Аймак-news, Баткен, 30-июнь. Баткен шаарынын жаштары эми кыш күндөрү да спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк алышты.
КР ЖК депутаты Арзыбек Бурхановдун демөөрчүлүгү менен аянты 450 м2 болгон 12 млн. сомдук спорт комплекси бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды. Спорт комплекстин ачылыш аземи 29-июнь күнү болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев катышты. “Спорт комплексти куруу иши мындан бир ай мурун 29-майда башталып, анда ЖК депутаты А. Бурханов спорт комплексти бир ай ичинде бүтүрөм деп убада берген жана ошол убадасын аткарды”- деп билдирди Баткен облусунун пресс-катчысы Маматжан Бердишев.
Кошумчалай кетсек, мындай жабык спорт комплекси Баткен шаарында биринчи жолу ачылып,буга чейин шаардын жаштары мектептердеги спорт залдарда, ачык стадиондо машыгып келишкен. (Жылдыз Абдрахманова)
Подписаться на:
Комментарии к сообщению (Atom)
Комментариев нет:
Отправить комментарий