“Talasnews“, 27-август, Талас. 42 түтүн жашаган, алыскы Сөгөт айылында Айылдык ден соолук комитетинин демилгеси менен “Үлгүлүү үй” сынагы жарыяланып, учурда жеңүүчүнү айылдын жашоочусу Жакыпбек Дүйшалиевдин үйүн “Үлгүлүү үй” деп аныктап, тактайчаны илишти.
2009-жылга карата былтыртан баштап айылга “Үлгүлүү үй” сынагы жарыялаган. Сынакта талапка жооп берээрлик даараткана (түтүк орнотулган, чымындар сыртка учуп чыкпаш үчүн жасалган атайын түтүк), үйдө кол жуугучту пайдалануу, мончосу бар үй, кайнатылган суу ичкен үй бүлө жана кирдин суусу төгүлүүчү чуңкурдун болушу деген беш критерий каралган. Бул боюнча АДСКнын мүчөлөрү үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Ушул төрт талапка жооп берген айылдын жашоочусу Жакыпбек Дүйшалиевдин үйүн жеңүүчү деп таптык” - деди АДСКнын жетекчиси Канымжан Жуманалиева.
Негизинен бул айылда эки гана үй талапка ылайык даараткана салынган.
Белгилей кетүүчү нерсе, айылдык ден соолук комитетти 2010-жылга “Үлгүлүү зайып” конкурсун жарыялады. Бул конкурста дагы жогоруда саналган 5 критерий менен бирге, аялдар йоддолгон тузду кандай пайдаланаары жагына да көңүл бурулат. (Мира Сейдикеримова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий