02.07.2009

Баткенде өрүк былтыркыдан эки эсе кымбат

“Аймак-news”, Баткен, 2-июль. Баткенде быйыл өрүк аз. Ага жараша баасы өсүүдө.

Баткен облусунун тургундары четтен келген соодагерлерге өрүктүн эрте быша турган сорту болгон ак өрүктү килограммын 16-20 сомдон сата башташты. Сатып алуучу оштук жеке ишкер Бакыт Өмүрзаковдун айтымында, алынган өрүк Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолот да, килограммы 100 сомдун айланасында сатылат.

Баткен облусу боюнча 7300 га өрүк бактары бар. Былтыр өрүктүн түшүмдүүлүгү жогору болуп, килограммы 8-10 сомго чейин сатылган. Быйыл өрүктүн түшүмдүүлүгү аз болгондугуна байланыштуу баасы былтыркыдан эки эсе жогору болду. Баткен обладминистрациясынын экономикалык өнүгүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаевдин берген маалыматына таянсак, облустун экономикасын өнүктүрүүдө өрүктүн мааниси чоң, элдин көпчүлүгү өрүктөн киреше табат. “Бизде өрүктү кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул ишканалар болбосо деле эл өзүнүн өрүгүн өзү четтен келген соодагерлерге сатып жакшы эле киреше табат“, - дейт С Хамрабаев. Адистердин айтымында, быйыл аба-ырайы жаанчыл болгондуктан өрүк мөмөсүнүн сырткы көрүнүшү начар болуп калган. (Жылдыз Абдрахманова)

Комментариев нет:

Отправить комментарий