22.07.2009

Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары “Келечек” лагеринде эс алууда

“Аймак-news”, 22-июль, Каракол. Быйыл да Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары лагерде ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты

Учурда Ак-Суу балдар үйүнүн 70 тарбиялануучусу “Келечек” лагеринде ден-солуктарын чыңдап жатышат. Эс алуудагы тарбиялануучулар 30-августка чейин лагерде болушат. Бош убактыларында спорттук, маданий-массалык иш-чараларды уюштурушуп, көңүлдүү эс алышууда. Мындай иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп келет.

Азыркы учурда Ак-Суу балдар үйүндө үч жаштан он сегизге чейинки 103 бала тарбияланууда. Мектеп жашына жете элек төрт наристе бар, калганы Ак-Суу районунун борборундагы М.Мамакеев жана С.М.Киров атындагы орто мектептеринде билим алышууда. Окуудан тышкаркы учурда атайын ийримдер уюштурулган. Балдар-кыздар өз тандоолоруна жараша музыка, сүрөт, компьютер, тикмечилик, өтүкчүлүк, чач тарач, гүл өстүрүүчүлүк сыяктуу ийримдерде даярданышат.

“Жакында эле Жусуп Бакиев атындагы коомдук фонддун демөөрчүлүгү аркылуу 120 миң сомго электр менен иштөөчү тигүү машиналарын алдык. Кыздарыбыз азыр аларды жакшы өздөштүрүп калышты. Жакын араларда элден заказ алып иштөөчү цех ачалы деп турабыз”, - деп билдирди Ак-Суу балдар үйүнүн директору Жеңишкүл Ниязова.

Имарат жайы облмамадминистрациясынын жардамы менен 2,5 млн. сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланып, балдар 4 маал тамак менен камсыз. (Жаныгүл Мамакеева)

Комментариев нет:

Отправить комментарий