“Talasnews“, 24-август, Талас. Талас областындагы АЗСтердин талаптарга туура жооп бербегендигинен, акыркы эки айдын ичинде адамдын өлүмү, жабыр тартышы жана май куюуучу жайдын өрттөнүп кеткендиктери катталган. Ошол себептерден маселелер козголуп, 21-августта Талас Медиа борборунун залында жергиликтүү журналисттер менен атайын ылайыктуу адистердин башын бириктирип жалпы жумурай журтка маалымдоо үчүн «АЗСтердин курулушу жана экологияга тийгизген таасири» деген темада тегерек стол болду.
Бул иш чаранын негизги максаты, АЗСтерден жарандарга тийип жаткан кесепеттүүлүгү жана экологияга тийгизген таасирин жергиликтүү журналисттер аркылуу элге маалымдоо. Ага шаардык АЗСтердин жетекчилери, айлана чөйрөнү коргоо инспекциясы, областтык соода жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы, шаардык мэрия, финансы полиция кызматы, салымдар жана жыйымдар бөлүмү, наркологиялык диспансер, өрт өчүрүү кызматынын адистери жана жергиликтүү журналисттер катышышты.
«Авто май куйуучу жайлардын курулгандары дээрлик мыйзамсыз, талаптарга жооп бербейт» - деди Талас району боюнча өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Рустам Чулуев, жогорудагы өткөрүлгөн иш чарада.
Ал сөзгө каршы, Ч.Айтматов (мурунку Ленин) көчөсүндө жайгашкан «Ботом» АЗСинин жетекчиси Чолпонкул Сарталиев: «Биз өрткө каршы шаймандарды гана карайбыз, ал эми, финансы жагын андан кийин. Биздин АЗС бардык стандартка жооп берет, операторлорду атайын окутуп, талаптарга жооп берерлигин көзөмөлдөп турабыз». Себеби, мунун баары оздорунун кызыкчылыгы экенин жана кырсыктар болсо өздөрүнө кесепет алып келерин Чолпонкул Сарталиев өзү далилдеди.
Андан тышкары көчөдөгү үй-үйлөрдө бензиндин жана ар кандай күйүүчү майларды сатып жаткандардын санын азайтуу үчүн биздин шаардын стандартына ылайык келе турган АЗСтердин көп-көп курулушун, Талас областы боюнча финансы полициясынын кызматкери Улан Бекбосунов сунуштады. Ушул суроону толуктап, областтык наркологиялык диспансердин врачы Зарема Абылгазиева, бензиндин зыяндуулугу жана аны менен дем алганда адамда бир топ оорулар пайда болоорун белгиледи.
Мамлекет тарабынан бензин саткан жеке ишмерлерге эч кандай чара корулбогондугу жана бул корунушту тыюууга ылайыктуу закон жок экендигин Санэпидемстанциянын врачынын жардамчысы Таалай Өскөнбаев айтып билдирди.
Жыйынтыгында, катышуучулар май куйуучу жайлардын стандарт менен иштоосун шаардык мэрия колго алып, козомолдоосу керек, дешти. (Салтанат Досмамбетова)

Комментариев нет:
Отправить комментарий