14.08.2009

Жалпыбыздын ишибиз

«Ысык-Көл кабарлары», 14-август, Каракол. Областыбыздын флора менен фаунага байлыгы мени сыймыктандырбай койбойт. Кайда барбагын табиятыбыз ажайып кооздуктары менен кучагына алып, байлыгын, ырыскысын чачып тургансыйт. Бул жолу мен аймагыбыздагы ихтиофаунанын учурдагы ал-акыбалы туурасында кыскача ой бөлүшүүнү туура таптым.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө балыктардын 26 түрү бар. Алардын ичинен ону интрудициялык деп аталгандар же сырттан алынып келинип кое берилгендер, он экиси болсо эндемикалык же жергиликтүү балыктар болуп саналышат. Мурдагы Советтер Союзунун мезгилинде Көлдөгү балыктардын продуктуулугун арттыруу максатында кое берилген балыктардын ичинен балык менен тамактангандары гана, алардын арасында биз сыймыктанган форель да бар, жашап, өөрчүп кетишкендиги илимий чөйрөгө кеңири маалым.

Сырттан алынып келинген жана жергиликтүү балыктардын өз ара катышы 60 пайызды түзөт. Башкача айтканда, сырттан келгендер басымдуулук кылат. Бул жерде баса белгилеп кетиш керек, Көлдөгү балыктардын жети түрү бизде гана бар. Алардын ичинен Ысык-Көлдүн чабагы, май чабагы, алабуга, кек чаар тукум курут болуп кетүү коркунучунун алдында турат.

Жыл сайын форель балыгы урук таштоого нап коюп, ыңгайлуу жайларга байыр ала баштаганда, аны коргоонун айлыктары; жарыяланганы менен көтөрүлгөн иш-чаранын майнабы көзгө көрүнбөгөнсүйт. Тескерисинче, ошол мезгилдерде табият байлыгына суук колдорду салуу өтө күчтөнүп, браконьерчиликке жогорку эшалондогу айрым чиновниктердин аралашып, «крыша» болуп берүү фактылары да жок эмес. Натыйжада, жылда кайталануучу демилгенин жыйынтыгы реалдуу чыкпай, чыгып калса массалык-маалымат каражаттары аркылуу калың журтка кеңири маалымдалбай, мындан таасирдүүлүк азайып, өз ара кажы-кужу менен иш бүтүп, «жабылуу аяк жабылуу бойдон» кала берүүдө.

Сөз оңтойу келгенде иш-чаранын бир жактуу өтүп келгендигин белгилей кеткенибиз ийги. Мында чүйгүндүүлүгүнө каралып, форель балыгына басым жасалып, жергиликтүүлөрү көмүскөдө калууда. Маани бербөөчүлүктүн ачуу кесепети жогоруда белгилеп кеткендей, көлдүн нукура балыктары жылдан жылга азаюуда. Анткени, суунун «кайберендери» уруктарын ар кыл мезгилде ташташат. Алсак, Ысык-Көлдүн чабагы менен май чабагы белгилүү гана бир аймакка жылдын март-апрель айларында тукум узартууга аттанышса, кек чаардыкы жай айынын алгачкы күндөрүнө барып такалат. Кырдаалды жакшы билишкен браконьерлер ошол участакаларды маанектешип, таасирдүү көзөмөлдүн кашандыгынан оной олжого туйтунушууда. Анткени, дагы кайталап кетейин, тиешелүү уюмдар тарабынан мыйзамсыз балык кармоого ак эдил мамиле жасалбай, байкоо жүргүзүлбөй жатат. Мында эндемикалык же жергиликтүү балыктар өтүмдүүлүгү менен айырмаланып, аларга басым өзгөчө жасалууда.

Ошондуктан «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы жагдайды жөнгө келтириш үчүн Ысык-Көлдү жылдын кайсы мезгили болбосун катуу көзөмөлгө алып, оперативдүү рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп туруу демилгесин көтөрүп чыккан. Буюрса, аракет областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан колдоо таап жатат. Бул ирет иш-чара бир жактуу балык маселесин эле камтыбастан, уруксаатсыз мергенчилик жасоо, токой массивине кол салуу, бак-дарактарды, бадалдарды кыюу сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы да багытталмакчы.

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы областтык мамлекеттик администрациясынын Ысык-Көлдүн айланасында браконьерликке каршы күрөшүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, балык кармоодогу браконьерликке каршы күрөштү күчөтүп келүүдө. Алсак, өткөн 2008-жылы бул багытта атайын оперативдүү топ түзүлүп, анын мүчөлөрү октябрь, ноябрь, декабрь айлары рейддерди тынымсыз өткөрүп турду. Алардын натыйжасында жалпы узундугу 18000 метрлик 208 даана балык кармоочу тор алынып, тогуз кайык кармалды. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында болсо 2400 метрлик 24 даана балык кармоочу тор, эки кайык «кылтакка» илинди. Айтмакчы, рейддик жүрүштөрдүн мезгилинде көзөмөлдө кызматына кирип алышкан айрым штаттан тышкаркы кызматкерлердин мыйзамсыз балык улоого түздөн-түз көмөктөш болуп олтурган көрүнүшүнө кириптерленишибиз бизди тынчсыздандырбай койгон жок.

ПРООНдун «Балык тармагында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо проблемаларын чечүү үчүн саясатты жана ченемдик-укуктук түзүмдү күчөтүү» долбоору менен бирдикте кийинки беш жыл аралыгында көлдүн уникалдуулугун сактап калуу, аны чыныгы жаратылыш резерватына айландыруу багытында комплекстүү жумуштарды жүргүзүү далалатын көрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев Ысык-Көлдүн келечеги жөнүндө кам көрүп, андагы эндемикалык балыктардын түрлөрүн, балык запасын сактап калуу максатын көздөп, Ысык-Көлдөн балык кармоого тыюу салган атайын Указ кабыл алды. Чечкиндүү бул кадам мыйзамсыз балык кармоого элдешкис күрөш жүргүзүүгө айкын жол ачууда. Жалпыбыздын ишибизге учурда коомчулук менен бирдиктеги, келечекти көздөгөн эриш-аркак аракет жетишпей жаткансыйт.

Э.СҮЙҮНБАЕВ, «Ысык-Көл» биосфералык
аймагынын рейддерди уюштуруу
боюнча оперативд
үү тобунун
жетекчиси, башкы адис.

«Радиомост» үналгысы блог ачты

“Аймак-news“, 14-август, Талас. Таластын жамааттык үналгысы «Радиомост» Интернетте “Тalasmost.kloop.kg” аттуу блог ачты.

10-августтан баштап бир жума бою «Немец толкуну» академиясынан келген Матис Винклер менен Бектур Искендер on-line-журналистика боюнча семинар-тренинг өткөрүштү. Үйрөтүүнүн жүрүшүндө «Радаиомосттун» кызматкерлери өздөрүнүн “Тalasmost.kloop.kg” деген блогун ачышты. “Блогдун максаты - чет өлкөлөрдө жүргөн таластыктар менен тыгыз байланышта болуу менен бирге, бүткүл дүйнө жүзүнө Талас аймагындагы элдин жашоосун тааныштыруу болуп эсептелет», - деп билдирди «Таласмосттун» администратору Айжамал Кубанычбекова.

Азырынча «Таласмостто» кыргыз тилинде “Айыл таланттары”, жаңылыктар жана орус тилинде “Воспоминание о Таласе”, “Мнения недели”, “Талас до и после”, “Новости” аттуу рубрикалар бар. (Сыргак Раимканова)

Баткен базарынын көчүрүлүшүнө соодагерлер нааразы болушту

“Аймак-news”, 14-август, Баткен. Баткен шаарындагы борбордук базардын 100 гө жакын соодагерлери базардын башка жакка которулушан нааразычылык билдиришип, облусттук администрациянын алдына чыгышты.

14 августта Баткен шаарындагы борбордук базарды шаар четине көчүрүү тууралуу жергиликтүү бийликтин чечимин ишке ашыруу үчүн күч кызматтары базарды жаап салышып, сатуучуларды киргизбей койгон. Ал эми бул жерде соодагерлик кылышкан 100дөй атуулдар бул чечимге нараазычылык билдирип, облустук акимчиликтин астына келишип мурдагы эски базарды ачып берүүсүн талап кылышты.

Алгач базар алдына топтолгон эл ызы-чуу салышып, “губернатор кетсин ” деген кыйкырыктар менен тополоң уюштурушкан. Ал жерге элге түшүндүрүү максатында жергиликтүү бийлик ээлери барышып, элге кайрылуу жасашкан. “Бул базардын азыркы абалы талапка жооп бербейт. Өрт өчүрүүчүлөр өрт өчүрүү үчүн базардын ичине кире алышпайт. Санитардык абалы начар жана автоунаалар көбөйүп, базардын аянты өтө тар болгондуктан биз шаардан четке көчүрүү чечимин кабыл алганбыз”, - деди шаар мэри Сейдакмат Эрматов.

