“Naryn.kg“, 26-август, Нарын. Мындай маалыматты 25-августта облакимчиликтин коллегиялык жыйынында Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Салия Жолдошева билдирди.
Анын айтымында жогорку окуу жайын бүткөн жаш мугалимдер айлык акынын төмөндүгүнөн жана тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүктөн Нарынга келбей жатышат. Бүгүнкү күндө облус боюнча 125 мугалим жетишпей турат. Негизинен чет тил, математика, физика жана химия мугалимдери жетишсиз. Мындан сырткары «Жаш мугалимдин депозити» программасы менен иштеп жатышкан 11 мугалим шарттын жоктугунан кетип калышкан,деп билдирди С.Жолдошева. Учурда облустагы мектептердеги 5миң 752 мугалимдин 7,9% ын 60 жаштан ашкан мугалимдер 27,5%ын 45 жаштан өткөндөр түзөт.
Комментариев нет:
Отправить комментарий