“Аймак-news”, 23-июль, Баткен. 23-июлда Баткен облусунун 10 жылдыгына карата Баткен облусу боюнча бизнесмендердин жана ишкерлердин ассосациясынын демилгеси менен Баткен шаарында жаңы курула баштаган “Бизнес борбор” имаратынын фундаментин түптөө аземи болуп өттү.
23-июлда Баткен шаарынын борборунда “Бизнес борбору” имаратынын фундаментин түптөө аземи болуп өттү. Ага Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабеков жана Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматов катышты.
“Бизнес борборун” куруу демилгесин Баткен облусу боюнча бизнесмендердин жана ишкерлердин ассосациясы көтөрүп чыккан. “Бизнес борбор” имаратынын курулушунун негизги максаты акыркы 2-3 жылдардын ичинде президентибиз К. Бакиевдин, Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабековдун бизнес тармагына көбүрөөк басым жасагандыгы жана элге бизнести кеңири жайылтуу болуп саналат”, - дейт ассосациянын президенти Авазбек Чотбаев.
Борбордун ачылышы менен Баткен элине ар кандай жарнамаларды жайылтууга, мисалы; жер алуу, сатуу тууралуу, Интернет менен камсыз кылуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлө баштамакчы.
А. Чотбаевдин билдирүүсүнө караганда, имаратты курууга жалпысынан 4,5 млн. сом каражаты сарпталат. “Баткен шаарынын мэри С. Эрматов бул курулушка 2 млн. сом акча каражатын бөлүп бере турган болду, ал эми калган сумманы өз чөнтөгүмдөн сарптаймын. С. Эрматов Баткен шаарынын борборунан бекер жер бөлүп берип чоң жардам көрсөттү”, - деди А. Чотбаев.
“Бизнес борбор” имаратына күндүн энергиясы менен жүргөн узундугу жана туурасы 3 м, ал эми жебеси 70 см болгон саат төшөлөт. Саат түнү күйүп турмакчы.
“Бизнес борбор” 13-октябрда белгилене турган Баткен облусунун 10 жылдыгына карата бүткөрүлүп, ишке киргизилмекчи. (Жылдыз Абдрахманова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий