“Акыйкат”, 5-август, Жалал-Абад. Коомдогу пикирлерге таянсак, Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерде доктурлардын оорулуулардан мыйзамсыз түрдө акча алуулары көнүмүш адатка айланган. Анткени, жарандардын басымдуу бөлүгү медициналык төлөм жаатында өз укуктарын билишпейт.
Мыйзам кагаз бетинде эле
Кыргызстандыктардын медициналык тейлөөгө болгон төлөмдөрү арзандатылгандыгын тастыктаган мамлекеттик маанидеги документ болсо да (мамлекеттик кепилдиктер программасы), ак халатчандарга ооруп кайрылгандар доктурлар кызмат акысы үчүн сураган акчаны төлөшөт. Ал эми ден соолугун чыңдоо үчүн берген акчасын мамлекеттин казынасына түшкөндүгүн тастыктоочу квитанцияны сурагандары чанда гана кездешет.
Адистердин айтымында, жарандардын басымдуу бөлүгү ооруканага же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна төлөгөн акчалары кай жака кетип жатканына кызыгышпайт. Ошондой эле кайсыл оорулуу канча акча төлөшү керектигин билүүнү каалагандары жүздөн бирөө гана.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №269-токтомуна ылайык, кайсыл оорулуу эмне үчүн акча төлөшү керектиги даана жазып коюлган болсо да, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай келет.
Жарандык коомду колдоо борборунун юристи Нурбек Касымбековдун айтымында, мыйзамдын аткарылбай жатканына жарандардын өздөрүнүн медициналык тейлөөгө болгон укуктарын жакшы билбестиги себеп болууда. “Деген менен бүгүнкү күндө карапайым калк гана эмес, айрым медициналык кызматкерлер да өзүнүн кесибине тийиштуу мыйзамдарды толук билет, десек жаңылышабыз”,- дейт Н.Касымбеков.
Талаптар жазууда гана
Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) саламаттыкты сактоо мекемелери жана калк менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Фарида Шарипованын айтымында, медициналык төлөм жаатындагы жана акысыз дарылар боюнча маалымдамаларды коз көрүнө жерге илип коюу - ар бир медициналык мекеменин милдети.
«Эгер маалымдамалар илинбесе, ал мекеме сөзсүз түрдө административдик же тартиптик жазага тартылат. Бул жаатта Жалал-Абадда терс көрүнүш жок. Бардык мекемелерде маалымдамалар илип коюлган»,- дейт Ф.Шарипова.
Деген менен медициналык мекемелерге барган кезибизде (макалага материал топтоо учурунда) бейтапканага ооруп кайрылгандардын онунан бирөөсү гана ал маалымдамаларга көз чаптыра тургандыгына күбө болдук. Ал эми айрым пациенттер дубалда илинип турган жазууну окуп чыкса да, андагы талаптар жазуу жүзүндө эле калаарын айтышты.
Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, 70 жаштан ашкан адамдарга, 5 жашка чейинки бөбөктөргө, майып кишилерге, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына медициналык тейлөө акысыз болушу керек. Мындан сырткары, мамлекеттик кызыкчылыктагы түрдүү конфликттик окуяларга катышып, ден соолугу начарлаган кишилерге жана алардын үй-бүлөсүндөгүлөргө, ошондой 21 жашка чейинки студенттерге медициналык төлөмдө пайыздык жеңилдиктер каралган. Деген менен турмушта аталган программага каршы көрүнүштөр тез-тез кездешет.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, майыптыгы боюнча каттоодо турган пенсионер К.Ж.нын (атын ачык атабоону суранды) сөздөрүнө таянсак, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттарынын дубалдарына көрк берип турган маалымдамалар илип коюлганы менен кабинеттердин ичинде өз билемдик дале өкүм сүрүп келет.
Биз К.Ж. менен ал киши шаардагы №1-эмканага текшерүүдөн өткөнү келген учурда жолуктук (26.05.2009).
«Азыр эле Лор бөлүмүнө кирип текшерүүдөн өттүм. Абалымды карап чыккандан соң догдур мага 30 сом төлөшүм керектигин айтты. Сураган акчасын берип чыгып келе жатам»,- деди К. Ж. аксакал.
Ошол эле учурда аталган мекеменин дарыгери Венера Муркамиловага төлөмдөрдүн кандай ыкмада болушу керектигин сурап кайрылганыбызда, ал бардыгы мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөнөөрүн айтты. Ал эми өзү иштеп жаткан эмкана боюнча «Ушул убакытка чейин эч кимдин үстүнөн даттануулар түшкөн жок. Эгер түшсө, албетте, ал кызматкер жазаланат»,- деп жооп берди.
Шаардагы ар турдуу саламаттыкты сактоо мекемелерине текшерилүүгө келгендердин дээрлик бардыгы медициналык тейлөө үчүн акча берише тургандыгын айтышканы менен, мыйзамсыз акча алып жаткан доктурларды көзүбүз менен көрө албадык. Анткени, оорулуулар кабинетте бирден гана кабыл алынат. Кабыл алуудан чыккандардын колунда болсо дарылардын тизмеги жазылган кагаз эле бар. Акча төлөгөндүгү тууралуу квитанция же кассага жолдомо эч кимге берилбейт…
Айына 900 сом мыйзамсыз акча
ММКФ каржы бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына сооплатанын негизинде айына 450 миң сом келип түшөт. Түшкөн акча атайын таллондун негизинде мыйзамдаштырылат.
Көз карандысыз эксперт Алмаз Акыл уулунун айтымында, ооруканаларда оорулуулар төлөгөн акчалардын дээрлик бардыгы эле мыйзамдаштырылат. Анткени, оорулуу тууралуу китепче ачылганда (история) акча төлөнгөнүн тастыктаган квитанция берилет. Ал эми бир жолу текшерилүүгө келген оорулуунун берген акчасы дарыгерлердин чөнтөгүнө кетиши анык.
«Бир күндө бир дарыгерге келбеди дегенде эки пациент кайрылат. Аларды дарыгер текшергени үчүн эң азы 20 сом толоп кетишет. Эсептей келсек, эгер бир дарыгер орто эсепте күнүгө бир оорулуудан мыйзамсыз акча алса, анда бир айда 600 сом акчаны чөнтокко салат»,- дейт Алмаз.
Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бул сан бир аз жогору болушу мүмкүн. Себеби, кабинеттин ичинде дарыгерлер кеминде 30 сомдон акча алышат. Мындай дегенибизге себеп, макалага материал топтоо учурунда пациент катары бир топ дарыгерлерге кайрылганыбызда, текшергени жана дарыланганга багыт бергени үчүн 30-40 сомдон акча сурашканына күбө болдук.
ММКФнын маалыматына таянсак, бир айда Жалал-Абаддагы жети үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда сооплатанын негизинде топтолгон акчанын суммасы орточо 18 миң сомду түзөт. Бул шаардагы ар бир медициналык мекемеге 2 миң 570 сомдон туура келет дегенди билдирет.
«Чындыгында болсо, кабинеттин ичинде мыйзамсыз акча алууларды кошо эсептесек, ар бир врач бир айда 900 сом мыйзамсыз акчаны чөнтөккө салат (эгер күнүгө бир оорулуудан 30 сом алса)»,- дейт биздин эксперт.
«Биринчи акча төлө, анан…»
ММКФнын адистеринин айтымында, кандай гана саламаттыкты сактоо мекемеси болбосун, сөзсүз түрдө кассасы болууга тийиш. Ал касса пациенттерге ыңгайлуу жерде жайгашканы зарыл. Пайыздык же толук жеңилдик каралбаган кишилер текшерилүү үчүн бере турган акчасын кассага тогуп, квитанция алышы керек.
Пациенттердир айтымында, дарыгерлер ооруп кайрылгандарга же алардын жакындарына төлөмдү кассага төгүшү керектигин айтышпайт, тийиштүү акчаны өздөрү алышат. Жалал-Абаддагы медициналык мекемелердин басымдуу бөлүгүндө жайгашкан кассаларды табуу адамдарды убара болуусуна шарт түзөт. Себеби, кассалар терс жерде жайгашкан же көп учурда бекилуу турат.
Ноокен районунун тургуну СардарТекебаев ушул жылдын 13-майында баласынын колун рентгенге салдыруу максатында Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар болумуно кайрылган. Ал жерде эки медицина кызматкери Сардардын баласынын колун рентгенге салгандан сон жетимиш сом толошу керектигин айтышкан (Сардардын айтып бергени боюнча).
“Мен алар айткан сумманы төлөгөнгө макулдугумду билдирип, “төлөмду тастыктаган квитанция бересиңерби?”, - деп сурасам, «жок» дешти. “Квитанция керек болсо сыртка чыгып, кассага төлөп кел, натыйжаны анан беребиз. Болбосо качып кетесиң” дешип, рентгендин кагазын бербей коюшту”,- дейт Сардар
Баласы ыйлап тургандыктан, аны тезинен дарыгерге көрсөтүү зарыл болгону үчүн Сардар медайымдар айткан акчаны алардын колуна карматкан.
“Рентгендин натыйжасын бергиле, мен аны врачка көрсөтүп, баламдын колун гипс кылып койгондон соң кассага акчаны төлөгөндүгүм тууралуу квитанцияны сиздерге сөзсүз алып келип көрсөтөм, десем да болбой коюшту. Ал кезде мага баламдын тезирээк айыгышы биринчи планда эле. Ошондуктан акчаны ошол эжелерге берип, натыйжа кагазын алдым да, дарыгерге баса бердим”, - дейт Сардар болгон окуяны баяндап жатып.
Күнөө ак халатчандарда гана эмес!
Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, медициналык мекемелерге пациенттер тарабынан төлөнүүчү акчалардын басымдуу бөлүгү мыйзамдаштырылбайт. Башкача айтканда, төлөм болгондугун тастыктаган документ оорулууларга берилбейт.
Деген менен ММКФнын адистеринин айтымында, финансылык текшерүү учурларында эмкана же оорукананын кызматкерлери төлөмдөр тууралуу эч кандай кемчилиги жок документтерди көрсөтүшөт. Бирок ал төлөмдөр пациенттердин көз алдында жасалгандыгы, төлөмдү тастыктаган квитанция оорулуунун колуна карматылгандыгы күмөн.
“Квитанция берилбеген акчалар дарыгердин чөнтөгүнө түшөт. Ал баарына белгилүү болгону менен кол менен кармап албагандан соң, ага чара колдонгонго мыйзам жол бербейт…”,- дейт аталган фонддун бөлүм башчысы Фарида Шарипова.
Бирок юристтердин жана тийиштуу адистердин айтымында, бул жаатта күнөөнү медицина кызматкерлерине эмес, ооруп кайрылгандарга же оорулуулардын жакындарына да койсок туура болчудай. Себеби, алар төлөм тууралуу квитанцияларды доктурлардан талап кылышпайт.
“Жарандарыбыз өз укуктарын билишпейт. Эмне үчүн, кандай мыйзамдын негизинде акча төлөп жаткандыгын сурашы, берген акчасына квитанция талап кылышы - ар бир адамдын милдети. Бейтапканалардын коридоруна төлөмдөр тууралуу жазылган маалымдамаларды окугусу келбеген оорулуулар да четтен табылат. Ал тургай айрымдар акысыз дарыланышы керектигин билбейт, себеби, маалыматы жок. Маалымат алууга өздөрү кызыгышпайт. Бул, албетте, медкызматкерлердин чөнтөгүнө пайда алып келиши толук мүмкүн”,- дейт юрист Нурбек Касымбеков.
Атын атагысы келбеген жалалабаддык медицина кызматкеринин айтымында, төлөм үчүн квитанция сураган кишилер бир айда бир же эки жолу гана кездешет.
“Жарыбаган айлыкка иштеп жаткан доктур аларга акчаны төлөө үчүн кассага жолдомо бергенди каалабайт…”,- дейт ал медкызматкер биз менен маектешуу учурунда.
Адистер баса белгилегендей, медициналык мекемелерде мыйзамсыз акча алуулар көнүмүш адатка айланган. Деген менен оорулуулардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн тологон акчаларынын канча пайызы мамлекеттин чөнтөгүнө түшүшүн аныктоо аябай татаал иш. Бул маселени чечүү үчүн медицинылык мекемелердеги мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу адамдар укук коргоо тармагына кайрылуусу керек. Бирок, акыркы сегиз жылда бул жаатта Жалал-Абад облусунун покуратурасына да, шаардык порукуратурага да даттануу түшкөн эмес. Ал тургай, медициналык мекемелердеги даттануу кутуларына да олуттуу нааразылык түшпөгөн. Мунун себебин адистер карапайым калктын укуктук билими төиөн экендиги менен түшүндүрүшөт…
Санжарбек ЭРАЛИЕВ
Комментариев нет:
Отправить комментарий