«Aймак-news», 7-июль, Баткен. Баткен облусунун 10 жылдыгына карата Баткен шаарында кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Шаардын ички жолдору толугу менен оңдолуп, негизги көчөлөргө асфальт төшөлүүдө.
Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматовдун айтымында, шаардын ички жолдорун ондош үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 7 милион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Баткен мамлекеттик университетинин башкы имаратына баруучу жол көп жылдардан бери оңдолбогондуктан, маршруттук каттам да жок болчу. Айласы кеткен студенттер жаман жолдо жөө жүрүшкөн, эми узундугу 1, 05 чакырым болгон жолго толугу менен асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй” кароо-сынактары өткөрүлүп, женүүчүлөр аныкталды. Эскерте кетүүчү нерсе - Баткен облусу 1999-жылы 13-октябрда Баткен окуясынан улам аймактык бүтүндүктү жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. (Нургүл Бабаева)
Подписаться на:
Комментарии к сообщению (Atom)
Комментариев нет:
Отправить комментарий