20.07.2009

Жүзүнчү жашын белгилеп той узаткан Санам эне

100-d0b6d0b0d188d182d0b0d0b3d18b-d181d0b0d0bdd0b0d0bc-d18dd0bdd0b5“Кызыл туу”, Баткен. Баткен районундагы Бужум айылынын тургуну Аширова Санам эненин 100 жаш куракка келгендигинин урматына балдары эли-журт ичинде чоң той беришти.

1909-жылдын 7-январында ушул эле районго караштуу Булак-Башы айылында туулган Санам эне ошол кездеги салт боюнча 13 жаш курагында турмушка узатылган экен. Өмүрлүк жолдошу, ыраматылык Аширов Курбан экөөнүн ортосунда 5 уул, 2 кыздуу болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал да көпчүлүк катары согушка аттанып, кайра туулган жергесине кайтпай калат. 30 жаш курагында жолдошунан ажырап, уул-кыздарын өзү тарбиялап, балакатка жеткирет.

Санам эне уулу менен

Санам эне уулу менен

Санам эне өтөгөн эмгек жолунда алгач 7 жыл мектепте тазалыгын карап эмгек кылган. Согуш учурунда ооруктагылар үчүн тамак жасап, нан бышырып, кызмат көрсөтөт. Эмгектенгенде да күндүз күнү үч маал тамак бышырса, түнкүсүн нан жаап, Таекы маалга чейин даярдап, жүз адамды камсыздап турган экен.

Турмуш экен… Кайгы-муң менен, өзүнөн мурда уул-кыздарын оо, дүйнө узаткан күндөрүн да баштан кечириптир…

Биз барган кезде дагы бир перзентинин кайгы азасында отуруптур.

1920-жылдары колхоз-совхоздор эми гана уюшула баштаган кез. Алардын жашаган жерин, үйүн колхозго тартып алып, үйсүз да калышат. Кийинчерек эптеп турмуш кечирип, биртке каражат таап, азыркы турган үй-жайын сатып алышканын айтат.

Санам эненин жашап турган үйү сыртынан жүдөңкү экени барганга даана байкалат. Имараттын мындай абалын 80 жаш курактан ашкан уулу Нишанбай аксакал мындай түшүндүрдү: «Энем ушул үйдөн кеткиси жок. Болбосо үй жок беле? Көчүрүп кетүүгө ынабайт. «Күйөөм экөөбүз жашаган, уул-кыздарымды тарбиялап өстүргөн үйдөн эч каякка кетпеймин» деп туруп алат. Эми ушул жашап турган үйдүн сыртын, ичин оңдоп-түзөп беребиз».

Чынында, дагы эле болсо баскан-турганы тыкан Санам эне ушу кезге чейин тамак жасап, нан жабууга да кудуреттүү. Айылдагы кыз-келиндер, аялдар кыргызчылык салт менен Санам энеге насаат алуу, жаш балдарын эмдетүү, учуктатуу үчүн тынымсыз кайрылып турушат экен.

Той-маараке аяктаганча энени куттуктап келгендердин катары суюлбай турду. Убакыт жетип, кайтар кез келгенде көпчүлүк менен бирге көчөгө чыга, келген конокторду өзү узатып жатты. (Б.Рысбаев, 11.07.2009-ж.).

Комментариев нет:

Отправить комментарий