Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Караколдук студенттердун рыноктук билимдерин бекемдөөгө, аны менен кошо акча-каражат таап, чет тилди да үйрөнүп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар
Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо Кыргызстан боюнча жалгыз “Ысык-Көл Бренд” атындагы студенттердин изилдөө дүкөнү иштеп келет. Ал мындан эки жыл мурун Жапониянын эл аралык кызматташуу агенттиги менен облустук мамлекеттик администрациянын колдоосунда уюштурулган болчу. Аталган дүкөндө волонтер студенттер рыноктук билимдерин практика негизинде бекитип, аны менен кошо жашаганга бир аз каражат тапканга мүмкүнчүлүк алышат. Алар Ысык-Көл өрөөнүн кыдырышып, жер-жерлерде өндүрүлгөн өтүмдүү болушу мүмкүн деген товарларды тандап алып, өз дүкөндөрүндө сатышат. Долбоордун кеңешчиси Лола Шермухамедованын айтымында, учурда дүкөндө төрт өндүрүүчүнүн продукциялары сатылып жатат. Алар: ит-мурундан, барбаристен жасалган варениелер, кактар жана дары чөптүү самындар.
“Бул чыгарылган продукцияларды кыргызстандыктар гана эмес, чет элдик туристтер да сатып алышат. Бул бизге башка тилдерди да өздөштүргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, - дейт волонтер студент Перизат Рыспаева. (Эльназ Жусуева)
Комментариев нет:
Отправить комментарий