“Эмгекчил”, 22-август, Каракол. Бир мезгилдерде жалындаган жаштардын демилгеси күчтүү болуп, ар кандай коомдук иштерде алдыңкылардын катарында болуу менен ар дайым жоопкерчиликти жогору сезген пионер, комсомол жана алардын мүчөлөрү болгон эле. Алардын желбиреген кызыл жагоосу, төшүнө таккан значогу ким экендигин тастыктап турчу. Пионер менен комсомолдун катарына өтүүнүн өзү эле канчалык сыймык болгон. Барабан кагылып, ар бир пионер отряддарынын девизи айтылып, хору ырдалып, рапорт берип, комсомолго мүчө болоордо устав менен таанышып, анан комсомолдук жыйындан соң, билет алып, комсомолдун катарына толук мүчө болуп кирген кездер кез алдыңа тартылып өтөт. Ал мезгилдерди канчалык айтып, жазсак да, өткөн чак кайра бир кайрылып келбейт.
Азыр деле мына ушундай активдүү, демилгелүү, ак ниетим менен иштейм деген алдьңкы жаштардан уучубуз кур эмес. Ара жолдо калган жаштардын маселеси кайрадан көтөрүлүп, учурда бир топ жакшы иштер жаралуу менен өз натыйжасын берүүдө десек болот. Жаштардын актуалдуу маселелерин көтөрүп чыгып, өздөрүнүн сын-пикирлерин айтып, жаштардын келечекке болгон көз карашын жандандыра алабыз деген ой толгоолору менен алдыга сурулуп чыгып жаткан районубуздун жаштарынан көптү күтүүгө болот. Жакында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Төлөнгүтова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Рахимдинова, райондук жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Амантур кызы Жылдыз Кажы-Сай, Тон, Төрт-Күл, Ак-Терек айыл округдарынын жаштары менен жолугушуп келишти.
Тоң айыл округунун жаштар уюмунун төрагасы Дастан Бекжанов, «Аттан» жаштар уюмунун жетекчиси Бакыт Рысбаев, Куттубек Муканбетов өз ойлорун ортого салып, чындыгында жаштарга көп көңүл бурулбай калгандыгын, айылда спорт площадкасы жок экендигин, ошондой эле жер-жерлерде уюштуруу иштери начар болуп жаткандыгын баса белгилеп өтүштү. Жаштар өздөрү менен өздөрү болуп калган. Жаштарга талапты коюу менен тыгыз иш алып барып, тез-тез ушундай жолугушууларды, семинар, тегерек столдорду уюштуруп турсаныздар эн жакшы болмок деген сунуштарын айтышты.
Ал эми Кажы-Сай шаарчасынын жаштары тегерек столго активдүү катышуу менен долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандарын жана алдыдагы максаттары менен тааныштырып, жаштар саясаты көтөрүлүп, зор көңүл бурулса, биргеликте иш алып барсак деген жакшынакай тилектерин жолдошту. Башка айылдарга салыштырмалуу, кажысайлыктар жашылча-жемиш менен оокат кылышат. Андыктан, кичи ишканаларды ачуу аба менен суудай керек болуп тургандыгы баса белгиленди. Аталган шаарчанын алдьщкы жаштары Адыл Ачекеев, Бакдеелет Султанов, Жециш Айткулиев, Алёна Мухина өңдүү жаштардын демилгесин колдоо менен көмөк көрсөтүп, жаштар уюмун жандандырып, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү керек экендиги айдан ачык көрүнүп турду. Ой чабыты кенен, иштин көзүн билген, тың, жаштар бул шаарчада көбүрөөк орун алгандыгы байкалбай койгон жок. Өз өлкөсүнүн патриоттору болгон мындай жаштарыбызга ишеним артуу менен алардын көтөрүп чыккан демилгелерин жандандырып, кечиктирбестен колго алууну тегерек столдун катышуучулары маалымдады. Аталган шаарчада райондук Кеңешке 9 тогуз депутат болсо, анын бешөө жаштар экендиги, албетте, сыймыктандырбай койбойт. Ошондой эле Дец-Талаа айылынын тургуну, Ак-Терек жаштар уюмунун мүчөсү Бакыт Молдалиев, жаштар комитетинин Ж.Рахимдиновага түйшөлткөн суроолорду берип, купулга толгон жоопторду ала алышты. -Жогорку Кеңеште тендер жана жаштар саясаты боюнча комитетте иш жүргүзүп келүүдөмүн. Жаштар саясатын өнүктүрүүдө бир катар жылыштар болууда. Артка кайрылып көрсөк, бир жылдарда жаштарды Билим берүү тармагына кошуп келген эле, алардын өз орду болгон эмес. Азыр спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү бөлүмү болуп чогуу келатат. Жаштар менен спорттун көп байланышы болгону менен учурда жаштар өзүнчө бир болуп чыксак деген ойлор бар. 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар мамлекетибизде 5 миллион адам болсо, анын 48 пайызын жаштар түзөт экен. Бул албетте, жакшы нерсе, жаштардын көп болгондугуна кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бирок, Мыйзамды өзгөртүүгө туура келди, Россияны алып карасак, 14-25 жашка чейинкилер жаштар деп көрсөтүлгөн экен, СССРдин убагында 14-25 жашка чейинкилер жаштар деп эсептелиптир. Баарын таразалап көрүп, 14-28 жашка чейинкилер жаштар деген чечимге токтолдук. Бул боюнча азырынча Мыйзамга Президенттин колу коюла элек. Президентибиз К.Бакиев Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн жаштардын Форумунда, алардын ушунчалык активдүүлүгүн, энергиялуу экендигин көрүп, күтүлбөгөн жерден 2010-жылдын бюджетинен 50 миллион сомду жаштарга бөлүп бергендиги жалпыныздарга маалым. Бул акча кассада турат деп элестете берсениздер болот. Бирок, бул каражатты иштете турган, коомчулукка, жаштарга пайда ылып келе турган жаштарга долбоор аркылуу берилет,- деди депутатайым.
Жолугушууга барган айылдарда көздөрүнөн нуру жанган жаштар өз идеяларын айтып, көңүл өйүткөн суроолорун берип, мындай иш саамалыктар болмок турсун, унутта калгандыктан, азыр суусап тургандыктарын да жашырышкан жок. Келечегибиз болгон жаштар, атайын жаштарга деп бөлүнүп, долбоордун негизинде бериле турган бул каражаттын таза, коррупциясыз бөлүнүшүн да өтүнүштү.
Бул убакытка чейин көп көңүл бурулбай, кагаз жүзүндө гана иштеп келген жаштар комитеттеринин ишин кайрадан жандандырып, жаңы мүчөлөрүн, терагасын бекитип, жаңы көз караш, жаңы ой максаттар менен алдыга кадам шилтеп, келечекке карай дангыр жол салууну көздөгөн райондук жаштар комитети, райондук деңгээлде жаштар Форумун өткөрүүнүн иш чараларын иштеп чыгууда. Форумда жаштар менен биргеликте райондук жаштар уюмунун жобосун, иш-планын талкуулап, андан соң бекитилмекчи. Жаштар биригип «бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып» ынтымактуулук, биримдүүлүк менен турмушта өздөрүнүн
Активдүүлүктөрүн көрсөтүп, жакшы иштердин жарчысы боло алышат деген зор ишеним ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алып келет.
А.Абдымомунова, “Эмгекчил”, 20-август.
Комментариев нет:
Отправить комментарий