20.07.2009

Түп – Кеген жолу Талды-Сууга жетти

“Ысык-Көл кабарлары”, Каракол. Областыбыздын экономикалык артериясы болгон Түп-Кеген жолунун 15-чакырымы бүттү. Жол Түптөн чыгып, Талды-Суу айылына жетти. Буга байланыштуу талдысуулуктар кары, жашы дебей майрамдагыдай кечеге чыгып, жолчуларды нан, туз менен тосуп алышты. Ардагерлер мындан аркы иштин ийгилиги үчүн ак бата беришип, жол салгандарга эстелик белек ыйгарышты. Атайын тигилген боз үйдүн жанында райондук маданият үйүнүн, мектеп окуучуларынын ыр, күүлөрү сыбызгып жатты. Айтор, июлдун мемиреп тийген бул күнү талды-суулуктардын да, жолдо иштеген жумушчулардын да көңүлдөрүнөн чыкпас.

“Жолдун биздин айылга жетишин камсыз кылган жумушчуларды салтанаттуу тосуп алууга мурдатан даярдык көргөнбүз”, - деп айтты бизге Талды-Суу айыл округунун башчысы Т.Жумабеков. Бул күнү областтык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары К.Алышбаев, райондун акими С.Керимкулов келип, эртеден бери жол курулушун көрүп, анда иштегендердин ал-абалы менен таанышып чыгышты. Биз жолчуларды жакшы тилек менен айылдан ары узатып коюуда ата-бабанын салтын колдондук.

Түп-Кеген жолу жөнүндө көп жазылды. Мындай ири масштабдагы жол жөнүндө кайталап жазуу балким, аздык кылаар. Анткени, анын элге алып келе турган пайдасы ошого татыйт. Мамлекет башчысы К.Бакиев бул жолдун Ысык-Көл областы үчүн гана эмес, республикабыз үчүн да экономикалык ири потенциалы бар экендигин белгилеп келүүдө. Натыйжада, жолго 2008-жылы 1 млрд. 900 млн. сом бөлүп берген. Быйыл эле республикалык бюджеттен 95 млн. сом чегерилди. Жолду тез жана сапаттуу бүткөрүүгө областтык мамлекеттик администрация, райондук акимият материалдык ири колдоолорду көрсөтүп жатат.

Жумушчуларды, жол мастерлерин Талды-Суудагы салтанаттуу да, салттуу да тосуп алууда Түп-Кеген жолу долбоорунун жетекчиси Замир Айдаров мындай деп оюн ортого салды: “Мамлекеттик колдоого алынган бул жолдун курулушунда республикабыздын бардык аймактарынан келген адистер иштеп жатат. Жол эл аралык стандартка негизделген. Үч катмардан турат. Мында 7 бригада иштейт. Жумушчулар дээрлик Түп районунун тургундары”.

Биз бул жерге келген журналисттер менен бирге жолду асфальтоочу бригаданын иши менен тааныштык. Бригадада 12 адам бар. Алардын айлык акысы 10-15 миң сомдон. Күндүн ысыгына асфальттын ысыгы кошулуп, өзүнчө бир кайнар тилкени жараткан жерде иштеген жумушчу­лардын бүгүн маанайы өзгөчө жакшы. Элдин чай кайнатып, нанын жайнатып тосуп алуусу демге-дем, күчкө-күч берип койгондой. Эң негизгиси, мында иш шыр жүрүп жатат. Бригадир Кенеш уулу Руслан айткандай, асфальт бетону, техника жетиштүү. Техни­ка демекчи, жолдо азыр 20 самосвал, 3 тегиздөөчү трактор баш болуп бардык механизмдер толук натыйжалуу колдонулууда. Асфальт-бетон ишканасы мындан күнүнө 600 тоннаны чыгарып берет.

Түптүн ак карлуу тоолору, түркүм тал, бетеге өскөн мейкин талаасы, Түгөлбай, Мукай, Кусейин аталар ичип эс тарткан мүрөктөй мөлтүр суулары тарыхта мындай жолду көргөн эмес. Бул да болсо, мамлекетибиздин эл үчүн деген эң башкы камкордугу. Ушул тууралу бизге берген маегинде согуштун, партиялык, советтик кызматтын ардагери талды-суулук Тенти Тамашаев мындай деп айтты: “Түптөн Талды-Сууга чейинки алгачкы машине жолунун салынышына катышып, көрүп калдым. Ал кезде, 30-жылдары кандай экендиги белгилүү. Кийин 50-жылдардын акырында ондоп, шоссеге айланттык. Ошо менен көп жылдар турду. Өткөн жылдары каралбай калган. Минтип, бүгүнкү күндө мамлекетибиз Түптөн Талды-Сууну, андан ары катар турган айылдарды аралатып Кегенге чейин мелтиреген жол салып жатат. Бул өлкөбүздүн өсүп-өнүп бараткандыгынын ачык-айкын мисалы. Элде сөз бар: «Жолун, шыдыр, жолдошуц Кыдыр болсун» деген. Мен жол салып жаткан жетекчилердин да жолу ак тилектүү, байсалдуу бол­сун деген батамды бергим келет”.

Ошентип, жолдун 15-чакырымы жогорку сапатта, стандарттуу бүтүп, жолчулардын сапары андан ары улантылды. (З.Касымалиев, 17.07. 2009-ж., №24 (11271))

Комментариев нет:

Отправить комментарий