24.08.2009

Кыргызды сөзгө калтырчу кумалак—дааратканасыбы, же маданият эмнеден башталат?

“Теңир Тоо”, 21-август, Нарын. «Маданият дааратканадан башталат» деген сөз бекеринен айтылбаса керек.Жөн жеринен биз буга чейин да шаарыбыздын дааратканаларын кыдырып, сүрөткө тартып, жазып, элди тазалыкка үндөп жүрбөгөн чыгаарбыз.Оюбузда, аз да болсо элибиздин намысын ойготуп, маданияттуу, жагымдуу жашоо кечирүүгө көндүрө алаар бекенбиз, дегеле, даараткана деген нерсе адам баласынын жашоосундагы маанилүү нерсе экендигин ар биринин дээрине сиңире алаар бекенбиз деп ниет кылып келебиз.

Дааратканасы жок «даңкайган» мекеме…
Бир сапар шаарыбызда эң чоң, «даңкайган» имараттардын катарына кирген жогорку окуу жайына бир окутуучуну издеп барып бир топко күтүп калдым.Келди… «Ой, үйгө туалетке барып келдим» деди камаарабай.Бул ал үчүн көнүмүш адат экенин байкадым.Оозум араандай ачылып калды.Ал болсо өз сөзүнө, дегеле кылыгына маани деле бербей сөзүн улап жатты.Мен болсо жумушунан дааратканага чуркап бараткан мугалим жөнүндө бир күн кечке ойлонуп жүрдүм.Анан байкуш эмне кылсын, «турмушу кыстап» атса деп.

«Даңкайган» дегеним, эң оболу биз сөз кылчу облусубуздагы көзгө басаар жогорку окуу жайыбыздын башкы корпусу сыртынан алып караганда дегеле чоң, абройлуу, маданияттуу имарат болуп көрүнгөнү.Бирок, ошол имараттын ичинде да сыртында да «жел чыкпаса жан чыгат» демекчи , «жаны чыгып баратканда» жүгүрүп барып жеңилдик ала калчу дааратканасы жок экенине айран таң калдым. Бул жөнүндө окуу жайында билим алган студенттер гана эмес, окутуучулары да, ал жерге жумушу менен барган адамдар, ата-энелер, үшкүрүнүп-бышкырынып көп айтышат.Кимдин «капризи» менен окуу жайдын студент, окутуучулары, дегеле кызматкерлери «даараткана бактысынан» ажырап жатканын ким билсин, ошентсе да башкасын кой, чет элди түрө кыдырып, чет элдиктердин дал ушул даараткана маселесине зор маани беришээрин эң жакшы билишкен окуу жайдын жетекчилиги ушул күнгө чейин бул ишке көңүлдөрүн буруп койбогону таң калдырбай койбойт.Балким, облустун «70 жылдыкка -70 обьект» деген ураанынын алдында Нарын мамлекеттик унивеситетинин башкы корпусунда даараткана пайда болуп калаар деп үмүт кылышат окуу жайдын студенттери менен окутуучулары.

- Мен аталган окуу жайынын абройуна шек келтирейин деген ниеттен алысмын.Албетте, жакшы окуу жайы.Студенттерге мыкты билим, тарбия бергенге аракет жүрүп жатат.Бирок,бул жерде билим алган студенттерге дал ушул биз сөз кылып жаткан маселе боюнча шарт түзүлүп берилбегенине мен абдан капа болом.Себеби,алардын көпчүлүгү бул окуу жайга ишенип, ушул окуу жайды сыйлап келип жатышат да.Анан да акча төлөп билим алышууда.Ошондуктан жетекчилик булардын ден соолугуна да кам көрүп, болгон жакшы шарттарды түзүп бергенге милдеттүү. Себеби, студенттер жайы-кышы, кычыраган суукта ФОКтун, айрым учурларда медокуу жайынын эшиктеги дааратканасына барышат,- дейт атын атагысы келбеген окутуучу.

Заарага «бууланган» мончодо…
Нарын шаарындагы чоң «мончо» да дал ушул маселе жагынан аксап келет.Себеби аталган мончонун ички дааратканасынын жоктугуна шаардын тургундары нааразылыктарын көп билдиришет.

-Жеке менчик мончолорго караганда өзүбүздүн эле шаарыбыздын чоң мончосуна барганды жакшы көрөм. Себеби ал жерде «бир саат жуундуң, эки саат жуундуң» деп аскалатпай, каалаганыңдай, кенен-кесири жуунуп, моокумуңду кандырып тазаланып чыгасың. Бирок, «ичиң бурап жатса, дүйнөңдүн кенендигинин кереги не» демекчи, ушул мончонун ичиндеги дааратканасынын жоктугу өгүнү мончонун ичинен айрыкча заманамды тарытты.Эртең менен барган бойдон 3 саат кезек күтүп олтуруп, кезегимди жоготуп албайын деп атып, башкы нерсени унутуп коюптурмун.Бир сыйра жуунган соң эле «турмушум кыстай баштап» эмне кылаар айламды таппай калдым. Мончонун буу чыккан бөлмөсү эмне эле сасык жыттан арылбайт десе, көрсө,ошол жерге көпчүлүк эле кысталганда «суюгун» акырын кое берип коюп, суудан куюнумуш этип, агызып коюшат экен.Анан биз байкуш заарага бууланып, жыргап олтура берет экенбиз да.А го ал, ал эми ичиң ооруп, жаның чыгып баратканда гана эмне кылаар айлаңды таппай калат экенсиң.Жылаңач деги эшикке чуркап чыга албайсың,-деди мончодо кезек күтүп олтурган Анара аттуу эже.

