22.07.2009

Чаткалда алтын кен комбинаты курулууда

“Акыйкат”, 22-июль, Жалал-Абад. Райондун Чапчыма ашуусунун алдында кыргыз-кытай биргелешкен «Фулд Голд Майнинг» жоопкерчилиги чектелген коому 60 миллион доллар каражат жумшап, «Иштамберди» алтын кен комбинатын курууда. Бул тууралуу аталган компаниянын вице-президенти Жан Цан Шень билдирди.

Анын айтымында, бул жерде 1986-жылдагы иликтөөлөр боюнча алтындын ири кору бар. Ал эми комбинатты курууга 179 кытай адистери тартылган. Жергиликтүү 130 адам иштеп жатат. Компания элге шарт түзүү максатында Ала-Бука - Терек-Сай көпүрөсүн куруп жатат. Анын наркы 200 миң доллар.

Компаниянын вице-президенти облус губернатору Кошбай Масировго комбинаттын курулушу ушул жылдын октябрь айында бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми губернатор жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголуп, экология мыйзамдары сакталышы зарылдыгын эскертти.

Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынан алынган маалыматка караганда, курулуш долбоордон четтеп, экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн бул компанияга атайын эскертүү берилип, 1 миллион сомго жакын айып төлөө жагы милдеттендирилген.

Комментариев нет:

Отправить комментарий