“Баткен таңы”, 31-июль, Баткен. «Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык ак жоолук» деп элибизде бекеринен айтылбаган чыгар. Адам баласына эң биринчи ден соолук керек эмеспи. Ден соолугуң чың болбосо байлыктын да, бийликтин да кереги жок. Ырас ар бир адам саламаттыкта жашоону каалайт.
Кыргызстан саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 млнго чейин жетет. Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда дегенди түшүндүрөт.
Ал эми ааламды билимсизден кара тумандай каптап келе жаткан ВИЧ инфекциясы акыркы он жылдыкта 40 млндогон адамдардын өмүрүн алып кеткен. Жылына 14 миңден ашуун атуулдар аталган инфекцияны жуктуруп алышат.
Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү ВИЧүСПИД боюнча абалга токтолсок, саламаттыкты сактоонун министрлигинин маалыматына ылайык, 2009-жылдын 1-январына карата 1967 киши ВИЧ инфекция менен катталган болсо, алардын ичинен - 1828и биздин жарандар, 139у-чет өлкөлүктөр. Оорууну жуктургандардын 1315 ийне аркылуу жуктургандар. Эң өкүнүчтүүсү 127си жаш балдар экендигинде.
Баткен облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Шайыргүл Эрназарованын билдиргенине караганда Баткен облусунда үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата айында ВИЧ инфекциясы менен расмий түрдө 42 учур катталган. Анын ичинде Баткен райнунда-2, Кызылкыя шаарында-27 (6 каза богон), Кадамжай районунда-10, Лейлек районунда-2, Сүлүктү шаарында-1 (каза болгон). Катталгндардын ичинен 28и эрке, 14ү аял.
- Ооруну дарылагандан көрө анын алдын алган жеңил. Ошондуктан, биз мындай жугуштуу оорунун алдын алуу үчүн облустун жер-жерлеринде, айрыкча, эң алыскы айылдарда калк арасында анын ичинде аялуу катмарга кирген жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын окутуу семинарларын өткөрүүдөбүз. Ошондой эле ВИЧ инфекциясынын алдын алуу боюнча бизге СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү Глобалдык фонду тарабынан дезинфекциялык каражаттар, контейнерлер, спирттелген салфеткалар, перчаткилер келген. Аларды биз гуманитардык жардам катары облусубуздагы медициналык мекемелерге үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, ФАПтарга бөлүштүрүп берүүдөбүз. Мындан сырткары, жакында июнь айларында Немецтик Банктын колдоосу менен облус аймагындагы Баткен, Лейлек райондору жана Кызылкыя шаарындагы СПИДди диагностикалоочу лабороториялар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү.
Ошондой эле, КР саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2006-жылы Чүй, Жалалабат, Баткен облустары пилоттук аймакка кирип, 2007-жылы болсо Баткен облусунун Кызылкыя шаарында «Дозордук эпидкөзөмөл» программасы өз ишин баштаган. Аталган программа 2009-жылдын биринчи кварталында аягына чыкты. Мунун негизинде 400 кош бойлуу аялдар, секс кызматкерлер, нарко заттарын ийне аркылуу колдонуучулар жана жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулар менен катталгандар ВИЧ инфекциясына өз каалоолору менен текшерилишип адистердин кеңештерин алышкан. Ушул пилоттук программанын жардамы менен облустун аймагында анын ичинен Кызылкыя шаарларында ВИЧ инфекциясынын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин эффективдүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, - дейт Шайыргүл Эрназарова.
ВИЧ инфекциясы - олуттуу коркунуч экендиги дүйнө тарабынан белгиленип келүүдө. Биз бардыгыбыз ВИЧ инфекциясы жөнүндө сөз болгондо аны кечиктирүү алааматка учураткан кесепетке алып келиши мүмкүн экендигин айкын сезүүгө тийишпиз.
Дени сак улут, дени сак калк үчүн күрөшпөгөн бир да мамлекет жок чыгар. Анткени, мамлекеттин экономикасын өстүрүп_өнүктүрөр, байлыгын жаратар бир гана дени сак адамдардын колунан келээри ырас. Ошондуктан, ден соолугубуз үчүн кам көрүп, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алып, ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү жалпы коомчулуктун иши. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» демекчи, баарыбыз аракет кылсак, ошондо гана белгилүү бир натыйжа чыгаары анык.
Байыркылар «Эгер оорулуу оору менен бириксе, дарыгер алсыз, эгер оорулуу
дарыгер менен бирге ооруга каршы күрөшсө, оору жеңилет» деп айтышкан. Андыктан, келгиле замандаштар, боордоштор бул көйгөй менен жапа тырмак күрөшөлү. «Биз СПИДке каршыбыз, СПИД бизге каршы. Эгерде ким СПИДке каршы болсо, анда биз менен чогуу болгула!» деген ураанды туу тутуп, СПИД менен күрөшүү ар бир кыргыз жаранынын милдети болуп калыш керек.
ВИЧ (АИВ) - бул адамдын иммунодефицитинин вирусу. Вирус организмди сактоочу милдетин аткарган иммунитет системасын бузат.
Ал кайсы жолдор менен жугат:
- Иньекция үчүн ийнелерди, шприцтерди ж.б. пайдаланганда
- Презервативсиз жыныстык ар түрдүү катнашуулар.
- ВИЧ менен илдеттенген энеден балага, төрөт же эмизүү убагында жугузуу.
Гүлчехра Тажибаева (Баткен таңы, №33, 22.07.09)
Комментариев нет:
Отправить комментарий