Акыркы маалыматтарга караганда, мындай ызы-чуунун натыйжасында базар өз ордунда калтырылгандыгы маалым болду. (Жылдыз Абдыракманова)

Нарын шаарында курулушчулар кытайлык компанияга нааразы

“Naryn.kg, 14-август, Нарын. Нарын шаарында Борбордук Азия Университетинин башкы кеңсесин куруу иштери жүрүп жатат.

Аны тендерден уткан кытайлык компания келишим аркылуу кабыл алган кыргыз жумушчуларына айлыктарын бербей жаткандыктарына нааразы болгон кыргыз жумушчулары бүгүн Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө жана Нарын шаардык прокуратурасына кайрылышты. Буга чейин июль айында да 9 кыргыз жумушчусу менен 22 кытайлык жумушчулар ортосунда да айлык маселелси тууралуу мушташ болгон.

Караколдогу жаратылышты коргоо борборунда жаңы жаныбарлар пайда болду

“Issyk-kulpress”, 14-август, Каракол. Караколдогу зоопаркка алты төө өткөрүлүп берди.

zoopark1

Каракол шаарында жайгашкан республикадагы жападан жалгыз зоопаркта алты эки өркөчтүү төөлөр пайда болду, деп билдирет “Issyk-kulpress”. Аларды Тон районунун Ак-Сай айылынан алып келишкен. Алардын бири толугу менен ак түстөгү төө. Мындай төөлөр жаратылышта сейрек кездешет дейт, зоопарктын кызматкерлери.

Караколдогу зоопарк 1987-жылы ачылган болчу. Анда аюулар, карышкырлар, сүлөсүндөр, түлкүлөр, мангусттар, ламалар, маралдар, эликтер, тоо текелер, төөлөр, топоздор, ар түрдүү куштар бар. 2002-жылга чейин зоопарк шаардык бюджеттин карамагында болчу. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу бул жылы зоопарк жаратылышты коргоо борбору болуп эсептелген кыргыз-германдык “NABU” коомдук бирикмесине өткөрүлүп берилген болчу.

Таласта ар кайсы диний конфессиялардын өкүлдөрү жолугушту

“Talasnews, 14-август, Талас. “Талас облусу боюнча 110 мечит, 7 чиркөө, сыйынуу үйлөрү катталган”,- деди Талас областык администрациясынын дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Бектурсун Нуржанов 13-августта өткөрулгөн семинарда.

13-августа Талас облутсук китепканасынын жыйын залында “Диний конфессиялардын сабырдуулугу”аттуу доолбордун негизинде семинар болду. Бул долбоорду “Манас-1000″ коомдук фонду Америка Кошмо Штатынын финансылык колдоосу менен ишке ашырууда. Жогорудагы иш чарага ар кайсы диний конфенссиялардын, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жана мамлекттик уюмдардын кызматкерлери катышты. Ар бир конфессиянын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, диний мамилелерине токтолушту.

Талас облустунун борбордук мечиттин казынын орун басары Касым Сыдыков: ” Биз ар дайым башка конфессияларынын лидерлери менен жакшы мамиледебиз. Мисалы, Бишкек шаарындагы провославдык диний чиркөөсүнүн өкүлдөрү менен биздин борбордук мечиттин муфтийи абдан жакшы мамиледе, мечит курууга алар чоң салым кошууда”, - деди.

“Мен диний конфессиялардын ортосунда мамиле жакшы дегенге каршымын,себеби биздин жыйындын мүчөлөрү каза болгондо молдолор мүрзөлөргө койдуртпай маселе кылып келишет”,- деди “Ыйса машаякчылар”жыйынынын Талас облустундагы бөлүмүнүн өкүлү Мирлан Усупов.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан ар кайсы диний агымдын лидерлери жолугуп чогуу маселерди чечүү учүн диний борбор түзүү боюнча сунуш болду. (Жеңишгүл Тоголокова)

Үч-Эмчек айылынын мектеби кышка даярдык көрүүдө

«Аймак-news», 14-август, Талас. К. Каимов орто мектебинде жылыткыч түтүктөр орнотулуп жатат.

Талас районуна караштуу Үч-эмчек айылындагы К. Каимов орто мектебинин администрациясы бул күндөрү мектеп имаратынын ичине суу менен иштөөчү жылыткычтарды орнотуу маселесин чечүүгө киришти. Учурда суу түтүктөрүн кантип, кайсыл жерге орнотуу планы иштелип чыгып, чоюн батареялары орнотула баштады.. Аталган мектептин мугалими Сабира Жунушалиева: «Быйыл жылытуу системасы бүткөрүлсө, окуу процесси калыбына келет эле»,- деген ойун билдирди.

Эскерте кетсек, 2008-жылы кыш катуу суук болуп, мектептин ичинде окууга мүмкүн болбогондуктан мектеп 2 айга эс алууга тараганга аргасыз болгон. (Сыргак Раимканов)

13.08.2009

Нарын облустук теле көрсөтүүсү ишин убактылуу токтотту

августа 13, 2009 от kmb3 and tagged

“Naryn.kg, 13-август, Нарын. Ар жуманын шейшемби жана ишемби күндөрү көгүлтүр экрандан облус аймагына маалымат таркатып келген Нарын облустук теле көрсөтүүсү ушул аптадан тарта эфирден чыкпай калды.

“Мындай жагдайга Улуттук телерадио компаниясы Нарын телеси үчүн убакыттык орун берүүгө бөгөт койгонго байланыштуу болду. Биз релейкага карыз эмес, тескерисинче 60 миң сом аласа болчубуз”, - деген Нарын облустук телерадио компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Калыков кечээ теле-радио релейкалык магистраль уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинен (РПО РМТР) Нарын теле көрсөтүүсүн токтотуу тууралуу кат келгендигин кошумчалады. Ал эми УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов өлкөдөгү облустук теле көрсөтүүлөр үчүн убакытты УТРК бербестигин телефон аркылуу жооп кылды.

Үчкоргон балдар үйүнө 14 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

“Аймак-news“, 13-август, Баткен. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кадамжай районундагы Үчкоргон балдар үйүнө 14 миң сомдук жардам көрсөттү.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк эмгек маянасын Үчкоргон балдар үйүнө которушту. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, которулган акчанын жалпы суммасы 14 миң сомду түзгөн. Бул суммага окуу куралдары, спорттук кийим-кечелер, эмеректер, жаш балдардын оюнчуктары сатып алынып балдар үйүнүн тарбиялануучуларына тапшырылды.

“Биз балдар үйүнүн жетекчиси менен алдын ала эмне жетишпегенин тактап алып, 50 балага материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөттүк”, - деди Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Мадамин Саитов. Анын маалымдоосуна караганда, бул кайрымдуулук иш-чара КРнын ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланган “Мектепке барганга жардам бер” аттуу акциянын негизинде жүргүзүлдү. (Жылдыз Абдыракманова)

Таласта футбол боюнча эл аралык турнир болот

“Аймак-news”, 13-август, Талас. Таласта Казакстандын жана Кыргызстандын 8 өспүрүмдөр командасы катышкан футбол боюнча эл аралык турнир өтөт.

13-августтан 16-августка чейин Таластын Эшим Кутманалиев атындагы борбордук стадионунда 1994-1995-жылкы өспүрүмдөр арасында футбол боюнча алтынчы эл аралык турнир өтөт. Аталган турнир Кыргызстандын коомдук ишмери Абдыш Сакебаевдин элесине арналган. Турнирге Казакстандан “Локомотив”, “Шахтер”, “Байконур”, “Тараз” командалары, ал эми Кыргызстандан “Кара-Балта”, “Абдыш-Ата”, “Талас-1″ жана “Талас-2″ командалары катышат.

Стадиондун директору Бекен Осмоналиевдин билдирүүсүндө, бул турнирге Талас шаарынын мэриясы жана “Абдыш-Ата” компаниясы демөөрчүлүк кылат. (Сыргак Раимканов)

Баткен шаарынын жаштары эми жаңы медреседен ислам динин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты

“Аймак-news”, 13-август, Баткен. Баткен шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблясынын жана жергиликтүү элдин колдоосу менен Медресенин имараты курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

13-августта Баткен шаарында жаңы медресенинин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов жана облустун бийлик ээлери катышышты.

Медресенин курулушушунун 70 пайызын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржыласа, калганын жергиликтүү эл ашар ыкмасында бүткөрүшкөн. Мураталы ажы Жуманов баш балгон дин өкүлдөрү жана каржылаган инвесторлордун өкүлдөрү медреседеги окуу класстарын көрүп чыгышып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Буга чейин Баткен шаарында медресе болбогондуктан жергиликтүү жаштар Ислам дини тууралуу борбордук мечитте сабак алышар эле. Эми 8 бөлмөлүү жаңы медреседе 200гө жакын жаштар салттуу Ислам динин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. (Жылдыз Абдыракманова)

“Айсброш” үрөнүнө дыйкандар ыраазы

“Talasnews, 13-август, Талас. Учурда Карабуура районундагы Бакыян айыл өкмөтундө АРИС тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүү багытында эгүү, тигүү, жер семирткичтердин түрлөрү боюнча окутуу иштери жүргүзүлүүдө.

2005-жылы Бакыян айылында Гулмира Базарбаеванын демилгеси менен “Акылай” үрөнчүлүк фондусу ачылган. Фонддун мүчөлөрү 30 кишиден турат. Фонддун максаты дыйкандарга үрөн таратып берүү.

“Биз тараткан “Айсброш” деген үрөндөн азыр дыйкандар алды 60 центнерге чейин, арты 35 центрден түшүм алып жатышат”, - деп билдирди Гулмира Базарбаева.

“Леди Ширин” коомдук фондусунун жетекчиси Гүлүмкан Шабданбекова “Айсброш” үрөнүнүн Карабуурадагы 10 коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге таратып берген. Натыйжада Карабууралык дыйкандар түшүмдү арбын алып, кубанычтары коюндарына батпай турган чак. (Мира Сейдикеримова)

Жети айдын планы боюнча салык Нарын облусунда көп чогулган

“Naryn.kg, 13-август, Нарын. Мындай маалымат Чыгыш аймактар аралык салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жумабек Мамырбаевден алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча план 97 млн. сом чогултуш керек болсо, пландан ашык 107 млн сомго чогулган. Бирок ошол эле учурда облуста өнбөй жаткан көп жылдык карыздар 20 млн 400 миң сомду түзөт. Алардын 19 млн сомун же жалпы карыздардын 93% Жумгал районундагы көмүр казган ишканаларга тиешелүү. Кара-Кечедеги көмүр казган мамлекеттик АК «Ак Улак» ишканасы 2006 жылдан бери салыкка 11 млн 622 миң сом карыз. Аны өндүрүүгө мүмкүн болбой жатат. Себеби ал ишкана азыр иштебей турат.

12.08.2009

Абалың кандай мамлекеттик тил?

“Талас турмушу”, 12-август, Талас. Тил мыйзамынын 20 жылдык мааракесине карата ой толгоо.

“Тил улуттун портрети”
Ч.Айтматов

Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм сүйлөйм ыр ырдайм.
Башка тилди жандан жакшы көрсөм да,
Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Деги биздин элдин ырыскысы Ала-Тоодой тура, анткени 1985-жылы бактыбызга кайра куруу келип, карааны көздөн учуп бараткан тилибизди, динибизди жана каада-салттарыбызды өз колубузга кайтарып берди. Болбосо мурдагы сенектик жылдар дейбизби айтор ал кокусунан ондогон жылдарга созулуп кетчү, бала чакабыз гана мамлап, папалап калмак түгүл өзүбүз да түндүктөгү якут, хакас, алтай чукча элдердикиндей ысмыбыз тургай аталарыбыздын атына чейин орусчага өзгөртүп, кадимки маңкуртка айланмак экенбиз. Буга да шүгүрчүлүк дейличи. Ансыз да Гүлбарабыз- Гуляга, Сонунбүбүз-Соняга ал гана эмес айрым Өмүралиев дегендерибиз Умралиевге которулуп кеткени жалган беле. Ошентип, 1989-жылы сентябрң айында көптөгөн орус тилинде сүйлөгөгн адамдардын көрсөткөн катуу каршылыгына карабастан кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болуп, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөгөндүгүн кимдер билбейт дейсиң.

Баарынан өкүнүчтүүсү ошондон бери канча жылдар өтсө дагы «Балык башынан сасыйт»-дегендей эл ишенип шайлаган айрым өз улутубуздагы депутаттарыбыз сессия маалында официалдуу тилде сүйлөгөндүгү албетте кыжырыңды келтирбей койбойт экен. Өткөндө ошондой орус тилинде сүйлөгөгн депутатка «эмне үчүн өз тилиңизде начар сүйлөсүз»-десе ал: Мен күнөөлүү эмесмин, мага окшогондор аз эмес, буга ошол учурдагы саясат күнөөлүү»- деп тили жаңы чыгып келаткан бөбөктөй актана сүйлөсл, аргасыздан күлөт да, күйөт да экенсиң. Албетте, мунун өзү болбогон шылтоо,- деп ойлоймун жеке түшүнүгүмдө. Себеби, тил мыйзамы чыккандан бери канча деген жылдар өттү.Эгерде өзүнүн көңүлү болуп дитин коюп чындап киришсе арийне капкачан эле үйрөнүп алмак. Канткен күндө да өз эне тили эмеспи. Ал түгүл кээде элетте жашаган айрым орус туугандар кыргыздын түшүн жооруп айрым сөзгө чоркокторун кепке жыгып койгон учурлары деле кездеше калып жүрбөйбү.

Эми сөзүбүздү көп узарта бербей областыбызда тил мыйзамынын аткарылышы кандай абалда экендигине көңүлүбүздү буралычы. Ырас, «Тил тагдыры- эл тагдыры»- деген кош колдоп кубаттай турган кароо-сынактар өтүп, райондордун, айыл кыштактардын ал түгүл көптөгөгн көчөлөрдүн аты кыргызча коюлду. Көчөлөрдөгү көрнөк жарнактар да мамлекеттик тилде атала баштады. Мунун өзү да жакшы жөрөлгө деп эсептейм.

Ошондой болсо да ушундай ийгиликтер менен бирге айта кетүүгө арзый турган кемчиликтер да кездешүүдө. Маселен айрым мекеме уюмдардын жетекчилери бүгүнкү күндө деле орус тилинде даярдалган материалдарын редакцияларга жөнөтүп жатышат. Же бул алардын гезитте иштегендердин кыларга иши жок, даяр нерсени которуп алышпай жандары жокпу дегениби же тил мыйзамын тоотпогондугубу, айтор муну түшүнүү кыйын.

Калкты тейлөө тармактарында иштеген орус тилинде сүйлөгөн жолдоштор жадегенде турмуш тиричиликке байланышкан сөздөрдү да билишпегендиги өтө өкүнүчтүү. Кокусунан ишиңиз чыгып тез жардамга, милицияга же сурап билүү бюросуна телефон чалып калсаңыз, сөзсүз орус тилиндеги жоопту угарыңызды бөркүңүздө көрө бериңиз… Эгерде анын жообуна канааттанбай мамлекеттик тилде сүйлөп туруп алсаңыз, анда телефондун кантип үзүлүп калгандыгын өзүңүз да байкабай калышыңыз ыктымал.

Өткөндө мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин кароого байланыштуу жыйында КРнын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин сактоо, коргоо жана аны иштетүү ишине Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин гана милдети эмес, ал бардык Кыргызстанда жашап жаткан кыргыз атуулдарынын милдети болушу зарыл,- деп эң туура айткан. Албетте буга жапырт киришип, көмөк колдоо көрсөтүүбүз абзел.

Эгерде биз улуттук тилибизди ыйык тутуп, урматтап, сыйлап муундарга жеткире албасак кайта ага кайдыгер кош көңүл мамиле жасай турган болсок анда тил гана эмес бүтүндөй бир улут да жоголуп кетиши мүмкүн,- деген ойду макаланын соңунда айта кетүүнү өзүмдүн атуулдук парзым,- деп эсептейм.

Суранчы Дүйшөнбаев, “Талас турмушу”

Таластын намысы үчүн таймашкан кыз

“Талас турмушу”, 12-август, Талас. Талас районундагы Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Жамиля Кушубакова 6-июлдан 28-июлга чейин Москва эл аралык жайкы мектеп лагерге барып сынакка катышып келди. Жамиля орус тили боюнча областтык олимпиадада 1-орунду алып, Кыргыз Рсепубликасынын 9 окуучудан турган улуттук команданын бир мүчөсү болуп калган эле. Иш чара Москва шаарынын мэри Ю.М.Лужковдун буйругу менен өткөрүлүп, Мосвка менен чет өлкөлөрдүн билим берүү сферасын жана орус тилин окуп үйрөтүүнү кеңейтүү максаты көздөлгөн.

Жамиля “Жаштар жана азыркы заман” деген темада дилбаян жазып, россиялык мамлекеттик “Голос России” радио берүү компаниясынын диплому менен сыйланды. Ошондой эле Москва өкмөтүнүн билим берүү департаментинин сертификатына ээ болду.

Албетте дүйнөдөгү 38 мамлекеттин 460 өкүлү катышкан сынакта дипломго ээ болуу оңойго турган жок. Жамиля өтө маанилүү иш чарада өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн. Ал “Москваведение” деген конкурска катышып, ток-шоуларга, ыр-бийлерге фестивалдарына активдүү катышып, “Голос России” радиокомпаниясына да интервью берген.

Жамилянын жогорудагыдай ийгиликтерге жетүүсүнө мугалими Зумрад Абылкасымовна Курбанованын эмгеги чоң. Зумрад Курбанованын окуучулары жыл сайын олимпиадаларда 1-2 орундарды камсыз кылышат.

Баса Жамиля 9-классты кызыл күбөлүк менен аяктады. Анын эже-сиңдилери да мыкты окушат. Эжеси Асель мектепти алтын медаль менен аяктап, Кыргыз Славян университетинин мыкты бүтүргөн. Сиңдиси Мээрим немец тилин боюнча өтө жакшы өздөштүрүп, сынактарда ийгилик жаратууда.

Жамилянын тарбия алып, билимдүү өсүшүнө чоң апасы Теңге Кушубакованын датаасири чоң. Себеби Теңге эне акылмандыгы, көрөгөчтүгү, сөзмөрлүгү менен айыл апага таанымал адам.

Эмесе Жамиляга билим, илим жолунда чоң ийгиликтерди каалайбыз.

К.КУШУБАКОВ

Каракол шаарында узундугу 80 метр болгон фонтан курулат

“Issyk-kulpress”, 12-август, Каракол. Негизи эле акыркы жылдары региондо мектептерди, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин утурумдук жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө, бул багытта бир катар жаңы имараттарды курууга өзгөчө маани берилип жатканы белгилүү. Бул туурасында “Журналист үйү” коомдук бирикмесинде №5 мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын директору Сабырбек Байымбеков катышкан пресс-конференция болуп өттү.

Каракол шаарынын борбордук аянтына узундугу 80 метр, ал эми туурасы 7 метр болгон музыкалуу фантан курууга долбоор иштелип чыккан. Бул долбоор Кытай инвесторлору менен бирдикте жүргүзүлөт. Ошондой эле Чельпек айылында спорт зал курулууда. Ысык-Көл областында негизинен 104 обьекти салынып жатат. Атап айтсак, беш райондордун айылдарында мектептер, бир клуб жана үч мектеп спорт залы менен курулууда. Областтык мамлекеттик администрация жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга курулуп жаткан көпчүлүк курулуштар булар мектептер болуп саналат.

“Быйыл 70 жылдыкка жана Каракол шаарынын 140 жылдыгына карата 104 обьектинин ичинен 70ти бүтүрөлү деген планыбыз бар. Негизинен райондордо мектептер спортзалы менен салынып жатат. Бул ар бир мектептин чыгымы 11,5 миллион сомду түзөт. Шаарда Восход кичи районундагы мектептин биринчи корпусун быйыл бүтүрөбүз, экинчи корпусу кийинки жылы бүтөт. Ошондой эле эки бала бакча куралы деген пландарыбыз бар. Каракол шаарынын генералдык планы 1985-жылы түзүлгөндүктөн, бүгүнкү күндө ар кандай кыйынчылыктар болууда”, -деп билдирди №5 мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын директору Сабырбек Байымбеков. (Мээрим Усубакунова)

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы 36 түтүн эл электрсиз калды

“Naryn.kg, 12-август, Нарын. 160 түтүн калк жашаган Миң-Булак айылындагы 36 түтүн эл бир аптадан бери жарыксыз күн кечиришүүдө.

Мындай маалыматты аталган айылдын тургуну Эдилбек Сыдыков телефон аркылуу маалымдады. Элеттик жарандын айтымында 8 айдан бери электр берүү бирде жогору, бирде төмөн чыңалууда берилгендиктен электр шаймандары, асырэсе лампочкалары, телевизорлору күйүп кеткен абалга кириптер болушууда. -”Айылдагы эки көчөнүн биринде бир аптадан бери экинчи көчөдө болсо эки күндөн бери электр таптакыр өчүп калды”, -дейт Эдилбек Сыдыков. Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Мирадил Кашкаев трансформатор беш күн мурда бузулгандыгын, аны кран менен Нарын шаарына алып келип бүгүн оңдоо жүргүзүлөөрүн билдирди. (Күмөндөр Усуптегин)

Баткен шаарынын мэриясынын имараты курула баштады

“Аймак-news”, 12-август, Баткен. Баткен облусунун борбору болгон Баткен шаарынын мэриясы үчүн атайын административдик имарат курула баштады.

Баткен шаардык мэриясынын жаңы 2 кабатуу имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 35 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабеков журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.

Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулованын айтымында, бүгүнкү күндө 24 сотых жер аянтын ээлеген жаңы курулуштун фундаментин түптөө иши башталды. “Бул жаңы имараттын курулушунун негизги себеби облусттук маанидеги шаар башкармалыгы болгону менен туруктуу өзүнүн конторасынын жоктугу болгон”, - деп билдирди вице-мэр.

Баткен шаарынын мэриясы азыркы учурда убактылуу райондук аскер комиссариятында баш калкалап турат. (Жылдыз Абдрахманова)

Нарын Мамлекеттик коругунун аймагынан 60 кытайлык жаран чыгарылды

“Naryn.kg, 12-август, Нарын. Береги 60 кытайлык жарандар Нарын районунун аймагында жайгашкан Нарын мамлекеттик коругунун коргоо жерлеринде мыйзамсыз иш аткарып жүргөн жерлеринен кармалышкан.

Алар коруктун Кашка-Суу жана Күрмөнтү участкаларында 9 чакырымга жакын жол салышкан. Ошондой эле кенди иштетүүчү тракторлор, экскваторлор, кен ташый турган унаалар болгондугу айкындалган. Мындан сырткары Күрмөнтүдө болсо эки лагерь жайгаштырылып, бирине 5 тонна “Аманит 6 Ж” аттуу жарылуучу заттар алынып келген. Мындай маалыматтар Нарын Мамлекеттик коругунун деректири Дамир Оморовдон алынды. Ал эми эки күн мурда Нарын облустук ички иштер башкармасынын (ОИИБ) кызматкерлери тарабынан Күрмөнтүдөн кетпей жүргөн 6 кытайлык жаран кармалып, мыйзам ченеминде алар чек арадан чыгарылгандыгын Нарын ОИИБ жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев билдирди. (Күмөндөр Усуптегин)

Жаштардын кербени Нарында

“Аймак-news”, 12-август, Нарын. Нарын шаарына «Жаш Кыргызстан» кербен долбоорунун алкагында ар бир облусту кыдырып жүрүшкөн жаштар келишти.

11-августта Нарын шаарына “Жаш Кыргызстан” кербен долбоорунун алкагында иш алпарган жаштар келишип, “Тян-Шань” гүл багына скамейка жана урналарды орнотуу менен бирге гүл бакты дагы тазалашты.

Бул долбоорду «Жаштардын интеграциялоо кызматы» коомдук фондусунун демилгеси жана Кыргызстадагы Азия Универсал Банкынын каржылоосу аркасында ишке ашырышкан. “Долбоордун максаты - Кыргызстандагы демилгелүү жаштарды бириктирүү жана долбоордун алкагында ар бир облустан тандалып алынган жаштар уюму, кербен долбоорунун катышуучулары менен биргеликте бир иш чара өткөрүү”, - дейт долбоордун координатору Азамат Гапаров.

Кошумчалай кетсек бул долбоорго Нарын облустунун «Нарын жаш лидерлери» коомдук бирикмеси тандалып алынган. (Токтосун Шамбетов)

Баткен аймагындагы уз чеберлер жараткан буюмдар Нью-Йорктогу тарыхый музейлерде көргөзмөгө коюлат

“Аймак-news”, 12-август, Баткен. Америка Кошмо Штатынан (АКШ) атайын иш сапары менен келген сүрөтчү Крис Мартэнс Баткен аймагынын ууз чеберлери менен жолугушту.

Баткен аймагынын кол өнөрчүлөрүнүн улуттук буюмдары жана элдик чыгармачылыгы менен таанышуу максатында 65 жаштагы америкалык сүрөтчү, борбордук азия элдеринин маданиятын изилдөөчү Крис Мартэнс эл аралап, уз чеберлер менен жолугушту.

Крис Мартэнстин айтымында, кыргыз эли кол өнөрчүлөргө, уз чеберлерге жана ар тармактуу таланттарга бай. Крис Мартэнс буга чейин Кыргызстанда алты жолу болгон. Бирок Баткен жергесине биринчи жолу келип жатат. “Кыргызстандын башка аймактарына караганда Баткен аймагында нукура кыргыз буюмдары көп сакталып калыптыр. Айрыкча мени таң калтырганы куракты өзгөчө техника менен жасашат экен”, - деди Крис Мартэнс. Америкалык изилдөөчү кезиккен уз чеберлердин бири 88 жаштагы Ширин эже болду. Ал курактын гана 100дөн ашык түрүн билет.

d0b1d0b0d182d0bad0b5d0bd-d0bad183d180d0b0d0ba1

Ширин эже

Крис Мартэнс Орто Азиядагы элдердин улуттук эски буюмдарын чагылдырган каталог китебин чыгарат. Мына ушул каталогго кыргыз элинин улуттук буюмдары жана кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери жарыяланат. Ал эми Баткенден сатып алынган буюмдар Нью-Йорктогу тарыхый музейлерге көргөзмөгө коюлмакчы. (Жылдыз Абдрахманова)

11.08.2009

Караколдуктар таза сууну качан ичишет?

