31.07.2009

Таластагы жаңы оңдолгон жолго айдоочулар нааразы

«Аймак-news», 30-июль, Талас. Талас шаарынан Козучак айылына чейинки жол бир ай мурун «Жерүйалтын» жабык акционердик коому тарабынан оңдолуп, түзөтүлгөн. Бирок ал жолдун абалына айдоочулар нааразы болуп жатышат.

Козучак, Балбал, Арашан айылдарына каттоочу маршруттун айдоочусу Абдымуталиб Бектурсунов оңдолгон жол тууралуу оюн мындайча билдирди:

- Жолдун абалы мурункудан өтө начар. Чоң жолдун таштагынан биз эл ташуучу унааны чоң жолдун жанындагы араба жүрүүчү жол менен айдайбыз. Жолдун кээ бир жерлерин суу каптап жатат. Автоунаабызга аябай зыян келтирилип, айрыкча дөңгөлөктөрү бат эле жарылып калат. Ошондуктан автоунаанын дөңгөлөктөрүн бир айда -34 жолу ремонт кылабыз. Жолго машина айдоого мүмкүн эмес.

Ошондой эле таксист Кадырбек Чоңмурунов:

- Биздин жолду оңдолду деген менен мурункусунан да начар кылып салышты. Жолубуз начар, таштак, жолдун боюндагы үлүш жерлерди сугарганда жолго кошо суу каптап жатат. Мурун машинаны 40 менен айдасак азыр болсо 20 менен айдай албай жатабыз. Машинабыз жолдун начарлыгынан аябай зыян тартып жатат.

Айдоочу Рысбек Назаров:

- Жолдун абалы аябай начар. Таштак, суу каптап ылай болуп жатат. Жолдун үстүндө чоң-чоң таштар аябай көп болгондуктан автоунаа жүргөнгө абдан ыңгайсыз болуп калды. Өзгөчө машинага аябай зыян келип жатат. Машинанын тетиктерин да алмаштырууга туура келет. Бул жаңы оңдолгон жолдун абалына кимдер кам көрөөрү белгисиз.

«Жолду кайрадан качан оңдолуп, качан түзөлөөрүн күтүп жатабыз», - дешет айдоочулар. (Бакытжан Иманалиев)

Комментариев нет:

Отправить комментарий