“Аймак-news”, 21-июль, Баткен. Дренаждардын өз убагында тазаланбагандыгы жана элдин сууну туура эмес пайдалангандыгы Баткен шаарынын кээ бир аймактарында жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө алып келген.
Баткен шаарынын “Кызыл жол” кварталында жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, өрүк бактары куурап, турак жайларына зыян келтирүүдө. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери 25 тен ашык турак жайдан сыз чыга баштаган. Мындай көрүнүштүн негизги себеби катары дренаждардын өз убагында тазаланбагандыгы жана элдин сууну туура эмес пайдалангандыгы айтылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ал жерлерге эксперттик көзөмөлдөө жүргүзүп, узундугу 500 метр болгон жабык дренаждарды тазалоо максатында казуу иштерин баштаган. Бирок жергиликтүү тургундар тамаркасын каздырбай иш токтоп калган.
Сыз чыккан үйдө жашаган Мавлюда Эргешованын айтымында, бул маселени чечүү боюнча ошол мезгилдеги жергиликтүү бийлик жабыркаган турак жай ээлерине башка жерге которуу максатында жер бөлүп берген. “Жер астынан чыккан сыздын кесепети бир гана турак жайыма эле эмес менин ден соолугума да зыян келтирилип жатат. Жакында эле ооруканадан дарыланып чыктым», - дейт М. Эргешова.
Баткен шаардык архитектура бөлүмүнүн башчысы Канат Сейдалиевдин билдирүүсүнө караганда, жабыркаган тургундарга жер бөлүп берүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок жаңы мэрдин чечими менен ал токтом жокко чыгарылган. “ӨКМ ал жерге барып, силерге жер бөлүнөт дегенинен тургундар жер бөлүп берет деп алышкан. Бирок быйылкы жылдын планына жер астындагы жабык дренаждарды тазалоо гана иштери киргизилген”, - дейт Баткен шаарынын мэри Сейдахмат Эрматов.
Бирок учурда дренаждарды оңдоо иштери качан жанданаары белгисиз. Лейлек жана Сүлүктү аймактарында сел көп болуп жаткандыктан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары толугу менен сел менен күрөшүүгө Лейлекке жөнөтүлгөн. (Жылдыз Абдрахманова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий