21.07.2009

Архивдин “Алтын китеби” жарыкка чыгат

«Talasnews.KG», 21-июль. Талас областындагы мамлекеттик архив мекемелери архив иши тууралуу “Алтын китептерди” басмага дайындап бүтүштү. Жакында бул китептер жарыкка чыгат.

Бул тууралуу Талас областтык мамлекеттик архив кызматынын жетекчиси Каныбек Курманбеков минтип билдирди: “Бул китептер Маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин архив мекемелеринин “Алтын китеби” тууралуу буйругунун жана жобосунун негизинде, архив ишин коомчулукка кеңири маалымдоо үчүн даярдалды”.

Талас райондук мамлекеттик архив мекемесинин жетекчиси Баян Жусупова биринчилерден болуп “Алтын китепти” түзүп басмага жөнөткөн. Ал райондук архив жамааты менен бирге даярдаган “Алтын китеп” боюнча төмөндөгүдөй оюн айтты: “Алтын китепте” Талас райондук архивинин таржымалы, үзүрлүү иштеп кеткен жана иштеп жаткан архив кызматкерлеринин архив ишинин өнүгүшүнө салым кошкондугу жана мезгил ыргагындагы орчундуу жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди”.

“Өткөндү эстебесек, келечек бизди кечирбейт” дегендей улам убакыт өтүп, заман жаңырган сайын китепке түшкөн архивчилердин кызматы келечек муундарга өрнөк жана түбөлүккө эстелик катары кала бермекчи.

Учурда Кыргызстандын бардык областтарында “Алтын китептер” даярдалууда. “Алтын китептерге” мамлекеттик архив департаменти тарабынан кароо сынак жарыяланган.

30-августта архив кызматкерлеринин кесиптик майрамында китептер боюнча жүргүзүлгөн кароо сынактын жыйынтыгы чыгат. (Мира Сейдикеримова).

Комментариев нет:

Отправить комментарий