24.07.2009

Баткен облусунун 10 жылдыгына карата Баткен шаарында “Бизнес борборунун” ачылышы пландаштырылууда

d0b1d0b8d0b7d0bdd0b5d181-d0b1d0bed180d0b1d0bed180

“Аймак-news”, 23-июль, Баткен. 23-июлда Баткен облусунун 10 жылдыгына карата Баткен облусу боюнча бизнесмендердин жана ишкерлердин ассосациясынын демилгеси менен Баткен шаарында жаңы курула баштаган “Бизнес борбор” имаратынын фундаментин түптөө аземи болуп өттү.

23-июлда Баткен шаарынын борборунда “Бизнес борбору” имаратынын фундаментин түптөө аземи болуп өттү. Ага Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабеков жана Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматов катышты.

“Бизнес борборун” куруу демилгесин Баткен облусу боюнча бизнесмендердин жана ишкерлердин ассосациясы көтөрүп чыккан. “Бизнес борбор” имаратынын курулушунун негизги максаты акыркы 2-3 жылдардын ичинде президентибиз К. Бакиевдин, Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабековдун бизнес тармагына көбүрөөк басым жасагандыгы жана элге бизнести кеңири жайылтуу болуп саналат”, - дейт ассосациянын президенти Авазбек Чотбаев.

Борбордун ачылышы менен Баткен элине ар кандай жарнамаларды жайылтууга, мисалы; жер алуу, сатуу тууралуу, Интернет менен камсыз кылуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлө баштамакчы.

А. Чотбаевдин билдирүүсүнө караганда, имаратты курууга жалпысынан 4,5 млн. сом каражаты сарпталат. “Баткен шаарынын мэри С. Эрматов бул курулушка 2 млн. сом акча каражатын бөлүп бере турган болду, ал эми калган сумманы өз чөнтөгүмдөн сарптаймын. С. Эрматов Баткен шаарынын борборунан бекер жер бөлүп берип чоң жардам көрсөттү”, - деди А. Чотбаев.

“Бизнес борбор” имаратына күндүн энергиясы менен жүргөн узундугу жана туурасы 3 м, ал эми жебеси 70 см болгон саат төшөлөт. Саат түнү күйүп турмакчы.

“Бизнес борбор” 13-октябрда белгилене турган Баткен облусунун 10 жылдыгына карата бүткөрүлүп, ишке киргизилмекчи. (Жылдыз Абдрахманова)

Кара-Буура, Талас райондорундагы жол участкалары жана көпүрөлөр оңдолду

«Talasnews.KG», 23-июль, Талас. “Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун жардамы менен Кара-Буура, Талас райондорундагы жолдорду жана айрым көпүрөлөрдү оңдоо иши аяктады.

“Жерүйалтындын” Карабуура районуна караштуу Жоон-Төбө айылында базасы бар, ал жактан бүт облус аркылуу “Жерүй” комбинатына жүк ташылат. “Биздин максатыбыз ошол жүктү төкпөй-чачпай, элге зыян келтирбей комбинатка жеткирүү, ошондуктан компания Талас өрөөнүндөгү жолдордун баардыгын акырындык менен оңдой берет”, - деди “Жерүйалтындын” рудник жетекчиси Султан Курманбаев.

Андан тышкары “Жерүйалтын” жабык акционердик коомунун жардамы менен июнь айында Талас өрөөнүнүн сыймыгы болгон “Беш-Таш” улуттук паркына өтө турган Козучак айылындагы 10 км. жол оңдолду. Бекмолдо айыл округуна караштуу Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Хан-Бүргө айылдарынын айыл чарбалык маанидеги жана ички жолдорун, суу алып кеткен арыктарды менен каналдарды июнь-июль айларында оңдоп бүтүргөн.

Жолдорду оңдоо үчүн компания тарабынан 2 самосвал, грейдер, бульдозер, 2,5 тонналык 2 камаз бөлүнүп берилген.

“Негизги максат бул компания менен жергиликтүү элдин кызыкчылыктары дал келиши керек, ошондо алар тыгыз байланышта болуп, жемиштүү иштегенге шарт түзүлөт”, - деген оюн билдирди С. Курманбаев. (Мира Сейдикеримова)

Нарын шаарында 1 сааттын ичинде 3012 шайлоочу добуш беришти

“Аймак-news”, 23-июль, Нарын. Нарын шаарында саат 9га чейин шайлоочулардын 17% добуш бергени жетишкен.

23 июльда саат 9га алынган маалымат боюнча Нарын шаарынын 3012 шайлоочусу же шайлоочулардын 17% добуш бергени жетишкен. Бул тууралуу Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жумаалы Мааткалыков билдирди.

Анын айтымында, шаарга 17747 шайлоочунун санына карата 17 820 бюллетень келген. Нарын шаары боюнча мөөнөтүнөн мурда 374 шайлоочу добуш берсе, тизмеден чыгуу күбөлүгүн 632 шайлоочу алган. Шаарда жалпы 21 шайлоо участкасы бар.

“Азырынча шайлоонун жүрүшү тынч эле. Бирок 4058-шайлоо участкасынын ичинде жүргөн ички иштер кызматкерине эскертүү берип, анын сыртта көзөмөл жүргүзөөрүн түшүндүрдүм”, - дейт шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы. (Эркингүл Бокоева)

22.07.2009

Баткен облусунун Ооган согушунун ардагерлери үчүн имарат курулат

«Аймак-news», 22-июль, Баткен. Ооган согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин Баткен облустук бөлүмү үчүн административдик имараттын курулушу башталат.

Ооган согушунун ардагерлеринин Баткен облустук бөлүмүнүн административдик имаратын куруу үчүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жыл башында 200 чарчы метр аянт бөлүп берген. 2 кабаттуу имараттын долбоору бүгүнкү күндө даяр. Ардагерлер кеңеши тарабынан даярдалган долбоор боюнча имараттын курулушуна 4 миллион 377 миң сом акча керектелет. Бул тууралуу облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдумалик Ботояров билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери негизинен демөөрчүлөрдүн, орусиялык инвестициянын жардамы менен жүргүзүлөт. Эгер акча маселеси чечилсе курулуш иштери токтоосуз башталат.

Бүгүнкү күндө Ооган согушунун Баткен облустук коомдук бирикмесинде 500дөн ашуун мүчөсү бар. Ооган согушуна Баткен областынан 539 жоокер катышып, 25и курман болгон. Облус боюнча Ооган согушуна катышуучулардын 67 пайызы жана каза болгондордун 21 жоокери Кадамжай району жана Кызылкия шаарларынан болот. Ошондуктан ушул аймактардан ар кандай маселелер менен көп кайрылышкандыктан имаратты Кадамжайда куруу чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, облустук Ооган ардагерлер коомунун офиси буга чейин облус борбору Баткен шаарында чайханадан бир бөлмөнү ижарага алып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. (Жылдыз Абдрахманова)

Таластын төрт айыл округунда жана Талас шаарында коомдук көзөмөл борборлору түзүлөт

«Talasnews.KG», 22-июль, Талас. Таластагы кен казуучу ишканалар жайгашкан Талас районундагы Рыспек Айдаралиев, Бекмолдо, Арал, Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл округдарынын чегинде жана Талас шаарында коомдук көзөмөл борборлору түзүлүүдө.

Кен казуу тармактарынын ачыктыгы демилгесин камсыздоо максатында, “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борбору үстүбуздөгү жылдын май айынан баштап, “Сорос Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен “Коомдук көзөмөл борборлору” долбоорун ишке ашыра баштады.

Долбоордун башкы максаты коомдук көзөмөл борборлорун түзүү аркылуу кен казуучу ишканалардын иш аракеттерине коомдук көзөмөлдөө системасын жайылтуу. Долбоордун иши боюнча долбоордун координаторунун ассистенти Бактыяр Камалдинов өз оюн билдирди: “Коомдук көзөмөл борборлору жергиликтүү коомчулук үчүн кен казуучу компаниялардын, каржылык түшүүлөрү тууралуу маалыматтарынын жеткиликтүүлүгү, ачыктыгы, келишимдердин аткарылышы жана жер-жерлерде кен казуу боюнча иш-аракеттеринин жүрүшүн көзөмөлдөшөт”.

Долбоордун мөөнөтү 2010-жылдын май айына чейин. Ар бир айыл округунда коомдук көзөмөл борборлорунда 1ден адистер иштешет. Учурда аларды окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук көзөмөл борборлору август айынан баштап ишке кирет.

“Бир жыл бул изденүү мезгили, коомдук көзөмөл борборлорун заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздап, андан ары туруктуу иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек”, - деди Бактыяр Камалдинов. (Мира Сейдикеримова)

Бир күндүк рейде 54 жол эрежеси бузулду

«Issyk-Kulpress.KG», 21-июль, Каракол. Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочуларбызды эскертүү, жол эрежесин бузууну алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда ОИИБнын ЖКК бөлүмүнүн кызматкерлери Чолпон-Ата-Григорьевка-Чолпон-Ата авто жолунда «Маяк» рейдин өткөрүштү.

23-июлда президенттик шайлоо болсо , 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ОДКБ (ЖККУ-жамааттык коопсуздук келишим уюмунун) мүчөлөрүнүн кезексиз саммити болгону турат. Аталган Эл аралык уюмдун Көл өрөөнүнө келиши, биздин облусубуз, мамлекетибиз үчүн тарыхый, маанилүү окуя экени талашсыз. Бул салтанаттарды өз деңгээлинде өткөрүү, коомдук коопсуздукту, тартипти, жол коопсуздугун сактоо милиция кызматкерлеринин бирден бир милдети эмеспи.

Аталган рейдге 24 МАИ кызматкери 8 автоинспекциянын автоунаалары менен чыгышты. Рейд учурунда 54 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 2 айдоочу мас абалында, 20 «маяк» рейдине баш ийбөөчүлүк, 22 ылдамдыгын жогорулатып айдагандар жана 8 ар кандай эреже бузуулар болду. (Мээрим Усубакунова, Салтанат Мурзабаева)

Чаткалда алтын кен комбинаты курулууда

“Акыйкат”, 22-июль, Жалал-Абад. Райондун Чапчыма ашуусунун алдында кыргыз-кытай биргелешкен «Фулд Голд Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коому 60 миллион доллар каражат жумшап, «Иштамберди» алтын кен комбинатын курууда. Бул тууралуу аталган компаниянын вице-президенти Жан Цан Шень билдирди.

Анын айтымында, бул жерде 1986-жылдагы иликтөөлөр боюнча алтындын ири кору бар. Ал эми комбинатты курууга 179 кытай адистери тартылган. Жергиликтүү 130 адам иштеп жатат. Компания элге шарт түзүү максатында Ала-Бука - Терек-Сай көпүрөсүн куруп жатат. Анын наркы 200 миң доллар.

Компаниянын вице-президенти облус губернатору Кошбай Масировго комбинаттын курулушу ушул жылдын октябрь айында бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми губернатор жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголуп, экология мыйзамдары сакталышы зарылдыгын эскертти.

Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынан алынган маалыматка караганда, курулуш долбоордон четтеп, экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн бул компанияга атайын эскертүү берилип, 1 миллион сомго жакын айып төлөө жагы милдеттендирилген.

“Манасчы болом деп ойлогон эмесмин”

“Ысык-Көл кабарлары”, 22-июль, Каракол. Жети-өгуз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулуп өскөн Улан Исмаилов: «Манас» айтам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. 17 жашымдан бери аян аркылуу манас дүйнөсүнө жакындай баштадым. Ойдо жок жердеги ошол окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Күүгүм кире электе уйларды саап алайын деп жанталашып жаткам. Бир маалда желкемден бирөө катуу кармап, «тур, какмар, бачым бол, кайыптар келеатат», - деп шаштырып калды. Өңүмбү, же түшүмбү, деп дендароо тартып тура бериптирмин. Жүрөгүм да бир башкача согуп, өзүмдү жогото баштадым көрүнөт. “Тур, кайыптар тиги Эшпердинин белине (жайлоо) жакындап калышты”, - деп желкемди карыштыра кармап турган адам мени шаштырып кирди. Чын эле Эшпердинин сайын бойлой коюу чаң аралаш куюн көзүмө урунду.

Сол жагымда турган адамдын каруулу колунан оңой менен суурулуп чыга албасымды сезгенден кийин аргасыз ордумда каккан казыктай болуп туруп бердим. «Какмар, жакшылап кара, баарын таанып ал”, - деди эле аңгыча болбой бет мандайыма кула ат минген, зоот кийим кийинген көзү оттой күйгөн бир баатыр пайда болду. Аны дароо тике карай алганым жок, баатырдын оттой күйгөн сүрдүү көздөрүнөн жалтанып кеттим. «Тике кара, какмар, айтканымды ук» , - деп артымдагы адам ого бетер желкемди катуу куруштура кармады. Үчүнү жолу гана баатырдын көзүнө тике карадым. Ал аңгыча болбой төбөлүү тебетей кийген, узун бойлуу, кызыл жүздүү, аппак сакалчан дагы бир адам көз алдыма тартылды. «Сайып жүрүп тал, салып жүрүп там, казып жүрүп ор, Баатырды Кан-Кангайга чейин чоң кылган кадимки Бакай атаң, ушул, жакшылап таанып ал», - деген артымдагы үндөн улам ага да көз токтотуп калууга үлгүрдүм. Андан кийин баатырдын 40 чоросу бирден чубап өттү.

