22.07.2009

Таластын төрт айыл округунда жана Талас шаарында коомдук көзөмөл борборлору түзүлөт

«Talasnews.KG», 22-июль, Талас. Таластагы кен казуучу ишканалар жайгашкан Талас районундагы Рыспек Айдаралиев, Бекмолдо, Арал, Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл округдарынын чегинде жана Талас шаарында коомдук көзөмөл борборлору түзүлүүдө.

Кен казуу тармактарынын ачыктыгы демилгесин камсыздоо максатында, “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борбору үстүбуздөгү жылдын май айынан баштап, “Сорос Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен “Коомдук көзөмөл борборлору” долбоорун ишке ашыра баштады.

Долбоордун башкы максаты коомдук көзөмөл борборлорун түзүү аркылуу кен казуучу ишканалардын иш аракеттерине коомдук көзөмөлдөө системасын жайылтуу. Долбоордун иши боюнча долбоордун координаторунун ассистенти Бактыяр Камалдинов өз оюн билдирди: “Коомдук көзөмөл борборлору жергиликтүү коомчулук үчүн кен казуучу компаниялардын, каржылык түшүүлөрү тууралуу маалыматтарынын жеткиликтүүлүгү, ачыктыгы, келишимдердин аткарылышы жана жер-жерлерде кен казуу боюнча иш-аракеттеринин жүрүшүн көзөмөлдөшөт”.

Долбоордун мөөнөтү 2010-жылдын май айына чейин. Ар бир айыл округунда коомдук көзөмөл борборлорунда 1ден адистер иштешет. Учурда аларды окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук көзөмөл борборлору август айынан баштап ишке кирет.

“Бир жыл бул изденүү мезгили, коомдук көзөмөл борборлорун заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздап, андан ары туруктуу иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек”, - деди Бактыяр Камалдинов. (Мира Сейдикеримова)

Комментариев нет:

Отправить комментарий