“Түп жаңырыгы”, 24-август, Каракол. “Биздин Түп айылдык округуна тиешелүү райондук балдар китепканасында жеке эле окуучу балдар эмес чоңдордун да аягы тыйылбайт. Фонддо 13543 китеп бар. 318 абонентти китепкананын башчысы Т.Федотова экөөбүз тейлейбиз”, - дейт башкы китепканачы Б.Токобаева.
Балдар китепканасы татынакай окуу залы, окурмандарын күткөн, китептер тыкан жыйылган абонент комнатасы жана балдар бакчасынын тарбиялануучулары белгиленген мезгилде экскурциялап кетишкен «жомоктор бөлмөсүнөн» турат. Окуу залында «Ысык-Көл облусуна 70 жыл» жана «Област менен жашташ китепкана», «Китепкана жылы» аттуу атайын бурчтар жасалгаланган. Атайын чыгарылган бурчтар облустун 70 жыл ичинде басып өткөн тарыхый жолу, өсүп-өнүгүшү, облус менен жашташ балдар китепканасынын окурмандарды тейлөөдө аткарып жаткан иштер чагылдырылган.
-Китепкана райондук балдар китепканасы болсо, бирок өзү Түп айылдык округунун балансасында турса, айылдык округ тараптан камкордук көрүү кандай?
-Ойдогудай десек жанылышпайбыз,-дейт Б.Токобаева,- жыл сайын башка китепканаларга салыштырмалуу балдардын газет-журналдарынан баштап Кыргызстанда чыккан басылмаларга, россиялык газет- журналдарга чейин айылдык округ жаздырып берет. 2008-жылдын декабрь айында Түп айылдык округу 25 мин. сомго жаңы китептерди сатып берсе, быйыл адаттагыдай эле басма сөзгө жаздырышып, ремонт иштерине акча бөлүп берди. Балдар китепканасына түстүү телевизор ДВДиси менен алып берди. Азыр китептин баасы өтө кымбат экени баарыбызга белгилүү. Ошондой болсо да, жыл сайын китепканабыз жаңырып, толукталып турат.
Мектеп окуучулары сабакка келери менен «Ысык-Көл облусунун жана районубуздагы китепкананын 70 жылдыгы» кош майрамын тосуп алуу үчүн окуу конференциясы менен окурмандар катышкан маданий иш чараларды өткөрүү пландаштырып жатабыз.
М. Иманалиев, “Түп жаңырыгы“
Комментариев нет:
Отправить комментарий