Бала эмесминби, «Манас» айтам деп баатырга берген убадамды унуткарып арадан бир топ күндү өткөрүп жибериптирмин. «Баатырга сөз берип коюп мунун керилип уктап жатканын кара. Тур, Манас айт», - деп Саякбай атам дагы түшүмө кирди. Чочуп ойгонуп кеттим, анан кантип оозумдан Манас деген сөз чыкканын билбейм. Түнкү саат 11лерде баштаган экемин эртеси күн аркан бою көтөрүлгөнгө чейин тынбай «Манас» айтыптырмын. Ошентип, аян, түш аркылуу кайыптардын жарыгы тийип манасчылардын катарына кошулдум», - дейт.

“Манас”-чексиз океандай, анын түбү жок”
Айрым “Манас” иликтөөчүлөрдүн ишениминде, Уландын келечеги кең, буюрса Саякбай Каралаевден кем калышпаган залкар таланттардын катарына кошулуп, кыргыз элинин рух дөөлөттөрүн байытат.

Улан «Манас» эпосун түбү көрүнбөгөн чексиз океанга салыштырат. «Айгине» маданий изилдөө борборунун тапшырмасы менен жазган бир макаласында «Манас баяны кайсыл кылымда, кайсыл доордо башталганын эч ким так айта албайт. Ал тарыхпы, же санжырабы, жомокпу, муну да далилдеш кыйын. Бирок кыргыз элинин көөнөрбөс байлыгынын, өлбөс-өчпөс тарыхынын туу башында айкөл Манас бабабыздын турганы төгүн эмес. Саякбай Каралаевден кийин манасчылардын чыгышы кыйын го деп ойлогон элем. Көрсө, манасчылык өнөр казылбаган кенч тура”, -Чыңгыз Айтматовдун мына ушул сөзү мени аябай толкунданткан эле», - Уландын мына ушундайча табигат тартуулаган өнөрүн тарыхый көз караш, турмуш чындыгы аркылуу да баяндоо вазыйпасын көпчүлүктүн көөнүнө салганы бар.

Президенттик баш байгенин ээси болгон
2007-жылы “Соң-Көлдү Манас жердеген” аттуу манасчы-дастанчылардын, төкмө акындардын, ырчы-аткаруучулардын республикалык фестивалында Улан Исмаилов баш байгени жеңип алган. Ошол “чоң казаттан” кийин фестивалдын бир катар жеңүүчүлөрүн Республиканын президенти К.Бакиев кабыл алып, байге ээлерине акчалай сыйлык тапшырган. 50 миң сом өлчөмүндөгү баш байгени өлкө башчысынын өз колунан алган жаш манасчы ал күндү эч качан жадынан чыгарбайт. К.Бакиев менен көзмө-көз баарлашуунун, кыргыз элинин тарыхы, маданияты, тили, адабияты, салт-санаасы, манасчылык өнөр тууралуу пикирлешүүнүн канчалык бийик даражасы бар экенин көөдөн түпкүрүнөн сезим-туюмунан дал ошол күнү алгач ирет өткөргөн эле.

«ТУУНУ БЕКЕМ АШТАЙЛЫК, ТУУРАГА ЖОЛДУ БАШТАЙЛЫК»
Жаш манасчы менен сүйлөшсөң - сөзүң, бөлүшсөң - оюн, түгөнбөйт. Андан айкөл Манасты хандыкка көтөрөөрдө Акбалтанын кыргыз элин кантип ынтымакка, биримдикке чакыргандыгы тууралуу эпизоддон үзүндү айтып берүүсүн астейдил өтүндүм.

Ошондо Акбалта:
“Өлүп калсак баарыбыз
Бир чуңкурда бололу,
Тирүү болсок баарыбыз
Бир дөбөдө бололук,
Хансыз болбой бул кезде
Хандуу журт болуп калалык,
Тууну бекем аштайлык,
Туурага жолду баштайлык,
Желпиништүү колду баштайлык,
Желпинишке тууну аштайлык,
Желпинишке тууну аштайлык,
Жетимсиреп турган элимди
Тээ Ала-Тоону көздөй баштайлык”, - деген экен.

«Манас бабабыздын арбагы баарыбызды колдосун! Журт башчылары кеменгерликтин уюлу, даанышмандыктын уюгу, адилеттиктин ыйыгы, илим, өнөр-кенч, табылгалардын сыйымы болсун!» - жаш болсо да элдин ынтымагын, биримдигин тилеп алакан жайдан Улан Исмаиловдун өзүнө да кең келечек каалайлы. (Ш.Жаналиева, 17-июль)

Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары “Келечек” лагеринде эс алууда

“Аймак-news”, 22-июль, Каракол. Быйыл да Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары лагерде ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты

Учурда Ак-Суу балдар үйүнүн 70 тарбиялануучусу “Келечек” лагеринде ден-солуктарын чыңдап жатышат. Эс алуудагы тарбиялануучулар 30-августка чейин лагерде болушат. Бош убактыларында спорттук, маданий-массалык иш-чараларды уюштурушуп, көңүлдүү эс алышууда. Мындай иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Ак-Суу балдар үйүндө үч жаштан он сегизге чейинки 103 бала тарбияланууда. Мектеп жашына жете элек төрт наристе бар, калганы Ак-Суу районунун борборундагы М.Мамакеев жана С.М.Киров атындагы орто мектептеринде билим алышууда. Окуудан тышкаркы учурда атайын ийримдер уюштурулган. Балдар-кыздар өз тандоолоруна жараша музыка, сүрөт, компьютер, тикмечилик, өтүкчүлүк, чач тарач, гүл өстүрүүчүлүк сыяктуу ийримдерде даярданышат.

“Жакында эле Жусуп Бакиев атындагы коомдук фонддун демөөрчүлүгү аркылуу 120 миң сомго электр менен иштөөчү тигүү машиналарын алдык. Кыздарыбыз азыр аларды жакшы өздөштүрүп калышты. Жакын араларда элден заказ алып иштөөчү цех ачалы деп турабыз”, - деп билдирди Ак-Суу балдар үйүнүн директору Жеңишкүл Ниязова.

Имарат жайы облмамадминистрациясынын жардамы менен 2,5 млн. сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланып, балдар 4 маал тамак менен камсыз. (Жаныгүл Мамакеева)

21.07.2009

Архивдин “Алтын китеби” жарыкка чыгат

«Talasnews.KG», 21-июль. Талас областындагы мамлекеттик архив мекемелери архив иши тууралуу “Алтын китептерди” басмага дайындап бүтүштү. Жакында бул китептер жарыкка чыгат.

Бул тууралуу Талас областтык мамлекеттик архив кызматынын жетекчиси Каныбек Курманбеков минтип билдирди: “Бул китептер Маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин архив мекемелеринин “Алтын китеби” тууралуу буйругунун жана жобосунун негизинде, архив ишин коомчулукка кеңири маалымдоо үчүн даярдалды”.

Талас райондук мамлекеттик архив мекемесинин жетекчиси Баян Жусупова биринчилерден болуп “Алтын китепти” түзүп басмага жөнөткөн. Ал райондук архив жамааты менен бирге даярдаган “Алтын китеп” боюнча төмөндөгүдөй оюн айтты: “Алтын китепте” Талас райондук архивинин таржымалы, үзүрлүү иштеп кеткен жана иштеп жаткан архив кызматкерлеринин архив ишинин өнүгүшүнө салым кошкондугу жана мезгил ыргагындагы орчундуу жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди”.

“Өткөндү эстебесек, келечек бизди кечирбейт” дегендей улам убакыт өтүп, заман жаңырган сайын китепке түшкөн архивчилердин кызматы келечек муундарга өрнөк жана түбөлүккө эстелик катары кала бермекчи.

Учурда Кыргызстандын бардык областтарында “Алтын китептер” даярдалууда. “Алтын китептерге” мамлекеттик архив департаменти тарабынан кароо сынак жарыяланган.

30-августта архив кызматкерлеринин кесиптик майрамында китептер боюнча жүргүзүлгөн кароо сынактын жыйынтыгы чыгат. (Мира Сейдикеримова).

Ат- Башыда спорт комплекси ачылды

“Naryn.KG”, 21-июль. 21-июлда «Дордой» ассоциациянын каржылоосу менен 500 метр квадрат жерге «Дордой Плаза» деген спорт комплекси салынып бүтүп ачылды.

21072009-1

Күрөш, бокс , жуунучу жайлары бар бул спорт комплекси баш аягы менен 10 млн сомго бүткөрүлгөн. ЖК депутаты Аскар Салымбеков сөз сүйлөп спортко кызыккан кыз уландарга жакшы шарт түзүлгөндүгүн белгиледи. Ачылган спорт сарайында бокс боюнча Кочкор, Жумгал, Ат-Башыдан келген боксчулар күч сынашты. Ал аземге бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Андрей Курнявка баш болгон спорт чеберлери катышты. А. Курнявка ат-башылык эки жаш боксерго жеке белегин тапшырды.

Казакстанда Кыргызстандын намысын коргогон баткендик улан

“Аймак-news”, 21-июль, Баткен. Баткендик Мирлан Мырзамаматов Кыргызстандын Чек арачылар курама командасынын катарында Жаштардын патриоттук жана аскер спорту боюнча III Эларалык таймашта 3-орунга жетишкен.

Баткен шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Мирлан Мырзамамытов Казакстанда 28-июндан 8-июлга чейин болуп өткөн Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин Жаштардын патриоттук жана аскер спорту боюнча III эларалык таймашына катышып келди. 12 мамлекеттин командалары катышкан таймашта Кыргызстандын Чек арачылар курама командасы 3 - орунду ээлеген. М.Мырзамаматовдун бул таймашка катышуусуна Баткен чек ара отряды демөөрчүлүк кылып жардам берген.

Алгач таймаш республикалык деңгээлде өткөрүлүп, Баткенден 7 окуучу катышып алардын ичинен М.Мырзамаматов мыкты деп тандалып алынган жана Кыргызстандын намысын коргогон Курама команданын катарына кошулган. Баткен чек ара отрядынын жетекчиси полковник Саитжан Эратовдун билдирүүсүндө, баткендик жаштар бул таймашка биринчи жолу катышып жатат. Алар чек ара отрядында атайын даярдыктан өтүшкөн.

Мирлан Мырзамамытов окуп жаткан мектептин директору Уларбек Араповдун айтымында, аскерге чейин даярдык сабагына окуучулардын кызыгуусу бар. Бирок керектүү курал-жарак жабдуулары көпчүлүк мектептерде жокко эссе. Атайын аскердик даярдыктан өткөн мугулимдер да жетишпей, дене тарбия мугалими сабак бергенге муктаж болгон учурлар кездешет.

“Азыркы учурда көпчүлүк жигиттер армияга барышпайт, бул туура эмес. Мен келечекте кыргыздын намысын коргоп, чек ара отрядында кызмат өтөймүн “,- дейт М. Мырзамамытов. (Жылдыз Абдрахманова)

Баткенде 25 тен ашык турак жай астынан сыз чыгып, өрүк бактары куурап калган

“Аймак-news”, 21-июль, Баткен. Дренаждардын өз убагында тазаланбагандыгы жана элдин сууну туура эмес пайдалангандыгы Баткен шаарынын кээ бир аймактарында жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө алып келген.

Баткен шаарынын “Кызыл жол” кварталында жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, өрүк бактары куурап, турак жайларына зыян келтирүүдө. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери 25 тен ашык турак жайдан сыз чыга баштаган. Мындай көрүнүштүн негизги себеби катары дренаждардын өз убагында тазаланбагандыгы жана элдин сууну туура эмес пайдалангандыгы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ал жерлерге эксперттик көзөмөлдөө жүргүзүп, узундугу 500 метр болгон жабык дренаждарды тазалоо максатында казуу иштерин баштаган. Бирок жергиликтүү тургундар тамаркасын каздырбай иш токтоп калган.

Сыз чыккан үйдө жашаган Мавлюда Эргешованын айтымында, бул маселени чечүү боюнча ошол мезгилдеги жергиликтүү бийлик жабыркаган турак жай ээлерине башка жерге которуу максатында жер бөлүп берген. “Жер астынан чыккан сыздын кесепети бир гана турак жайыма эле эмес менин ден соолугума да зыян келтирилип жатат. Жакында эле ооруканадан дарыланып чыктым», - дейт М. Эргешова.

Баткен шаардык архитектура бөлүмүнүн башчысы Канат Сейдалиевдин билдирүүсүнө караганда, жабыркаган тургундарга жер бөлүп берүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок жаңы мэрдин чечими менен ал токтом жокко чыгарылган. “ӨКМ ал жерге барып, силерге жер бөлүнөт дегенинен тургундар жер бөлүп берет деп алышкан. Бирок быйылкы жылдын планына жер астындагы жабык дренаждарды тазалоо гана иштери киргизилген”, - дейт Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматов.

Бирок учурда дренаждарды оңдоо иштери качан жанданаары белгисиз. Лейлек жана Сүлүктү аймактарында сел көп болуп жаткандыктан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары толугу менен сел менен күрөшүүгө Лейлекке жөнөтүлгөн. (Жылдыз Абдрахманова)

20.07.2009

Түп – Кеген жолу Талды-Сууга жетти

“Ысык-Көл кабарлары”, Каракол. Областыбыздын экономикалык артериясы болгон Түп-Кеген жолунун 15-чакырымы бүттү. Жол Түптөн чыгып, Талды-Суу айылына жетти. Буга байланыштуу талдысуулуктар кары, жашы дебей майрамдагыдай кечеге чыгып, жолчуларды нан, туз менен тосуп алышты. Ардагерлер мындан аркы иштин ийгилиги үчүн ак бата беришип, жол салгандарга эстелик белек ыйгарышты. Атайын тигилген боз үйдүн жанында райондук маданият үйүнүн, мектеп окуучуларынын ыр, күүлөрү сыбызгып жатты. Айтор, июлдун мемиреп тийген бул күнү талды-суулуктардын да, жолдо иштеген жумушчулардын да көңүлдөрүнөн чыкпас.

“Жолдун биздин айылга жетишин камсыз кылган жумушчуларды салтанаттуу тосуп алууга мурдатан даярдык көргөнбүз”, - деп айтты бизге Талды-Суу айыл округунун башчысы Т.Жумабеков. Бул күнү областтык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары К.Алышбаев, райондун акими С.Керимкулов келип, эртеден бери жол курулушун көрүп, анда иштегендердин ал-абалы менен таанышып чыгышты. Биз жолчуларды жакшы тилек менен айылдан ары узатып коюуда ата-бабанын салтын колдондук.

Түп-Кеген жолу жөнүндө көп жазылды. Мындай ири масштабдагы жол жөнүндө кайталап жазуу балким, аздык кылаар. Анткени, анын элге алып келе турган пайдасы ошого татыйт. Мамлекет башчысы К.Бакиев бул жолдун Ысык-Көл областы үчүн гана эмес, республикабыз үчүн да экономикалык ири потенциалы бар экендигин белгилеп келүүдө. Натыйжада, жолго 2008-жылы 1 млрд. 900 млн. сом бөлүп берген. Быйыл эле республикалык бюджеттен 95 млн. сом чегерилди. Жолду тез жана сапаттуу бүткөрүүгө областтык мамлекеттик администрация, райондук акимият материалдык ири колдоолорду көрсөтүп жатат.

Жумушчуларды, жол мастерлерин Талды-Суудагы салтанаттуу да, салттуу да тосуп алууда Түп-Кеген жолу долбоорунун жетекчиси Замир Айдаров мындай деп оюн ортого салды: “Мамлекеттик колдоого алынган бул жолдун курулушунда республикабыздын бардык аймактарынан келген адистер иштеп жатат. Жол эл аралык стандартка негизделген. Үч катмардан турат. Мында 7 бригада иштейт. Жумушчулар дээрлик Түп районунун тургундары”.

Биз бул жерге келген журналисттер менен бирге жолду асфальтоочу бригаданын иши менен тааныштык. Бригадада 12 адам бар. Алардын айлык акысы 10-15 миң сомдон. Күндүн ысыгына асфальттын ысыгы кошулуп, өзүнчө бир кайнар тилкени жараткан жерде иштеген жумушчу­лардын бүгүн маанайы өзгөчө жакшы. Элдин чай кайнатып, нанын жайнатып тосуп алуусу демге-дем, күчкө-күч берип койгондой. Эң негизгиси, мында иш шыр жүрүп жатат. Бригадир Кенеш уулу Руслан айткандай, асфальт бетону, техника жетиштүү. Техни­ка демекчи, жолдо азыр 20 самосвал, 3 тегиздөөчү трактор баш болуп бардык механизмдер толук натыйжалуу колдонулууда. Асфальт-бетон ишканасы мындан күнүнө 600 тоннаны чыгарып берет.

Түптүн ак карлуу тоолору, түркүм тал, бетеге өскөн мейкин талаасы, Түгөлбай, Мукай, Кусейин аталар ичип эс тарткан мүрөктөй мөлтүр суулары тарыхта мындай жолду көргөн эмес. Бул да болсо, мамлекетибиздин эл үчүн деген эң башкы камкордугу. Ушул тууралу бизге берген маегинде согуштун, партиялык, советтик кызматтын ардагери талды-суулук Тенти Тамашаев мындай деп айтты: “Түптөн Талды-Сууга чейинки алгачкы машине жолунун салынышына катышып, көрүп калдым. Ал кезде, 30-жылдары кандай экендиги белгилүү. Кийин 50-жылдардын акырында ондоп, шоссеге айланттык. Ошо менен көп жылдар турду. Өткөн жылдары каралбай калган. Минтип, бүгүнкү күндө мамлекетибиз Түптөн Талды-Сууну, андан ары катар турган айылдарды аралатып Кегенге чейин мелтиреген жол салып жатат. Бул өлкөбүздүн өсүп-өнүп бараткандыгынын ачык-айкын мисалы. Элде сөз бар: «Жолун, шыдыр, жолдошуц Кыдыр болсун» деген. Мен жол салып жаткан жетекчилердин да жолу ак тилектүү, байсалдуу бол­сун деген батамды бергим келет”.

Ошентип, жолдун 15-чакырымы жогорку сапатта, стандарттуу бүтүп, жолчулардын сапары андан ары улантылды. (З.Касымалиев, 17.07. 2009-ж., №24 (11271))

«Башкаларды курулай туурагым келбейт»

“Ысык-Көл кабарлары”, Каракол. Кыргызстан сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, сүрөтчүлөрдүн областтык коомунун төрагасы Темирбек Асановдун көркөм өнөргө болгон дүйнө таанымы өзү айткандай дээрлик башкача, ал тургай кызык да. Эр ортону 50нүн туу белинен өтүп калганына карабай өспүрүм кезинен аздектеп келе жаткан чыгармачылык өнөрканасын көпчүлүктү таң калтыргандай нукка буруу керектиги жөнүндө кыялдангандан эч чарчабайт. «Жалаң кыял менен жашайм, бирок курулай сезимдерге алдырбайм. Ойлогон максатым ишке ашмайын жаным жай албайт. Өзүмө гана таандык көз карашым, жан дүйнөм бар. Башкаларга эч окшошкум да, аларды курулай туурагым да келбейт,-дейт ал.

