“Talasnews“, 26-август, Талас. Манас районундагы Кайыңды айыл өкмөтүндө Кызыл крест жарым ай коомунун жардамы менен 1 млн. 600 миң сомдук бир топ долбоорлор ишке ашырылды.
Манас районундагы Кайыңды жана Чеч-Дөбө айылдарындаа мончолор курулду.
Арал айылында мектептин эски от жагылуучу жайы капиталдык ремонттон өткөрүлүп тренажёрдук зал болду. Нылды айылында эмкана (ФАП) курулуп анын ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болмокчу. 32 түтүндү түзгөн Сары-Булак айылында спорт аянтчасы бүткөрүлдү.
Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Мукталы Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө, ушул бүткөрүлгөн курулуштарга жалпысынан 1 млн. 600 миң сом жумшалып анын 320 миң сому элдин салымы болсо 45 миң сом айыл өкмөтү тарабынан берилген, калган каражат Кызыл крест жарым ай коому тарабынан бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сары-Булак айылындагы спорт аянтчасында өспүрүмдөр, мектеп окуучулары бош убактыларында волейбол, баскетбол, футбол ойношот.
Ал эми, Кайыңды жана Чеч-Дөбө айлындагы мончолор жума сайын жагылып, айылдыктарга кызмат көрсөтүүдө. (Мира Сейдикеримова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий