14.09.2009

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү брусчатка менен төшөлүүдө

“Аймак-news”, 14-сентябрь, Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарынын мэриясы борбордук көчөлөрдү брусчатка менен төшөөнү пландаштырууда.
Жалал-Абад шаарындагы эл көп жүрүүчү тротуралар жана аллеялар брусчатка менен төшөлүп жатат. Иш алып бара жаткан бригаданын жетекчиси Атабек Эралиевдин айтымында, алгач Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу жайлары брусчаткаланган. Мындай иш-чара шаардын дагы бир топ көчөлөрүндө улантылмакчы.
“Мындай оңдоолорду жүргүзүү үчүн быйыл Жалал-Абад шаарында 1 млн. 350 миң сом каражат бөлүнгөн, - дейт шаардык өндүрүштүк техникалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мамаюсуп Сыдыков. – Брусчатка жасоо үчүн тендер жарыяаланып, аны “Өмүр” ЖЧКсы утуп алып, иш баштады”. (Элиза Акыбай кызы)

27.08.2009

Нарын облусунда 60 томолой жетим балдар мектеп формалары менен толук камсыз болду

“Naryn.kg, 27-август, Нарын. Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темирова www.naryn.kg маалымат сайтына билдирди.

Анын айтымында облустагы райондук мамлекеттик администрациялары тарабынан берилген тизменин негизинде 60 томолой жетим балдар мектеп формасы, спорт жана бут кийимдер менен камсыз болушкан. Бардыгы болуп 120 миң сомду түзгөн чыгым, Нарын облусунун губернатордук кору тарабынан бөлүнүп берилген.

Караколдук журналисттерге экономика боюнча семинар өтүүдө

“Аймак-news“, 27-август, Каракол. «Экономика, финансы жана бюджетти талдоо маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу» аттуу аталыштагы Каракол шаарында өтүп жаткан эки күндүк семинарга 11 журналист катышып жатат.

Каракол шаарында 27-28 августта «Журналист үйү» коомдук бирикмесинде өтүп жаткан окуу учурунда жергиликтүү 11 журналист экономикалык теориянын өнүгүү этаптары, базар экономикасынын негиздери, 2009-2011- жылдардагы өлкөнүн өнүгүү стратегиясы, 2010-2012-жылдар үчүн бюджеттин орто мөөнөттө болжолдонушу, КРнын салык кодекси жана Каракол шаарынын бюджетине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча билим алышат. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана каржы комитети бөлүмүнүн сектор башчысы Абдыкайым Оморов тренерлик кылууда.

Аталган семинарды «Журналист үйү» коомдук бирикмеси Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылоосу менен өткөрүп жатат. (Сайкал Аттокурова)

Таластын Үч-Эмчек – Арал жолу оңдолууда

“Аймак-news”, 27-август, Талас. Талас районуна караган Үч-Эмчек - Арал жолунун 6 км аралыгы оңдолуп бүттү.

Талас районуна караган Үч-Эмчек - Арал жолунун 6 км аралыгы 18-августта оңдолуп бүттү. Жолду оңдош үчүн Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) МАЗ автоунаалары 4324 тонна топурак ташып төгүшкөн.

Оңдоо иштерин жүргүзгөн ДЭП-36 ишканасынын бригадири Каныбек Кубанычбеков: «Аткарылган жумуштун суммасы 408 миң сомду түздү»,-деп билдирди.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, жолдун оңдолушуна жергиликтүү калк дагы өз салымын кошкон. Топурак тегиздеген бульдозерлердин күйүүчү-майлоочу майларына айыл тургундары жалпысынан-20 миң сом, айылдагы «Ыйман нуру» аксакалдар коому 1 миң сомдук каражат топтошуп, жардам беришкен.

Аталган жол өңгү-дөңгү болуп айдоочуларга бир топ кыйынчылыктарды алып келчү. (Сыргак Раимканов)

Ысык-Көл облусунда “Көңүл бургула: балдар!” акциясы башталды

“Issyk-kulpress”, 27-август, Каракол. Ысык-Көл облусунда “Көңүл бургула: балдар!” акциясы башталды. Облустук МАИнин маалыматы боюнча, быйыл жети айдын ичинде балдардын катышуусу менен 41 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүндөгү көрсөткүчтөн 10 кырсыкка көптүк кылат.

novyj-dorozhnyj-znak2

Жол кырсыктарынан жапа чеккен балдардын санын азайтуу максатында 20-августтан 10-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда бүт Кыргызстандай эле “Көңүл бургула: балдар!” рейди жарыяланган.

Бул рейддин алкагында райондук жана шаардык жол коопсуздугу боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлери мектептер жана бала бакчалар жайгашкан аймактагы жол тармактарын, жолго түшүрүлгөн, жол боюнда турган белгилерди, бөлүп-ажыратуучу курулуштарды изилдеп чыгышмакчы. 30-август жана 1-сентябрда мектептерге өзгөчө көңүл бурулмакчы. Ар бир мектептке жол коопсуздугу боюнча бирден кызматкер бекитилет.

1-сентябрдан баштап жол-күзөт иштерине жаш автоинспекторлорду да тартуу болжолдонууда. (Мээрим Усубакунова)

Манас районундагы Сөгөт айылында “Үлгүлүү үй” аныкталды

“Talasnews, 27-август, Талас. 42 түтүн жашаган, алыскы Сөгөт айылында Айылдык ден соолук комитетинин демилгеси менен “Үлгүлүү үй” сынагы жарыяланып, учурда жеңүүчүнү айылдын жашоочусу Жакыпбек Дүйшалиевдин үйүн “Үлгүлүү үй” деп аныктап, тактайчаны илишти.

2009-жылга карата былтыртан баштап айылга “Үлгүлүү үй” сынагы жарыялаган. Сынакта талапка жооп берээрлик даараткана (түтүк орнотулган, чымындар сыртка учуп чыкпаш үчүн жасалган атайын түтүк), үйдө кол жуугучту пайдалануу, мончосу бар үй, кайнатылган суу ичкен үй бүлө жана кирдин суусу төгүлүүчү чуңкурдун болушу деген беш критерий каралган. Бул боюнча АДСКнын мүчөлөрү үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

“Ушул төрт талапка жооп берген айылдын жашоочусу Жакыпбек Дүйшалиевдин үйүн жеңүүчү деп таптык” - деди АДСКнын жетекчиси Канымжан Жуманалиева.

Негизинен бул айылда эки гана үй талапка ылайык даараткана салынган.

Белгилей кетүүчү нерсе, айылдык ден соолук комитетти 2010-жылга “Үлгүлүү зайып” конкурсун жарыялады. Бул конкурста дагы жогоруда саналган 5 критерий менен бирге, аялдар йоддолгон тузду кандай пайдаланаары жагына да көңүл бурулат. (Мира Сейдикеримова)

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен облустун айрым райондорунда түшүм жараксыз болуп калган

“Naryn.kg, 27-август, Нарын. Мындай маалыматты 25-августта Нарын облустук администрациясынын агроөнөр жайын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Карыбеков облакимчиликтин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында 29-июлда жана 2-августа нөшөрлөгөн жаандан улам Кочкор району боюнча 540,95 гектар аянт жана 5-августагы жаандан Жумгал району боюнча 154,5 гектар аянттан түшүм алууга жараксыз болуп калган. Белгилей кетүүчү жагдай бул жылы жалпы облус боюнча 34 миң гектарга дан эгиндери айдалган.

Облус боюнча 8 миң 682 окуучу 1-класска кабыл алынат

“Naryn.kg, 27-август, Нарын. Мунун ичинен Ак-Талаа районунан 734, Ат-Башыдан 3 миң 974, Жумгалда 841, Кочкордо 1миң 401,Нарын районунда 963 жана Нарын шаарынан 769 окуучу 1-класска кирет.

Облустагы 138 мектепке 2009-2010-окуу жылынын башталышына карата мектептерде 51 миң 965 окуучулар жана 5 миң 752 мугалим ишке кирет. Облустагы мектептерди жаңы окуу жылына даярдоого республикалык, жергиликтүү бюджеттен, Эл аралык уюмдардан жана демөорчүлөрдүн каржылык колдоосу менен 37 млн. 834 миң сомго эки мектеп, бир кошумча корпус, үч спорт зал курулуп, 2 млн. 986 миң сомго 21 бала бакча реаблитацияланган. Мындан сырткары 21 млн 269 миң 700 сомго капиталдык ремонт жана 6 млн. 054 миң 600 сомго кезектеги ремонт иштери жүргүзүлгөн. Мындай маалыматтарды кечээ өткөн Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жыйынында облакимчиликтин бөлүм башчысы Салия Жолдошева билдирди.

Ат-Башыда 5 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

“Аймак-news”, 26-август, Нарын. ЮСАИД жана Мерсико компаниясы жаш балдар жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү.

26-августта Ат-Башыда ЮСАИД жана “Мерсико” компаниясы жакыр, 5 жашка чейинки балдары бар жана кош бойлуу аялдарга азык-түлүк түрүндө жардам беришти. Бул жардамдын курамына аз кандуулуктун алдын алуу боюнча тамак аштар, 25 кг ун, 5 литр суу май, 5 кг тообурчак кирет. Мындай жардам жалпысынан 334 үй-бүлөгө көрсөтүлдү. (Чыңгыз Бердалиев)

Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл округундагы мектептерди жакшыртуу үчүн 400 миң доллар берилет

“Talasnews, 26-август, Талас. Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл окмотунун мектептерди жакшыртуу боюнча долбоору Юнифем тарабынан колдоого алынып, 400 мин АКШ доллары менен каржылана турган болду.

17-21-августтарда Көл кылаасынын Кажы-Сайында КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл жерлерин социалдык-экономикалык жана маданий жагынан өнүктүрүү жана колдоо боюнча семинар болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө айыл башчылары өздөрүнүн долбоорлорун сунушташып, жыйынтыгында ЮНИФЕМ тарабынан колдоого алынган долбоорлордун арасына Таластагы Оро айыл өкмөтүнүн долбоору да кирип, 400 мин АКШ доллары менен каржылана турган болду.

Семинарга барып келген Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Төрөгелдиев: «Буйруса бул акча каражаты келип түшсө 1-Май айылындагы мектепти ремонттон өткөрүп алабыз», - деди.

Бирок бул сунуштарга каршы Оро айылынын тургуну Азимкан Сулайманова, айтылган акча каражатын, эскирип калган Кыргызстан айылынын Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебин ондоого дагы жумшалышы керектигин айтты. (Сыргак Раимканов)

Кызыл крест жарым ай коомунун жардамы менен…

“Talasnews, 26-август, Талас. Манас районундагы Кайыңды айыл өкмөтүндө Кызыл крест жарым ай коомунун жардамы менен 1 млн. 600 миң сомдук бир топ долбоорлор ишке ашырылды.

Манас районундагы Кайыңды жана Чеч-Дөбө айылдарындаа мончолор курулду.

Арал айылында мектептин эски от жагылуучу жайы капиталдык ремонттон өткөрүлүп тренажёрдук зал болду. Нылды айылында эмкана (ФАП) курулуп анын ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болмокчу. 32 түтүндү түзгөн Сары-Булак айылында спорт аянтчасы бүткөрүлдү.

Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Мукталы Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө, ушул бүткөрүлгөн курулуштарга жалпысынан 1 млн. 600 миң сом жумшалып анын 320 миң сому элдин салымы болсо 45 миң сом айыл өкмөтү тарабынан берилген, калган каражат Кызыл крест жарым ай коому тарабынан бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сары-Булак айылындагы спорт аянтчасында өспүрүмдөр, мектеп окуучулары бош убактыларында волейбол, баскетбол, футбол ойношот.

Ал эми, Кайыңды жана Чеч-Дөбө айлындагы мончолор жума сайын жагылып, айылдыктарга кызмат көрсөтүүдө. (Мира Сейдикеримова)

Ысык-Көл облусунда коомдук-профилактикалык борборлор кылмыштуулуктун санын азайтууда

“Issyk-kulpress”, 26-август, Каракол. Ысык-Көл облусундагы коомдук-профилактикалык борборлор кылмыштуулукту азайтууга демилге берүүдө. ЕККУнун адистери жана КР жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү агенствосу буга ынанышты.

Алар август айынын аягына жана сентябрь айына бир нече практикалык семинарларды пландаштырышкан. Биринчи семинар Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “Коомчулук жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен Ысык-Көл облусунун коопсуздугун эффективдүү камсыз кылуу” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Анын ачылышына “Лидер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Банур Абдиева катышып, коомчулук менен ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин өз ара байланыштарынын методдору жөнүндө кыскача токтолду. Ал долбоордун максаты жана күтүлүүчү жыйынтыктар боюнча айтып берди.

“Кыргыз Республикасынын укук бузуулар профилактикасы боюнча” мыйзамды ишке ашырууну талап кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, милициянын генералы Молдомуса Конгантиевдин ” Кыргыз Республикасынын территориясында коомдук-профилактикалык борборлордун иш тажрыйбасын жайылтуу” буйругу боюнча Ысык-Көл облусунун райондорунда жана шаарларында азыркы убакта коомдук -профилактикалык борборлор ачылууда. Ал жерде участкалык инспекторлор, аксакалдар сотунун төрагалары, ветерандар союзу, жаштар комитеттери укук бузууларды азайтуу үчүн биргеликте иш алып барышат. (Равиль Вахитов, Салтанат Мурзабаева)

Жаш мугалимдер үчүн шарт түзүлбөгөндүктөн Нарынга келбей жатышат

“Naryn.kg, 26-август, Нарын. Мындай маалыматты 25-августта облакимчиликтин коллегиялык жыйынында Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Салия Жолдошева билдирди.

Анын айтымында жогорку окуу жайын бүткөн жаш мугалимдер айлык акынын төмөндүгүнөн жана тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүктөн Нарынга келбей жатышат. Бүгүнкү күндө облус боюнча 125 мугалим жетишпей турат. Негизинен чет тил, математика, физика жана химия мугалимдери жетишсиз. Мындан сырткары «Жаш мугалимдин депозити» программасы менен иштеп жатышкан 11 мугалим шарттын жоктугунан кетип калышкан,деп билдирди С.Жолдошева. Учурда облустагы мектептердеги 5миң 752 мугалимдин 7,9% ын 60 жаштан ашкан мугалимдер 27,5%ын 45 жаштан өткөндөр түзөт.

Баткен окуясынын 10 жылдыгына карата атайын эскерүү кечеси болуп өттү

“Аймак-news”, 26-август, Баткен. Баткен шаарында мындан 10 жыл мурда болгон Баткен окуясына арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

24-августта Баткен шаарында №707-ички аскер бөлүгүндө мындан 10 жыл мурда болгон Баткен окуясына арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

Эскерүү кечесине ички аскер бөлүгү, чек арачылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттары катышышты. Анда сөз сүлөгөн №2022 чек ара отрядынын зардалы Сайитжан Эратов: “Ошол мезгилде Баткенде чек ара кызматы жок болгондуктан ички аскерлер чек араны да, аскердик коопсуздукту да көзөмөлдөп турушкан. Эл аралык террористтер менен баатырларча кармашып, 14 саат бою мамлекеттин эркиндиги үчүн тик турган”,- деп белгиледи.

Ал эми 707-ички аскер бөлүгүнүн саркери Тынычбек Касымов “Баткен окуясын эскерүү иш чарасын өткөрүү жаштар үчүн да жаш жоокерлер үчүн да тарбиялык мааниси жогору болуп, патриоттулукка үндөйт”,- деген пикирин билдирди.

Эскерте кетсек мындан он жыл мурда 23-августта “Тимур платасы” деген аймактан Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн генерал майору Анарбек Шамкеевди 2 япониялык геологдор менен кошо эл аралык баскынчылар барымтага алып кеткен. Ошондо ички аскер бөлүгү алгачкылардан болуп куралдуу кармашка кирген болчу. 1999-жылы 24-августа Жоопая айылында террористер менен ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери 3 сааттай катуу кармашышкан. (Жылдыз Абдыракманова)

ВИЧ илдетине чалдыккан аялдардын саны өсүүдө

“Акыйкат”, 26-август, Жалал-Абад. СПИД оорусу мындан 25 жыл мурун белгисиз болсо азыркы учурда дүйнөдөгү чоң адамдардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп калды. Кыргыз Республикасындагы СПИДке, кургак учукка жана безгекке (малярияга) каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун маалыматына караганда, бул оору 20 млн. адамдын өмүрүн алган. Адистердин баасы боюнча бул оорунун вирустарына азыркы учурда 34-46 млн. адам чалдыккан. Ал эми республикабыздагы ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардын 70 пайызын баңги заттарын ийне аркылуу сайынгандар түзөт.

Жалал-Абад облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Эльмира Сатарова жакында АКШга иш сапары менен барып, ал жактагы кесиптештеринин иш тажрыйбасы менен таанышып кайтты. Аталган борбордун башкы дарыгерин сөзгө тартканыбызда азыркы учурда аткарып жаткан иштери жана чет жактан алган таасирлери тууралуу буларга токтолду.

- Эльмира Аскербаевна, азыркы учурда ВИЧ-СПИД илдети боюнча биздин облустагы жана республикадагы кырдаал кандай?
- Албетте азыркы учурда ВИЧ-СПИДдин таркалышынын темпи өлкөдө жогору бойдон калып жатат жана мындай абал биздин облуска да тиешелүү. Айта кетсек, 2009-жылдын 1-июлуна карата Жалал-Абад облусу боюнча 253 жаран ВИЧ илдетине чалдыккан деп каттоодон өтсө, ал эми республика боюнча жалпысы болуп 2417 инсан катталган. Анын ичинен- 2271и Кыргызстандык жарандар. Жынысы боюнча 1689 эркек жана 582 аялзаты катталган. Белгилей кетчү нерсе, акыркы жылдары ВИЧ илдетине чалдыккан аялдардын саны өсүүдө. ВИЧ инфекциясы менен ооруган энелерден төрөлгөн балдардын саны да көбөйүп жатат. Бул ВИЧ-СПИД оорусунун жалпы калк арасына таркап бара жаткандыгын айгинелейт.

- ВИЧ илдетин көбүнчө баңгизатты ийне менен пайдалангандар жуктуруп алышат. Мына ушунун алдын алуу үчүн Сиздер тараптан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
- Чындыгында биздин республикада, ошондой эле облусубуз ВИЧ-СПИДдин таркашы биринчи кезекте баңги заттарды ийне менен сайынууга байланыштуу көбөйүп жатат десем болот. Жалпысынан ВИЧ илдети менен катталгандардын ичинен 1505и же 62,3 пайызы негизинен баңги затын ийне менен сайынуучулар. Албетте, бул маселени чечүү жалгыз эле биздин борбордун, же болбосо жалпы эле медициналык кызматкерлердин колунан келе бербейт. Коомдогу бул терс көрүнүшкө үй-бүлө, мектеп, орто жана жогорку окуу жайлары, күч структуралары: ички иштер министирлиги, баңги заттарга контролдук боюнча агенттиги, дин башкармалыгы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, массалык-маалымат каражаттары, бүт коомчулук бирдикте күрөш жүргүзсө гана натыйжа чыгат.

Ошого карабастан, биз баңги заттарды колдонуучулар арасында зыяндуулукту азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп келүүдөбүз. Алардын арасында ВИЧ-СПИД маселеси бюнча маалыматтык жана дарыналууга дит коюуну калыптандыруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. +кмөттүк эмес уюмдар менен өнөктөштүктө үприцтерди алмаштыруу боюнча программа жүзөгө ашырылууда. Метадон менен алмашуу терапиясын киргизүү жөнүндө маселе каралууда. Бул программалар Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып, ишке киргизилүүдө.

Ошондой эле, баңги заттарды колдонуучулар арасынан каалоочуларды тандап алып, аларды атайын окутуп үйрөтүп, «теңге-тең» ыкмасы менен агартуу иштерин жана таза шприцтер менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

- ВИЧ илдетинин зыяндуулугун азайтуу багытында кандай иштер жүрүп жатат?
- Кыргыз +кмөтү тарабынан «2006-2010-жылдарга Кыргыз Рес-публикасында ВИЧ-СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу» боюнча Мамлекеттик программа иштелип чыккан. Мамлекеттик программанын негизги максаты - Республикада ВИЧ-СПИДдин таркашына чек коюу жана анын биздин коомго болгон социалдык-экономикалык залалдарын төмөндөтүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашырууда биздин борбордун кызматкерлери калктын аялуу топторунун арасында иш-чараларды күчөтүүдө. Аялуу топторго: өздөрүнүн жүрүм-турумдарынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу бар адамдар -баңги затына көз карандылар, түнкү көпөлөктөр же өз денесин саткан кыздар жана алардын кардарлары кирет. Биз ВИЧ-СПИДге чалдыккан жана жапа чеккен адамдарга медициналык жана социалдык колдоо көрсөтүп келе жатабыз.

Атап айтсак, аялуу топтор жана жаштар арасында түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүп, ВИЧ-СПИД, сергек мүнөздөгү жашоо, баңгичилик жана жыныстык оорулар жөнүндө маалыматтык-билим берүүчүлүк материалдарды таратабыз. ВИЧ илдетине чалдыккан эне-лерден төрөлгөн балдарга эненин сүтүн алмаштыруучу жасалма азыктар, оорулууларды антиретровирус-тук препараттар менен камсыз кылуудабыз. Ошондой эле, оппортунистик инфекцияга каршы дары-дармектер да бекер берилүүдө. Кошумча лаборатория-инструменталдык жактан изилдөөдөн өтүүгө жардам берүүдөбүз. Бир топ ВИЧ илдетине чалдыгып, бизде каттодо турган жарандарга, жоголгон документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөштүк. Мына ушуга окшогон ВИЧ илдетинин зыяндуулугун азайтууга багытталган көптөгөн иштерди аткаруудабыз.

- Сиздерге кайсы Эл аралык уюмдар жардам берип жатышат?
-
Бизди кургак учукка жана безгекке (малярияга) каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд (ГФСТМ) антиретровирустук жана оппортунистик инфекцияга каршы колдонуу-чу дары-дармектер, медициналык каражаттар: үприцтер, контейнерлер, салфетка жана дезинфекция кылуучу каражаттар, презервативдер жана маалымат каражаттары менен камсыз кылууда. Аталган каражаттар облусубуздун дарылоо-алдын алуу мекемелерине да таратылып берилүүдө. Атап айтсак, облустук бириккен ооруканасына, Сузак, Базар-Коргон Ноокен райондоруна жана башка дарылоо мекемелерине жардам көрсөтүлгөн. «Восток-Запад» СПИД Фонду тарабынан биздин борборго Ресурстук борбор ачылып, техникалык жактан жардам көрсөтүлдү. Биздин кызматкерлер тарабынан СААР Эл аралык уюмунун жардамы аркылуу калктын аялуу топторуна жана кош бойлуу аялдар арасында ВИЧ илдетинин таркалышын изилдөө боюнча дозордук эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

- Жакыда АКШга барып келиптирсиз, ал жактагы баңгизатын колдонуучулар ВИЧ илдетин кайсы жолдор аркылуу көбүрөөк жуктуруп жатышат экен?
- Америка өлкөсүндө ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан адамдар миң-деп саналат. Биз барган Вермонт штатында ВИЧ-СПИДке чалдыккан адамдардын көпчүлүгүн гомосексуалдар түзөт экен. Арасында баңги затты ийне менен колдонуучулар да кездешет. ВИЧ-СПИД илдетинин алдын алуу жана зыяндуулугун азайтуу бюнча көптөгөн программалар иштейт жана +кмөт тарабынан каржыланып турат. Дагы бизден айрымаланып, адам укугу анын ичинде баңгиман болобу же ВИЧ илдетинен жабыркаган оорулуу болобу, укугу катуу сакталып, коомчулук тарабынан аларды басмырлоого, кодулоого жол берилбейт экен.

- Баңгизатты пайдаланууну токтотуу үчүн коомчулуктун мына ушул социалдык ооруга карата ой-пикирин жандандыруу багытында эмне кылуу керек?
- Бул маселе боюнча негизинен бүт коомчулук жалпы иш алып барсак жакшы натыйжа берет. Ушул тармакта иш жүргүзүп жаткан бардык уюмдардын натыйжалуу өз дең-гээлинде иштери бар. Ошентсе да, менин оюм боюнча азыр биз баңги затка көз каранды адамдар менен эмес, ошол баңги заттарды ташып саткан, ошондон пайда көрүп жаткандар менен күрөшүүбүз керек. Телевидение, радио, гезиттер аркылуу да бир топ иш чараларды жасоого болот.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Алдыды бир топ эле пландар бар, негизинен имаратыбыз начар. Ошондуктан, башка имаратка көчсөк деп турабыз. Лабораториябыз материалдык-техникалык жактан чыңдоого муктаж. Азыр бул багытка немецтик өнүгүү банкы тарабынан берилүүчү жардамды күтүп жатабыз. Быйыл ВИЧ-СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу кызматынын түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга арналып атайын конференция өткөрүлмөкчү, ушуга даярданып жатабыз.

Маектешкен Анархан Жаңыбаева,
Акыйкат”, 24.08.2009-ж.

Жол кырсыгынан он алты бала каза болду

“Акыйкат”, 26-август, Жалал-Абад. Жалал-Абад облусунда өткөн жети айда жол кырсыгынан он алты жаш бала каза тапты. Ал эми алтымыш бала түрдүү жарааттарды алышты.

Мисалдар менен айта турган болсок, 28-июль күнү Базар-Коргон районунун тургуну Бахрам Алиханов менчик «Фольксваген Гольф-3» автоунаасында Ош багытын көздөй келе жатып, Сузак айылынын 14 жана 13 жаштагы тургундары Саматжан Вахабов менен Нематилло Абдувахаповту уруп кеткен. Натыйжада, Саматжан окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми Нематилло оор жараат алып, Сузак аймактык ооруканасына түшкөн…

Жол кырсыгынын алдын алуу боюнча, облустук Жол кыймылынын коопсуздук бөлүмү тарабынан алдын алуу иштери тынымсыз өткөрүлүп жатса да, тилекке каршы, кырсыктар улам катталууда.

Жол чекелерине түрдүү «Көңүл бургула, балдар!», «Ылдамдыкты азайтуу» сыяктуу белгилер көп орнотулуп жатканы менен айрым айдоочулардын кайдыгер мамилеси жол кырсыгын келип чыгарууда.

Деген менен кырсыктар жалаң айдоочулардын күнөөсү менен болуп жатат десек да жаңылышабыз. Ата-энелердин балдарды кароосуз калтырышы, жол эрежесин сактоого үйрөтпөгөнү да жагымсыз окуялардын болушуна себеп болуп жатат.

Жети айдын ичинде эле облустун аймагында 72 жол кырсыгы катталгандыгы, андан он алты жаш бала каза болуп, алтымыш бала ооруканага түшкөнү - жол эрежесин сактасак, көз жаштардын азайышын билдирип турат…

Үсөн Жумашев,
Жалал-Абад ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн жол

кырсыгынын алдын ала иш жүргүзүү инспектору
,
“Акыйкат”, 24.08.2009-ж.

Азырынча балдар чатырларда окушат

“Акыйкат”, 26-август, Жалал-Абад. Токтогул районунун Толук айылындагы Мамбет Бекболотов атындагы орто мектептин имаратына чагылган тийип өрттөнүп кеткени тууралуу кабар бүт Кыргызстанга чагылгандай тез таркады.

Кырсык болгон жерге Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жетип келип, жергиликтүү эл менен жолугушту. Аны менен кошо Токтогул районунун акими Т.Чотоев, райондук кеңештин төрагасы Т.Эсенкулов да келип, Толук айылынын элинен кабар алышты.

Эл менен болгон жолугушууда министр К.Ташиев өрттөнүп кеткен мектептин окуучуларынын окуусу үзгүлтүккө учурабашы үчүн ар бирине 40тан окуучу сыя турган 5 чатыр тигилгенин билдирди. Чатырлар бардыгы жылууланып, асты полдонгон, бул чатырларда окуучулар окууларын кадимкидей уланта алышат. Ал эми жаңы мектеп бышкан кыштан салынып, спорт залы менен кошо кийинки окуу жылынын ачылышына ишке түшүрүлөрүн да жетекчилер айыл калкы менен жолугушканда айтышты.

Айылдык балдар үчүн кам көргөн министрликке, облустун жана райондун жетекчилерине Толук айылынын эли чексиз ыраазы.

Исабек Токтогулов, “Акыйкат”, 24.08.2009-ж.

Нарындык журналисттерге экономика боюнча семинар болуп өттү

“Аймак-news”, 26-август, Нарын. “Экономика, финансы жана бюджетти талдоо маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу” аттуу аталыштагы Нарын шаарындагы эки күндүк семинарга жалпы 13 журналисттер катышты.

Нарын шаарында 24-25-август күндөрү “Naryn.KG” медиа борборунда журналисттер экономикалык теориянын өнүгүү этаптары, базар экономикасынын негиздери, 2009-2011-жылдардагы өлкөнүн өнүгүү стратегиясы, 2010-2012-жылдар үчүн бюджеттин орто мөөнөттө болжолдонушу, КР нын салык кодекси жана Нарын шаарынын бюджетине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча сабак алышты. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана каржы комитети бөлүмүнүн сектор башчысы Абдыкайым Оморов тренерлик кылды.

Кошумчалай кетчү нерсе, аталган семинар окууну Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылоосу менен “Naryn.KG” медиа борбору өткөрдү. (Токтосун Шамбетов)

Түнкү көчөлөргө иттер ээлик кылууда

“Аймак-news“, 26-август, Баткен. Баткен шаарында иттерге байланыштуу коопсуздук маселеси каралды.

«Баткенде түнкү саат 22ден кийин сыртка чыгуу кооптуу болуп калды. Шаар, айыл көчөлөрүнө түнкүсүн иттер ээлик кылууда», - деп билдирилди Баткен райондук кезектеги аппараттык жыйынында.

Бул боюнча Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.Ташполотова райондук ветеринария, саламаттык сактоо, санитардык жактан тейлөө башкармалыктарынын жетекчилерине кутурма ооруусун алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырмаларын берди.

Мындан тышкары, жыйында Баткен талааларында чөө-бөрүлөрдүн саны кескин өсүп, кээде айыл жерлерине жакын кирип келген учурлар катталгандыгы, мамлекеттик чек ара дегенди билбеген жырткычтар бирде Кыргызстан, бирде Тажикстан тарапка ооп жүрүп, жугуштуу оорууларды ташып жүрүүчүлөрдүн чок очогуна айланып калуу коркунучу туурасында райондук ветеринария башкармалыгынын адистери катуу эскертүүнү беришти. (Жылдыз Шайдуллаева, Бегали Рысбаев)

Баткендин он жылдыгына арналган китеп даярдалууда

“Аймак-news“, 26-август, Баткен. Баткен облусунун 10 жылдыгына карата китеп даярдалууда

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата атайын көркөм жасалгадагы сүрөттөрү менен камтылган «Алтынбешик эл-жери» деп аталган китеп даярдалууда . Китептин автору, Баткен аймагына кеңири белгилүү жазуучу, журналист Аскаралы Ражабалиевдин айтымында, китепте Баткендин облус болуп түзүлгөндөн берки тарыхы, социалдык, экономикалык жана саясий-социалдык абалы туурасында макала-баяндамалар камтылып, Баткен коогалаңы, ага катышкан жоокерлер туурасында материалдар берилген. (Жылдыз Шайдуллаева, Бегали Рысбаев)

Түн ичинде жүргөн 30 бала кармалды

“Аймак-news“, 26-август, Баткен. Баткен шаарында түн ичинде жүргөн өспүрүмдөр менен иш жүргузүлүүдө.

Эки күн аралыгында Баткен шаары ичинде жүргүзүлгөн рейд учурунда, тагыраак айтканда 22-август түнкүсүн жүргөн 16 жашка толо элек 12, 23-август түнү 18 өспүрүм көрсөтүлгөн сааттар аралыкта кармалган.

Мындай түнкү рейддер Баткен шаардык милиция бөлүмү тарабынан Баткен шаарынынын аймагында 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана жоюу максатында жүргүзүлүүдө. Аталган бөлүмдү жетекчиси Ж.Абдырахмановдун айтымында, рейд саат 22:00дөн саат 04:00гө чейин жүрүүдө.

Түн ичинде өзү-башынча жүргөн жеринен кармалган өспүрүмдөрдүн аты-жөнү даректери тастыкталып, ата-энелери чакыртылып, алгачкы ирет кармалганда, эскертүү берилери, экинчи ирет тийиштүү каттоого алынары эскертилүүдө. (Жылдыз Шайдуллаева, Бегали Рысбаев)

24.08.2009

Кайра жаралган “Боз- Салкын” эл алдында

“Аймак-news”, 24-август, Каракол. Учурунда атагы алыска кеткен Ак-Суу районунун “Боз Салкын” элдик ыр-бий ансамбли азыр экинчи жолу төрөлүп, тушоо кесүү концертин берди.

Союз жылдарында алыскы өлкөлөргө чейин таанылып, кыргыз маданиятын даңктап, кийинки убакта тарап отуруп, аты калып, өзү жоголуп кеткен “Боз -Салкын” элдик ыр-бий ансамбли калыбына келтирилди. Раймамадминистрациянын демилгеси жана колдоосу менен эл арасындагы таланттар менен ансамбль кайра толукталып, жаңы кийимдер тиктирилип, заманбап аппаратура алынып жаңыдан экинчи жолу жаралды.

Ысык-Көл облусунун 70-жылдык мааракесине жана Эгемендүүлүк күнүнүн алдында кош майрамы менен куттуктаган “Боз-Салкын” ансамбли облустун элине ыйык рамазан айынын биринчи күнү, тагыраак айтканда 21 августта Караколдогу К.Жантөшев атындагы драма театрында бет ачар концертин тартуулады.

“Жаратыш кыйын, ал эми кыйраганды кайра оңдоп жаратыш андан да кыйын. Ошол кыйынчылыктарды жеңип, элдик таланттарды , кылымдар бою мурас болуп келе жаткан маданиятыбызды алып чыгып жандандырган Ак-Суу районунун башчысы Б.Купешевге баштапкы жана азыркы “Боз-Салкындын” жаратуучусу З.О.Камбаровага терең ыраазыбыз, - деди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, К.Жантөшев атындагы драма театрынын директору Марат Алышпаев. -Ансамблдин жаңы мууну да мурдагыдай деңгээлде бутуна туруп, чет өлкөлөргө чейин кыргыз маданиятын таанытып, намысыбызды колго алган, кылымдарга жашап уламышка айланган ансамблдардан болооруна тилектешмин жана ишенем”.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул концерт учурунда облмамадминистрациянын маданият жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы А.Бейшенова ансамблдин жаш артисти Б.Сагынбаевага “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамды тапшырды. (Жаныгүл Мамакеева)

Таластагы АЗСтер стандартка жооп береби…

“Talasnews, 24-август, Талас. Талас областындагы АЗСтердин талаптарга туура жооп бербегендигинен, акыркы эки айдын ичинде адамдын өлүмү, жабыр тартышы жана май куюуучу жайдын өрттөнүп кеткендиктери катталган. Ошол себептерден маселелер козголуп, 21-августта Талас Медиа борборунун залында жергиликтүү журналисттер менен атайын ылайыктуу адистердин башын бириктирип жалпы жумурай журтка маалымдоо үчүн «АЗСтердин курулушу жана экологияга тийгизген таасири» деген темада тегерек стол болду.

azs

Бул иш чаранын негизги максаты, АЗСтерден жарандарга тийип жаткан кесепеттүүлүгү жана экологияга тийгизген таасирин жергиликтүү журналисттер аркылуу элге маалымдоо. Ага шаардык АЗСтердин жетекчилери, айлана чөйрөнү коргоо инспекциясы, областтык соода жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы, шаардык мэрия, финансы полиция кызматы, салымдар жана жыйымдар бөлүмү, наркологиялык диспансер, өрт өчүрүү кызматынын адистери жана жергиликтүү журналисттер катышышты.

«Авто май куйуучу жайлардын курулгандары дээрлик мыйзамсыз, талаптарга жооп бербейт» - деди Талас району боюнча өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Рустам Чулуев, жогорудагы өткөрүлгөн иш чарада.

Ал сөзгө каршы, Ч.Айтматов (мурунку Ленин) көчөсүндө жайгашкан «Ботом» АЗСинин жетекчиси Чолпонкул Сарталиев: «Биз өрткө каршы шаймандарды гана карайбыз, ал эми, финансы жагын андан кийин. Биздин АЗС бардык стандартка жооп берет, операторлорду атайын окутуп, талаптарга жооп берерлигин көзөмөлдөп турабыз». Себеби, мунун баары оздорунун кызыкчылыгы экенин жана кырсыктар болсо өздөрүнө кесепет алып келерин Чолпонкул Сарталиев өзү далилдеди.

Андан тышкары көчөдөгү үй-үйлөрдө бензиндин жана ар кандай күйүүчү майларды сатып жаткандардын санын азайтуу үчүн биздин шаардын стандартына ылайык келе турган АЗСтердин көп-көп курулушун, Талас областы боюнча финансы полициясынын кызматкери Улан Бекбосунов сунуштады. Ушул суроону толуктап, областтык наркологиялык диспансердин врачы Зарема Абылгазиева, бензиндин зыяндуулугу жана аны менен дем алганда адамда бир топ оорулар пайда болоорун белгиледи.

Мамлекет тарабынан бензин саткан жеке ишмерлерге эч кандай чара корулбогондугу жана бул корунушту тыюууга ылайыктуу закон жок экендигин Санэпидемстанциянын врачынын жардамчысы Таалай Өскөнбаев айтып билдирди.

Жыйынтыгында, катышуучулар май куйуучу жайлардын стандарт менен иштоосун шаардык мэрия колго алып, козомолдоосу керек, дешти. (Салтанат Досмамбетова)

Ысык-Көл областындагы биринчи көтөрүлмө жол (пандус)

“Issyk-kulpress”, 24-август, Каракол. Бардык цивилизациялуу мамлекеттерде көтөрүлмө жол майып коляскасы менен чыгып түшкөнгө мурда эле курулуп, азыр өзгөчө көңүл бура турган обьект болуп саналбайт. Ал эми бизде буга көңүл бурулбай келет. Анткени, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйү бийликтегилерди тынчсыздандырбайт.

bytilka

Караколдо көтөрүлмө жолду кол менен санап чыкса болот. Мындай ишке кээ бирөө нааразы болсо, кээ бирөө критикалап, ал эми кээ бирлери башкалардын жардамы жок , өзүлөрүнүн көйгөйүн өзүлөрү чечип жатат. Мисалы, “Равенство” майыптардын союзу жана “Журналист үйү” коомдук бирикмеси №5 орто мектептин тепкичине көтөрүлмө жол мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жасашты. Жаңы окуу жылында алар эч кандай көйгөйүү жок мектепке бара башташат.

Бул ишти Кыргызстандагы ПАКТ Инк “Тең укук -сөздөн ишмердүүлүккө” долбоору аркылуу ишке ашып жатат. Көтөрүлмө жолдун курулушунда “Равенство” коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова анын фундаментине мектептин мугалимдери, ата-энелер жана Ысык-Көл областынын майыптар союзунун атынан калоо-тилегин айты. Калоо-тилек айтып жатып Гүлмира Казакунова төмөнкүлөргө токтолду: -№5 мектепке көтөрүлмө жолдун курулушу биринчи жолу. Караколдо коляскадагы майыптар көп, алар мектепте жок, дүкөндөрдө жок поликлиникада кээде эле көрөсүң. Эмне үчүн? Алар үйлөрүнүн чыга алышпайт. Шаардын көчөлөрү коляска менен жүрүгө ылайыктуу эмес.

Бардык курулуштар майыптардын кызыкчылыктары жок курулуп жатат жана муну токтотуш керек. (Равиль Вахитов)

Ысык-Көлдө кырк эки жыл

“Ысык-Көл кабарлары”, 24-август, Каракол. Өткөн өмүр дарегинен сөз козгоп, баарлашкан адамым -сексен жети жаштагы отставкадагы полковник Абдрахманов Тезекбай. Анын өмүрүнүн кырк эки жылы Каракол калаасында өткөн. Ал өзүнүн аркалаган кызматтары, бийик адамкерчилиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, кары-жаш дебей баарыга бирдей жасаган мамилеси боюнча караколдуктардын сый урматына ээ болгон ардагерлердин бири.

1922-жылы Теэекбай аба Жамбыл областындагы Курдай районуна караштуу Карасай Баатыр айылында жарык дүйнөгө келген.

1933-жыл казак туугандарыбыэ үчүн кандай оор жыл болгонун биздин аталарыбыз жакшы билишет. Ошол жылы катуу кургакчылык болуп, айыл-кыштактарды ачкачылык каптайт. Ошондон бир аз мурда Тезекбай абанын ата-энеси Чүй районундагы Кегети айылына жер которуп келишет. Аларды түбүбүз бир эмеспи деп, кыргыэ журтчулугу койнун ачып, жылуу тосуп алышат.

Тезекбай абанын ата-энеси «Кегети» совхозунда жумушка орношуп, иштеп калышат. Совхоздо алардын жашоосу жаман болгон жок. Эн, негизгиси - тамак-аштары кенен.

… Тезекбай аба Кегетиден башталгыч мектепти бүтүргөндөн кийин “Кегети” совхозунун каражаты менен ачылган Токмоктогу мектеп-интернаттан окуп калат. Интернатта окуган үч жыл анын жашоо турмушка , эртеңки келечегине карата болгон көз карашыт өзгөрттү. «Сен жөндөм-шыгыңа жараша кесипти азыртадан тандагын» деген тарбиячылардын, мугалимдердин акыл-насаатынан улам ал жетинчи классты бүткөнөн кийин Токмоктогу айыл чарбасын механикалаштыруу техникумуна кирет. Ал кезде техникумда окуткандарга бекер тамак-аштан, кийимден тышкары стипен­дия берилүүчү экен.

Кыркынчы жылы эл аралык абалга байланыштуу техникумга мамлекеттен бөлүнүүчү акча кыскарып, студенттер тамакка 150 сомдон (ошол кездеги акча менен) төлөмөй болушат. Ошондон улам жашоо турмуштары начарлардын балдары окуусун таштап кете башташат. Тезекбай абабыз да техникумдан кетээрин билдирип, директорго арыз жазат.

-Отличниктерди кетирбейбиз. Мен сага окуудан тышкары убактында маяна төлөй турган иш таап беремин,- дейт директор жергиликтүү радио берүүнүн жетекчисине кайрылып, Тезекбайды дикторлукка орноштурат.

-Окуудан кийин бир саат жергиликтүү радио берүүдө иштей баштадым. Тийиштүү маянамды алдым. Анан стипендия менен мая­намды чогултуп, Изат энеме көйнөк сатып келип бердим: «Адам болуп, бизди багат деген ушул»- деп, жалынган сөздөрү эсимен кетпейт,-деп күлүп койду.

-Радио аркылуу сүйлөгөн сөздөрүнүздөн эсиңизде калгандарды айтсаңыз?-Суроо узаттым. Анын өңү өзгөрө түшүп: -Алаамат согуш башталганда Молотов менен Сталиндин элге кайрылуу сөзүн окудум. Миллиондордун жүрөгүн титиреткен ошол кайрылуу күнү бүгүн эсимде…

Тезекбай аба, 1941 -жылы техникумдун акыркы курсунан Советтик Армиянын катарына алынат. Меха­низация жагынан билими бар Тезек­бай аба июль, август айларында Кострома шаарындагы аскердик окуу жайдан сапердук кесипке даярдоодон өтөт. Ошондон улам чыгыш Прусеияда взводдун командири болуп душманга каршы согуш операцияларына катышат. Жаалданган душмандын чабуулун канбуугандай токтотуш үчүн түн жамынып, алар келүүчү мерчемдүү жерлерге миналарды коюшуп, жүздөгөн фашисттик солдаттарды канжуткузуп, танкаларын согуштук машиналарын жардырышат. З-Белорусс фронтундагы сапердук взводго командалык кылып, Кенигсберг шаарын бошотууга каты­шат.

1944-жылы Ленинграддагы аскердик -инженердик окуу жайында окуп, өзүбүздүн да, душмандын да ар кандай кубаттуулуктагы миналар­ды колдонуу боюнча билимин өркүндөтөт.

-Тезекбай аба саперлордун артиллеристтерден, танкистерден, жөө аскерлерден өзгөчөлүгү кандай? Деген суроомо ал мындай жооп узатты.

-Жаалданган душман жеңилип, чегинип баратканда биздин жоокерлердин чабуулун токтотуш үчүн жүздөгөн миналарын жерге жашырып кетишет. Чабуулга өтүшкөн биз­дин жоокерлерибиз, танкаларыбыз, механикалаштырылган техникаларыбыз жер менен жер болуп, «жашынып» жаткан миналарга кабылбас үчүн аларды жардырбай жок кылуу саперлордун милдети. Бул өтө кылдаттыкты, чеберчиликти талап кылат. Кичине эле жаңылыштык кетирсең жарылып, өзүңдүн гана эмес, башкалардын да өмүрүн алып кетет. Ал эми бир танканын жарылышы эмнеге турарын ойлоп көрчү душ­ман жалданып турганда… Бизден деле байкабастыктан, кылдатсыздыктан миналар жарылып, жоокерлердин өмүрлөрү кыйылган техникалар талкаланган окуялар болгон. Кайсы жерден кандай мина жатат деп, жүрөгүң опкоолжуп, бүткөн боюң титиреген согуш талаасын унутпайм го башкаларды унутсам да,-деп күрсүнүп кой­ду, адам баласы мындан ары согуш деген алааматты көрбөсүн дегендей.

-Совет элинин болоттой ширелишкен биримдиги жоокерлерибиздин каармандыгы менен, канкорлордун туусу жыгылып, миллиондордун окко учкан өмүрлөрү менен, тарых билбеген кыйроолор менен, кургабас көз жашы менен жаралган Улуу Жеңиштен кийин сапёрлор үчүн «ички согуш» бүткөн жок дейсиз. Муну кан­дай түшүнсө болот?-деп кайрадан суроо салдым. Ал ойлоно түшүп: -Сен Волгоградда болгонсуңбу?- деп мага суроо узатты.

-Болгомун. Биздин аскерлер Германиядан чыгарылгандан кийин ра­кетчик уулум Нурлан Сталинградга келип, кызмат өтөп жатканда барганбыз.

-Мамай дөбөсүн, Трактор заводун көрдүңбү?

-Көргөмүн.

-Немецтик солдаттар Мамай дөбөсүнө, заводдун айланасына, башка да маанилүү объектилерге жүздөгөн миналарды жашырып кетиптир. Ошол тымызын жаткан тилсиз «душманды» жок кылуу биздин взводго милдеттендирилген. -Ал сөзүн токтотуп, айтсамбы же айтпасамбы дегендей, мени карап алып, Сталинградга канмайданда жүрүп кол кармашкан жолдошу Тамара Алексеевна менен барганын баяндай баштады.

-Махабат дегенин-башынды байлап алган өзүнчө эле күч тура. Ошол күчкө Белоруссиянын Бобруйск шаарында 1946-жылы кабылдым. Анда мен взводдун командиримин. Тамара болсо самолёттордун учушун байкоочу атайын пунктта иштейт экен.

-И-й,анан. Тамараны көргөндө эле башыңыз айлана түштүбү?-деп тийише чымчылай суроо узаттым.

-Ох, ты. Муну кара…-деп күлүп койду.

-Анда келбетинизге келишкен офицердик формаңыз боюңузга да, оюңузга да жарашкандай көрүнгөн, жигиттиктин толуп турган курагы жыйырма төрт жашта экенсиз. Демек, Тамаранын да көңүлүнө толгон сулуулугу, жайдары мүнөзү, мээримдүү мамилеси да ошончолук болсо керек?

-Ооба, ошондой болгон:-Ал ордунан туруп, китептекчессиндеги альбомдордун эскирип калганын алып, алдыма койду. -Мында Тамара экөөбүздүн кол кармашып, бирге жашап жаткан элүү төрт жылда түшкөн сүрөттүрүбүз бар. Ошолордон бир сүрөттү кргөндө Сталинграддагы окуя эсиме түшөт, түшүмө да кирет,-деп альбомду алдына жылдырып, барактай баштады. Кадала карап калганы катардагы эле жоокердин сүрөтү. Жумуш убагында түшкөн экен. Колунда кыска саптуу өңүнө караганда кыргыз же казак.

-Бул жоокер -казак боорум эле. Бир жолу квартирабызга келип: «Агатай, ата-энеме кат жөнөттүм, «жакында барабыз» деп. Жол карашып, чыдамсыздык менен күтүп жатышкандыр. Аябай сагындым…» -Ушундай тилеги жакшы эле…

-Анан эмне болду?

-Ошол күнү взводго жаны толуктоолор келип, аларды кабыл алып жатканбыз, медсанбаттын врачы экөөбүз. Капысынан эле казак боорум энтендеп кирип келип: -Жолдош капи­тан, Тамара Алексеевна кыйналып атат, тез барбасаңыз…-дейт, башкаларга көңүл бурбай. Анын келгенинин себебин дароо түшүнгөн врач халатын да чечпей, Тезекбай абаныкына жөнөйт. Тез эле келип, өтө кый­налып калган Тамара Алексеевнанын төрөтүн кабыл алып, эне менен наристенин өмүрүн сактап калат. Ошентип, Абдрахман абанын эки жашар Людадан кийинки экинчи кызы Света Сталинградда жарык дүйнөгө келет.

-Кудай айдап, казак боорум биздикине келбегенде Тамарамдын тагдыры кандай болмок!?-Ал сөзүн токтотуп кайрадан суреттен кезун албай каргылданып, сезун улантты. -Кайран туусканым, согуш кайнап турганда окко учпай ,Улуу Жеништен кийин капысынан мина жарылып, тилегине жетпей калбадыбы…

Согуштун кан күйгөн жылдарында эки жолу душмандын огун жеген Тезекбай аба фашистерден өч алыш үчүн взводу менен миндеген мина­ларды согуш талаасынан тазалап, миңдеген жоокерлердин өмүрүн ажалдан алып калган, ондогон ишканаларды, завод-фабрикаларды кыйроодон сактап калган. Венгрияда беш жылдан ашык офицердик милдетин аткарган.

1967-жыл. Тезекбай абанын өмүрүндөгү унутулгус жыл. Ал Кыргызстанга жиберүүнү өтүнүп, Жогорку Комяндованиеге рапорт жазат. Жыйырма жети жыл Советтик Армияда командирлик милдетин кынтыксыз аткарган майор Тезекбай Абдрахмановдун өтүнүчү боюнча аны Кыргызстанга жиберет. Республиканын аскер комиссариатынын комиссары, генерал Самсалиев кабыл алып, Пржевальск шаардык аскер комиссариатынын старший жардамчысы болорун айтып, ишине ийгилик каалап узатат.

Майор чини менен келген Тезек­бай абабыз бир жылдан кийин шаар­дык аскер комисариатынын комисса­ры болуп, аскердик тартипти катуу сактагандыгы, так иштегендиги, шаардын коомдук иштерине активдүү катышып жүргөндүгү, эң негизгиси Ата Мекендин ыйыктыгын жүрөгү менен сезген, анын коопсуздугу үчүн кызмат кылуучу жаштарды тарбиялоого, келечегине багыт берүүгө аракеттенген комиссар полковниктик чин ме­нен 1973-жылы ардактуу эс алууга чыгат.

Шаардын гана эмес, областтын жетекчилигине да аткарып келген иши, уюштургучтук жөндөмдүүлүгү менен таанылган Тезекбай Абдрахмановичти Каракол шаардык кооперативдик окуу жайын жетектөөгө ишеним көрсөтүшөт.

-Менин педагогдук билимим жок. Ал эми директор деген, окуу-тарбия иштерин билбесе, окуучуларга тарбиячыларга кандай багыт берет? Деп кооптонгонун жашырбайт.

-Тартип болсо, иш болот. Сиз аскерчесидей эле коллективде тартипти сактоо менен алардын оюн да угуп, айрым маселелерди акылдашып, калыстык менен чечсениз, ишиниз жүрүп кетет. Кыскасы, биз сизге ишенебиз.

-Ошентип, жогору жактагылардын жолдомосу менен директор болуп иштеп калат.

Кийинки жылдын жаз айы. Чарбаларда койлордун кышкы төлү башталып калган. Сабак башталагандан кийин кабинетине өзү менен кошо кирген орун басары студенттердин тизмесин алдына коюп:

-Ушуларды колхозго сакманга жибергени жатабыз. Сиз кандай дейсиз?-Ап бүгүн чарбадан киши ке­лип, студенттерди алып кетерин кошумчалайт.

Тизмеге киргендер он үч-он төрт жаштагы кыздар эле. Тезекбай аба тизмеден көзүн албай:-Сакманга жыл сайын жибересиңерби?

-Жыл сайын. Чарбалардын өзүлөрүнүн кишилери жетишпей калгансып…

-Шаардын жетекчилеринин пикири кандай?

-Кол күчү жетишпей жатса, шаардыктар жардам бербегенде ким жардам берет дешет.

Жаш кыздардын кыштын какаары кетелекте сакманчылыкка барышы директорду ойлондурбай койбоду. Ал эки жумадан кийин кыздардын кандай шартта иштеп жатышкандыгын барып, көзү менен көрүүнү чечет.

Директор кыздары сакманда иш­теп жаткан чарбанын бирине эле барган күнү кар аралаш жаан жаап аткан. Кыздардын үстүндө шакшактаган жука халат. Буттарында суу бол­гон ботинка. Бири жаныдан жерге түшкөн козуну чөп-чардан тазалап, энесине эмизүү менен алектенсе , экинчиси энеси жерип эмизбей калтыраган козуну көтөрүп алып, эмне кылаарын билбей турганын үчүнчү кыз очоктун мандайында таманы ажыраган ботинкасын чечип, бутун жылытып жатканын көзү менен көрүп, зээни кейиди. Көргөндөрүн бой тартып келаткан кыз балдардын кандай шартта иштеп жатканын чарбанын жетекчилерине сөз кылган жок. Эртесинде партиянын областтык комитетинин биринчи катчысы Арстанбек Дүйшеевдин кабыл алуусунда болуп, кыздардын сакманга кан­дай шартта иштешип жаткандыгын боёктобой, болгонун болгондой айтып берет. Айыл жаштарынын кыйласы кече таптап жүргөнүн кошумчалайт, окутуучулардын атынан кыз балдарды чарбаларга айрыкча сакманга жибербөөнү өтүнөт. Ошондон улам абалга түшүнгөн биринчи катчынын буйругу менен кыздар сакманчылыктан бошотулат.

-Окутуучуларыбыздын, өзгөчө кыздарыбыздын кубанычтарын сураба. Ошондон баштап, окуу- тарбиялык иштерибизде өзгөрүүлөр боло баштады. Директор болуп, он эки жыл иштедим. Кооператив окуу жайларынын Бүткүл Союздук кароо-сынагында II орунду жеңип, СССРдин керек-жарак кооперациясынын Борбордук Союзунун отличниги болдум,- деп Тезекбай аба сыймыктана төш белгисин көрсөттү.

Теэекбай Абдрахманович жаштарга ордун бергенден кийин областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасы, анын орун басары болуп, жыйырма бир жыл иштее менен согуш жана ооруктагы эмгек ардагерлеринин күндөлүк жашоо - турмушундагы көйгүй маселелерди чечүүдө областтык, райондук, шаардык жетекчилер, жергиликтүү органдар менен бирдикте иш жүргүзгөндүгүн да белгилеп кетсек болот.

Ак дил, эмгекчил адамдын эли үчүн, Ата-Журту үчүн абийирдүүлүк менен аткарган иши бааланбай калбайт тура. Тезекбай Абдрахманович согуштун кандуу жылдарында көрсөткөн каармандыгы үчүн эки жолу Ата Мекендик согуштун I даражадагы жана «Кызыл Жылдыз» ордендери, бир топ медалдар, эки жолу И.В.Сталиндин алкыш баракчасы, ал эми согуштан кийинки жылдардагы эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, 1997-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган жана шаардык Кеңешке депутат, республиканын съездерине делегат болуп шайланган. Анын ушунчалык сыймыктангандыгы-делегаттар менен Улуу Манастын 1000 жылдык салтанатына, 1995-жылдын 9-майында Москвада өткөрүлгөн Жеңиш күнүнө арналган парадга катышкандыгы.

Баарлашуубуз соңуна чыгып калганда жанында альбомдогу сүрөттөрдү карап олтурган Тамара Алексеевнага бурулуп: - Экөөбүз Ысык-Көлгө келгени көлдүк меймандос, пейили кенен, ак көңүл, дили таза туугандардын урмат -сыйынан башка «сен», «мен» деген сөздү уккан жокпуз. Эми кошумчалап айтаарым мындай. Кыздарыбыз Люда, Света, Галия жана күйөбалдарыбыз, неберелерибиз: «Карылыкка моюн тосуп калдыңар. Алдыда кандай тагдырлар турганын ким билет, ошондуктан, бири-бирибизге жакын бололу» дешкенин туура көрүп, Астанага бармай болдук. Бирок, ыйык көргөн Ысык-Көлүбүз менен, Ала-Тообуз менен, дилибиз бирге болуп калган көлдүк туугандарыбыз менен коштошуу биз үчүн өтө оор болуп атат. Кайрылып көлүбүзгө, кара бактуу Каракол калаабызга келебизби… ким билет. Келе албасак да тааныштарыбызга, жалпы көлдүктөргө ачык асман, бейкут турмуш, ырыс алды ынтымак каалайбыз. “Дайыма бар болунуздар!”, - деп Тезекбай Абдрахманович каалоо-тилегин айтып: -Жалпы көлдүктөргө сүйүктүү газетам «Ысык-Көл кабарлары» аркылуу башыбызды ийип, ак дилибизден чыккан ыраазычылыгыбызды маалымдап коюуну акын, чыгаан журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, башкы редактор Эгембердиев Абдыжапардан өтүнөмүн,-деп амана-тын айтты.

Темирбек Мамбетисаев, Ысык-Көл кабарлары”

Китепкана ишинде кыймыл бар

“Түп жаңырыгы”, 24-август, Каракол. “Биздин Түп айылдык округуна тиешелүү райондук балдар китепканасында жеке эле окуучу балдар эмес чоңдордун да аягы тыйылбайт. Фонддо 13543 китеп бар. 318 абонентти китепкананын башчысы Т.Федотова экөөбүз тейлейбиз”, - дейт башкы китепканачы Б.Токобаева.

Балдар китепканасы татынакай окуу залы, окурмандарын күткөн, китептер тыкан жыйылган абонент комнатасы жана балдар бакчасынын тарбиялануучулары белгиленген мезгилде экскурциялап кетишкен «жомоктор бөлмөсүнөн» турат. Окуу залында «Ысык-Көл облусуна 70 жыл» жана «Област менен жашташ китепкана», «Китепкана жылы» аттуу атайын бурчтар жасалгаланган. Атайын чыгарылган бурчтар облустун 70 жыл ичинде басып өткөн тарыхый жолу, өсүп-өнүгүшү, облус менен жашташ балдар китепканасынын окурмандарды тейлөөдө аткарып жаткан иштер чагылдырылган.

-Китепкана райондук балдар китепканасы болсо, бирок өзү Түп айылдык округунун балансасында турса, айылдык округ тараптан камкордук көрүү кандай?

-Ойдогудай десек жанылышпайбыз,-дейт Б.Токобаева,- жыл сайын башка китепканаларга салыштырмалуу балдардын газет-журналдарынан баштап Кыргызстанда чыккан басылмаларга, россиялык газет- журналдарга чейин айылдык округ жаздырып берет. 2008-жылдын декабрь айында Түп айылдык округу 25 мин. сомго жаңы китептерди сатып берсе, быйыл адаттагыдай эле басма сөзгө жаздырышып, ремонт иштерине акча бөлүп берди. Балдар китепканасына түстүү телевизор ДВДиси менен алып берди. Азыр китептин баасы өтө кымбат экени баарыбызга белгилүү. Ошондой болсо да, жыл сайын китепканабыз жаңырып, толукталып турат.

Мектеп окуучулары сабакка келери менен «Ысык-Көл облусунун жа­на районубуздагы китепкананын 70 жылдыгы» кош майрамын тосуп алуу үчүн окуу конференциясы менен окурмандар катышкан маданий иш чараларды өткөрүү пландаштырып жатабыз.

М. Иманалиев, “Түп жаңырыгы

Таластагы Оро айыл округундагы мектепте балдардын рэкет маселеси каралды

“Аймак-news“, 24-август, Талас. Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл округунун Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектебинде өспүрүмдөр арасындагы салык салууну токтотуу боюнча жыйын болду.

Өспүрүмдөр арасындагы рэкет маселеси 14-августта Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл округунун Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектепте өткөн жыйында каралды. Ага айыл аксакалдар соту, аялдар кеңеши, айыл башчылары, мугалимдер жамааты жана Бакай-Ата раймамадминистрациясынын кызматкерлери катышышты.

Чогулушта аталган мектептин директору, тарбия иштери боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан алынышты.Ошондой эле, атайын ата-энелер менен мугалимдерден уюшулган өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө тобу тузулду.

«Бул кылмыш иштери мектептин айланасында болгондон кийин мугалимдер көзөмөлдөөгө тийиш»,-дейт айыл башчысы Умен Төрөгелдиев.

Мектеп директору Бурултай Момбекова: «Окуучулар мектепте 6 саат гана болгондуктан, андан тышкаркы убакытка биз жооп бербейбиз. Ата-энелер балдарын жакшылап карабагандыктан ушул көйгөй келип чыгууда», - деди.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2008-2009-окуу жылынын соңунда аталган мектепте өспүрүмдөр арасында коркутуу-үркүтүү, салык салуунун кесепетинен бир окуучунун өмүрү кыйылган болчу. (Сыргак Раимканов)

Жаштардын келечекке көз карашы кандай?

“Эмгекчил”, 22-август, Каракол. Бир мезгилдерде жалындаган жаштардын демилгеси күчтүү болуп, ар кандай коомдук иштерде алдыңкылардын катарында болуу менен ар дайым жоопкерчиликти жогору сезген пионер, комсомол жана алардын мүчөлөрү болгон эле. Алардын желбиреген кызыл жагоосу, төшүнө таккан значогу ким экендигин тастыктап турчу. Пионер менен комсомолдун катарына өтүүнүн өзү эле канчалык сыймык болгон. Барабан кагылып, ар бир пионер отряддарынын девизи айтылып, хору ырдалып, ра­порт берип, комсомолго мүчө болоордо устав менен таанышып, анан комсомолдук жыйындан соң, билет алып, комсомолдун катарына толук мүчө болуп кирген кездер кез алдыңа тартылып өтөт. Ал мезгилдерди канчалык айтып, жазсак да, өткөн чак кайра бир кайрылып келбейт.

Азыр деле мына ушундай активдүү, демилгелүү, ак ниетим менен иштейм деген алдьңкы жаштардан уучубуз кур эмес. Ара жолдо калган жаштардын маселеси кайрадан көтөрүлүп, учурда бир топ жакшы иштер жаралуу менен өз натыйжасын берүүдө десек болот. Жаштардын актуалдуу маселелерин көтөрүп чыгып, өздөрүнүн сын-пикирлерин айтып, жаштардын келечекке болгон көз карашын жандандыра алабыз деген ой толгоолору менен алдыга сурулуп чыгып жаткан районубуздун жаштарынан көптү күтүүгө болот. Жакында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Төлөнгүтова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Рахимдинова, райондук жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Амантур кызы Жылдыз Кажы-Сай, Тон, Төрт-Күл, Ак-Терек айыл округдарынын жаштары менен жолугушуп келишти.

Тоң айыл округунун жаштар уюмунун төрагасы Дастан Бекжанов, «Аттан» жаштар уюмунун жетекчиси Бакыт Рысбаев, Куттубек Муканбетов өз ойлорун ортого салып, чындыгында жаш­тарга көп көңүл бурулбай калгандыгын, айылда спорт площадкасы жок экендигин, ошондой эле жер-жерлерде уюштуруу иштери начар болуп жаткандыгын баса белгилеп өтүштү. Жаштар өздөрү менен өздөрү бо­луп калган. Жаштарга талапты коюу менен тыгыз иш алып барып, тез-тез ушундай жолугушууларды, семинар, тегерек столдорду уюштуруп турсаныздар эн жакшы болмок деген сунуштарын айтышты.