“Issyk-kulpress”, 11-август, Каракол. Акыркы жылдары Каракол шаарында элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси толугу менен чечилбей келген. Калкы 70 миңге жеткен калаага сууну жеткириш, маанилүү обьектилерди санитардык жактан бардык талаптарга жооп бере турган суу менен камсыз кылуу эң көйгөлүү маселелердин бири. Бул боюнча Кыргыз-Швейцария биргелешкен долбоордун негизинде сууну тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө толугу менен ишке аша элек.

o4istka

Негизинен Караколдун тегерегинде булак суулары, тоодон агып келген дарыялар арбын. Учурда Каракол шаарынын калкы беш суу топточулар менен камсыз кылынган, анын экөөсү “Кашка-Суу” жана “Каракол” кудуктары, үч жер астындагы “Западная”, “Аэропорт”, ” Восход” кудуктары бар. Суу берүү системасы 1950-жылы ишке берилген. Бирок бул жерде суу тазартуучу тармакты куруу, эскирген түтүкчөлөрдү алмаштыруу зарылчылыгы бар. 2006-жылдын февраль айында Каракол шаарынында суу тазартуучу ишкана курула баштады. Бул курулуш Кыргыз Өкмөтү, Каракол шаарынын мэриясы жана Швейцариянын өкмөтүнүн өз ара макулдашуусунун негизинде жүргүзүлө баштаган.

“2005-жылдын июль айында долбоорго кол коюлуп, 2006-жылдын февраль айында аталган долбоор иштей баштап, 2008-жылдын август айында бүтмөк. Долбоордо каралган талап боюнча суу алуучу жайлар, кудуктар, түтүктөр калыбына келтирилмек. Бирок, жергиликтүү адистер тарабынан түзүлгөн долбоор Швейцариялык эксперттердин талабына жооп берген эмес. Ушул эле мезгилде мэриянын имаратында жайгашкан аталган долбоордун кеңсесине ууру кирип, тиешелүү документтер жоголгон. “Азыркы убакта курулуш иштери жүрүп жатат. 2010-жылдын октябрь айында шаардын тургундары таза суу менен камсыз болушат”, - деп билдирди “Суу түтүк” мекемесинин директору Сабырбек Омурканов. (Мээрим Усубакунова)

Облуста жалпы 72 көмүр базаларын уюштуруу пландаштырылууда

“Naryn.kg, 11-август, Нарын. Мындай маалыматты облустук акимчмликтин өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Шалтаев КРнын биринчи вице премьер министири Өмүрбек Бабановдун катышуусунда Кара-Кечеде өткөн өкмөттүн көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында облус боюнча 72 көмүр базалары уюшурулмакчы жана 264 откананын 195 и ремонттон өткөрүлүп 74 пайызы от жагууга даяр болгон. 2009-2010-жылдын кыш-күз мезгилине отканаларга керектелүүчү 5 миң 700 тонна көмүрдүн 2 миң тоннасына өткөрүлгөн тендерден «Сардар» жана «Жумгалсуукурулуш» көмүр казуучу ишканалары утуп келишимдер түзүлгөн. “Мындан сырткары бюджеттик мекемелерге көмүр сатып жана тартып алууга жалпы 31 млн 475 миң сом талап кылынат, анын 27 млн 124 миң сом республикалык бюджеттен каржыланууга тийиш”, -дейт Ы.Шалтаев.

Бир кылымдан ашык жашаган караколдук

“Аймак-news“, 11-август, Каракол. Караколдук Сатар Хаммурзаев быйыл 110 жашка чыгат.

img_7995

Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо жашаган Сатар Хаммурзаев быйыл 110 жашка чыгат. Ал 1919- жылдын 22-сентябрында туулган. Армияда кызмат кылып жүргөн кезде 1940-жылы Фин согушу башталып, ага катышкан. Кийинчирек Улуу Ата Мекендик согушка да катышып, башынан аягына чейин Үчүнчү Украиндик дивизиялык атчан чалгынчысы болуп өттү. Майдан талаасында көрсөткөн эрдиктери үчүн көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган. 1946-жылы Караколго кайтып келген.

“Көп жашап келгендигимдин сыры күндө эртең менен чычырканак майын жана сарымсак жегендикте”, - дейт кылым карыткан караколдук. Өмүрүндө богок (зоб) дартынан башка оору менен оорубагандыгын айтат. Азыр болсо дайыма эртең менен жана кечинде спорттук көнүгүүлөрдү жасап турат. (Жанета Кадырова)

Кара-Буура районунда Манастын айкели орнотулат

“Аймак-news“, 11-август, Талас. Кара-Бууралыктар Манастын айкелин райондун борбору Кызыл-Адыр айылына орноткону жатат.

Жакынкы айларда жергилуктүү скульптор Михаил Тур жасаган бийиктиги 5 метр 70 сантиметр болгон Манас баатырынын айкели Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылында орнотулмакчы.

“Радиомосттун” элдик кабарчысы Индира Айтматова билдиргендей, эстеликти орнотуу демилгесин Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация көтөрүп чыгып, бюджеттик уюмдарды акчалай колдоо көрсөтүүгө чакырган. (Сыргак Раимканов)

Суунун баркы шаарда ого бетер күчөйт

“Жаңы Багыт”, 11-август, Талас. Ушул сөздүн тегерегинде Талас шаардык суу түтүктөр башкармасынын жетекчиси Шамиль Акматов менен дил маек.

-Шамиль Акматович, суу дегенде илгери бирөөдөн уккан уламышты эстейм.
-Чогуу угуп койбойлубу?

-Араб өлкөлөрүнүн биринде адамдын байлыгы эшигинин алдында өсүп турган дарагынын санынан жараша бааланат дешет. Бир дарагы болсо орто тирилиги бар, эки дарактуусу тың жашайт, ал эми үч дарактан ашык бак өстүрсө кожоон байлардын катарына кирет экен?
-Себеби?

- Себеби ушул, ошол бакты коюртуш үчүн сууну литрлеп сатып алат тура… Канча каражат керек экенин эсептей берсек болот.
-Жакшы мисал экен.

-Эми өзүбүздүн күнүмдүк тиричилигибизге кайрылып, тагдыр буюруп, табигатыбыз жарашып суунун кээрин тартпай турган шартта тартыштык маселесинин жарала калып жатышына токтолсок.
-Дегеле шаарды, шаар калкын с менен камсыздоонун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Мүнөздүү айтканда, шаарда суунун баркы кыйла жогорулайт. Анткени ошол суунун шаардыктарга жеткирүү үчүн бүтүндөй бир тармак пайдаланылып, эчендеги күч, каражат жумшалып жатпайбы.

-Кыябы келип калганда шаардын суу тармагы жөнүндө кыскача баян куруп берсеңиз?
-Биздин ишкана калкты, соода, саламаттык сактоо, жалаң гана таза маданий жана билим берүү тармактарын, өндүрүш жайларын таза суу менен камсыздабастан шаардан көп сандаган канализация тармагын тейлейт.

-Суу түтүктөрүнүн, жабдуулардын абалы кандай?
-Шаардын суу тармагы 1965-жылдары курулган. Жалпы узундугу 75 чакырымды түзөт. Канализация коллектору 9 чакырымга жакын. Көрүнүп тургандай тармактын пайдалануу мөөнөтү бир эмес эки жолу өтүп, эскирип бүткөн. Ошондуктан кийинки үч жылдын аралыгында мэрия тарабынан калкты таза суу менен үзгүлтүксүз жана сапатуу камсыздоо боюнча олуттуу иштер аткарылды. Эл аралык АРИС программасынын долборлору менен иштешип, тармактын суу тактоочу башкы жайын кайра жаңылатуу жана булганыч сууну топтоп тазалоочу жайды ордуна келтирүү жүргүзүлдү. Долбоор боюнча өткөрүлгөн тендерге жараша тереңдиктеги скважинаны жаңыртуу, суу соргучтарды орнотуу, хлорлоочу установканы, суу сактоочу жайдын суу бөлгүч жайын куруу аткарылды. Мындан тышкары тармактын ыраттуу ишин камсыз кылууга керектүү кыйла иштер бүткөрүлүп жалпысынан 21 миллион 211миң 747 сом каражат өздөштүрүлдү. Мунун 15 милион 157 миң 496 сому чалчык сууну топтоп чыпкалоочу жайга жумшалды. Шаар турмушуна шаардыктардын саламаттыгына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган бул иштердин бир эле мисалына токтолсок, жаңыдан бургуланган скважинананын тереңдиги 119 метрди түздү.

-Кийинки долбоор эмнеге арналмакчы?
-Азыр жергиликтүү бийлик менен биргелешип суу түтүктөр тармагын жаңыртуу боюнча долбоорлорго катышууну болжоп, иштеп жатабыз. Болбосо кубаттуу суу соргучтар иштегенде эскирип бүткөн тармак чыдабайт, «үзүлүп», «жарылып» кетип жатат. Убактыбызды сарптап «булак» пайда болгон жерлерди зор күч, каражат сарптап, тынымсыз оңдоп жатканыбыз ошондон.

-Орточо ушундай «парывдар» канчалык түзөт?
-Алты айда 110 жолу «жарылды».

-Мунун дагы башка себеби барбы?
- Суу жетиштүү, баарын жөндөп койдук дегенде электр кубатынын өчүп калышы кошумча түйшүк жаратат. Моторубуз иштеп, сууну кайра кое бергенде жанагы көрүнүш кайталанат. Түтүк жарылган жерди казып оңдоо - оор жумуш. МАИ, жолчуларга кайрылып, уруксат алуу. Жайында мейли, кышкысын түйшүк арбыйт. Анын үстүнө оңдой турган жерди толук казгандан кийин гана иштин көлөмү аныкталат. Тиешелүү бөлөк бөлүктөрдү дайындап алуу керек. А убакыт күтпөйт.

-Касы участоктордо «порыв» көп болот?
-Иликтеп көрсөк Ленин, Оторбаев, Совет, токтогон, айтор, тармак боюнча кайталанары байкалат.

-Ишкананын канча абоненти бар?
4093 абонент жана 300 ашуун уюмдар менен иштешебиз. Былтыр 31 абонент кошулду. Мунун 9у жаңы уюшулган уюмдар.

-Алаканы эмненин негизинде жүргүзөсүңөр?
-Эки тараптуу келишим менен калктын 62, уюмдардын 95 пайызы камтылган.

-Сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн убагында аткарылбай жатканы ишкананын ишине кандай таасир этүүдө?
-Терс таасирин тийгизүүдө.Ошондуктан биз карыздарын жаппаган абаненттин суудан «кол үздүрүү» жолдорун, мындайча айтканда сууну «бууп» койууну колдоно баштадык.

-Төлөп койгон кошунасы запкы тартпайбы?
-Ал жагын жеринде, шартына жараша чечебиз…

-Дагы кандай жаңылыктарда колдонуп жатасыздар?
-Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн суунун пайдалангандыгы үчүн эсеп-кысып кагаздарын жүргүзүү «Биллииги» системасы боюнча жүргүзүүнүн колго алуудабыз.

-Дегеле ишиңерди жүргүзө турган жамаатыңар канча, иштөө үчүн кандай шарттар түзүлгөн, кыйын жагыңар эмнеде?
-Үч суроонун өзөгү бир. Башкармалыкта 36 кызматкер иштейт. Бардык суу соргучтар, слесарь, машинистер менен камсызданышкан. Көчмө ширетүүчү аппарат, тиешелүү атайын жабдыктарыбыз бар.

-Сиздердин кызматыңыздардан пайдаланган шаардыктарга каалоңуз?
-Жергебиз сууга бай. Бирок сууну кор туту болбойт. Илгертен ата-бабаларыбыз суунун касиетин аруу тутууга чакырган. АСР, сарамжал колдогон. Сууга (кудукка) түкүрбө, булганыч нерсе төкпө, деп суудай таза болууга умтулушкан.

Биздин мисалыбызда сууну сарамжал пайдалануу өтө актуалдуу. Айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку жагына суу чыкпай жатканда ошол эле үйдүн алдыңкы кабатындагы айрымдардын түтүктөрүнөн суу токтобой коромжу болгон учурлары болот. Айрым үй ээлери жайы менен бак-шагын, чарбасын ичер суу менен сугарганга маш. Мындай жай көрүнүштүү 10-15 эле адам жасаганда күнүнө 1,5 кубка чейин суунун сарп кылышат.А шаар боюнча алганда канча болот, элестете бериңиз.

-Ишти ургал ургалдаштыруу жакшыртуунун кошумча, келечектүү жолдору барбы?
-Сөз жок бар. Биринчиден, тармакты жаңыртуу.Ага чейин сууну үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүү. Анан жаш, иш белги адистерди тарбиялап, резерв түзүү. Азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз. Эң башкасы - сууну пайдалангандан кийин анысын кечиктирбей төлөп турууну камсыздоо. Бул иш калк менен бирдикте гана жүзөгө ашат. Мына ошондо эки ортодогу азыр жолуга калчу «ыйкы-тыйкы» мамиле өзүнөн өзү жоголуп, жашоо-тиричилик адамдарга ыңгайлуу, жагымдуу боло берет. Биргелешип, жоопкерчиликти тең көтөрсөң ал күн да алыс эмес.

Билдирме:

Ш.Акматов 1992-жылы Россия Федерациясынан мамлекеттик агрардык университетин аяктап, суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу адистигине ээ болгон. Мындайча айтканда, суу боюнча эколог.

1997-жылдан ушул мекемеден абонент бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2006-жылдан бери ишкананын жетекчиси.

Дил маек курган Т.Абдыбалиев, Б.Боромбаев,
“Жаңы багыт”, №23, 31.07.2009-ж.

Жаштардын демилгеси менен Талас шаарынын токойлору тазаланды

“Talasnews, 11-август, Талас. Талас шаарынын токойлору таштандыдан «Кербен «Жаш Кыргызстан» жаштарынын демилгеси менен 9-августта тазаланды.

«АУБ-Кайрымдуулук» коомдук фонду жана “Жаштар интеграция кыймылы” коомдук фонду менен бирдикте «Кербен «Жаш Кыргызстан» долбоорун ишке ашырышууда. Бул долбоордун алкагында ар бир облустун активдүү жаштары чогулуп, аймакты кыдырып, ар кандай иш чараларды өткөрүүдө.

“Биз чогултуунун ыкмасы менен таштандыларды жыйнап ар бирин сорттодук. Бул иш чарага жаштардын кайдыгер карабаганы мени кубандырды”, - деди “Айкөл” демилгелүү борборунун волонтеру Аймира Джумашева.

Нарындан келген «Кербен «Жаш Кыргызстан» долбоорунун волонтеру Гульмира Камил кызы: “Мен Таласка биринчи жолу келдим, токойлор таштандыга толуп калыптыр, бирок ага карабай кубаныч менен тазаладык. Мени кубандырган нерсе, бир аз да болсо коомго салым кошконум”.

“Бул доолбордун негизги максаты жаштарды коомго кандайдыр бир салымын кошуу болуп эсептелет”, - деп баса белгиледи «Кербен «Жаш Кыргызстан» долбоорунун жетечиси Азамат Гапаров.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, “Айкөл” демилгелүү борборунун жетектөөсү менен долбордун негизинде токойлорду таштандыдан тазалоо, желим бөтөлкөлөрдөн жасалган композиция сынагы ошондой эле автомобилдерге май куйучуу жайларды жашылдандырууга арналган тегерек стол болуп өттү. (Жеңишгүл Тоголокова)

Кара-Кечеде кышка арналган республикалык штабдын жыйыны болду

“Naryn.kg, 11-август, Нарын. Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кесиминде 2009-2010 жылдарга кышка даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

10082009-1

Ага биринчи вице премьер министр Өмүрбек Бабанов катышты. Штабдын ишин губернатор Ө.Суваналиев алып барды. Анда белгилүү болгондой, Нарын облусуна бул кышка 45 миң 530 тонна көмүр керек. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга караганда 455 тоннага көп.

Жыйындын аягында Ө.Бабанов «Шарбон» фирмасы көмүр казган кесимде жана «Беш Сары» фирмасында болду. Көмүр казгандар бюджеттик мекемелерге тарткан көмүрлөрүн ала албай жатышкандыктарын, анын натыйжасында алар кайра салыкка акча карыз болуп жаткандыктарын билдиришти. Бул эки тараптуу маселени тезиреек чечип берүүнү Ө.Бабановдон суранышты.

10.08.2009

Нарын шаарында дарыланып жаткан жаш балдар үчүн акция өткөрүлдү

“Аймак-news”, 10-август, Нарын. Нарын областык ооруканасында дарыланып жаткан балдар үчүн «Күлүп кой» атту акция өткөрүлдү.

10-августта Нарын областык ооруканасынын балдар бөлүмүндө «Күлүп кой» атту акция болуп өттү. Акцияга балдар бөлүмүндө дарыланып жаткан жаш балдар менен апалары катышышты. Бул иш чараны «Жергиликтүү жаш лидерлер мектеби -2009» мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана «Нарындын жаш лидерлери»коомдук бирикмеси уюштурушту.

“Бул акциянын максаты - көңүл ачуучу праграммалардын жардамы менен дарыланып жаткан жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, моралдык жактан колдоо көрсөтүү”, - дейт өз сөзүндө «Нарындын жаш лидерлери» коомдук бирикмесинин мүчөсү Нуриса Кырбашова.

Кошумчалай кетсек, «Нарындын жаш лидерлери»коомдук бирикмеси, Кыргызстандагы Сорос Фондусунун каржылоосу менен 2009- жылдын июль айында, «Жергиликтүү жаш лидерлер мектеби -2009» долбоорун ишке ашырды. Бул долбордун алкагында Нарын областынын баардык аймактарынан атайын сынактан 25 катышуучу тандалып алынып, 10 күн аралыгында атайын семинар, тренингдер өткөрүлгөн. (Токтосун Шамбетов)

Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү 12 ымыркайга белектер тапшырылды

“Аймак-news”, 10-август, Каракол. 6-август күнү “Эне сүтү менен тамактандыруу - балдар үчүн өзгөчө кырдаалдарда дагы бирден-бир керек” деген бүткүл дүйнөлүк жумалыктын алкагында 12 ымыркайга белектер тапшырылды.

6-август күнү Каракол шаардык мериядан, гендердик кеңештен, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан түзүлгөн атайын топ облустук төрөт үйүндөгү 12 ымыркайга белектерди тапшырышып, алардын энелерине эмизүү жолу менен баланы тамактандыруу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара “Эне сүтү менен тамактандыруу - балдар үчүн өзгөчө кырдаалдарда дагы бирден-бир керек” деген бүткүл дүйнөлүк жумалыктын алкагында өттү.

Учурда ымыркайларды жасалма жол менен тамактандыруу көп кездешкендиктен мындай жумалыкты өткөрүү колго алынганын, эне сүтү менен тамактанган балдардын ден-соолугу жасалма жол менен тамактангандарга салыштырмалуу бир кыйла чың болоорун белгилешет адистер.

“Мындай жумалыктын өтүшү биз үчүн абдан керек эле, буга чейин дагы энелерге баланы эмизүү жолу менен тамактандыруу керектигин эскертип келгенбиз. Бирок, жумалыктын алкагында өткөн иш-чаралар таасирдүү болду. Бүгүнкү күндө облус боюнча жаңы көз жарган ымыркайлардын 95% эне сүтү менен тамактанат, айрым гана былдар шартка байланыштуу жасалма жолу менен тамактандырылууда. Алар - энелери оорулуулар же өздөрүү эмүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү ымыркайлар. Мындай иш-чаралар дагы да биздин төрөт үйлөрүндө өткөрүлө берет”, - деп билдирди облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Айгүл Самудинова. (Мирзат Муканов)

Таласта быйыл электр жарыгы өчүрүлбөйт

“Talasnews, 10-август, Талас. “Таласта быйыл электр жарыгы өчүрүлбөйт”,-деди Түндүк электр Акционердик коомунун директорунун орун басары Кыркбек Султанов бугүн 6- августа Талас Медиа борборунда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында баяндады.

Өткөрүлгөн иш чарага “Радиомост” жамааттык радиосунун элдик кабарчылары менен бирге жергиликтүү журналисттер катышты. Айыл жеринен келген кабарчылар ар кандай көйгөйлөрүнө жоопторду алышты. Алар ар бир райондун контрольдорунун мыйзам бузууларына токтолушту.

“Электр жарыгын колдонуп бирок акчасын төлөбөгөн адамдардын тизмесин алып, жергиликтүү газеталарга чагылдырсак, балким уялгандарынан да төлөшөр”,- деди Талас-инфо газетасынын кабарчысы Кадырбек Майлыбеков.

“Радиомост” жарандык радиосунун элдик кабарчысы Чынара Алтымышева: “Биз мыйзамдарды өзүбуздүн укуктарыбызды билбей эле контолер келсе акча бергенбиз квитанция талап кылбай ,мындан кийин ар нерсе үчүн квитанция талап кылам”. (Жеңишгүл Тоголокова)

Ысык-Көл областынын 70-жылдыгына карата 70 объект курулууда

Issyk-kulpress, 10-август, Каракол. Ысык-Көл областынын 70-жылдык мааракесине карата 70 долбоорду ишке ашыруу үчүн бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул юбилей - областын социалдык, экономикалык, маданий жана саясий жашоосунун көрүнүктүү бир окуясы, тарыхый жетишкендиктеринин жаркын күбөсү. Бул долбоор областтык администрация башчысы -губернатор Кыдыкбек Исаевдин демилгеси менен ишке ашырылууда.

Негизи эле акыркы жылдары региондо мектептерди, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин утурумдук жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө, бул багытта бир катар жаңы имараттарды курууга өзгөчө маани берилип жатканы белгилүү. Ысык-Көл областында негизинен 104 обьекти салынып жатат. Атап айтсак, беш райондордун айылдарында мектептер, бир клуб жана үч мектеп спорт залы менен курулат.

“Быйыл 70 жылдыкка карата 104 обьектинин ичинен 70ти бүтүрөлү деген планыбыз бар. Негизинен райондордо мектептер спортзалы менен салынып жатат. Бул ар бир мектептин чыгымы 11,5 миллион сомду түзөт. Шаарда Восход кичи районундагы мектептин биринчи корпусун быйыл бүтүрөбүз, экинчи корпусу кийинки жылы бүтөт “-деп билдирди №5 мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын директору Сабырбек Байымбеков.

Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин 1938-жылдын 11-мартындагы токтому менен Ысык-Көл округу түзүлүп, кийин СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1939-жылдын 21 -ноябрындагы Жарлыгы менен борбору Каракол шаары болуп, Ысык-Көл областы түзүлгөн. (Мээрим Усубакунова)

Жакында Нарын шаарында «Айлана-чөйрөнү коргоо» аттуу долбоордун бет ачары болуп өттү

“Теңир-Тоо, 10-август, Нарын. Бет ачарга мэриядан, бейөкмөт уюмдардан, коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү ишканасынан өкүлдөр катышышты.

Долбоордун координатору Калил кызы Гүлмира аткарылуучу иш чаралар тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

- Республикада «Жаштарды интеграциялоо кызматы» аттуу бейөкмөт уюм бар. Ушул уюм социалдык маселелерди чечүү үчүн атайын кербен-долбоорлорду түзүү тууралуу жаштар арасында маселе көтөргөн эле. Кербен-долбоорлордун шарты боюнча: ар бир облустан бирден социалдык долбоорлор жактырылып, ал ишке ашуусу керек. Бул кербен-долбоордун биздин облустагы бөлүгү катары «Нарындын жаш лидерлери» уюму тарабынан иштелип чыккан «Айлана-чөйрөнү коргоо» аттуу долбоору кабыл алынды..Долбоор АзияУниверсалБанк тарабынан 2000 долларга каржыланып, мөөнөтү - бир ай, башкача айтканда 1-августтан 30-августка чейин.

Нарындын жаш лидерлери ойлонуп-толгонуп отуруп иштеп чыккан шаардын көркүнө, тазалыгына салым кошуучу бул иш-план боюнча Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркын ремонттоп, скамейкаларды, таштанды челектерди орнотобуз. Андан тышкары, 12-август күнү шаарда жаштар үчүн «Сен өзүң курган нерсени өзүң талкалабайсың» аттуу акция өткөрмөкчүбүз. Бул акциянын максаты: жаштардын аң-сезимин ойготуп, аларды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөтүү. Себеби, мээнет кылып, шаарды тазалыкта, иреттүү кармаганга канча акча каражатын жумшасаң да, адамдардын өздүк маданияты жетишпей, айлана-чөйрөгө шалаакы мамиле жасаса, жасаган эмгегиң талаага кетет.

Нарын шаарынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү ишканасынын деректири Б.Токтосунов жаштардын бул демилгеси колдой турган нерсе экендигин, шаардагы өзгөчө жай - «Тянь-Шань» паркына көрүлгөн бул камкордук башка жактарга да жайылтылса жакшы болорун айтты.

Махабат Абдылдаева,
«Теңир Тоо», №63-64 (13303-13304, 4-август, 2009-ж.

Облустун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттыкты сактоо боюнча Нарын облустук координациялык комиссиясынын жыйыны болуп өттү

“Теңир-Тоо, 10-август, Нарын. Анда Нарын районунда акушер-гинекологиялык кызмат көрсөтүү деңгээли жана кенже балдардын өлүмгө учурашы тууралуу маселе каралды. Аталган маселени облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары С.Эсенаманова жетектеген саламаттыкты сактоо боюнча облустук координациялык комиссиясы иликтеп чыккан.

Быйыл Нарын райондук үй бүлөлүк медицина борбору республика боюнча «алдыңкы» деп табылып, автоунаа менен сыйланганы менен координациялык комиссия тапкан орчундуу мүчүлүштүктөр парадоксалдуу жагдайды жаратты. Ушул кемчиликтер тууралуу жыйналышта окулган докладга кулак төшөсөк.

Райондо төрөт жашындагы аялдардын ден соолугун жакшыртуу жана үй бүлөнү туура пландаштыруу максатында, ошондой эле өнөкөт оорулуу же аз кандуу аялдардын саламаттыгын чыңдап төрөткө даярдоо үчүн эл аралык ЮНФПА уюму тарабынан контрацептивдик каражаттар бекер камсыздалат. Буга карабастан контрацептивдик каражаттар сунушталбай, үй-бүлөнү пландаштыруу талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүктөн, контрапцепциянын камсыз болушу жылдан жылга төмөндөп кеткен. Ушуга байланыштуу, себеп жана натыйжалуулуктун мыйзамы боюнча аралыгын бир жылдан кылып удаа төрөгөндөр жана көп төрөгөндөр аталган райондо 2,5 пайызды түзүп, облус боюнча «алдыда» баратыптыр.

Ошондой эле кош бойлуу айымдарды 12 жумалыгына чейин эрте көзөмөлгө алуу жагы жетишерлик деңгээлде жүргүзүлбөй келген. Ушул себептен эрте көзөмөлгө алынбаган кош бойлууларга тиешелүү витаминдер берилбей, түйүлдүктүн туура өсүшүнө профилактикалык иштер жүргүзүлбөй калган. Мисалы, Таш-Башат ФАПында 2009-жылдын 5 айына карата көзөмөлгө алынган 24 кош бойлуу аялдын 9у гана 12 жумага чейинки мөөнөттө алынган, ошентип эрте көзөмөлгө алуу 37 пайызды гана түзгөн. Бирок, отчет боюнча көрсөткүч 68,8 пайыз деп көрсөтүлүп жасалмалуулукка жол берилген.

Ал эми медициналык персоналдардын билим деңгээли өзүнчө сөз боло турган нерсе экен. Маселен, шашылыш убакта колдонулуучу акушердик сумка бардык ҮБДТ\ФАПтарда болсо дагы айрым ФАПтардын медкызматкерлери колдонуу ыкмасын билишпейт, ал тургай акушер-гинекологиялык инструменттердин атын билбеген медкызматкерлер дагы табылды. Акушер-гинекологиялык кызмат боюнча практикалык жардам 2009-жылга уюшулбай, 6 айдын ичинде бир дагы практикалык жардам көрсөтүлгөн эмес.Төрөткө психологиялык жактан даярдоочу окуу сааттары жана төрөткө чейинки патронаждар жер жерлерде жүргүзүлбөгөндүгү аз келгенсип, төрөттөн кийинки патронаждар да убагында жүргүзүлбөй калат экен. Медкызматкерлер клиникалык протоколдор менен талапка ылайык иш алып барбагандыктан кээ бир изилдөөлөр жана дарылоолор аткарылбайт. Айрым ФАПтарда медициналык документациялар талапка ылайык жүргүзүлбөгөн.

Гинекологиялык ооруларды эрте табуу, көзөмөлдөө жагы да талапка жооп бербейт, райондук ҮБМБ тарабынан гинекологиялык ооруларды табуу 0,6 пайызды гана түзөт, ал эми өспүрүм кыздар арасында бир дагы оору табылган эмес. Ошол эле учурда облустук ҮБМБга алты айдын ичинде 390 аял гинекологиялык оорулары боюнча кайрылышкан. Жатын моюнчасынын эрозиясын табуу 2008- жылы кескин азайган, бирок жыныс органдарыны рагы менен, анын ичинде жатын моюнчасынын рагы менен жабыркаган аялдардын саны да көбөйгөн. Облуста йоджетишсиздиги актуалдуу маселе болгондугуна карабастан, жылдан жылга ооруну табуу төмөндөөдө.

Ал эми кенже балдарды тейлөө жаатына кулак төшөсөк, 2009-жылга карата төрөлгөн балдардын 46 пайызы төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Медкызматкерлеринин шалаакылыгынан бир баланын өмүрүнө зыян болгон, башкача айтканда бала үйүндө бир топ убакытка чейин ооруп калган, ак халатчандар болсо абалын көрбөй фиктивдүү түрдө патронаж жасап, анын амбулатордук картасына «ден соолугу таза» деп жыйынтык чыгарышкан.

Райондун тургундары райондук ҮБМБга эмес, облустук ҮБМБга көбүрөөк кайрылышууда. Аймактагы ҮБДТ\ФАПтар тарабынан калкты медициналык тейлөө канааттандырбагандыктан, борборго стационардык дарыланууга келген бейтаптардын 82 пайызы айылдык же райондук дарыгерге эмес, түз эле тез жардамга, облустук ҮБМБга же ооруканага кайрылышкан. Беш жашка чейинки балдарды дарылоо нерв-психологиялык өсүүсүнө баа берүү жагы да анча колго алынбаган. Мисалы, Дөбөлү ҮДТсында ДЦП менен жабыркаган балага бир жылдан кийин гана диагноз коюлуп, көзөмөлгө кеч алынган. Бир жашка чейинки балдарды көзөмөлгө алуу консультацияга жиберүү кээ бир ҮДТ\ФАПтарда төмөндөп кеткен жана аз кандуулук оорусун эрте табуу жана дарылоо жагы боюнча лабораториялык изилдөөгө керектүү реактив алынбагандыктан, быйылкы жылга балдардын жана чоң адамдардын гемоглобини текшерилген эмес.

Ушул жана башка терс көрүнүштөр тууралуу докладды облустук ҮБМБнын деректиринин дарылоо боюнча орун басары А.Бердикожоева окуган соң, аталган райондун ҮБМБсынын деректири Д.Жумаевге сөз берилди.

Докладда айтылган айрым кемчиликтерди мойнуна алуу менен бирге -Контрацепция менен камсыз болуу жылдан жылга төмөндөгөн жок, отчетко кийинки убакта жыл ичинде жаңы пайдаланылгандары гана киргизилүүдө. Ал эми практикалык жардам өз деңгээлинде эле, автотранспорттун жоктугунан улам буга чейинки алыскы жайлоолор жана айылдарга чыгуу жагы гана кыйын болуп жатты. Райондо врачтар жетишсиз болгондуктан жергиликтүү тургундар бизге эмес, борборго кайрылышууда. +лгөн бала тууралуу айтсам, ката кетирген медперсоналдарга сөгүш жарыяладык. Ата-энелеринин нике тууралуу күбөлүгү же паспорту жок болгондуктан жаңы төрөлгөн балдар метрика ала албай калышууда,- деген Д.Жумаев райондогу медициналык тейлөөнүн өтө деле жаман эместиги тууралуу дагы бир топ аргументтерди келтирди.

Жыйынга катышкандар бир канча сын-пикирлерин айтышкан соң, калкты социалдык жактан тейлөөдө райондук жетекчилик да кайдигер калбастан, колдон келген жардамын медициналык мекемелерден аябашы керектиги белгиленди.

Комиссиянын төрайымы С.Эсенаманова райондо акушердик гинекологиялык кызматын координациялоо талаптагыдай жүргүзүлбөй жаткандыгына токтолду. Шашылыш убакта колдонулуучу акушердик сумканы колдоно билбеген жана ДЦП деген диагнозду бир жылга чейин кое албаган медкызматкерлерине айран калуу менен бирге эле, сөз болгон ФАП кызматкерлерине сөгүш берүү алардын башынан сылагандык экендигин, ҮДТ\ФАП кызматкерлери өз деңгээлинде иштебей жаткандыгын жана алардын квалификациясын көтөрүү керектигин белгиледи.

-Мындай маселе бир эле районго эмес, жалпы эле генефондго таасирин тийгизет. Кыргыз элине ден соолугу чың тукумду бере турган аялзатына көңүл бөлүү зарыл. Жер-жерлердеги ФАПтар ар бир күнүңүздөрдү жоопкерчилик менен өткөрүңүздөр, өз ишиңиздерди жакшы аткарып, сындан туура жыйынтык чыгарыңыздар,- деп айтты С.Эсенаманова.

Жыйналыштын аягында координациялык комиссиянын чечими менен Нарын районунун мамадминистрациясына райондук акушердик-гинекологиялык жана балдар кызматын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилип, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар райондун ҮБМБ деректири Д.Жумаевге тапшырылды. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Нарын облустук ҮБМБсынын деректири К.Мамбеталиевге жүктөлдү

Махабат Абдылдаева
«Теңир Тоо», №63-64 (13303-13304, 4-август, 2009-ж.