“Акыйкат”, 3-август, Жалал-Абад. Чолпонбек Абыкеевдин «Качкын» повести боюнча «Кара илбирс» аттуу кинотасма тартылып, Жалал-Абад шаарында кичи бет ачары болуп өттү.
Тасманын толук аталышы - «Кара илбирс. Өз элинин өгөйү». Аталган кино жазуучу жана журналист Садыралы Абдукеримовдун режиссерлугу менен тартылып, андагы образдардын бардыгын жергиликтүү актерлор жаратышты. Бир сааттан ашык убакытка созулган тасма жалалабаддык чыгармачыл кишилер тарткан алгачкы кинотасма болуп эсептелинет. Жергиликтүү киносүйүүчүлөр бул тасманы «Кыргызча Рембо» деп аташууда.
Режиссердун айтымында, фильмдин Бишкек шаарындагы чоң тушоо кесүүсүн өткөрүү күзгө пландаштырылууда.
Төмөндөгү маек «Кара илбирстин» режиссеру Садыралы Абдыкеримов менен уюштурулган.
-Садыралы байке, жаңы сүрөткө алган «Кара илбирс» кинотасмасын тартканга эмне түрткү болду?
-Баягы эле тынчтык бербеген чыгармачылык, шык, дем… Анан албетте, бала кезден берки аруу максат түрткү берди, десем туура болот.
-Буга чейин кинорежиссурада өзүңүздү сынап көрдүңүз беле?
-Мындан жети жыл мурун облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы жаштар комитетинин буюртмасы менен «Желдет» аттуу тасманы сүрөткө алгам. Андан соң, 2007-жылы «Кайып булак» фильминин сценарийсин жазып, долбоордук-чыгармачыл топтун курамында иштегем.
-Учурда кино тартуу аябай кыйын маселе. Каржы тарабын канттиңиз?
-Негизинен, «Сыймык» оюн-зоок борбору каржы тараптан колдоо көрсөттү. Анан албетте, өзүбүз - чыгармачыл топ да колдон келгенче каржы маселесин чечкенге аракет кылдык. Кино тартуу балалыктагы кыялым болгон дебедимби, ошондуктан, ар кимге жалдырабай, каржы тарабын да мүмкүнчүлүккө жараша чечкенге аракет кылдым.
-«Кара илбирс» кандай жанрдагы кино жана тасма аркылуу бүгүнкү күндүн кайсыл көйгөйүн көтөрдүңөр?
-Тасма жанры боюнча детектив да эмес, боевик да эмес. Ммм… Эмне десем, курч мазмундуу психологиялык көркөм фильм десем, туура болчудай. Фильмдеги окуялардын бүгүнкү күнгө тиешелүү жерлери да бар, бирок, негизинен, Совет маалындагы идеологияга каршы чыккан жан кечти адамдын жандүйнө кыйкырыгы сүрөттөлөт.
-Киноңуздун көрөрмандарын канча жаштагылар түзөт деп ойлойсуз?
-Менимче, кино улуу жана орто муундагы адамдар үчүн чоң кызыгуу жаратат. Анан Чолпонбек Абыкеевдин «Бриллиант жылан» чыгармасын окуган бардык окурмандарды да кызыктыра алат. Себеби, ал кишинин жазган повесттери эл арасында дайым кызуу талкуу жаратат. «Кара илбирсти» ошол кишинин «Качкын» повестинин негизинде тарттым.
-Тасмаңызда негизги каармандардын образын кайсыл актерлор ачып беришти?
-Негизги каармандын (Зарлык) образын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев ойноду. Анан облустук Барпы атындагы театрдын актерлору ойноп беришти. Дагы айта кетчү сөз, тасмага буга чейин кино же театрда ойнобогон кишилерди да роль ойногонго чакырдык. Режиссер катары алардын бардыгы өздөрүнүн милдетин жакшы аткара алышты, деп айта алам. Албетте, кемчиликтер бар. Ошол үчүн кинонун кичи бет ачарын Жалал-Абадда өткөрдүк. Бишкекке алып баргыча элдин сын-пикирлерин угуп, оңдоп-түзтөлү деген максатта…
-Жакшы кино жаратуу үчүн профессионал адистер жана мыкты техникалык каражаттар керек. Аларсыз тарткан киноңуз өзүн актай албайт. Айрыкча, кино бизнеси улам өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө…
-Анын эмнесин айтасын. Кинобизнес өнүгүп жаткан сайын кино тартуу кыйынга турууда. Бирок мен үчүн негизгиси - кинобизнес эмес, кыргыз киносун өнүктүрүү, жандандыруу, калыпка салуу… Мен бул кино аркылуу байып кетүүнү максат кылган жокмун. Бир жыл бою сарптаган эмгегим кыргыз киносунун өсүшүнө салымын кошсо болгону.
-Жакшы кино жараттым деп ойлойсузбу?
-Өтө жакшы деп айтпасам да, дурус эле деп тартынбай айта алам.
-Сиздин тасма башка кыргыз кинолорунан эмнеси менен айырмаланат?
-Айырмасын жогоруда айтпадымбы, мен кинону бизнес максатында тарткан жокмун. «Кара илбирс» чоң экранга чыккандан соң түрдүү талаш-тартыштарды жаратышы толук мүмкүн. Бул ар бир кино элге көрсөтүлгөндөн соң болуп келген жараян. Эми бул жагы көрүүчүлөр менен адистердин ыктыярындагы нерсе.
-Маегиңиз үчүн ракмат.
Маектешкен Санжарбек Эралиев
Комментариев нет:
Отправить комментарий