласта көтөрүлдү

«Talasnews.KG», 31-июль, Талас. Талас шаарынын борбордук аянтында 30-июлда Кыргыз Республикасынын туусун көтөрүүгө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

jelek

Жыйынга Талас областтык мекеме уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле шаардын тургундары катышты.

Алгач узуну 6 туурасы 4 метрди түзгөн тууну 2029 чек ара кызматынын жоокерлери флагштокко аяр көтөрүп келишип, Кыргыз Республикасынын гимнинин коштоосунда туу обого көтөрүлдү.

Салтанаттын катышуучуларынын алдында Талас областынын губернатору Бейшенбек Болотбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргыз Республикасынын туусунун жаралуу тарыхына токтолуп өтүп, “Манас атабыздан бери келе жаткан ыйык туубуз кылымдарды карытып түбөлүккө желбирей берсин” деген каалоо тилегин айтты Б.Болотбеков.

Ал эми 2029 чек ара отрядынын командири полковник Арсений Даткабеков өз сөзүндө эң биринчи туу жөнүндөгү түшүнүктөрдүн келип чыгышынын таржымалына токтолду.

Салтанаттын урматына Талас областынын аскер бөлүгү жана укук коргоо органдарынын квзматкрелери жүрүш жасады.

Белгилей кетчи нерсе буга чейин туу көтөрүү аземи Бишкек, Ош шаарларында болуп өткөн. Флагштоктун узундугу 33 метрди түзүп анын бет маңдайына Кыргызстандын герби орнотулган. Ал эми флагштоктун жети бөлүктөн турушу республикабыздын жети областын чагылдырат. (Фархат Тилекматов)

Тарыхты баскан тагдыр

“Ак-Суу баяны”, 31-июль, Каракол. Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылынын кадырман карысы, эмгек ардагери Күкүтай Коңурбаева быйыл жүз бир жашка толуп, учурда алты небересине, он чөбөрөсүнө, уул-келинине нускалуу сөзүн айтып, кеңешин берип, нарктуу акыл-насаатын айтып, небереси Баатырбектин сыйлуу төрүндө. Чыканактайынан адал маңдай терин төгүп, агедил эмгек менен өтөлгөлүү өмүр сүргөн Күкүтай эненин турмуш жолу жалпыбыз үчүн таасын үлгү десек жаңылышпайбыз…

«Жашоодо мен көрбөгөн турмуштун ачуу-таттуусу, жасабаган жумуш калган жок сыяктуу» - деп ойлуу эскерет ал өзүнүн турмуштук өткөн жолуна сереп сала. Чындыгында эле, «Элүү жылда - эл, жүз жылда - жер жаңы» дегендей, жүз жылдын ичинде эл да, жер да, жашоо-турмуш да далай өзгөрдү.

Күкүтай эне мурунку кылымдын башында, тактап айтканда 1908-жылдын ала-шалбырт жазында райондогу мурдагы Чоң-Жергез айылында, бардар үй-бүлөдө төрөлөт. Ал кичинесинде атасы «бай», «кулак» делип, үй-бүлөсү куугунтукка алынган. Тестиер кезинде Үркүнгө дуушар болуп, атасына учкашып, Кытай тарапка көчүшкөнү да элес-булас эсинде. Ал жакта эки жыл чамасында турушуп, Совет бийлиги орногондон кийин Ата-Журтка кайтып келишет. Эненин дагы бир өкүнгөнү - азыркы заманда балдар жокчулуктун айынан окуй албай калып жатышса, ал кезде өзү барчылыктын кесепетинен «кулактын кызы» делип, 4-класстан кийин окуудан да четтетилип калганы.

17-18 жашында Маман айылына келин болуп келгенден тарта ал советтик турмуш образында жашоого өтүп, колхоздун ишине шымалана киришет. Чапкы менен - чөп чабыкта, орок менен - эгин орукта, кетмен алып - сугатта, отоодо, апийимде - деги, колхоз өндүрүшүндө анын колу тийбеген иш калбаган. Ата-Мекендик улуу согуш жылдарында ал да башкалар сыяктуу эле кандуу согуштун каарын тартып, коркунучтун, кайгы-муңдун, жокчулуктун күндөрүн баштан өткөрөт. Эне азыр каргашалуу согуш жылдарындагы каатчылыкты кайгыруу менен көп эскерет. Ошондогу эли-журттун бекем ынтымагы, адамдардын бири-бирине карата боорукерлиги, алардын эмгекчилдиги, сабырдуулугу бардык кыйынчылыкты жеңип, өлкөнү тынчтыкка, жеңишке жеткиргенин, колдору иш билген кыз-келиндер согушта жүргөн эр азаматтарга гана эмес, ооруктагы бала-бакыра, кары-картаңдарга чейин түймө түйүп, кийим-кече сокконун, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө кийим кылып киер чүпүрөк да табылбай калганын айтат…

Ал апийим тармагындагы өндүрүш боюнча ар дайым демилгечилердин катарында жүрүп, алдыңкы бригаданын звеносун жетектеген. Ушул учурдагы бир окуя алигиче эсинен кетпейт. Анда апийим кыруу боюнча ар бир адамдын күндүк нормасы 1,5 килограмм болчу. Күкүтай күндөлүк нормаларын ар дайым алда канча ашыра аткараар эле. Күндөрдүн биринде кандай ыргак менен иштегени түшүнүксүз. Кырылган апийимди эсепчиге тапшырса эле ал 4 килограммга чыгып кетпеспи. Колхоздун отчету районго жеткенде, ал жактагы чоңдор: «Эмне жалган отчет жамайсыңар? Кантип ушундай көрсөткүч болсун?» дешип, башкарманы жемелешет. Башкарма: «Ишенбесеңер - өзүңөр барып, күбө болгула» дейт. Ошонун эртеси эле таңзаарда иш кызып калган учурда апийим талаасынын четинде башында шоңшойгон шляпасы бар, галстукчан чоочун адамды байкадык. Башкарма да мага эч нерсе айткан эмес. Көрсө, алиги адам ары-бери басымыш болуп, менин ишиме көз салып жүрүптүр… Ал күнкү тапшырган апийимдин салмагы 4,9 килограммга чыгып кетсе болобу!..

Эмгек алдыңкыларынын катарында кезегинде Москвага чакырылып, тилекке каршы, жергиликтүү айрым жетекчилердин тууганчылык кесепеттеринин натыйжасында бир үйдөн эки киши барбайт деген шылтоо менен (бул иш-чарага жолдошу Токтобай Коңурбаев да чакырылган эле) жиберилбей, Пишпекте өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө делегат болгон.

Күкүтай эне үлгүлүү эмгектин үзүрүн көрүп көп ирет грамоталар, «Согуш жылдарындагы күжүрмөн эмгеги үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары, Улуу Жеңиштин 40, 50 жылдыгына, В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдары менен сыйланган. «Эмгек менен эл көгөрөт» дегендей, үч ирет айылдык, бир жолу райондук, эки жолу облустук Кеңештердин депутаты болуп шайланган.

Кылым менен тең карып, анын ысыгына күйүп, ызгаарына тоңгон эне учурда «Карысы бардын - ырысы бар» дегендей, үйдүн - куту, төрдүн көркү болуп, кадырман карылыктын сый-урматын көрүү менен бирге балдарынын сыймыгы. (Жаныгүл Мамакеева)

Нарын шаарынын Борбордук аянтынан фонтан атылат

«Naryn.KG», 31-июль, Нарын. Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов 30-июль күнү билдирди.

fontan

“Биз «ГазпромнефтьАзия» жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен сүйлөшүп, Нарын шаарынын борбордук аянтын кайра жасалгалоо иштерин 31-августка карата бүткөрүүнү болжоп жатабыз. Бир ай ичинде аянттагы текчелерге жыгач олтургучтар коюлуп, тротуарлык такталар коюлмакчы. Ошондой эле аянттын бүтө элек жерлери брусчаткаланат. Ал эми фонтан болсо түстүү түскө айланмакчы”, - деген шаар жетекчиси бул жөрөлгө Нарын облусунун 70 жылдыгынын урматына арналып ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады. «ГазпромнефтьАзия» ЖЧКнын Нарындагы өкүлү Абдымамбет Жумаканов борбордук аянтты реконструкциялоого азырынча макулдашуулар жүрүп жаткандыгын билдирди. (Күмөндөр Усуптегин)

Каракол шаарында жаңы көпүрө салынды

«Аймак-news», 31-июль, Каракол. Караколдо салынган жаңы көпүрө түнү электр чырактары менен жарыктандырылып турат.

Каракол шаарынын Кравцова жана К.Маркс көчөсүнүн кесилишиндеги кичине өзөнгө салынган жаңы көпүрө ачылды.

Эски көпүрө аркылуу ары-бери өтүүгө эч мүмкүн болбой калган. Жаңы көпүрөнүн орнотулушуна облустук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүгүү фонду тарабынан жана шаардык кеңештин шаардык бюджетинен 250 миң сом сарпталган. “Бул көпүрөнүн жасалышы менен гана чектелбестен, бардык жагына жарык берүүчү электр жарыгын да орнотобуз”, - дейт шаардк кеңештин депутаты Уланбек Турсунбаев. (Эльзат Шаршембиева)

Таластагы жаңы оңдолгон жолго айдоочулар нааразы

«Аймак-news», 30-июль, Талас. Талас шаарынан Козучак айылына чейинки жол бир ай мурун «Жерүйалтын» жабык акционердик коому тарабынан оңдолуп, түзөтүлгөн. Бирок ал жолдун абалына айдоочулар нааразы болуп жатышат.

Козучак, Балбал, Арашан айылдарына каттоочу маршруттун айдоочусу Абдымуталиб Бектурсунов оңдолгон жол тууралуу оюн мындайча билдирди:

- Жолдун абалы мурункудан өтө начар. Чоң жолдун таштагынан биз эл ташуучу унааны чоң жолдун жанындагы араба жүрүүчү жол менен айдайбыз. Жолдун кээ бир жерлерин суу каптап жатат. Автоунаабызга аябай зыян келтирилип, айрыкча дөңгөлөктөрү бат эле жарылып калат. Ошондуктан автоунаанын дөңгөлөктөрүн бир айда -34 жолу ремонт кылабыз. Жолго машина айдоого мүмкүн эмес.

Ошондой эле таксист Кадырбек Чоңмурунов:

- Биздин жолду оңдолду деген менен мурункусунан да начар кылып салышты. Жолубуз начар, таштак, жолдун боюндагы үлүш жерлерди сугарганда жолго кошо суу каптап жатат. Мурун машинаны 40 менен айдасак азыр болсо 20 менен айдай албай жатабыз. Машинабыз жолдун начарлыгынан аябай зыян тартып жатат.

Айдоочу Рысбек Назаров:

- Жолдун абалы аябай начар. Таштак, суу каптап ылай болуп жатат. Жолдун үстүндө чоң-чоң таштар аябай көп болгондуктан автоунаа жүргөнгө абдан ыңгайсыз болуп калды. Өзгөчө машинага аябай зыян келип жатат. Машинанын тетиктерин да алмаштырууга туура келет. Бул жаңы оңдолгон жолдун абалына кимдер кам көрөөрү белгисиз.

«Жолду кайрадан качан оңдолуп, качан түзөлөөрүн күтүп жатабыз», - дешет айдоочулар. (Бакытжан Иманалиев)

Таласта «Ата-энелер» мектеби ачылган

«Talasnews.KG», 30-июль, Талас. Талас облусутук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда «Ата- энелер» бөлмөсү үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери иштеп жатат.

«Элдин катмары» фондунун каржылоосу менен атайын «Ата-энелер» бөлмөсү жаш жубайлар үчүн ачылган. Бул бөлмө атайын керектүү материалдар менен жабдылган. Кош бойлуу аялдарга түйүлдүк пайда болгондон баштап кандай тамактануунун, төрөткө даярдануунун, баланы багуунунун сабактары өткөзүлөт.

«Бүгүнкү күнгө чейин 158 кош бойлуу энелер бизден сабак алды», - деди борбордун жана «Ата-энелер» бөлмөсүн жетектеген дарыгер-гинеколог Гүлзат Рыспекова.

«Мен бул бөлмө жөнүндө укан эмесмин. Азыр жаңы угуп жатам. Эми мындан ары келип сабак алып турам»,-дейт кошбойлуу Тахмина Искак кызы. (Жеңишкүл Тоголокова)

Каракол шаарында туризмди өнүктүрүүнүн биринчи кадамдары

«Issyk-Kulpress.KG», 30-июль, Каракол. Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен туристтерге кызмат көрсөтүү ассоциациясы ачылды. Эс алууга келген биздин туристтерге жакшы шарт түзүп берүү үчүн, анын ичине бардык турфирмалар, мейманканалар жана таксилер кирет. Ошондой эле, ассоциациянын ичинде сайт ачуу пландаштырылууда. Чет өлкөлүк ассоциациялар менен кызматташуу үчүн сайта мейманканалардын, таксилердин, турфирмалардын даректери жарыяланат.

Каракол шаарына альпинисттердин тобу, жалпы 250 адам келишти. Шаардын мэри Нурбек Аалиев менен жолугушууда альпинисттер Вильнюс шаарынын мэринин атынан сувенир жана белектерди тапшырышты.

“Быйылкы бюджетте каралбай калгандыктан, бүгүнкү күндө биздин максатыбыз шаардын туризмин өнүктүрүү үчүн долбоорлорду жазуу”,- деп билдирди ассоциациянын аткаруучу директору Эрнст Джунушов. (Мээрим Усубакунова, Салтанат Мурзабаева)

29.07.2009

Ак-Суу районунда жаңы спорт комплекси курула баштады

«Аймак-news», 29-июль, Каракол. Ак-Суу районунун Челпек айылында жаңы спорт комплексин куруш үчүн анын жерпайы түптөлүп, алгачкы казыгы кагылды.

Буга чейин бул жерде үч жыл мурда салынган ачык асман алдындагы спорт аянтчасы пайдаланылып келген. Эми анын ордунда бийик талаптарга жооп берген спорт комплекси пайда болорун райондун акими Болотбек Купешов билдирди. Учурда райондун аймагында бул комплексти кошкондо 18 курулуш иши жүрүп жатат.

Спорт комплексин курууга 16 миллион сом чыгымдалып, кеч күздө пайдаланууга берилет. (Эльназ Жусуева)

“Төлөбай” чакан ишканасы элди тейлейт

«Talasnews.KG», 29-июль, Талас. Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл окмотунун Кыргызстан, Кара-Суу жана Май айылдарынын дыйкандары ушул күнгө чейин комбайндардын жоктугунан коңшулаш Кара-Буура районунан алып келип эгиндерин чаптырышчу.

Ошондуктан айылдын механиктери “Төлөбай” чакан техникалык сервисин ачышкандыгын 28-июль күнү Кыргызстан айылында болуп өткөн чогулушта билдиришти. Эми жогоруда айтылган айыл дыйкандары убара болуп, алыска барышпай, аталган ишкананын техникаларын колдонуп, эгиндерин чаптырышат. Айта кетчү нерсе бул ишканада 1 комбайн, 2 трактор 1 жүк ташуучу машина бар. (Сыргак Раимканов)

Нарын шаарында тротуарлар оңдолууда

«Аймак-news», 29-июль, Нарын. Нарын шаарындагы Соодонбеков чөлкөмүндөгү тротуарларды оңдоо иштери башталды.

Нарын шаарынын Соодонбеков чөлкөмүнүн 2069 чарчы метр өлчөмүндөгү тротуарларына таш төшөлөт. Бул иш-чара боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Ленин көчөсүндөгү тротуарларды толук оңдоо долбоору сунушталып, 1 миллион 493 миң 900 сом акча каражаты колдоого алынган. Бул туурасында Нарын шаардык башкармасынын курулуш жана өндүрүш секторунун башкы адиси Өмүрбек Казакбаев билдирди. «Ошондой эле келерки жылга борбордун башка тротуарларын оңдоо боюнча долбоор сунушталып жатат», дейт ал. (Токтосун Шамбетов)

Нарын шаарындагы БЭКтин мүчөлөрү резолюция кабыл алышты

«Naryn.KG», 29-июль, Нарын. 300 кишинин колу коюлган ал резолюцияда 23-июлда болгон президенттик шайлоону тааныбай тургандыктарын, экинчиси болсо шайлоого байланыштуу Ысык-Көл облусунда камалган адамдарды тезинен бошотуу айтылган. Уюштуруучулардын айтымында бул нааразычылык акциясы эртең да уланат.

Нурада курулуш күч алды

«Аймак-news», 29-июль, Алай. Былтыр катуу зилзаладан жапа чеккен Алай районундагы Нура айылында курулуш иштери күч алды.

Аталган айылга 152 турак-жай курулуш керек болсо анын бирөө жаңы жыл алдында республиканын Транспорт жана курулуш министрлиги тарабынан бүткөрүлгөн алгачкы үй болуп калды. Учурда бул жерде 151 үйдүн жер пайлары куюлуп бүттү. Бул иштерди бүткөрүүдө Ош областынын булуң-бурчарынан келишкен 6 курулуш уюму иш алып барууда. Тактап айтканда, прораб Абдыкайым Маматов жетектеген «Базар-Коргон айылкурулуш» ишканасы, О. Аданбаев жетектеген «Баман» акционердик коому, Р. Балтабаев жетектеген «Альманар» акционердик коому, Ж. Нуралиев жетектеген «Алайайылкурулуш» ишканасы, Х. Жунусов жетектеген «Ош тейлөө курулуш» уюмунан келишкен алтын колдуу куруучулар өз иштерин сапааттуу аткаруунун аракетинде.

- Ал эми Болот Эркулов жетектеген МЧСтин куруучулары мончонун үстүн жаап бүтүштү, -дейт Нура айылынын башчысы Муканбет Бопонов. - Алардын күчү менен суу түтүктөрүнүн айланасы, жол, спорт зал, электр жарыктарынын иштери аткарылат. (Мухтарбек Ибрагимов)

Алай районунда Талаа күнү өттү

«Аймак-news», 29-июль, Алай. Алай районунун Коңур-Дөбө айылындагы «Уу-Саз» дыйкан чарбасынын эгин талаасында топурактын асылдуулугун арттырууда шербет сууну колдонуу ыкмасы боюнча көргөзмө-окуу өткөрүлдү.

Көргөзмө-окууда сугат сууну туура пайдаланууда эскиден колдонулуп келген шербет сууну пайдалануу райондун шартында манилүү ыкма экендиги белгиленди. Райондогу айылдык кеңеш кызматынын кеңешчиси Орозбек Сапарбаев белгиленген программага ылайык топуракты рационалдуу пайдаланууда шербет сууну аммофостун аралашмасынын эритиндиси менен пайдалануу ыкмасына кеңири токтолду. Жүгөрү талаасынын шартында топурактын күрдөөлдүүлүгүн жогорулатууда шербет суу+ аммофос аралашма эритиндисин даярдоо үчүн атайын чуңкур казылып, андагы пайдалуу заттардын абага учуп кетпеси жана жерге сиңип кетпеси үчүн астына жана үстүнө пленка төшөлүп жабылып турганын семинардын катышуучуларына практика жүзүндө көрсөттү. (Мухтарбек Ибрагимов)

Үйлөнүү үлпөтү – улуттун келечегине кадам

«Аймак-news», 29-июль, Каракол. Каракол шаарындагы «Деңиз» кафесинде «Эл күчү» коомдук бирикмеси тарабынан колдоо көрсөтүлүп уюштурулган Каракол балдар үйүнүн тарбиялануучулары, 8 жыл бир жерде, бир мектепте окушкан жаш жубайлардын – Шухрад Турдуматов менен Елена Турдуматованын үйлөнүү үлпөт тою өткөрүлдү.

Бул салтанаттуу үлпөт тойдун өтүшүн өз мойнуна алган, жаштарга колдоо көрсөтүп ушундай шарт түзүп берип жаткан элдик жарандарыбыздын бири - «Эл күчү» коомдук бирикмесинин жетекчиси Салават Имашов. Аталган коомдук бирикме 2008-жылы ачылган. Ачылганына аз гана убакыт болсо да жакшы жетишкендиктерди, ийгиликтерди жаратып келет. Бул өткөрүлүп жаткан үйлөнүү үлпөт тоюу коомдук бирикменин биринчи акциясы, коомго пайда келтирүүнүн алгачкы кадамы.

«Бүгүн биринчи бет ачарыбызды жасап жатабыз. Мен буларды 10 жылдан бери көрүп жүрчүмүн, алар менен байланышта болдум. Жардамга муктаж болгон балдар менен ар дайым бирге болуп, кандай көмөк көрсөтүп, кандай иш-чараларды жасасам, кандай жакшы шарт түзсөм деп баштан эле аракет кылып жүргөм», - дейт Салават Имашов.

Жаш жубайлар шаарыбыздагы №14 кесипчилик орто окуу жайын бүтүрүп, дипломдорун колго алып, анан турмушка өздөрүнүн алгачкы кадамдарын ташташты. Башынан бирге өскөн кичинекей балдар, бардыгы келишип жаш жубайларды куттукташып, келечекке ак жол каалашып, кубанычтарын, толкунданууларын жашыра албастан ырдап, бийлеп, жылуу сөздөрүн айтышты. (Эльзат Шаршембиева).

