27.06.2009

Мушкерлер көлдө күч сынашат

Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Жакында Президенттин кубогуна арналган мушкерлердин эл аралык таймашы Ысык-Көлдө өтөт.

Кыргызстандын спортунда бокс тармагын өнүктүрүү жана спорт чеберлерин өстүрүү максатында уюштурулуучу КР Президентинин кубогуна арналган бокс боюнча эл аралык спартакиада 30-июндан 5 июлга чейин Бостери шаарчасында өтмөкчү. Бул тууралуу аталган таймашка катыша турган республиканын үч жолку чемпиону, бокс боюнча спорттун чебери караколдук Медер Мамакеев билдирди.

Спорт чеберинин айтымында, Бостеридеги таймашка Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана Кыргызстандын үч командасы катышат. “Бул мелдеште жеңишке жетишкен кыргыз мушкерлери августтун аягында Италияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат”, - дейт М. Мамакеев. (Жаныгүл Мамакеева)

Нарын шаарындагы таштандылардан арылуунун жаңы ыкмасы

Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Нарын шаарында “Жаш данакер” уюму тазалыкты камсыз кылуучу кызмат менен абоненттердин ортосундагы келишим тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Эми Нарын шаарынын тазалыкты сактоо кызматы абоненттер менен келишимдин негизинде иш алып бармакчы. Учурда “Жаш данакер” уюму шаардык тийиштүү кызматтар менен кызматташтыкта келишим тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Уюмдун өкүлдөрү ар-бир үй, мекемеге кирип, келишим тууралуу, келишимдин негизиндеги абонененттердин укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүнүк беришет.

Келишим абоненттер менен тазалыкты камсыз кылуучу, таштандыларды алып чыгуучу кызматтын ортосундагы мамилени иретке салып, алардын укук-милдеттерин так аныктап белгилөөчү документ болуп саналат. “Келишим өз натыйжасын берет жана калкка жакшы кызмат көрсөтөт”, - дейт “Жаш данакер” уюмунун жетекчиси Бакыт Эгембердиев.

Келишимди киргизүү “Жаш данакер” уюмунун “Катуу калдыктарды башкаруудагы эффективдүүлүктү жогорулатуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган долбоор шаардык бийликтер менен кызматташтыкта иш-жүзүнө ашырылууда. Мурдараак ушул эле долбоордун алкагында шаарда 800 жаңы урна жана 80 контейнер орнотулган болчу. (Токтосун Шамбетов)

Караколдо студенттердин дүкөнү иштеп келет

Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Караколдук студенттердун рыноктук билимдерин бекемдөөгө, аны менен кошо акча-каражат таап, чет тилди да үйрөнүп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар

Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо Кыргызстан боюнча жалгыз “Ысык-Көл Бренд” атындагы студенттердин изилдөө дүкөнү иштеп келет. Ал мындан эки жыл мурун Жапониянын эл аралык кызматташуу агенттиги менен облустук мамлекеттик администрациянын колдоосунда уюштурулган болчу. Аталган дүкөндө волонтер студенттер рыноктук билимдерин практика негизинде бекитип, аны менен кошо жашаганга бир аз каражат тапканга мүмкүнчүлүк алышат. Алар Ысык-Көл өрөөнүн кыдырышып, жер-жерлерде өндүрүлгөн өтүмдүү болушу мүмкүн деген товарларды тандап алып, өз дүкөндөрүндө сатышат. Долбоордун кеңешчиси Лола Шермухамедованын айтымында, учурда дүкөндө төрт өндүрүүчүнүн продукциялары сатылып жатат. Алар: ит-мурундан, барбаристен жасалган варениелер, кактар жана дары чөптүү самындар.

“Бул чыгарылган продукцияларды кыргызстандыктар гана эмес, чет элдик туристтер да сатып алышат. Бул бизге башка тилдерди да өздөштүргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, - дейт волонтер студент Перизат Рыспаева. (Эльназ Жусуева)

Ысык-Көлдүн таланттары чогулат

Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесине көл өрөөнүнөн чыккан таланттуу инсандар келишет.

“Облустун 70 жылдык мааракесине карата көл аймагынан чыккан бардык чыгармачыл инсандарыбыз, обончу, аткаруучу А.Өзүбеков, Д.Акуловадай көптөгөн талантарыбызды чакырабыз”, - дейт уюштуруучулардын бири, КР маданиятына эмгек сиңирген артисти Орунгүл Кожомкулова. Анын маалыматына таянсак, учурда иш-чарага изденүү менен архивдик материалдар топтолуп, тарыхты чагылдыра турган жаңы сахналаштырылган чыгарманын сценарийи жазылып жатат.

Эскертек кетсек, аталган маараке тою күз айларында Каркыра жайлоосунда өткөрүлүүсү пландаштырылууда. (Жаныгүл Мамакеева)

24.06.2009

Нарындын “Арал” аймагы суу менен камсыз болот

Аймак-news, Нарын, 23-июнь. Ушул жылы Нарын шаарындагы “Арал” аймагынын тургундарын көп жылдан бери түйшөлткөн суу маселеси чечилиши мүмкүн.

Үстүздөгү жылы Нарын шаарынын “Арал” аймагын суу менен камсыз кылуу маселеси чечилмекчи. Шаардын вице-мэри Улан Мурадиловдун маалыматы боюнча, бул максатта Нарын дарыясынын түштүк тарабына 1 суу түтүгү коюлуусу пландаштырылууда. Аталган иш шаардык суу канал ишканасынын эсебинен жүргүзүлмөкчү.

Шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу иш-аракеттеринин алкагында шаардык колонкаларды да капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жасалууда. Учурда шаардагы 90 колонканын 30у оңдолуп чыгып, жыл аягына чейин калгандары да оңдолмокчу. (Зина Жумабаева)

23.06.2009

Нарын шаарынын тротуарларына брусчатка төшөлөт

Аймак-news, Нарын, 23-июнь. Жакынкы аралыкта Нарын шаарынын тургундары брусчткаланган тротуарда басып калышат.

Жакында долбоордун негизинде акча каражаты бөлүнүп, Нарын шаарындагы тротуарларга брусчатка төшөлмөкчү. Бул тууралуу 23-июнда Нарын шаарынын вице-мэри Улан Мурадилов билдирди. Анын айтымында, аталган ишке 1,5 млн. сом каралган. Анын1/10 бөлүгү жергиликтүү бюджеттин калганы гранттын эсебинен болмокчу.
Жалпысынан 3354 чарчы метрге брусчатка төшөлүүсү пландаштырылууда.

Кошумчалай кетсек, шаардын жолдорун оңдоо иштеринин алкагында жакында КР транспорт министрлигинен 3 млн. сом бөлүнүп, Нарын шаарынын борбордук аянтынын 5500 чарчы метрине асфальт төшөлгөн болчу. (Махабат Кыдырбаева)

Акталаада кылмыштуулук кыскарууда

Аймак-news, Нарын, 23-июнь. Коомдук алдын-алуу борборлору (КААБ) ачылгандан баштап Акталаа районунун аймагында 100гө жакын арыз-даттануулар жеринде чечилген.

Райондун аймагында КААБтын жана коомдук уюмдардын тыгыз иш алып баруусу көчөдө жана коомдук жайларда кылмыштуулукту алдын-алууга көмөк көрсөтүүдө. Мындай маалыматты Нарын облустук администрациянын жана облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен өткөн райондук коллегияда райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Аман Абдалиев билдирди. “Быйыл кылмыштуулук 2008-жылдын 6 айына салыштырмалуу 2 эсе кыскарган”, - деди ал.

Учурда райондогу 10 айыл округунда КААБдар уюштурулуп, аларда коомдук уюмдар иш жүргүзүшөт. 100гө жакын арыз-даттанууларды арыз ээлери райондук борборго барбай эле жер-жерлерде чечип алышкан.

Эскерте кетсек, КААБдар КР Президентинин 2008-жылдын 25-июнундагы жарлыгынын негизинде кылмыштуулукту алдын-алуу максатында уюштурулган. (Барчын Мамытбекова)

22.06.2009

Ден соолугу начар энелерден ара балдар төрөлүүдө

Аймак-news, Жалал-Абад, 22-июнь. Жалал-Абад облусунда наристелердин чарчап калуусу боюнча абал курч бойдон калууда. Буга негизги себептердин бири катары энелердин ден-соолуктарынын начарлыгы белгиленет.

Облустун төрөт үйлөрүндө быйылкы жылы 1 жумага чейинки 36 ымыркайдын жана 5 эненин өлүмү катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле кездеги көрсөткүчтөрүнөн дээрлик айырмаланбайт. Бул тууралуу Облусттук биргелешкен оорукананын төрөт үйүнүн башчысы Динара Байжумаева билдирет.

Негизги себеп катары энелердин ден соолуктарынын начарлыгы аталат. Адистердин айтымында, учурда ар бир экинчи аял кайсы бир оору менен ооруйт. Жашоо шартынын начардыгынан, оорукчан энелерден ара балдар төрөлүүдө, дейт дарыгер.

Облустук биргелешкен ооруканалардын директорунун орун басары Жаныбек Карабаев “Наристелердин өлүмүнө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жакшы иштебей жатышы жана адистердин жетишсиздиги да себепкер болууда”, - дейт. Айлык маяналарынын аздыгынан 3 жогорку даражалуу дарыгерлер быйыл чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишкен. (Руслан Калматов)

Мекемелерде улуттук кийимдер кийилие баштады

Аймак-news, Жалал-Абад, 22-июнь. Жалал-Абад облусунун кээ бир мекемелеринде улуттук оймолор түшүрүлгөн кийимдерди кийүү өнөктүгү колго алынууда.

Облустун район, шаарларындагы мекеме уюмдарда улуттук оймолор түшүрүлгөн кийимдер кийиле баштады. Буга облустук мамлекеттик администрация жетекчилигинин тийиштүү сунуш каты себепкер болгон.

Облус губернаторунун басма сөз катчысы Орозалы Карасартовдун билдирүүсүндө, аталган каттын негизги максаты - улуттук кийимдерди кийүү менен “кыргыздын оймо-чиймелерин көтөрүү, чет өлкөлөргө таанытуу”. Аталган сунуш кат облустун мекеме кызматкерлерине 2 ай мурун жөнөтүлгөн болчу.

Алгачкылардан болуп демилгени Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы колдоп чыгып, анын кызматкерлери эми жумуш учурунда улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн кийим кийишет. (Жумагүл Шайыкова)

Жаңы китептин бет ачаары

Аймак-news, Ош, 17-июнь. Кыргыз-Өзбек университетинде маданияттар аралык маселелерге арналган китептин бет ачаары болуп өттү.

15-июнда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин жыйындар залында ааламдаштыруу доорундагы маданияттар аралык байланыш, тарыхый мурастарды сактап калуу сыктуу темаларды камтыган “Межкультурный диалог, коммуникации и навыки в Центральной Азии” (Борбордук Азиядагы маданияттар аралык алака, байланыш жана мүмкүндүктөр) деген аталыштагы китептин бет ачаары болду. Ал аталган университеттин өкүлү, ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин талапкери, профессор Э.Жоробекованын демилгеси менен уюштурулду.

“Маданият, искусство боюнча Борбор Азиялык желе” коомдук бирикмесинин директору, китепти түзүүчүлөрдүн бири А.Найзабекова: “Биз бул китепти жарыкка чыгаруубуздагы максат - маданияттар аралык байланышты чыңдоо менен биргеликте нукура тарыхый мурастарды сактоо, кийинки муунга жеткирүү болду”, - дейт.
Китеп 2008-жылдын 28-29-ноябрында ЮНЕСКОнун колдоосунда өткөрүлгөн семинар-тренингдин материалдарын камтыйт. (Насипа Амираева)

21.06.2009

ЖАМУда орус тилдүү журналистика бөлүмү ачылат

Аймак-news, Жалал-Абад, 19-июнь. Жалал-Абад Мамлекеттик университетте орус тилдүү журналисттерди да даярдай башташмакчы.

Жалал-Абад Мамлекеттик университеттин (ЖАМУ) орус филология факультетинде быйыл күздө орус тилдүү журналисттерди даярдоо боюнча бөлүм ачылат. “Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси В.В.Степанович Жалал-Абад шаарына келгенде орус тилин өнүктүрүүгө, орус тилдүү адистерди дааярдоо ишине колдоо көрсөтүүсү макулдашылган”, - дейт ЖАМУнун орус филология факультетинин деканы Беркут Дарбанов.

Жаңы адистик боюнча окутуучулар Ош шаарынан чакырылуусу күтүлүүдө.
Аталган факультеттин окутуучулары орус тилдүү журналистика бөлүмүнүн ачылышына аймактагы орус тилдүү журналисттердин аздыгы жана орус тилинде журналистика боюнча билим алууну каалагандардын көп болгондугу себеп болду дешет. (Турсунай Туракулова)

Жалал-Абадда биринчи жолу контейнерден имарат салынууда

Аймак-news, Жалал-Абад, 19-июнь. Жалал-Абад шаарында төрт кабаттан турган алгачкы жолу контейнерден имарат салына баштады.

Жалал-Абад шаарында учурда контейнерден биринчи имарат курула баштады. Бул төрт кабаттуу чакан кафе жана спортзал болмокчу. “Контейнерден салынган имарат заман талабына ылайык келип, сейсмологиялык жактан жер титирөөгө жакшы туруштук берет”, - дейт курулушчу Мамасадык Баратов. Анын айтымында, темир контейнерден салынган имарат борбор калаада жана Ош шаарында гана кездешет. Орусия менен Өзбекстанда болсо мындай курулуштун ыкмасына өткөнүнө көп убакыт болуп калды.

Жеке ишкер Сиражиддин Елдашев контейнерден салынган үй экологиялык жактан кандай болоорун билбегендиги менен, аталган үй экономикалык жактан артыкчылык кылаарын айтат. “Курулуштун сапаты жогору болуп, убакыттан да утасың”, - дейт ал.

Аталган төрт кабаттуу имараттын жалпы аянты 140 чарчы метрди түзөт. Курулушчулар аны быйыл 1-сентбярга чейин куруп бүтүрөөрүн билдиришет. (Жыргалбек Дөөлөтов)

Эрежесиз эр уруш учурундагы чатак

Аймак-news, Ош, 17 июнь. Ош шаарында болуп өткөн эрежесиз эр урушу боюнча мелдеш учурунда тартипти көзөмөлдөөчү милиция кызматкерлеринин арасында чыр-чатак чыккан.

13-14-июнда Ош шаарынынын мэриясы менен “Алаш” федерациясы биргеликте уюштурган эрежесиз эр уруш мелдеши учурунда шаардык жана облустук укук коргоо органдарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, ал мушташка айланган. Аталган окуяга күбө болгон ЖМК өкүлүнүн билдирүүсүндө, эрежесиз эр урушка эки тараптын балбандары чыкканы себепчи болгон. Өз балбандарын сүрөмөлөгөн шаардык жана облустук милиция кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, ал акыры мушташка айланган. “Тирешүү күч алып, алар таяктары менен бирин-бири сабап киришти”, - дейт күбө.

Эки тараптын кызматкерлери бул окуя тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда. (Эр. Кайратов)