Чыгармачыл адамдардын, айрыкча сүрөтчүлөрдүн кулк-мүнөздөрү деги кызык. Сулуулукту, кооздукту, кенендикти такыр башкача өңүттөн карашат. Дүйнө өмүрдүн күнгөй-тескейин түркүм түстүү боектор менен кооздошуп, соолуп бараткан гүлдөн да тирүүлүктүн өлбөс-өчпөс дастанын жаратууну самашат. «Таттуу кыял, бийик ой-максат болбосо кантип ийгилик жаралсын». Темирбектин чыгармачылык шерти ушундай. Сүрөтчүлүк кесиптин түйшүгү, азабы, үзүрү жөнүндө эч түшүнүгү жок кезде эле китептердеги өзүнө жаккан сүрөттөрдү дал өзүндөй көчүрүп тартууга болгон жөндөмдүүлүгү байкалган экен. Айрыкча Чапаевдин аргымактын оозун кое берип, колуна кылыч кармап «актарды» кубалап бараткандагы сүрөтүн көргөн сайын аны дал өзүндөй көчүрүп тартууга болгон ышкысынын ойгонгондугун Темирбек балалыктын баео мүнөзүнө салыштырат. «Чапаевди, Ленинди да оңой эле тартып салчумун. Классташтарым таң калышып, ал тургай суктанышчу. Агай-эжейлерим болсо майрамдарда, башка даталуу күндөрдө ураан-чакырыктардын баарын мага жаздырышчу. Тиш жуучу порошокту эзип алып, «Жашасын 1-май эмгекчилердин эл аралык күнү» ж.б. у.с ураан-чакырыктардын ар бир тамгасына жүрөгүмдү берип жазып чыкчумун» - өнөрканасы менен тааныштырууга дилгир болгон каарманыбыз чыгармачылыгынын эк алгачкы чыйыры тууралу мына ушундайча кеп козгой кетти.

Анын айткандарына караганда, сүрөтчүлүк кесипти тандашына, табият тартуулаган талантына чаң жугузбай аздектөөсүнө сүрөт сабагынан берген агайы Асангазы Асанбаев түрткү бериптир. Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле «Чалкан» журналына карикатураларды тартып, тырмак алды калем акы алган. Чы­гармачылык өмүр таржымалы эң жөнөкөй. Дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери бир орундан козголо элек.

Жандүйнөсүн козутуп, сезим-туюмун дүргүткөн көрүнүштөрдү полотного түшүрүп, кезегинде живописчи катары да өзн тааныта алган Т.Асанов сүрөтчүлөрдүн областтык, республикалык, эл аралык көргөзмөлөрүнө да активдүү катышып келе жатат. «Мүнөзүм кызык деп айтпадымбы. Сабагына чырмала оролуп турган сарымсак, жарылып кетчүдөй болуп дардайып сапсары болуп бышып турган ашкабак мени өзүнө тартып, арбап алган окшобойбу, ушул эки көрүнүшкө катуу таасирленип «Сарымсак» деген натюрморт тарткам. Бул эмгегим сүрөтчүлөрдүн респуб­ликалык көргөзмөсүндө жогорку баага татыктуу болгон эле»,-мына ушундайча көркөм сүрөт өнөрүнө болгон аздектөөсүн да, чыгармачылык изденүүсүн жаап-жашырбаган кыл калем ээсинин чындыгында эле мактанаарлык ийгиликтерине күбө болдук.

«КИЙИЗ КИТЕП ЧЫГАРУУ ОЮМДА БАР»
Өмүрлүк түгөйү Гулнара Кыдырмышева экөө 1997-жылдан бери кийизге «тил» киргизишүүдө.Экөөнүн бир катар эмгектери Франциядагы, Туркиядагы эл ара­лык көргөзмөлөргө коюлду. «Менин жеке түшүнүгүмдө кадимки эле кийиздин бетине түшүрүлгөн элестердин баарына бирдей улуттук колоритти сактоо керек деген чек болбош керек. Бул салттан мүмкүн болушунча качуунун жолун издештирүү за­рыл» деген Т.Асанов убакыттын учкулдугу, мезгилдигин күлүктүгү менен доорлор алмашып, адам­дардын дүйнө таанымдары да, көркөм өнөргө болгон суроо-талаптары да дээрлик өзгөрө баштагандыгын данистөөгө басым жасагысы келет. Мына ошол максатта ал кийизге улуттук оюм-чийимдерди эмес, кандайдыр бир ойду жаратуучу элестерди түшүрүүгө аракеттенет. Айталы, шаркырап аккан суунун, ак мөңгүлүү бийик чокунун, жел менен жарышып бараткан маралдардын, же жортуулга аттанышкан баатырлардын элестерин ар кыл түскө боеп аны кийиз бетине түшүрүп, көргөндүн көз жоосун алган бир азем буюм жасап салат. Анын эмгектери көбүнчө чет өлкөлүк туристтерге сатылат. 50 доллардан 300 долларга чейин соодасы жүргөндүгүн ал чыгармачылыкка эркин жол ачылгандыгы ушул деп түшүнөт. «Мамлекет тарабынан кысым болуп турса мен эч качан көз майымды коротуп жасаган эмгегимди АКШга, Европа, Австралия мамлекеттерине сата албайт элем да»,- дейт ал чын дилинен.

Т. Асанов менен баарлашуунун өзү да кызык болду. Анын айтымында, жаш кезде сары түстү жакшы көрүп, кайсыл эмгегинде бул түстү кыпчый кетчү. Азыр болсо күрүң сары түскө ыктай баштады. Ушул жылдын август, сентябрь айларында Бишкекте консептуалдык искусствону жандандыруу максатында сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, дегеле көркөм өнөр ээлеринин республикалык көргөзмөсү ачылмакчы. Мына ушул көргөзмөгө ал «Сениби!» деген аталыштагы бир жаңы кийиз полотно менен катышмакчы. «Кийиздин душма­ны бул күбө. Деги, сенин арааның качан тыйылат деген маани менен күбө түшүрүүчү көпөлөктүн элесин кийизге түшүрөм.