Эже айткандай эле, мончонун ичиндеги даараткананын жоктугу да түшүнгөн кишиге чоң маселе.Себеби, чоңдор билгизбегени менен апасынын колунан жетелеп ыйлап турган кичинекей кыздар-балдарды, эмне кылаар айласын таппай турган энелерди көп эле көрүп жүрөбүз мончодон.

Борокчиева Анипа, санитардык врач: - Албетте, ар бир мончонун ичинде дааратканасы болуш керек. Шаардык мончонун жуунчу жеринде да ички дааратканасы бар, бирок, тилекке каршы ал көп жылдан бери иштебейт.Негизи бул мончо убагында шашылыш салынып , шашылыш бүткөрүлүп, көп нерсеси чала болуп калган да.Биз көп эле жолу предписание берип, даараткананы иштеткиле деп келебиз.Бирок мончонун жетекчилиги ал үчүн көп каражат керек экендигин айтып келишүүдө.Менин оюмча мончону иштеткенден бери көп эле пайда түшүп жатат болуш керек, анткени дайыма эл толтура болот.Ошол түшкөн кирешеден мончонун ички дааратканасынын чириген трубаларын алмаштырып, оңдоп коюууга эмне үчүн болбойт.

Мына ушундай даараткана маселеси жеке эле НМУ менен шаардык мончодо эмес, көпчүлүк эле мекеме-ишканаларда орун алган.Дааратканасынын эшигине чоң кулпуну салып, ачкычын «начальниги» чөнтөгүнө салып алганы андан көп. Ал эми ал мекемеге кайрылган кардарлар кокус шашылыш баргысы келип калса эшикке чыгып даараткана таппай айласы алты кетет.Балким айрымдар «ушул да маселеби,ушул да сөзбү?» дешээр, бирок, эгер биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулгубуз келсе, эгер биз өзүбүздүн жашоо шартыбызды жакшырткыбыз келсе, анда эң биринчи ирет өзүбүздү оңдогонду дал ошол дааратканабыздан башташыбыз керек деген оюбузга да кошулгандар болоор.

Чет элден куда күтөөрдөн мурун дааратканаңды оңдо!
Азыр биз мурункудай так секирбей,уялбай, намыстанбай чет элдиктерден куда күтүп,чет элге кудага барып,аларды өзүбүздүн үйүбүздөн тосуп,кыздарыбыздын кытай, жапон,немиске тийгенине «сыймыктанып» калбадыкпы. Ошондуктан, дааратканабызды ыплас жашообуздун далили катары аларга сүрөткө тарттырбай оңдоп, түзөп, жок дегенде жууп, тазалап тургандан эринбесек.

Дегеним, жакында бир таанышыбыз чет элден куда күтүп,күтүрөтүп той берди. Боз үйдү тигип, жылкысын союп,кызы эптеп күйөөсүнөн кытып салып жиберген долларларга кийитин алып , дасторконуна « менден башканын» баарысын коюп, жайып салды.Баардыгын шумдук кылдым дегени менен баякы эле биз маани бербеген даараткана унутта калыптыр, анысынын чоң киши жаза тайса ичине түшүп кете турган арсайган тешигинен курттаган «ырыскынын» баары көрүнүп турса,Америкадан келгендердин ооздору араандай ачылып калды.Мурундарын чүйрүп, киргенден жийиркенишип, бир маалда бирөөсү фотоаппаратын алып сүрөткө да тартып кирди.Буга чейин эч кимден тартынбай,улам чуркап барып күйөөсүнүн алдын кагаз салфетка менен улам сүрүп аткан биздин кыз кирээрге жер таппай калды.Ата-энесине таарынып ыйлап да алды.Байкуш ата-эненин куда тособуз деп уктабаган түндөрү,убарасы, аракети бир тыйынга татыбай калды ошол маалда.Бери жакта туруп аларды аяп кеттим. Кызды да, ата-энесин да, бир туугандарын да. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» десек мындай учурда дал ошол кыргызды сөзгө калтырчу кумалак биз ойлобогон, биз маани бербеген даараткана болуп калды. Мына ошондо даараткана чо-ооң маселе экенин булар эми түшүндү болду бекен деген ой келди мага.

Бул маселе боюнча айта берсек сөз түгөнбөйт.Үйүбүздөгү абал тиги болуп атса, көчөдөгү,базарлардагы, Бишкек-Торугарт жолундагы дааратканалар жөнүндө айтып не.Бирок биздин милдет ушул экен.Көргөнүбүздү, укканыбызды элге жеткирип туруу. «Керегем сала айтам-келиним сен ук» деп.

Клара Эсеналиева, “Теңир Тоо” (№67-68 (13307-13308), 19-август, 2009-жыл)

Комментариев нет:

Отправить комментарий