«Аймак-news», 17-июль, Каракол. Жакында Каракол шаарынын 140 жылдык мааракесине карата энциклопедия чыкмак болду.
Басууга даярдалып жаткан энциклопедияда Каракол шаарынын карт тарыхы, шаардын эң мыкты адамдарынын эмгеги, басып өткөн жолу камтылмакчы. Бул жөнүндө «Дархан» фирмасынын директору Төлөн Бекбаев басма сөз кызматкерлерине маалымдады. Анын айтымында, энциклопедия 500 нускада жарык көрүп, сатыкка коюлат.
Мындай иштин үстүндө шаардын көрүнүктүү инсандары: география илимдеринин кандидаты Ш.Токомбаев, филология илиминин кандидаты Ш.Шакитов, журналист Т.Бекбаев жана журналист Б. Байсеитовалар эмгектенип жатышат. Энциклопедия даяр болгон учурда мэрдин көзөмөлүнүн астында ар тармактын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, энциклопедия текшерүүдөн өтөт. (Сайкал Аттокурова)