“Naryn.kg“, 11-август, Нарын. Мындай маалыматты облустук акимчмликтин өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Шалтаев КРнын биринчи вице премьер министири Өмүрбек Бабановдун катышуусунда Кара-Кечеде өткөн өкмөттүн көчмө жыйынында билдирди.
Анын айтымында облус боюнча 72 көмүр базалары уюшурулмакчы жана 264 откананын 195 и ремонттон өткөрүлүп 74 пайызы от жагууга даяр болгон. 2009-2010-жылдын кыш-күз мезгилине отканаларга керектелүүчү 5 миң 700 тонна көмүрдүн 2 миң тоннасына өткөрүлгөн тендерден «Сардар» жана «Жумгалсуукурулуш» көмүр казуучу ишканалары утуп келишимдер түзүлгөн. “Мындан сырткары бюджеттик мекемелерге көмүр сатып жана тартып алууга жалпы 31 млн 475 миң сом талап кылынат, анын 27 млн 124 миң сом республикалык бюджеттен каржыланууга тийиш”, -дейт Ы.Шалтаев.
Комментариев нет:
Отправить комментарий