“Ак-Суу баяны”, 31-июль, Каракол. Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылынын кадырман карысы, эмгек ардагери Күкүтай Коңурбаева быйыл жүз бир жашка толуп, учурда алты небересине, он чөбөрөсүнө, уул-келинине нускалуу сөзүн айтып, кеңешин берип, нарктуу акыл-насаатын айтып, небереси Баатырбектин сыйлуу төрүндө. Чыканактайынан адал маңдай терин төгүп, агедил эмгек менен өтөлгөлүү өмүр сүргөн Күкүтай эненин турмуш жолу жалпыбыз үчүн таасын үлгү десек жаңылышпайбыз…
«Жашоодо мен көрбөгөн турмуштун ачуу-таттуусу, жасабаган жумуш калган жок сыяктуу» - деп ойлуу эскерет ал өзүнүн турмуштук өткөн жолуна сереп сала. Чындыгында эле, «Элүү жылда - эл, жүз жылда - жер жаңы» дегендей, жүз жылдын ичинде эл да, жер да, жашоо-турмуш да далай өзгөрдү.
Күкүтай эне мурунку кылымдын башында, тактап айтканда 1908-жылдын ала-шалбырт жазында райондогу мурдагы Чоң-Жергез айылында, бардар үй-бүлөдө төрөлөт. Ал кичинесинде атасы «бай», «кулак» делип, үй-бүлөсү куугунтукка алынган. Тестиер кезинде Үркүнгө дуушар болуп, атасына учкашып, Кытай тарапка көчүшкөнү да элес-булас эсинде. Ал жакта эки жыл чамасында турушуп, Совет бийлиги орногондон кийин Ата-Журтка кайтып келишет. Эненин дагы бир өкүнгөнү - азыркы заманда балдар жокчулуктун айынан окуй албай калып жатышса, ал кезде өзү барчылыктын кесепетинен «кулактын кызы» делип, 4-класстан кийин окуудан да четтетилип калганы.
17-18 жашында Маман айылына келин болуп келгенден тарта ал советтик турмуш образында жашоого өтүп, колхоздун ишине шымалана киришет. Чапкы менен - чөп чабыкта, орок менен - эгин орукта, кетмен алып - сугатта, отоодо, апийимде - деги, колхоз өндүрүшүндө анын колу тийбеген иш калбаган. Ата-Мекендик улуу согуш жылдарында ал да башкалар сыяктуу эле кандуу согуштун каарын тартып, коркунучтун, кайгы-муңдун, жокчулуктун күндөрүн баштан өткөрөт. Эне азыр каргашалуу согуш жылдарындагы каатчылыкты кайгыруу менен көп эскерет. Ошондогу эли-журттун бекем ынтымагы, адамдардын бири-бирине карата боорукерлиги, алардын эмгекчилдиги, сабырдуулугу бардык кыйынчылыкты жеңип, өлкөнү тынчтыкка, жеңишке жеткиргенин, колдору иш билген кыз-келиндер согушта жүргөн эр азаматтарга гана эмес, ооруктагы бала-бакыра, кары-картаңдарга чейин түймө түйүп, кийим-кече сокконун, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө кийим кылып киер чүпүрөк да табылбай калганын айтат…
Ал апийим тармагындагы өндүрүш боюнча ар дайым демилгечилердин катарында жүрүп, алдыңкы бригаданын звеносун жетектеген. Ушул учурдагы бир окуя алигиче эсинен кетпейт. Анда апийим кыруу боюнча ар бир адамдын күндүк нормасы 1,5 килограмм болчу. Күкүтай күндөлүк нормаларын ар дайым алда канча ашыра аткараар эле. Күндөрдүн биринде кандай ыргак менен иштегени түшүнүксүз. Кырылган апийимди эсепчиге тапшырса эле ал 4 килограммга чыгып кетпеспи. Колхоздун отчету районго жеткенде, ал жактагы чоңдор: «Эмне жалган отчет жамайсыңар? Кантип ушундай көрсөткүч болсун?» дешип, башкарманы жемелешет. Башкарма: «Ишенбесеңер - өзүңөр барып, күбө болгула» дейт. Ошонун эртеси эле таңзаарда иш кызып калган учурда апийим талаасынын четинде башында шоңшойгон шляпасы бар, галстукчан чоочун адамды байкадык. Башкарма да мага эч нерсе айткан эмес. Көрсө, алиги адам ары-бери басымыш болуп, менин ишиме көз салып жүрүптүр… Ал күнкү тапшырган апийимдин салмагы 4,9 килограммга чыгып кетсе болобу!..
Эмгек алдыңкыларынын катарында кезегинде Москвага чакырылып, тилекке каршы, жергиликтүү айрым жетекчилердин тууганчылык кесепеттеринин натыйжасында бир үйдөн эки киши барбайт деген шылтоо менен (бул иш-чарага жолдошу Токтобай Коңурбаев да чакырылган эле) жиберилбей, Пишпекте өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө делегат болгон.
Күкүтай эне үлгүлүү эмгектин үзүрүн көрүп көп ирет грамоталар, «Согуш жылдарындагы күжүрмөн эмгеги үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары, Улуу Жеңиштин 40, 50 жылдыгына, В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдары менен сыйланган. «Эмгек менен эл көгөрөт» дегендей, үч ирет айылдык, бир жолу райондук, эки жолу облустук Кеңештердин депутаты болуп шайланган.
Кылым менен тең карып, анын ысыгына күйүп, ызгаарына тоңгон эне учурда «Карысы бардын - ырысы бар» дегендей, үйдүн - куту, төрдүн көркү болуп, кадырман карылыктын сый-урматын көрүү менен бирге балдарынын сыймыгы. (Жаныгүл Мамакеева)
Комментариев нет:
Отправить комментарий