Караколдун оюнчулары республикалык мелдешке жолдомо алышты

«Аймак-news», 29-июль, Каракол. Караколдогу футбол боюнча жаш спортчулар арасындагы мелдеште Каракол шаарынын командасы президент К. Бакиевдин кубогуна жолдомо утуп алды.

Каракол шаарынын стадионунда жалпы областтык жаш спортчулар арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул футбол оюнун жеңген команда Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевдин кубогуна ээ болмокчу. Окуучулар арасында жүргүзүлгөн мелдеш абдан берилүү менен ойногон жаш спорт сүйүүчүлөрдүн спортко кызыгуусун, бири-бирине атаандашуусун артырды. Ошентип, спорт майданында ат салышкан командалардан биринчи орунду Каракол шаарынын командасы жеңип алды. Топтун машыктыруучусу Дастан Юсупов жетишкен жеңишине толкунданганын жашырган жок. Экинчи орунду Ак-Суу районунун командасы утуп алды. Ал эми үчүнчү орунга Жети-Өгүз районунун командалары ээ болушту. (Эльзат Шаршембиева)

Нарын РШКсы байкоочулардан арыз алуудан баш тартты

«Naryn.KG», 29-июль, Нарын. Бул жөнүндө Демократия жана жарандык коом үчүн биримдигинин Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов билдирди.

Ал 28-июлда Нарын районундагы жети участоктогу А. Атамбаевдин добушунун уурдалышы жана башка мыйзам бузуулар боюнча үч акты тиркелген арызды Нарын райондук шайлоо комиссиясына тапшырууга аракет кылган. Бирок аталган шайлоо комиссиясынын катчысы Сыдык Байтоков арыздар үч күн ичинде алынат, силердин убактыңар өтүп кетти деп албай койгон. А.Эшеновдун толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген Шайлоо кодекси боюнча арыз беш күн аралыгында каралышы керек дегенине биз андай окуган эмеспиз деп арызды алуудан С.Байтоков баш тарткан. Эми биз почта аркылуу сотко жөнөтүп жатабыз дейт А.Эшенов. Эске сала кетчү жагдай мындай шайлоо комиссияларын окутуу үчүн облуска 4 млн. сомдун тегерегинде акча бюджеттен сарпталган.

Нарындагы жатак мектептин балдары үчүн жайлоо лагери уюштурулду

«Naryn.KG», 29-июль, Нарын. 23-26-июль күндөрү Соң-Көлдө өткөн «Жайлоо лагери -2009» аталышындагы бул эс алууга Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук мектеп лицейдеги тарбияланып жаткан 15 томолой жетим жана жарым жетим балдар тартылган.

Алар эс алуу учурунда Нарындын кооздугун, жашоонун сергек мүнөзүн, патриоттуулукту кызыктуу сабак, дебатттар аркылуу талкуулашты. Мындан сырткары театралдаштырылган шоу-программа, спорттук таймаштар жана бий кечелер да өткөрүлүп, соңунда активдүү балдарга грамота берилди. Балдардын эс алуусуна жалпы 64 миң сом жумшалып, каржылык колдоону аталган мектептин кызматкерлери жана «Компаньон» финансылык компаниясы көтөрдү,-деп билдирди бүгүн БАУнин коомчулук менен байланышуу боюнча координатору Гүлзана Курманалиева «Naryn.kg» маалымат сайтына.

Кыргызстанда биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй мектептерде окуй башташат

«Issyk-Kulpress.KG», 29-июль, Каракол. Каракол шаарында ушул жылдын 15-сентябрь айынан баштап №5 жалпы билим берүү мектебинде Ысык-Көл областынын “Теңдик” коомдук бирикмесинин “Тоскоолсуз мектеп-келечектин мектеби” долбоорунун алкагында майып түшүнүгү боюнча окуу жүргүзүшөт.

trening14

Бул туурасында Каракол шаардык балдар жана өспүрүмдөр үчүн укуктук- маалымат борборунда пресс-конференция болуп өттү. Долбоор “Сорос Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Бюджети 10 миң долларды түзөт. Максаты Каракол шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бул долбоор негизги үч маселени камтыйт. Биринчиден, мектептерде “Кайрымдуулук окууларды”, экинчи балдардын ичинен “Дүйнө балдардын көзү менен” деген акция, үчүнчүдөн мектептердин директорлору, мугалимдери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тегерек стол өткөрүү болуп саналат.

“Долбоордун уникалдуулугу окууларды мүмкүнчүлүгү чектелген жаш адамдар окутушат. Биздин өлкөдө мындай долбоор жок эле, азыр бирден бир болуп саналат. Максатыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден соолугу чың балдар бирдей укукта болушун көздөйбүз”-деп билдирди “Теңдик” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова. (Салтанат Мурзабаева, Мээрим Усубакунова)

Таластык дарыгерлер ооруулунун материалдык абалына жараша мамиле кылабы?

«Talasnews.KG», 29-июль, Талас. 28-июлда Талас Медиа борборунда “Кош бойлуу аялдар өз укуктарын билеби?” аттуу тегерек стол болду. Бул иш чарада кош бойлуу аялдардын укуктары, милдеттери, мамлекеттик гарантиялар программасы тууралуу, ошондой эле дарыгерлердин ооруулуларга болгон мамилеси талкууланды.

pre

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) адиси Малик Эришалиев : “Мамлекеттик гарантиялар боюнча медициналык жардам алууда кош бойлуу аялдар бекер дарылануу, текшерилүү камсыздалат”,-деди ал.Ошондой эле ММКФнын адиси ишеним телефондоруна бир жылдын ичинде 96 кайрылуу болгондугун жана алардын үчөө арыз түрүндө экендигин белгилеп кетти.

Болочок эне Элмира Сүйүтбекованын айтымында: “Төрөт үйүндө дарыланып жаткан күндөрү дарыгер палатама бир гана жолу кирип, ал акыбалымды сурады, анткени дарыгерлер оорулуунун материалдык абалына жараша мамиле жасашат,”-деди.

“Эгерде жарандардын дарыгерлерге кандайдыр бир дооматы болсо, анда тиешелүү уюмдарга официалдуу түрдө кайрылуу керек ,ошондо гана маселе чечилет”,- деди Талас обл администрациясынын саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Айжамал Шамбетова.

“Ар дайым эле жарандар дарыгерлердин ийгиликтерине, эмгектерине көңүл бурбай кемчилигин гана издеп келишет, мисалы 2008 -жылдын ичинде 38 кош бойлуу аял оруканаларга оор абалда жеткирилип, сакайып кетишкен ал эми 3 аялдын өлүмү катталган “, - деген ой менен бөлүштү Айжамал Шамбетова.

Тегерек стол убагында ушул теманын тегерегинде көп талкуу болуп, келечекте медицина кызматкерлер менен маалымат каражаттары мындай маселелерди чечүүдө тыгыз иштешүүнү убадалашты. (Женишгуль Тоголокова)

28.07.2009

Баткен аймагындагы журналисттер үчүн медиа-тур өткөрүлдү

«Аймак-news», 28-июль, Баткен. Баткен аймагынын журналистери Зардалы жана Кожошкен айылдарында жайгашкан чек ара заставаларында болуп, элдин жашоо турмушу менен таанышышты.

24-27-июлда Баткен районуна караштуу Зардалы, Кожошкен айылында жайгашкан чек ара заставаларынын абалы жана айыл элдеринин жашоо шарты менен таанышуу максатында Баткен аймагынын журналистери үчүн медиа-тур өткөрүлдү. Аталган иш-чараны Баткен облусунун массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору № 2022 Баткен чек ара отряды менен чогуу уюштурган.

«Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты - чек ара аскерлери менен журналистердин ортосундагы өнөктөштүктү түзүү болуп саналат», - деп билдирди Баткен облусунун массалык маалымат каражаттарын колдоо борборунун аткаруучу директору Д. Садиев. Ал эми № 2022 Баткен чек ара отрядынын тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы И. Жумалиев: «Медиа-тур өткөрүүнүн негизги максаты - журналисттерге чек ара заставалары менен жоокерлердин абалын тааныштыруу. Ошондой эле Баткен коогалаңынын 10 жылдыгына карата уюштуруп, жаштарды армияга чакыруу максатында өткөрдүк», - деп түшүндүрдү.

И. Жумалиевдин билдирүүсүнө караганда, Зардалы, Кожошкен айылдарында жайгашкан бир застава , «Жоопая» жана «Коргон» аттуу 2 пост бар. Ал заставанын аскерлеринин шарты өтө оор экенине карабай, кызмат өтөшүүдө.

Эскерте кетсек, мындан 10 жыл мурда болгон Баткен кооголаңында террористтер дал ушул Зардалы, Кожошкен айылдарына кол салышкан. (Жылдыз Абдрахманова)

Таласта таланттар тандалууда

«Talasnews.KG», 28-июль, Талас. «Талант сыры» аттуу долбоору Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы музыкалык балдар мектебинде жаш таланттар сынагын өткөрүүдө.

cynak-jpg

23- июлдан 2 -августка чейин элеттен (села) чыккан, ырчы таланттарды элге таанытуу максатында “Талант сыры” аттуу долбоору Таласта чыгармачыл жаштардын сынагын өткөрүүдө.

“Жан дүйнөсү менен берилип ырдаган таланттарды элге таанытуу ошондой эле унутулуп бара жаткан кыргыздын ырчыларынын ырларын кайрадан жандаандыруу, максатында бул сынакты өткөрүп жатабыз “,- деди долбоордун жетекчиси Кайрат Кыштобаев

“Мен дагы ушул сынакка катышып өзүмдүн талантымды сынап көрөйүн” - деген сынактын катышуучусу Анара Байбекова

Жогоруда аталган музыкалык мектептин жетекчисинин орун басары Нуржан Кыштобаевдын айтуусунда: “Областыбыздын деңгээлинен чыга албаган жаш таланттар үчүн бул сынак жакшы мүмкүнчүлүк болду”,- деди ал. (Женишкул Тоголокова)

Нарын шаарында кайгуул күзөт кызматынын саны көбөйдү

«Naryn.KG», 28-июль, Нарын. Мындай маалымат Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматынын командиринин орун басары Бакыт Калыгуловдон телефон аркылуу алынды.

Анын маалыматында Нарын шаарында мурда 6 бирдиктүү аймакта 17 кайгуул күзөт кызматкерлери иштеп келишкен. Ал эми учурда кайгуул күзөт кызматкерлеринин саны 33кө жетсе, бирдиктүү аймактардын саны дагы 6га көбөйүп 12ге жеткен. «Мындай иш чара коомчулуктан түшкөн арыздын негизинде Нарындын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо максатында жазалып, кечки саат 17ден түнкү 24кө чейин иштешмекчи», -дейт Б.Калыгулов.

Талас областынын эки районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюу башталды

«Talasnews.KG», 27-июль, Талас. Талас областынын Манас, Кара-Буура райондорунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюу башталды, андан тышкары Бакай-Ата районунда жыюу иштери башталганы турат.

Бул тууралуу областтык администрациянын агро өнөр жайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Койчукул Кудакеев билдиргенине караганда: Манас районунда буудай 835 гектар чабылып түшүмдүүлүгү 1 гектардан 32,4 центнерден айланды, арпа 85 гектар чабылып түшүмдүүлүгү 35,3 центнерден айланды. “Ал эми Кара-Буура районунда: буудай 490 гектар чабылып түшүмдүүлүгү 1 гектардан 35,7 центнерден айланды, арпа чабыла элек, андан тышкары Бакай-Ата районунда бүгүндөн баштап чабыла баштайт”, - деди К.Кудакеев. (Фархат Тилекматов, 24.07.2009-ж.)

Нарын шаары боюнча добуш берүүгө 12097 шайлоочу катышкан

“Аймак-news”, 27-июль, Нарын. Нарын шаарынын шайлоочуларынын 68% 23-июлда шайлоо участкаларына келген.

Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жумаалы Мааткалыков билдиргендей, 23-июлда шаар боюнча добуш берүүгө 12097 шайлоочу катышкан. 24-июлда баардык Нарын шаарындагы 21 шайлоо участкалары боюнча жыйынтык чыгарылганда, добуш берүү төмөндөгүдөй болгон: президенттикке ат салышышкан Алмазбек Атамбаев 3438, Курманбек Бакиев 6714, Нурлан Мотуев 110, Женишбек Назаралиев 48, Темир Сариев 1010, Токтайым Үмөталиева 70 добуш алышкан. “Ал эми баардыгына каршы - 55 бюллетень”, - дейт Ж.Мааткалыков.

Эскерте кетсек, Ж.Мааткалыковдун 23-июлда берген маалыматына таянсак, Нарын шаары боюнча 17747 шайлоочу катталган. (Эркингүл Бокоева)