“Talasnews“, 26-август, Талас. Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл окмотунун мектептерди жакшыртуу боюнча долбоору Юнифем тарабынан колдоого алынып, 400 мин АКШ доллары менен каржылана турган болду.
17-21-августтарда Көл кылаасынын Кажы-Сайында КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл жерлерин социалдык-экономикалык жана маданий жагынан өнүктүрүү жана колдоо боюнча семинар болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө айыл башчылары өздөрүнүн долбоорлорун сунушташып, жыйынтыгында ЮНИФЕМ тарабынан колдоого алынган долбоорлордун арасына Таластагы Оро айыл өкмөтүнүн долбоору да кирип, 400 мин АКШ доллары менен каржылана турган болду.
Семинарга барып келген Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Төрөгелдиев: «Буйруса бул акча каражаты келип түшсө 1-Май айылындагы мектепти ремонттон өткөрүп алабыз», - деди.
Бирок бул сунуштарга каршы Оро айылынын тургуну Азимкан Сулайманова, айтылган акча каражатын, эскирип калган Кыргызстан айылынын Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебин ондоого дагы жумшалышы керектигин айтты. (Сыргак Раимканов)
Комментариев нет:
Отправить комментарий