Менимче жакшы эле болот го. Анткени, концептуалдык искусстводо реалисттик, академиялык талаптар сакталбайт. Ага катышкандар таштарды үйүп салып, андан бир идея жаратса да өздөрүнүн эрки. Шарттуу түрдө тема коюп, ага сөзсүз жооп бериш керек деген салттуу көрүнүш сакталбайт»,- деген көркөм дөөлөт ээсинин алдына койгон максаттары да арбын. Аны ушул учурда күн тынымын, түн уйкусун алган бир ой бар. «Манас» эпосундагы каармандардын элесин кийизге түшүрүп, бир калың китеп чыгарсам дегенде ак эткенден так этип жүргөн кези. Анын тыстыктоосуна караганда, кийизден буга чейин эч ким китеп чыгара элек, көркөм ой чабыты аркылуу жаралуучу бул эмгеги алармандардын колуна тийсе анда бир чоң, ачылыш болот эле… (Ш.Жаналиева, 10.07.2009-ж.)

Элдин нааразыгын чек арачылардын текшерүүгө алган кысымчылыктары пайда кылууда, же көйгөлүү көрүнүштөрдөн арылтуудагы жасалып жаткан иштер

Чарбак-Хушер айылы

Чарбак-Хушер айылы

“Кызыл туу”, Баткен. Баткен районунда географиялык шарты катаал, чек ара тилкесинен орун алган айыл жерлери ондоп саналат. Алардын катарына Кыштут айылдык округуна караштуу Чарбак айылы да кошулат.

100дөн ашуун кожолук жашаган Чарбак айылы Өзбек Республикасына караштуу Хушер айылына чектеш турат. Кызыгы, кошуна эки айылды ортодон өткөн жол жана ошол жол боюнан сугат суу үчүн казылган арык гана бөлүп турат. Бир көчөнүн эки бетинде жашап турган эки элдин алыш-бериш, соода-сатык, достук байланыш мамилелери да жаман эмес. Сугат сууну, жолду пайдалануунун мааниси кошуна эки эл үчүн бирдей. Аптанын 5 күнү сууну кошуна айылдын эли ичсе, 2 күн бою Чарбак айылына агылып, эккен эгиндери суугарылып, ичүүчү таза суулары камдалып коюлат. Бул кошуналар ортосундагы тээ илгертен сакталып келаткан өз ара карым-катнаш, байланыш мамилелердин бири болуп саналат.

Баткен тараптан барганда Өзбекстандын Хушер айылынан өтүүгө туура келет. “Союз учурунда андан өтүүдө эч кандай оордуктар болчу эмес” дешет чарбактыктар. Элдин негизги нааразылыктарын өзбек чек арачыларынын текшерүүгө алган кысымчылыктары гана пайда кылууда.

d187d0b5d0ba-d0b0d180d0b0d187d18b1

Чек арачылар-менин кошуналарым
Рысбаев Курбанали, айыл тургуну, жеке ишкер: «Жашаган үйүм чек арада. Кошуна-колоўдорумдун бир тарабы Өзбекстандын жарандары. Ортодо жол гана бөлүп турат. Үйүмдүн жанындагы көпүрөдө өзбек жоокерлери туруп алышып, айылыбыз аркылуу өткөн жарандарыбызды, жада калса өзүбүздү да тынымсыз текшерүүгө алышат. Короо жайыма жакын турушкандыктан үйүмө кирип-чыкканыма чейин аларга дайын. Кээде мени тоспой да калышат. Анткени, чек арачылар кошуналарым сыяктуу. Эгер үйдөн жүк менен чыга турган болсом, анда текшерүүгө алышат. Кээде жашап турган үйүмдө жүрүүгө шарт жоктой сезилет».

Жакындан бери айылга жакын жерде Кыргызстан тараптан да чек ара посту жайгаштырылган. Алардын бул жерге жайгаштырылышына ыраазы болгон эл чек арачылар менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, айылда кооптуу көрүнүштөр пайда болуп калса, кабарлап турушат экен.

«Коопсуздугубуз сакталат деп ишенип калдык”

Турсунбаев Жумабай, Чарбак айылынын тургуну: “Туулган жердин топурагы алтын”. Кандай гана кыйынчылык, оордуктар орун албасын Ата-Бабалар мекендеп келген жергебизди эч качан, эч нерсеге алмаштырбайбыз. Буга чейин суу маселесинде кыйынчылыктар жаралып, кээде сууну айылга чейин жеткире албаган мезгилдер көп кездешер эле. Сууну арык аркылуу жеткирилчү. Кийин аракет жасап. долбоор менен чоң көлөмдөгү түтүктөрдү орнотуп алдык. Түтүктөр да Хушер айылынан өтөт. Эл экен. Ар кайсы жеринен тешип алышат. Жыл сайын тешилген жерлерин кайрадан оңдоп коебуз. Антпесе, суунун басымы азайып, айылга жетпейт. Бир гана бийликтен күтөрүбүз чек ара көйгөйүн тез арада чечип беришсе, же жашоого ыңгайлуу шарт түзгөн келишимдерге келишсе дейбиз.

Биздин чек арачылардын мында жайгаштырылышы абдан жакшы болду. Алар келгенден бери коопсуздугубуздун сакталышына ишеним жогорулады. Мурда кошуна мамлекеттин чек арачылары бар эле да, а биздин чек ара ачык-айкын тура берчү. Бир жагынан “эки эл ортосунда анча-мынча чыр-чатак да чыкпай койбойт экен…”

«Электр жарыгы тартылып берилсе» дешет…

“Айылда элдик ДНДлар иштейт. Айыл жашоочуларынын тынчтыгын, коопсуздугун бузган кандайдыр бир окуялар катталып, жаман көрүнүштөр байкалып калса, алар бизге кабарлашат. Айыл округунун жетекчилиги отун жагынан жардам көрсөтүп турат. Эў башкысы, ата-энелерибиздин тынч болуусу үчүн өз милдетибизди күн-түн аткарууга даярбыз, кандай гана жоо келбесин мизин майтара алабыз”,-деген аскердик мүнөздө берген сурообузга жооп берип жатты “Чарбак” чек ара постунун зардалы, прапорщик Кенжематов Болотбек Абытбекович.

Чек ара посту аркылуу, эгин чарбачылыктарынан үйүн көздөй өтүп баратышкан айыл тургундары аскерлердин электр энергиясына болгон муктаждыктары туурасында ойлорун ортого салышты.

«Ушул жоокерлерибизге электр жарыктыгын тартып беришсе жакшы болмок. Кыргыз жерине кирген ар бир адам биринчи кезекте чек арачылардын көзөмөлүнөн өтүшөт. Мында алардын жашоосуна да көўүл бөлүшөт экен»-деп жатышты.

Чындыгында, чек арачылар жайгашкан жерде электр жарыктыгынын жоктугу, айрыкча түнкү мезгилде жоокерлерибизге ыўгайсыз абалды пайда кылып турганы ары-бери өткөндүн баарына байкалып тургансыйт.

d0b6d0bed0bb-d0bad183d180d183d0bbd183d188d187d183d0bbd0b0d180d18b

Курулушу аяктай элек, жөө болсо да жүрүп жатышат
Чарбак айылы менен ага жакын жердеги Согмент айылынын байланышын да ортодо Хушер тосуп турат. Согменттиктердин үлүш жерлери да Чарбак айылында. Согменттиктер үлүштөрүнө барууга Хушерду аралап өтүүгө мажбур.

Чек арадагы мындай көйгөлүү көрүнүштөрдөн элди арылтуу максатында көз карандысыз Согмент-Таян авто жолун салуу иши ушул жылдын июнь айынан башталган. Тоо бооруна чийин жол салып, белес ашырып, эмгектенип жатышкан жол куруучулар биз барганда кызуу иштеп жатыптыр. ОсОО “Империя-груп” аталышындагы жол-курулуш ишканасынын участкалык начальниги Панарбек Сүйүнбаев бизди тосуп алды да, аткарылган жумуштар, андагы абал туурасында айтып берди.

“Эки айдан бери ушул жердебиз. Нарындан, Токтогул, Таш-Көмүрдөн келген тажрыйбалуу курулушчуларыбыз бар. Узундугу 6 километр жоду аяктар алдында турабыз. Бул жерде 2 бульдозер, 1 экскаватор, 1 грейдер, 1 суу ташуучу автоунаа жана дагы бир жол курулушуна багытталган техника болуп, жалпысынан биздин ишканага тиешелүү 6 техника иш жүргүзүүдө.

Жолдун стратегиялык мааниси абдан жогору. Күз, кыш айларындагы жаан-чачынга туруктуу болушу үчүн ныктап сокмолоп, шагыл менен төшөп жатабыз.

Мындан ары Баткен районуна баш ийген дагы 13 айыл бар экен. Бул айылдардын тургундары жол бүтө элек болсо да, жөө басып жүрө башташкан. Текшерүүлөрдөн, жагымсыз көрүнүштөрдөн ушунчалык тажашкандыгы билинип турат».

Айылдыктар оорчулуктарга апкелген иш чаралар токтоп калбашын суранышат
Чек арадагы бир күндүк иш сапарында жолдун курулушуна болгон ыраазылыктар ого эле көп айтылды. Сүйлөшө келгенде айткан сөздөрү да ырастап жатты. «Элдин оорчулугун чечкен мындай иш чаралар токтоп калбастан, алдыда дагы улантыла берсе» деп чоё үмүттө да калышты. (Б.Рысбаев, 11.07.2009-ж.)

Жүзүнчү жашын белгилеп той узаткан Санам эне

100-d0b6d0b0d188d182d0b0d0b3d18b-d181d0b0d0bdd0b0d0bc-d18dd0bdd0b5“Кызыл туу”, Баткен. Баткен районундагы Бужум айылынын тургуну Аширова Санам эненин 100 жаш куракка келгендигинин урматына балдары эли-журт ичинде чоң той беришти.

1909-жылдын 7-январында ушул эле районго караштуу Булак-Башы айылында туулган Санам эне ошол кездеги салт боюнча 13 жаш курагында турмушка узатылган экен. Өмүрлүк жолдошу, ыраматылык Аширов Курбан экөөнүн ортосунда 5 уул, 2 кыздуу болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал да көпчүлүк катары согушка аттанып, кайра туулган жергесине кайтпай калат. 30 жаш курагында жолдошунан ажырап, уул-кыздарын өзү тарбиялап, балакатка жеткирет.

Санам эне уулу менен

Санам эне уулу менен

Санам эне өтөгөн эмгек жолунда алгач 7 жыл мектепте тазалыгын карап эмгек кылган. Согуш учурунда ооруктагылар үчүн тамак жасап, нан бышырып, кызмат көрсөтөт. Эмгектенгенде да күндүз күнү үч маал тамак бышырса, түнкүсүн нан жаап, Таекы маалга чейин даярдап, жүз адамды камсыздап турган экен.

Турмуш экен… Кайгы-муң менен, өзүнөн мурда уул-кыздарын оо, дүйнө узаткан күндөрүн да баштан кечириптир…

Биз барган кезде дагы бир перзентинин кайгы азасында отуруптур.

1920-жылдары колхоз-совхоздор эми гана уюшула баштаган кез. Алардын жашаган жерин, үйүн колхозго тартып алып, үйсүз да калышат. Кийинчерек эптеп турмуш кечирип, биртке каражат таап, азыркы турган үй-жайын сатып алышканын айтат.

Санам эненин жашап турган үйү сыртынан жүдөңкү экени барганга даана байкалат. Имараттын мындай абалын 80 жаш курактан ашкан уулу Нишанбай аксакал мындай түшүндүрдү: «Энем ушул үйдөн кеткиси жок. Болбосо үй жок беле? Көчүрүп кетүүгө ынабайт. «Күйөөм экөөбүз жашаган, уул-кыздарымды тарбиялап өстүргөн үйдөн эч каякка кетпеймин» деп туруп алат. Эми ушул жашап турган үйдүн сыртын, ичин оңдоп-түзөп беребиз».

Чынында, дагы эле болсо баскан-турганы тыкан Санам эне ушу кезге чейин тамак жасап, нан жабууга да кудуреттүү. Айылдагы кыз-келиндер, аялдар кыргызчылык салт менен Санам энеге насаат алуу, жаш балдарын эмдетүү, учуктатуу үчүн тынымсыз кайрылып турушат экен.

Той-маараке аяктаганча энени куттуктап келгендердин катары суюлбай турду. Убакыт жетип, кайтар кез келгенде көпчүлүк менен бирге көчөгө чыга, келген конокторду өзү узатып жатты. (Б.Рысбаев, 11.07.2009-ж.).

2009-жылдын бюджети боюнча коомдук талкуулардын жыйынтыгында Нарын шаары 1-орунга татыды

«Аймак-news», 17-июль, Нарын. Нарын шаары коомдук талкууларды өткөрүү боюнча эң мыкты деп табылды.

15-июлда Нарын шаарында 2010-жылдын бюджети боюнча коомдук талкуу болуп өттү. Жыйында децентрализация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча долбордун жетекчиси Клер Романик чыгып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө «2009-жылдын коомдук талкууларга сынак жарыялаганбыз, сынактын жыйынтыгында Нарын шаары 1-орунга ээ болду» деп, Нарын шаарынын мэри Алмазга Кулматов белек тапшырды.

Кошумчалай кетсек, коомдук талкуу - жыл сайын өткөрүлүүчү форум. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерин чечүүдө коомдук ресурстарды колдонуу жагы талкууланат. (Токтосун Шамбетов)