Июнь айында бардык аймактарда - облустук борборлордо журналистикага жаңыдан аралашып жаткан жаш адистер үчүн жаңылыктарды жазуу боюнча эки күндүк тренингдер өткөрүлөт.
Аталган тренингдер:
13-14-июнда Баткенде,
16-17-июнда Ошто,
18-19-июнда Жалал-Абадда,
22-23-июнда Нарында,
26-26-июнда Караколдо
29-30-июнда Таласта өткөрлүмөкчү.
Тренингдер ОБСЕнин Бишкектеги борборунун колдоосундагы "Үйрөнчүк аймактык кыргыз тилдүү журналисттерди окутуу жана "АЙМАК-news" билим берүүчү-маалыматтык блогду ачуу" долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Долбоорду "Журналисттер" коомдук бирикмеси аймактык өнөктөр:
“Журналисттер үйү” коомдук бирикмеси (Каракол ш.), “Нарын.KG” коомдук бирикмеси (
Нарын ш.)
, “Жалал-Абаддык аймактык журналистика борбору” (Жалал-Абад ш.), “Баткендик ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Баткен ш.), “Оштук ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Ош ш.), “Таластык ЖМКлардын ресурстук борбору” коомдук бирикмеси (Талас ш.) менен биргеликте ишке ашырмакчы.