Ал эми Кажы-Сай шаарчасынын жаштары тегерек столго активдүү катышуу менен долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандарын жана алдыдагы максаттары менен тааныштырып, жаштар саясаты көтөрүлүп, зор көңүл бурулса, биргеликте иш алып барсак деген жакшынакай тилектерин жолдошту. Башка айылдарга салыштырмалуу, кажысайлыктар жашылча-жемиш менен оокат кылышат. Андыктан, кичи ишканаларды ачуу аба менен суудай керек болуп тургандыгы баса белгиленди. Аталган шаарчанын алдьщкы жаштары Адыл Ачекеев, Бакдеелет Султанов, Жециш Айткулиев, Алёна Мухина өңдүү жаш­тардын демилгесин колдоо менен көмөк көрсөтүп, жаштар уюмун жандандырып, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү керек экендиги айдан ачык көрүнүп турду. Ой чабыты кенен, иштин көзүн билген, тың, жаштар бул шаарчада көбүрөөк орун алгандыгы байкалбай койгон жок. Өз өлкөсүнүн патриоттору болгон мындай жаштарыбызга ишеним артуу менен алардын көтөрүп чыккан демилгелерин жандандырып, кечиктирбестен колго алууну тегерек столдун катышуучулары маалымдады. Аталган шаарчада райондук Кеңешке 9 тогуз депутат болсо, анын бешөө жаштар экендиги, албетте, сыймыктандырбай койбойт. Ошондой эле Дец-Талаа айылынын тургуну, Ак-Терек жаштар уюмунун мүчөсү Бакыт Молдалиев, жаштар комитетинин Ж.Рахимдиновага түйшөлткөн суроолорду берип, купулга толгон жоопторду ала алышты. -Жогорку Кеңеште тендер жана жаштар саясаты боюнча комитетте иш жүргүзүп келүүдөмүн. Жаштар саясатын өнүктүрүүдө бир катар жылыштар болууда. Артка кайрылып көрсөк, бир жылдарда жаштарды Билим берүү тармагына кошуп келген эле, алардын өз орду болгон эмес. Азыр спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү бөлүмү болуп чогуу келатат. Жаштар ме­нен спорттун көп байланышы болгону менен учурда жаштар өзүнчө бир болуп чыксак деген ойлор бар. 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар мамлекетибизде 5 миллион адам болсо, анын 48 пайызын жаштар түзөт экен. Бул албетте, жакшы нерсе, жаштардын көп болгондугуна кудайдын кулагы сүйүнсүн. Би­рок, Мыйзамды өзгөртүүгө туура келди, Россияны алып карасак, 14-25 жашка чейинкилер жаштар деп көрсөтүлгөн экен, СССРдин убагында 14-25 жашка чейинки­лер жаштар деп эсептелиптир. Баарын таразалап көрүп, 14-28 жашка чейинкилер жаштар деген чечимге токтолдук. Бул боюнча азырынча Мыйзамга Президенттин колу коюла элек. Президентибиз К.Бакиев Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн жаштардын Форумунда, алардын ушунчалык активдүүлүгүн, энергиялуу экен­дигин көрүп, күтүлбөгөн жерден 2010-жылдын бюджетинен 50 миллион сомду жаштарга бөлүп бергендиги жалпыныздарга маалым. Бул акча кассада турат деп элестете берсениздер болот. Бирок, бул каражатты иштете турган, коомчулукка, жаштарга пайда ылып келе турган жаштарга долбоор аркылуу берилет,- деди депутатайым.

Жолугушууга барган айылдарда көздөрүнөн нуру жанган жаш­тар өз идеяларын айтып, көңүл өйүткөн суроолорун берип, мындай иш саамалыктар болмок турсун, унутта калгандыктан, азыр суусап тургандыктарын да жашырышкан жок. Келечегибиз болгон жаштар, атайын жаштарга деп бөлүнүп, долбоордун негизинде бериле турган бул каражаттын таза, коррупциясыз бөлүнүшүн да өтүнүштү.

Бул убакытка чейин көп көңүл бурулбай, кагаз жүзүндө гана иштеп келген жаштар комитеттеринин ишин кайрадан жандандырып, жаңы мүчөлөрүн, терагасын бекитип, жаңы көз караш, жаңы ой максаттар менен алдыга кадам шилтеп, келечекке карай дангыр жол салууну көздөгөн рай­ондук жаштар комитети, райондук деңгээлде жаш­тар Форумун өткөрүүнүн иш чараларын иштеп чыгууда. Форумда жаштар менен биргеликте район­дук жаштар уюмунун жобосун, иш-планын талкуулап, андан соң бекитилмекчи. Жаш­тар биригип «бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып» ынтымактуулук, биримдүүлүк менен турмушта өздөрүнүн

Активдүүлүктөрүн көрсөтүп, жак­шы иштердин жарчысы боло алышат деген зор ишеним ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алып келет.

А.Абдымомунова, “Эмгекчил”, 20-август.

Кара-Буурада кыргыз тилине арналган конференция өттү

“Аймак-news”, 21-август, Талас. Кара-Буура районунун борборунда кыргыз тилине арналган иш-чара болду.

18-августта Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылында “Кыргыз тили - Эл тарыхы” аттуу конференция болуп өттү.

Аталган иш чара борбордук китепканачылар тарабынан уюштурулуп, айыл тургундары, Кара-Буура районуна тийиштүү 13 китепкананын кызматкерлери,айыл округунун жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Кызыл-Адырдагы борбордук китепкананын жетекчиси Таалай Турдумамбетова: “Иш чараны өткөрүп жатканыбыздын себеби кыргыз тилин өнүктүргөнгө аз да болсо салымыбызды кошолу дедик”,- деп билдирди.

Белгилей кетсек аталган иш чарада жазуучу Ч. Айтматовдун жаңы чыккан 8 томдук китебинин презентациясы да болду. (Сыргак Раимканов)

Таластын Оро айыл округунда жайыт маселеси каралат

“Аймак-news”, 21-август, Талас. Жайыт жерлеринин жетишсиздиги таластагы Оро айыл округунда боло турган жыйында каралуусу күтүлүүдө.

Кара-Буура районуна караштуу Оро айыл округунда малдардын көбөйгөнүнө байланыштуу жайыт жерлер жетишсиз болуп, маселени чечиш үчүн жергиликтүү эл менен тийиштүү адамдардын жолугушуусу болмокчу.

25-августта өтө турган жыйында аталган айыл округуна караган, мурда бөлүнгөн 17 миң 500 га жайыт жерди кайра бөлуштүрүү маселеси каралмакчы. Жайыт жердин айрым бөлүгүн чийдирип алган Муктар Молобаев: “Биз ал жерди 10 жыл мурда жашылдандыруу жана башка максатта колдонууга ижарага алганбыз, эми ал мөөнөттү мыйзам боюнча дагы узартып алдык”,-деп билдирди.

Ал эми, ошол эле айыл округунун тургуну Сыйдалы Акматов: “Учурда менин малым көбөйүп, аларды кайсы жерге жайарымды билбейм. Биздин айыл өкмөтүнүн жерлери кайра бөлүштүрүлүшү керек”,-дейт.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, Оро айыл округуна караган Жон-Коргон, 1-Май жана Кыргызстан айылдарында элдин жыйыны мындан эки жума мурда болуп, тийиштүү адамдардын жоктугунан башка датага жылдырылган болчу. (Сыргак Раимканов)

Кыргызды сөзгө калтырчу кумалак—дааратканасыбы, же маданият эмнеден башталат?

“Теңир Тоо”, 21-август, Нарын. «Маданият дааратканадан башталат» деген сөз бекеринен айтылбаса керек.Жөн жеринен биз буга чейин да шаарыбыздын дааратканаларын кыдырып, сүрөткө тартып, жазып, элди тазалыкка үндөп жүрбөгөн чыгаарбыз.Оюбузда, аз да болсо элибиздин намысын ойготуп, маданияттуу, жагымдуу жашоо кечирүүгө көндүрө алаар бекенбиз, дегеле, даараткана деген нерсе адам баласынын жашоосундагы маанилүү нерсе экендигин ар биринин дээрине сиңире алаар бекенбиз деп ниет кылып келебиз.

Дааратканасы жок «даңкайган» мекеме…
Бир сапар шаарыбызда эң чоң, «даңкайган» имараттардын катарына кирген жогорку окуу жайына бир окутуучуну издеп барып бир топко күтүп калдым.Келди… «Ой, үйгө туалетке барып келдим» деди камаарабай.Бул ал үчүн көнүмүш адат экенин байкадым.Оозум араандай ачылып калды.Ал болсо өз сөзүнө, дегеле кылыгына маани деле бербей сөзүн улап жатты.Мен болсо жумушунан дааратканага чуркап бараткан мугалим жөнүндө бир күн кечке ойлонуп жүрдүм.Анан байкуш эмне кылсын, «турмушу кыстап» атса деп.

«Даңкайган» дегеним, эң оболу биз сөз кылчу облусубуздагы көзгө басаар жогорку окуу жайыбыздын башкы корпусу сыртынан алып караганда дегеле чоң, абройлуу, маданияттуу имарат болуп көрүнгөнү.Бирок, ошол имараттын ичинде да сыртында да «жел чыкпаса жан чыгат» демекчи , «жаны чыгып баратканда» жүгүрүп барып жеңилдик ала калчу дааратканасы жок экенине айран таң калдым. Бул жөнүндө окуу жайында билим алган студенттер гана эмес, окутуучулары да, ал жерге жумушу менен барган адамдар, ата-энелер, үшкүрүнүп-бышкырынып көп айтышат.Кимдин «капризи» менен окуу жайдын студент, окутуучулары, дегеле кызматкерлери «даараткана бактысынан» ажырап жатканын ким билсин, ошентсе да башкасын кой, чет элди түрө кыдырып, чет элдиктердин дал ушул даараткана маселесине зор маани беришээрин эң жакшы билишкен окуу жайдын жетекчилиги ушул күнгө чейин бул ишке көңүлдөрүн буруп койбогону таң калдырбай койбойт.Балким, облустун «70 жылдыкка -70 обьект» деген ураанынын алдында Нарын мамлекеттик унивеситетинин башкы корпусунда даараткана пайда болуп калаар деп үмүт кылышат окуу жайдын студенттери менен окутуучулары.

- Мен аталган окуу жайынын абройуна шек келтирейин деген ниеттен алысмын.Албетте, жакшы окуу жайы.Студенттерге мыкты билим, тарбия бергенге аракет жүрүп жатат.Бирок,бул жерде билим алган студенттерге дал ушул биз сөз кылып жаткан маселе боюнча шарт түзүлүп берилбегенине мен абдан капа болом.Себеби,алардын көпчүлүгү бул окуу жайга ишенип, ушул окуу жайды сыйлап келип жатышат да.Анан да акча төлөп билим алышууда.Ошондуктан жетекчилик булардын ден соолугуна да кам көрүп, болгон жакшы шарттарды түзүп бергенге милдеттүү. Себеби, студенттер жайы-кышы, кычыраган суукта ФОКтун, айрым учурларда медокуу жайынын эшиктеги дааратканасына барышат,- дейт атын атагысы келбеген окутуучу.

Заарага «бууланган» мончодо…
Нарын шаарындагы чоң «мончо» да дал ушул маселе жагынан аксап келет.Себеби аталган мончонун ички дааратканасынын жоктугуна шаардын тургундары нааразылыктарын көп билдиришет.

-Жеке менчик мончолорго караганда өзүбүздүн эле шаарыбыздын чоң мончосуна барганды жакшы көрөм. Себеби ал жерде «бир саат жуундуң, эки саат жуундуң» деп аскалатпай, каалаганыңдай, кенен-кесири жуунуп, моокумуңду кандырып тазаланып чыгасың. Бирок, «ичиң бурап жатса, дүйнөңдүн кенендигинин кереги не» демекчи, ушул мончонун ичиндеги дааратканасынын жоктугу өгүнү мончонун ичинен айрыкча заманамды тарытты.Эртең менен барган бойдон 3 саат кезек күтүп олтуруп, кезегимди жоготуп албайын деп атып, башкы нерсени унутуп коюптурмун.Бир сыйра жуунган соң эле «турмушум кыстай баштап» эмне кылаар айламды таппай калдым. Мончонун буу чыккан бөлмөсү эмне эле сасык жыттан арылбайт десе, көрсө,ошол жерге көпчүлүк эле кысталганда «суюгун» акырын кое берип коюп, суудан куюнумуш этип, агызып коюшат экен.Анан биз байкуш заарага бууланып, жыргап олтура берет экенбиз да.А го ал, ал эми ичиң ооруп, жаның чыгып баратканда гана эмне кылаар айлаңды таппай калат экенсиң.Жылаңач деги эшикке чуркап чыга албайсың,-деди мончодо кезек күтүп олтурган Анара аттуу эже.

Эже айткандай эле, мончонун ичиндеги даараткананын жоктугу да түшүнгөн кишиге чоң маселе.Себеби, чоңдор билгизбегени менен апасынын колунан жетелеп ыйлап турган кичинекей кыздар-балдарды, эмне кылаар айласын таппай турган энелерди көп эле көрүп жүрөбүз мончодон.

Борокчиева Анипа, санитардык врач: - Албетте, ар бир мончонун ичинде дааратканасы болуш керек. Шаардык мончонун жуунчу жеринде да ички дааратканасы бар, бирок, тилекке каршы ал көп жылдан бери иштебейт.Негизи бул мончо убагында шашылыш салынып , шашылыш бүткөрүлүп, көп нерсеси чала болуп калган да.Биз көп эле жолу предписание берип, даараткананы иштеткиле деп келебиз.Бирок мончонун жетекчилиги ал үчүн көп каражат керек экендигин айтып келишүүдө.Менин оюмча мончону иштеткенден бери көп эле пайда түшүп жатат болуш керек, анткени дайыма эл толтура болот.Ошол түшкөн кирешеден мончонун ички дааратканасынын чириген трубаларын алмаштырып, оңдоп коюууга эмне үчүн болбойт.

Мына ушундай даараткана маселеси жеке эле НМУ менен шаардык мончодо эмес, көпчүлүк эле мекеме-ишканаларда орун алган.Дааратканасынын эшигине чоң кулпуну салып, ачкычын «начальниги» чөнтөгүнө салып алганы андан көп. Ал эми ал мекемеге кайрылган кардарлар кокус шашылыш баргысы келип калса эшикке чыгып даараткана таппай айласы алты кетет.Балким айрымдар «ушул да маселеби,ушул да сөзбү?» дешээр, бирок, эгер биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулгубуз келсе, эгер биз өзүбүздүн жашоо шартыбызды жакшырткыбыз келсе, анда эң биринчи ирет өзүбүздү оңдогонду дал ошол дааратканабыздан башташыбыз керек деген оюбузга да кошулгандар болоор.

Чет элден куда күтөөрдөн мурун дааратканаңды оңдо!
Азыр биз мурункудай так секирбей,уялбай, намыстанбай чет элдиктерден куда күтүп,чет элге кудага барып,аларды өзүбүздүн үйүбүздөн тосуп,кыздарыбыздын кытай, жапон,немиске тийгенине «сыймыктанып» калбадыкпы. Ошондуктан, дааратканабызды ыплас жашообуздун далили катары аларга сүрөткө тарттырбай оңдоп, түзөп, жок дегенде жууп, тазалап тургандан эринбесек.

Дегеним, жакында бир таанышыбыз чет элден куда күтүп,күтүрөтүп той берди. Боз үйдү тигип, жылкысын союп,кызы эптеп күйөөсүнөн кытып салып жиберген долларларга кийитин алып , дасторконуна « менден башканын» баарысын коюп, жайып салды.Баардыгын шумдук кылдым дегени менен баякы эле биз маани бербеген даараткана унутта калыптыр, анысынын чоң киши жаза тайса ичине түшүп кете турган арсайган тешигинен курттаган «ырыскынын» баары көрүнүп турса,Америкадан келгендердин ооздору араандай ачылып калды.Мурундарын чүйрүп, киргенден жийиркенишип, бир маалда бирөөсү фотоаппаратын алып сүрөткө да тартып кирди.Буга чейин эч кимден тартынбай,улам чуркап барып күйөөсүнүн алдын кагаз салфетка менен улам сүрүп аткан биздин кыз кирээрге жер таппай калды.Ата-энесине таарынып ыйлап да алды.Байкуш ата-эненин куда тособуз деп уктабаган түндөрү,убарасы, аракети бир тыйынга татыбай калды ошол маалда.Бери жакта туруп аларды аяп кеттим. Кызды да, ата-энесин да, бир туугандарын да. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» десек мындай учурда дал ошол кыргызды сөзгө калтырчу кумалак биз ойлобогон, биз маани бербеген даараткана болуп калды. Мына ошондо даараткана чо-ооң маселе экенин булар эми түшүндү болду бекен деген ой келди мага.

Бул маселе боюнча айта берсек сөз түгөнбөйт.Үйүбүздөгү абал тиги болуп атса, көчөдөгү,базарлардагы, Бишкек-Торугарт жолундагы дааратканалар жөнүндө айтып не.Бирок биздин милдет ушул экен.Көргөнүбүздү, укканыбызды элге жеткирип туруу. «Керегем сала айтам-келиним сен ук» деп.

Клара Эсеналиева, “Теңир Тоо” (№67-68 (13307-13308), 19-август, 2009-жыл)

21.08.2009

Таласта АЗС өрттөндү (жаңыртылган)

“Аймак-news”, 21-август, Талас. «Сардалбек» АЗСде өрт чыгып, 2 автоунаа күйүп кетти.
19-августта түштөн кийин Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан «Сардалбек» АЗСнин күйүүчү май сактоочу цистерналары өрттөнүп кетти.
Талас райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башчысы Рустам Чулуев “Адамдардан жабыркагандар жок. Күйүүчү май ташуучу ГАЗ 53 жана “Форд транзит” маркасындагы микроавтобус цистерналарга бензин куйуп жаткан маалда өрт чыгып, экөөсү тең күйүп кеткен”, - деп айтты. Өрт чыгуунун себеби катары электронасостон чыккан учкунлун болушу болжолдонуп жатат.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, өрт 3 саатка созулуп, 4 өрт өчүрүүчү автоунаа колдонулган. (Сыргак Раимканов)

18.08.2009

Ак-Талаада кайрымдуулук жумалыгы өтүүдө

“Аймак-news”, 18-август, Нарын. Ак-Талаа районунда социалдык коргоого муктаж балдарды мектепке даярдоого жардам берүү жумалыгы жүрүүдө.

Ак-Талаа районунун аймагында багуудан ажыраган 34 жана турмуш шарты начар, социалдык коргоого муктаж 430 окуучунун мектепке даярдоо максатында кайрымдуулук жумалыгы жүрүүдө. Ал 10 августта башталып, 25 августта аяктамакчы.

Мындай демилге Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан көтөрүлүп, аны райондун аймагындагы бардык айыл округ башчылары, айылдык кенештин депутаттары колдоого алууда. Аталган иш чарага түзүлгөн комиссиянын төрагасы Болот Чокморовдун айтымына караганда, бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке барбай калуу коркунучун алдын алат дейт. (Барчын Мамытбекова)

Таласта футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

“Аймак-news“, 18-август, Талас. Таласта А.Сакебаевдин элесине арналган 6-эл аралык турнирди «Абдыш-Ата» командасы жеңип алды.

Аталган турнир 1994-1995-жылдардагы өспүрүмдөр арасында болуп, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын 9 командасы таймашкан. Э. Кутманалиев атындагы борбордук стадиондо өткөн футбол оюндары 4 күнгө созулуп, жыйынтыгында финалдык оюнда «Абдыш-Ата» «УФБны» (Улуттук Футбол Борбору) 3:0 эсебинде жеңип чыкты. Үчүнчү орунга болгон беттешүүдө «Талас-1» командасы 0:1 деген эсеп менен жеңишти «Таразга» уттуруп жиберди.

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана грамоталар ыйгарылды.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул турнир 6-ирет өттү. Эми ушундай масштабтагы турнир 2010-жылдын 24-30-мартта Байконурда өтөөрүн стадиондун директору Бекен Осмоналиев билдирди. (Сыргак Раимканов)

Таласта Кыргыз Республикасынын көз карандысыз күнүнө даярдык болуп жатат

“Talasnews, 18-август, Талас.“Быйылкы жылы мамлекетибиздин көз карандысыз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылып жатабыз, ошого карата даярдыктар жүрүп жатат. Өткөн жылдардан айырмачылыгы - аскер комиссарияты, өрт коопсуздугу, облустук ички иштер тармагынын кызматкерлери, спортчулар, медициналык орто окуу жайынын студенттеринин катышуусунда парад болот”, - деди Талас шаардык маданият бөлүмүнүн орун басары Нуржан Кыштобаев.

Ошондой эле майрамдын астындагы массовкада таластын бийчилери жана атайын аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери өз өнөрлөрүн таартуулашмакчы. (Жеңишгүл Тоголокова)

“Мээрим-Булагындагы” балдарды ачкачылык күтүүдө

“Issyk-kulpress”, 18-август, Каракол. Түп районундагы Ак-Булуң айылындагы “Мээрим-Булагы” балдар үйүндө жаңы көйгөйлөр: азык -түлүктөр түгөнүп бара жатат. Жакын арада балдарды тамактандырууга болбойт. Эл аралык донордук уюмдар, жеке ишкерлер өзүлөрүнүн ресурстары менен балдардын тамактануу көйгөйүнө жардам берип келген. 2009-жылы көп соттук иштерден улам балдар үйүнүн жетекчилиги гранттык жардамга билдирме бергенге үлгүрбөй калган. Бүгүнкү күндө 47 бала үч уйдун сүтү жана өзүлөрүнүн огородундагы жашылчалар менен тамактанууда.

Балдар үйүнүн директорунун орун басары Айнура Осмонованын айтуусунда Ысык-Көл областынын башчысы Кыдыкбек Исаевдын атына кайрымдуулук марафонун өткөрүүгө жардам берүүсүнө кат даярдаган.

Жакынкы күндө балдарга Григорьевка айылындагы аскер бөлүгүнүн аялдар комитетинен жардам келет. (Салтанат Мурзабаева)

17.08.2009

Нарын Мамлекеттик Универстетинде окууну каалагандардын саны өсүүдө

“Аймак-news”, 17-август, Нарын. Нарын Мамлекеттик Универстетинде окууну каалагандардын өсүшү татыктуу билим берүү, окуу процессин оптималдаштыруу, ички тартипти бекемдөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иш аракеттердин үзүрү дешет окуу жайдын өкүлдөрү.

Быйыл Нарын Мамлекеттик Универстетке (НМУ) тапшыргандар саны былтыркыга салыштырмалуу 30%га өскөн. Жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Кубан Дүйшекеевдин билдирүүсүндө, күндүзгү окуу бөлүмүнө бюджеттик формада окуу үчүн Билим берүү министирлиги бөлгөн 165 орун бүгүнкү күндө толук ээленди. Ал эми контрактык формада окуу үчүн ар бир адистикке 25 орун каралган болсо, учурда айрым адистиктер боюнча алар толуп, педагогикалык багыттагы адистиктер боюнча гана 5тен 10го чейин абитуренттер тапшырып толбой турат.

«Демек университетте студенттерге татыктуу билим берүү, окуу процессин оптималдаштыруу, ички тартипти бекемдөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча журүп жаткан иш чаралар өз жемишин берип жатат», - дейт К. Дүйшекеев. (Токтосун Шамбетов)

Тоң райондук гезиттин нускасы 2,5 миңге жетти

“Аймак-news”, 17-август, Каракол. Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын жардамы райондук гезиттин мезгилдүүлүгүн жана нускасын көтөрүүгө жардам берди.

Акыркы жылдары Тоң районунун “Эмгекчил” гезити айына эки жолу 600 нуска менен чыгып келсе, бүгүнкү күндө ал жума сайын 2,5 миң нуска менен чыга баштады. Гезиттин башкы редактору Мээркан Токсобаеванын айтымында, буга райондук мамлекеттин администрациянын жардамы өбөлгө болгон. “Райондук гезитибиздин нускасын көбөйтпөсөк, айылда эмне болуп жатканын кайдан билебиз деп, жазылууну көбөйтүштү. Ошондой эле компьютерибиз жарактан чыгып калгандыктан, бир компьютер жана фото аппарат алдык”, - дейт М. Токсобаева.

Эскерте кетсек, райондук “Эмгекчил” гезити 1941-жылдын 1-декабрында “Кызыл Күнчыгыш” деген ат менен негизделген. 1963-жылы Тоң району менен Жети-Өгүз району бириккенде “Коммунизм таңы” деген ат менен чыккан. Андан кийин райондор кайра бөлүнгөндө “Эмгекчил” деген атка ээ болгон.

Гезит 2005-жылдан бери Каракол шаарындагы “Дархан” өндүрүштүк басмаканалык жоопкерчилиги чектелген коомунун фирмасында офсеттик ыкма менен басылып чыгууда. Учурда редакцияда бир редактор жана бир кабарчы эмгектенет. (Эльназ Жусуева)

“Чыгыш-Чыгыш: чексиз өнөктүк” программасы Таласта

“Talasnews, 17-август, Талас. 14-августта Талас Медиа Борборунда «Сорос-Кыргызстан» фондунун “Чыгыш-Чыгыш: чексиз өнөктүк” программасынын координатору Манас Токтомбаев уюмдун кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда программанын максаты тууралуу сөз болуп, кандай долбоорлорду колдоорун, кайсы багытта иш алып бараарын жана Талас Медиа Борбору менен келечектеги иш пландары талкууланды.

Манас Токтомбаев: «Таластык өнөктөштөр менен жолугушуумдун максаты, биздин программанын убактылуу токтогондугуна байланыштуу кайра аны жандандырып, ошондой эле жаны өнөктөштөрдү тартуу» - деди.

Эки кундук иш сапарында Талас областынын бир катар жарандык уюмдары менен жолугушуулар болмокчу. (Салтанат Досмамбетова)

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы ажы Жуманов: «РАМАЗАН АЙЫ, ЫНТЫМАК МЕНЕН ЫРЫСКЫНЫ НАСИП КЫЛСЫН»

августа 17, 2009 от kmb3 and tagged ,

“Баткен таңы”, 17-август, Баткен. Кечээ (13.08.2009-ж. ред.) Баткен жергесине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы ажы Жуманов иш сапары менен келди.

Ал Баткен шаарындагы диний багыттагы окуу жайы медресенин ачылуу аземине катышты. Ошондой эле аземге Казакстандан, Түркменистандан, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынан келген өкүлдөр, Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары А.Мадалиев, Баткен шаарынын мэри С.Эрматов, Баткен облусунун казысы Султаналы ажы Гапуров, мечиттин иамамдары жана айыл аксакалдары катышышты.

Аземди облустун казысы Султаналы ажы Гапуров ачып, сөздү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Мураталы ажы Жумановго берди:

- Бисмиллахир-рахмаанир-рахиим! Алхамду лиллаахи роббил ааламин!

Урматтуу мусулмандар!

Урматтуу аталар, инилер, апалар, эжелер жана бүгүнкү аземге келген коноктор! Баарыңыздарды Аллах Таалага кулчулук болуп турган илим үйүнүн ачылышы менен куттуктаймын! Аттуу-баштуу аалымдар, устаздар көпчүлүгү ушул Баткен жергесинен чыгышкан. Учурда ислам илимин чочубастан ушундай илим үйлөрүндө билим ала турган учур келди. Бул медресенин курулушуна себепчи болуп, бизге Президентибиз, Өкмөт мүчөлөрү, Баткенди шарты катаал, алыскы аймак деп жакшы көңүл бурушту. Өткөн жылы пайдубалын түптөп кеткен болсок, мына быйыл анын ачылуу аземинде олтурабыз. Медресе ачылды, бирок, аны ишке берип пайдаланып алуунун өзү чоң машакат. Эми бул медресе сиздерге аманат. Бул жерде сиздер сапаттуу диний илим алышыңыздар керек. Мына алдыда ыйык Рамазан айы келе жатат. Кудайдын ушундай ыйык күндөрүндө мен сиздер менен жолугуп олтурганыма абдан кубанычтамын. Баарыңыздарды чын ыкласымдан ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын. Рамазан-рахматтын, магфираттын (күнөөлөрдүн кечириши) жана тозоктон кутулуунун айы.

Алла Таала Рамазан айында пенделерден урушкандарды болсо жарашууну, орозо кармап кайрымдуулук иштерди жасоону, сооптуу амалдарды аткарууну талап кылат. Алла Таала Мухаммад алейхис-саламдын үммөтөөрүн, Курандын жана Рамазандын нуру менен сыйлаган. Бул нурларга ээ болгондорду кабырдын жана Кыямат күнүнүн караңгылыктарынан сактайт. Жараткан өзү ыйык айдын урматында мусулмандарга, өлкөбүзгө ынтымак, ыйман менен жакшылыкты насип кылсын, - деди Мураталы ажы Жуманов өз сөзүндө.

Андан соң, губернатордун орун басары А.Мадалиев, шаардын мэри С.Эрматов, облустун казысы Султаналы ажы сөз сүйлөп келген конокторго, аталган окуу жайынын бүткөрүлүшүнө салым кошкондорго ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул диний багыттагы окуу жай, Кыргызстандагы онунчу медресе болуп саналат. Аны куруу идеясын 1992-жылы Баткендеги дин кызматчылары пландаштырышкан.

Медресенин курулушу үчүн демөөрчү болуп Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Президенти Саид Баеми имараттын курулушунун 70%, жергиликтүү калк 30 пайызын каржылашып, облуста марафон өткөрүлүп, элдик ашар ыкма менен бүткөрүлдү. Бул окуу жайын жалпы суммасы 3 млн. сомдук, 8 класстык каана, 2 мугалимдердин каанасынан турган 150гө жакын окуучу билим-тарбия алганга ылайыкташтырылган.

Эң негизгиси Баткен облусунун эли үчүн руханий дүйнөнү тазартып, дин тутуунун туура жолдорун үйрөнүүгө кеңири шарт түзүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан боюнча 2000 ден ашуун мечит болсо, алардын ичинен 248 мечит жана 9 медресе Баткен облусунда орун алган.

Иш сапарынын соңунда Мураталы ажы Жуманов кудайдын куттуу күндөрүндө дагы бир жакшы саамалык, Баткен шаарынын мэри С.Эрматовдун жеке өзүнүн каражатына Аэропорт кварталына курган Сейдакмат уулу Мирболот атындагы жаңы мечиттин ачылышына катышты. Ушундай жоомарттык менен, элге кызмат кылган атуулдардын көбүөйүшүнө тилектештигин билдирди.

Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таны», № 36, 14.08.09

Нарындын жаш лидерлери атайын окуудан өтөт

“Аймак-news”, 17-август, Нарын. Нарын облусунун 25 жаш лидери 10 күндүк «Жаш лидерлердин мектеби-2009» аттуу атайын окуу семинарынан өтмөкчү.

17-августтан 27-августка чейин Нарын шаарында «Жаш лидерлердин мектеби-2009» өз ишин алып бармакчы. Облустан жана шаардан атайын сынактын негизинде тандап алынган 25 жаш лидерлер үчүн адам укуктары, экономика, маданият, коом тууралуу тренингдер өткөрүлүп, жергиликтүү жаш депутаттар, жаш ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулмакчы. “Мектептин негизги максаты - өлкөбүздүн чыныгы атуулун даярдоо менен коомдун өнүгүшүнө салым кошууга жана келечекке жаңы идеяларды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү”, - деп айтылат «Нарындын Жаш лидерлери» коомдук бирикмесинин пресс-релизинде.

Бул долбоорду Кыргызстандагы ЮСАИД уюмунун жардамы менен «Нарындын Жаш лидерлери» коомдук бирикмеси «Жарандык эдвокаси реформа жана стабилдүүлүккө» программасынын аткаруучусу “ПАКТ инк” уюму менен биргеликте ишке ашырууда. (Токтосун Шамбетов)

Облуста 508 баңги катталган

“Акыйкат”, 17-август, Жалал-Абад. Жалал-Абаддагы психикалык саламаттык борборунда баөги заттарды пайдалануучу 508 киши катталды.

Аталган борбордун башкы врачы Баратали Жантөрөвдин айтымында, бардык катталгандардын 163ү баөги заттарды ийне аркылуу колдонушат. Анан да баөги затына көз карандылардын арасында 14 аял бар, а калганы эркектер, деп билдиришет психикалык саламаттык борборунан.

Сабира Калыкова

Кочкораталык мугалимдерди ким коргойт? же облустук прокуратуранын дагы бир принципиалдуулугу

“Акыйкат”, 17-август, Жалал-Абад. Жалал-Абал облустук прокуратурасы Кочкор-Ата шаарындагы И.М.Губкин атындагы №14-орто мектептин жетекчилигинин үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 171-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгүнүн 3-пункту, 350-статьясынын 1-бөлүгү менен кылмыш ишин козгоду. Мектеп жетекчилигине 82 миң сом акча каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген кине коюлууда.

Ошондой эле, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбай Шеровдун, ошол эле бөлүмдүн кесиптик кошунунун жетекчиси Абдурахим Айдаровдун, бөлүмдүн адиси Заирбек Үсөновдун үстүнөн берилген кайрылууну өз убагында карабаганы үчүн Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин 62-статьясына ылайык административдик өндүрүш ишин козгоп, ишти Ноокен райондук сотуна өткөрүп берди.

Аталган мектептин мугалимдери мына ушул чараларга карабастан жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге, облустун жетекчиси Кошбай Масировго, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы бир жолу кайрылуу жасаганга мажбур болушту.

Алардын арызы боюнча алсак, мугалимдер мектеп директорунун үстүнөн арыздангандан кийин райондук билим берүү бөлүмү аны өз убагында карабай, тескерисинче, мектеп жетекчилиги жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдерди коркутканга аракет жасашкан. Ошондой эле мугалимдер Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун айрым кызматкерлери бул талаш-тартышка улуттук өң берип жатышканын айтышып, мындай адилетсиздиктерден карапайым мугалимдерди коргоого алууну суранышкан.

Арыздарда мугалимдер мектеп жетекчилигинин мугалимдерге карата жасаган одоно жана маданиятсыз мамилесин, акча каражаттарына мыйзамсыз мамиле жасаганын, 20 мугалим ишин таштап кетүүгө мажбур болгонун, дагы да көптөгөн кемчиликтерди жазышкан. Мындай терс көрүнүштөрдү четтетүүнү, мектепте нормалдуу тартип орнотуп берүүнү өтүнүшкөн.

Албетте, жогорку бийлик органдары бул арыздар боюнча чара көрүшөрүнө шек кылууга болбойт. Себеби, азыркы бийликтин негизги максаты - элге кызмат кылуу, билим берүүдө реформа жүргүзүү жана мыйзамдуулукту орнотуу. Ал эми облустук прокуратура карапайым мугалимдердин арызын карап, дароо текшерүү жүргүзүп, кемчиликтерди аныктаган соң мыйзамдык тартипте кылмыш ишин козгогон жана административдик өндүрүш ишин козгоп, ишти сотко өткөргөн. Мунун өзү бизде мыйзамдуулук жакшы көзөмөлдө турганын, прокуратура органдары иштеп жатышканын, ал эми мугалимдердин муңу, арызы каралбай кала бербестигин көрсөтүп турат.

Айтаар нерсе, дал ошол мугалимдердин кызыкчылыктары менен түздөн-түз иштеген райондук билим берүү бөлүмү, кесиптик кошун өз милдеттерин так аткарбай, мыйзамдардын нормаларын бузганы - өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Ал эми укук коргоо уюмунун позициясы болсо…

Ошентип, жаңы окуу жылынын башталганына аз калганда Кочкор-Атада жаңжал чыкты. Анын аягы эмне болуп бүтөрүн турмуш көрсөтөт. Бирок, «Акыйкат» гезити бул жаңжалдын аки-чүкүсүн жакшылап билүү жана окурмандарга жеткирүү үчүн журналисттик иликтөө жүргүзмөк болду.

Жалил Сапаров

«Курманбек» каналы курулуп жатат

“Акыйкат”, 17-август, Жалал-Абад. Сузак районунун Курманбек айыл округунун аймагында «Курманбек» каналынын курулушу башталды. Азыр Көк-Арт суусунун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө сууну түтүктөр менен алып өтүү үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу «Автожол» жабык акционердик коомунун генералдык директору Жигиталы Исмаилов билдирди.

Бул курулуштун буюртмачысы Айыл жана суу чарба министрлигинин тийиштүү департаменти болуп саналат жана 2008-жылы бул курулушка тендер өткөргөн. Ага катышкандар арасында «Автожол» акционердик коому 138 миллион сомдук долбоору менен тендерди жеңип алган.

-Биз курулушту толук жүргүзбөйбүз, себеби, ал үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү сууну Кызыл-Суудан Тамга-Терекке, Көк-Арт суусуна чейин алып келүү, үчүнчү бөлүгү эгин талаасына канал куруу жана Багыш айыл округунун Октябрь айылына чейин суу жеткирүү иштери. А биз экинчи бөлүгүн - сууну кош түтүк менен Көк-Арт суусунан алып өтүүнү ишке ашырабыз, - дейт Ж. Исмаилов.

Азыркы кезде түтүк жатчу жерлерди даярдоо жана башка иштер менен 15 жумушчу, 2 эксковатор, 2 бульдозер, 1 автокран иштеп жатат. Диаметри 1 метр келген бир түтүк аркылуу суу дайрадан өткөрүлүп, дагы бир диаметри 1,5 метрлик түтүк менен суу айрым авариялык абал түзүлгөндө дайрага түшүрүлөт.

-Буюрса, биздин долбоор 2010-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт, - дейт Ж. Исмаилов.

Алынган маалыматтарга караганда, «Курманбек» каналын куруу 2001-жылы алгачкы жолу долбоорлонуп, жалпы наркы 1 миллиард сомду түзгөн. Бирок, ал кезде өлкөнү башкарган «лаборанттар» мындай акчаны таба алышмак эмес. Курулуштун эмки жаңы наркы 3 миллиард сомго жетип барат, дешет адистер.

Бирок, азыркы бийликтин мындай ири курулуштарга чамасы келип турган учур. Демек, курулуш сөзсүз аягына чыгарылат.

Айжамал Кадырбаева