20.07.2009

«Башкаларды курулай туурагым келбейт»

“Ысык-Көл кабарлары”, Каракол. Кыргызстан сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, сүрөтчүлөрдүн областтык коомунун төрагасы Темирбек Асановдун көркөм өнөргө болгон дүйнө таанымы өзү айткандай дээрлик башкача, ал тургай кызык да. Эр ортону 50нүн туу белинен өтүп калганына карабай өспүрүм кезинен аздектеп келе жаткан чыгармачылык өнөрканасын көпчүлүктү таң калтыргандай нукка буруу керектиги жөнүндө кыялдангандан эч чарчабайт. «Жалаң кыял менен жашайм, бирок курулай сезимдерге алдырбайм. Ойлогон максатым ишке ашмайын жаным жай албайт. Өзүмө гана таандык көз карашым, жан дүйнөм бар. Башкаларга эч окшошкум да, аларды курулай туурагым да келбейт,-дейт ал.

Чыгармачыл адамдардын, айрыкча сүрөтчүлөрдүн кулк-мүнөздөрү деги кызык. Сулуулукту, кооздукту, кенендикти такыр башкача өңүттөн карашат. Дүйнө өмүрдүн күнгөй-тескейин түркүм түстүү боектор менен кооздошуп, соолуп бараткан гүлдөн да тирүүлүктүн өлбөс-өчпөс дастанын жаратууну самашат. «Таттуу кыял, бийик ой-максат болбосо кантип ийгилик жаралсын». Темирбектин чыгармачылык шерти ушундай. Сүрөтчүлүк кесиптин түйшүгү, азабы, үзүрү жөнүндө эч түшүнүгү жок кезде эле китептердеги өзүнө жаккан сүрөттөрдү дал өзүндөй көчүрүп тартууга болгон жөндөмдүүлүгү байкалган экен. Айрыкча Чапаевдин аргымактын оозун кое берип, колуна кылыч кармап «актарды» кубалап бараткандагы сүрөтүн көргөн сайын аны дал өзүндөй көчүрүп тартууга болгон ышкысынын ойгонгондугун Темирбек балалыктын баео мүнөзүнө салыштырат. «Чапаевди, Ленинди да оңой эле тартып салчумун. Классташтарым таң калышып, ал тургай суктанышчу. Агай-эжейлерим болсо майрамдарда, башка даталуу күндөрдө ураан-чакырыктардын баарын мага жаздырышчу. Тиш жуучу порошокту эзип алып, «Жашасын 1-май эмгекчилердин эл аралык күнү» ж.б. у.с ураан-чакырыктардын ар бир тамгасына жүрөгүмдү берип жазып чыкчумун» - өнөрканасы менен тааныштырууга дилгир болгон каарманыбыз чыгармачылыгынын эк алгачкы чыйыры тууралу мына ушундайча кеп козгой кетти.

Анын айткандарына караганда, сүрөтчүлүк кесипти тандашына, табият тартуулаган талантына чаң жугузбай аздектөөсүнө сүрөт сабагынан берген агайы Асангазы Асанбаев түрткү бериптир. Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле «Чалкан» журналына карикатураларды тартып, тырмак алды калем акы алган. Чы­гармачылык өмүр таржымалы эң жөнөкөй. Дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери бир орундан козголо элек.

Жандүйнөсүн козутуп, сезим-туюмун дүргүткөн көрүнүштөрдү полотного түшүрүп, кезегинде живописчи катары да өзн тааныта алган Т.Асанов сүрөтчүлөрдүн областтык, республикалык, эл аралык көргөзмөлөрүнө да активдүү катышып келе жатат. «Мүнөзүм кызык деп айтпадымбы. Сабагына чырмала оролуп турган сарымсак, жарылып кетчүдөй болуп дардайып сапсары болуп бышып турган ашкабак мени өзүнө тартып, арбап алган окшобойбу, ушул эки көрүнүшкө катуу таасирленип «Сарымсак» деген натюрморт тарткам. Бул эмгегим сүрөтчүлөрдүн респуб­ликалык көргөзмөсүндө жогорку баага татыктуу болгон эле»,-мына ушундайча көркөм сүрөт өнөрүнө болгон аздектөөсүн да, чыгармачылык изденүүсүн жаап-жашырбаган кыл калем ээсинин чындыгында эле мактанаарлык ийгиликтерине күбө болдук.

«КИЙИЗ КИТЕП ЧЫГАРУУ ОЮМДА БАР»
Өмүрлүк түгөйү Гулнара Кыдырмышева экөө 1997-жылдан бери кийизге «тил» киргизишүүдө.Экөөнүн бир катар эмгектери Франциядагы, Туркиядагы эл ара­лык көргөзмөлөргө коюлду. «Менин жеке түшүнүгүмдө кадимки эле кийиздин бетине түшүрүлгөн элестердин баарына бирдей улуттук колоритти сактоо керек деген чек болбош керек. Бул салттан мүмкүн болушунча качуунун жолун издештирүү за­рыл» деген Т.Асанов убакыттын учкулдугу, мезгилдигин күлүктүгү менен доорлор алмашып, адам­дардын дүйнө таанымдары да, көркөм өнөргө болгон суроо-талаптары да дээрлик өзгөрө баштагандыгын данистөөгө басым жасагысы келет. Мына ошол максатта ал кийизге улуттук оюм-чийимдерди эмес, кандайдыр бир ойду жаратуучу элестерди түшүрүүгө аракеттенет. Айталы, шаркырап аккан суунун, ак мөңгүлүү бийик чокунун, жел менен жарышып бараткан маралдардын, же жортуулга аттанышкан баатырлардын элестерин ар кыл түскө боеп аны кийиз бетине түшүрүп, көргөндүн көз жоосун алган бир азем буюм жасап салат. Анын эмгектери көбүнчө чет өлкөлүк туристтерге сатылат. 50 доллардан 300 долларга чейин соодасы жүргөндүгүн ал чыгармачылыкка эркин жол ачылгандыгы ушул деп түшүнөт. «Мамлекет тарабынан кысым болуп турса мен эч качан көз майымды коротуп жасаган эмгегимди АКШга, Европа, Австралия мамлекеттерине сата албайт элем да»,- дейт ал чын дилинен.

Т. Асанов менен баарлашуунун өзү да кызык болду. Анын айтымында, жаш кезде сары түстү жакшы көрүп, кайсыл эмгегинде бул түстү кыпчый кетчү. Азыр болсо күрүң сары түскө ыктай баштады. Ушул жылдын август, сентябрь айларында Бишкекте консептуалдык искусствону жандандыруу максатында сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, дегеле көркөм өнөр ээлеринин республикалык көргөзмөсү ачылмакчы. Мына ушул көргөзмөгө ал «Сениби!» деген аталыштагы бир жаңы кийиз полотно менен катышмакчы. «Кийиздин душма­ны бул күбө. Деги, сенин арааның качан тыйылат деген маани менен күбө түшүрүүчү көпөлөктүн элесин кийизге түшүрөм.

Менимче жакшы эле болот го. Анткени, концептуалдык искусстводо реалисттик, академиялык талаптар сакталбайт. Ага катышкандар таштарды үйүп салып, андан бир идея жаратса да өздөрүнүн эрки. Шарттуу түрдө тема коюп, ага сөзсүз жооп бериш керек деген салттуу көрүнүш сакталбайт»,- деген көркөм дөөлөт ээсинин алдына койгон максаттары да арбын. Аны ушул учурда күн тынымын, түн уйкусун алган бир ой бар. «Манас» эпосундагы каармандардын элесин кийизге түшүрүп, бир калың китеп чыгарсам дегенде ак эткенден так этип жүргөн кези. Анын тыстыктоосуна караганда, кийизден буга чейин эч ким китеп чыгара элек, көркөм ой чабыты аркылуу жаралуучу бул эмгеги алармандардын колуна тийсе анда бир чоң, ачылыш болот эле… (Ш.Жаналиева, 10.07.2009-ж.)

Комментариев нет:

Отправить комментарий