«Аймак-news», 22-июль, Баткен. Ооган согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин Баткен облустук бөлүмү үчүн административдик имараттын курулушу башталат.
Ооган согушунун ардагерлеринин Баткен облустук бөлүмүнүн административдик имаратын куруу үчүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жыл башында 200 чарчы метр аянт бөлүп берген. 2 кабаттуу имараттын долбоору бүгүнкү күндө даяр. Ардагерлер кеңеши тарабынан даярдалган долбоор боюнча имараттын курулушуна 4 миллион 377 миң сом акча керектелет. Бул тууралуу облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдумалик Ботояров билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери негизинен демөөрчүлөрдүн, орусиялык инвестициянын жардамы менен жүргүзүлөт. Эгер акча маселеси чечилсе курулуш иштери токтоосуз башталат.
Бүгүнкү күндө Ооган согушунун Баткен облустук коомдук бирикмесинде 500дөн ашуун мүчөсү бар. Ооган согушуна Баткен областынан 539 жоокер катышып, 25и курман болгон. Облус боюнча Ооган согушуна катышуучулардын 67 пайызы жана каза болгондордун 21 жоокери Кадамжай району жана Кызылкия шаарларынан болот. Ошондуктан ушул аймактардан ар кандай маселелер менен көп кайрылышкандыктан имаратты Кадамжайда куруу чечими кабыл алынган.
Эскерте кетсек, облустук Ооган ардагерлер коомунун офиси буга чейин облус борбору Баткен шаарында чайханадан бир бөлмөнү ижарага алып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. (Жылдыз Абдрахманова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий