27.06.2009

Нарын шаарындагы таштандылардан арылуунун жаңы ыкмасы

Аймак-news, Каракол, 27-июнь. Нарын шаарында “Жаш данакер” уюму тазалыкты камсыз кылуучу кызмат менен абоненттердин ортосундагы келишим тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Эми Нарын шаарынын тазалыкты сактоо кызматы абоненттер менен келишимдин негизинде иш алып бармакчы. Учурда “Жаш данакер” уюму шаардык тийиштүү кызматтар менен кызматташтыкта келишим тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Уюмдун өкүлдөрү ар-бир үй, мекемеге кирип, келишим тууралуу, келишимдин негизиндеги абонененттердин укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүнүк беришет.

Келишим абоненттер менен тазалыкты камсыз кылуучу, таштандыларды алып чыгуучу кызматтын ортосундагы мамилени иретке салып, алардын укук-милдеттерин так аныктап белгилөөчү документ болуп саналат. “Келишим өз натыйжасын берет жана калкка жакшы кызмат көрсөтөт”, - дейт “Жаш данакер” уюмунун жетекчиси Бакыт Эгембердиев.

Келишимди киргизүү “Жаш данакер” уюмунун “Катуу калдыктарды башкаруудагы эффективдүүлүктү жогорулатуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган долбоор шаардык бийликтер менен кызматташтыкта иш-жүзүнө ашырылууда. Мурдараак ушул эле долбоордун алкагында шаарда 800 жаңы урна жана 80 контейнер орнотулган болчу. (Токтосун Шамбетов)

Комментариев нет:

Отправить комментарий