09.07.2009

Атактуу чебер Жаныбек Чилетиров таластык жаш бийчилерге мастер класс өткөрдү

"Аймак-news", 9-июль, Талас. А.Огомбаев атындагы Талас шаардык музыкалык мектебинин “Кыялкеч” бий ансамблине “Жаш кыялдын” жетекчиси Жаныбек Чилетиров келип, мастер-класс өткөрдү.

Мастер класс 3-нөн 8-июлга чейин өткөрүлдү. Балдарга 15 жылдан бери бийлөөнүн сырларын ачып келген Жаныбек Чилетиров бул жолу дагы таластык жаш бийчилерге сахнада өзөн алып жүрүүнүн эрежелерин, бийдин ар кандай техникаларын үйрөттү. “Жогорку класстагы топ менен “Талас ыргактары”, орто класстагы топ менен “Балалык”, ал эми кичи топ менен “Макарено” бийлерин даярдадык”,- деди Жаныбек Чилетиров.

“Жаш кыялдын” жетекчиси келип өзүнүн чыгармачылыгы менен бөлүшкөнү балдар үчүн эле эмес, ”Кыялкечтин” мугалимине да чоң жардам болду. Өзгөчө, бий менен музыканы айкалыштырып чыгармачылык менен коюуга басым жасалды.

“Жаныбек агайдын Таласка келип мастер класс өтүшүнө ата-энелердин жана жерибизден чыккан депутат Райкан Алкановдун да салымы чоң”,- деди “Кыялкеч” бий ансамблинин жетекчиси Гүлзат Жакыбалиева.

Кошумчалай кетсек, жылына мындай мастер-класс Бишкектеги “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өткөрүлөт. (Женишгүл Тоголокова)

Талас шаарынын борбордук аянттары оңолду

«Аймак-news», 9-июль, Талас. Талас шаарынын борбордук аянты жана көрүнүктүү көчөлөрүндөгү жолдору быйыл 30-июнда оңдолуп бүттү.

“Бердике Баатыр көчөсүн Мырзалиев көчөсүнөн баштап күн чыгыш тарапты көздөй 6678 чарчы метр, Сарыгулов көчөсү Бердике Баатыр көчөсүнөн баштап 3 389 чарчы метр жолдору асфальтталган” – деп билдирди Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Сариева.

Жогоруда аталган көчөлөргө асфальт төшөөгө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен 3 млн. сом бөлүнгөн. Андан тышкары областтын губернатору Болотбек Бейшенбековдун демилгеси менен үч чоң көпүрө оңдолду жана майда көчөлөрдөн Шанкай районунда кум чачуу иштери жүргүзүлдү. Шаардык мэриядан 2009-жылга жол тешиктерин жамаш үчүн суу аккан түтүктөрдү оңдоого, жарактан чыккан жолдорду топурак менен түздөп оңдоого 1,5 миллион сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Оңдоо ишин жүргүзүш үчүн тендерди “Жолчу” акционердик коому утуп алган. “Азыр бул каражаттын баары иштелип бүттү” – деп билдирди “Жолчу” акционердик коомунун башкы директору Эсен Назаралиев. (Салтанат Досмамбетова)

07.07.2009

Баткен облусунун 10 жылдыгына карата кызуу даярдык жүрүүдө

«Aймак-news», 7-июль, Баткен. Баткен облусунун 10 жылдыгына карата Баткен шаарында кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Шаардын ички жолдору толугу менен оңдолуп, негизги көчөлөргө асфальт төшөлүүдө.

Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматовдун айтымында, шаардын ички жолдорун ондош үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 7 милион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Баткен мамлекеттик университетинин башкы имаратына баруучу жол көп жылдардан бери оңдолбогондуктан, маршруттук каттам да жок болчу. Айласы кеткен студенттер жаман жолдо жөө жүрүшкөн, эми узундугу 1, 05 чакырым болгон жолго толугу менен асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй” кароо-сынактары өткөрүлүп, женүүчүлөр аныкталды. Эскерте кетүүчү нерсе - Баткен облусу 1999-жылы 13-октябрда Баткен окуясынан улам аймактык бүтүндүктү жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. (
Нургүл Бабаева)

Чынгыз Айтматовдун аты Талас шаарынын негизги көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды

"Аймак-news", 7-июль, Талас. 2-июлда Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибине маркум Чынгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Талас шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Ленин көчөсүнө ысымын ыйгаруу маселеси коюлду.

Аталган демилгени Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков көтөрүп, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучунун өмүр жолуна токтолуп өттү. Жыйынга Талас шаарынын 27 депутатынын 23чу катышып демилге депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого ээ болуп, Ленин көчөсүн Чынгыз Айтматов көчөсү деп атоо тууралуу токтом кабыл алынды.

Бул тууралуу кабарлаган губернатордун басма сөз катчысы Бакай Садыровдун айтымында, Талас шаардык кеңешинин депутаттары Талас облусундагы баардык райондук кеңештерге райондордогу негизги көчөлөргө Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу боюнча атайын кайрылуу жолдошту. (Фархат Тилекматов)