«Аймак-news», 28-июль, Баткен. Баткен аймагынын журналистери Зардалы жана Кожошкен айылдарында жайгашкан чек ара заставаларында болуп, элдин жашоо турмушу менен таанышышты.
24-27-июлда Баткен районуна караштуу Зардалы, Кожошкен айылында жайгашкан чек ара заставаларынын абалы жана айыл элдеринин жашоо шарты менен таанышуу максатында Баткен аймагынын журналистери үчүн медиа-тур өткөрүлдү. Аталган иш-чараны Баткен облусунун массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору № 2022 Баткен чек ара отряды менен чогуу уюштурган.
«Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты - чек ара аскерлери менен журналистердин ортосундагы өнөктөштүктү түзүү болуп саналат», - деп билдирди Баткен облусунун массалык маалымат каражаттарын колдоо борборунун аткаруучу директору Д. Садиев. Ал эми № 2022 Баткен чек ара отрядынын тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы И. Жумалиев: «Медиа-тур өткөрүүнүн негизги максаты - журналисттерге чек ара заставалары менен жоокерлердин абалын тааныштыруу. Ошондой эле Баткен коогалаңынын 10 жылдыгына карата уюштуруп, жаштарды армияга чакыруу максатында өткөрдүк», - деп түшүндүрдү.
И. Жумалиевдин билдирүүсүнө караганда, Зардалы, Кожошкен айылдарында жайгашкан бир застава , «Жоопая» жана «Коргон» аттуу 2 пост бар. Ал заставанын аскерлеринин шарты өтө оор экенине карабай, кызмат өтөшүүдө.
Эскерте кетсек, мындан 10 жыл мурда болгон Баткен кооголаңында террористтер дал ушул Зардалы, Кожошкен айылдарына кол салышкан. (Жылдыз Абдрахманова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий