10.08.2009

Облустун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттыкты сактоо боюнча Нарын облустук координациялык комиссиясынын жыйыны болуп өттү

“Теңир-Тоо, 10-август, Нарын. Анда Нарын районунда акушер-гинекологиялык кызмат көрсөтүү деңгээли жана кенже балдардын өлүмгө учурашы тууралуу маселе каралды. Аталган маселени облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары С.Эсенаманова жетектеген саламаттыкты сактоо боюнча облустук координациялык комиссиясы иликтеп чыккан.

Быйыл Нарын райондук үй бүлөлүк медицина борбору республика боюнча «алдыңкы» деп табылып, автоунаа менен сыйланганы менен координациялык комиссия тапкан орчундуу мүчүлүштүктөр парадоксалдуу жагдайды жаратты. Ушул кемчиликтер тууралуу жыйналышта окулган докладга кулак төшөсөк.

Райондо төрөт жашындагы аялдардын ден соолугун жакшыртуу жана үй бүлөнү туура пландаштыруу максатында, ошондой эле өнөкөт оорулуу же аз кандуу аялдардын саламаттыгын чыңдап төрөткө даярдоо үчүн эл аралык ЮНФПА уюму тарабынан контрацептивдик каражаттар бекер камсыздалат. Буга карабастан контрацептивдик каражаттар сунушталбай, үй-бүлөнү пландаштыруу талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүктөн, контрапцепциянын камсыз болушу жылдан жылга төмөндөп кеткен. Ушуга байланыштуу, себеп жана натыйжалуулуктун мыйзамы боюнча аралыгын бир жылдан кылып удаа төрөгөндөр жана көп төрөгөндөр аталган райондо 2,5 пайызды түзүп, облус боюнча «алдыда» баратыптыр.

Ошондой эле кош бойлуу айымдарды 12 жумалыгына чейин эрте көзөмөлгө алуу жагы жетишерлик деңгээлде жүргүзүлбөй келген. Ушул себептен эрте көзөмөлгө алынбаган кош бойлууларга тиешелүү витаминдер берилбей, түйүлдүктүн туура өсүшүнө профилактикалык иштер жүргүзүлбөй калган. Мисалы, Таш-Башат ФАПында 2009-жылдын 5 айына карата көзөмөлгө алынган 24 кош бойлуу аялдын 9у гана 12 жумага чейинки мөөнөттө алынган, ошентип эрте көзөмөлгө алуу 37 пайызды гана түзгөн. Бирок, отчет боюнча көрсөткүч 68,8 пайыз деп көрсөтүлүп жасалмалуулукка жол берилген.

Ал эми медициналык персоналдардын билим деңгээли өзүнчө сөз боло турган нерсе экен. Маселен, шашылыш убакта колдонулуучу акушердик сумка бардык ҮБДТ\ФАПтарда болсо дагы айрым ФАПтардын медкызматкерлери колдонуу ыкмасын билишпейт, ал тургай акушер-гинекологиялык инструменттердин атын билбеген медкызматкерлер дагы табылды. Акушер-гинекологиялык кызмат боюнча практикалык жардам 2009-жылга уюшулбай, 6 айдын ичинде бир дагы практикалык жардам көрсөтүлгөн эмес.Төрөткө психологиялык жактан даярдоочу окуу сааттары жана төрөткө чейинки патронаждар жер жерлерде жүргүзүлбөгөндүгү аз келгенсип, төрөттөн кийинки патронаждар да убагында жүргүзүлбөй калат экен. Медкызматкерлер клиникалык протоколдор менен талапка ылайык иш алып барбагандыктан кээ бир изилдөөлөр жана дарылоолор аткарылбайт. Айрым ФАПтарда медициналык документациялар талапка ылайык жүргүзүлбөгөн.

Гинекологиялык ооруларды эрте табуу, көзөмөлдөө жагы да талапка жооп бербейт, райондук ҮБМБ тарабынан гинекологиялык ооруларды табуу 0,6 пайызды гана түзөт, ал эми өспүрүм кыздар арасында бир дагы оору табылган эмес. Ошол эле учурда облустук ҮБМБга алты айдын ичинде 390 аял гинекологиялык оорулары боюнча кайрылышкан. Жатын моюнчасынын эрозиясын табуу 2008- жылы кескин азайган, бирок жыныс органдарыны рагы менен, анын ичинде жатын моюнчасынын рагы менен жабыркаган аялдардын саны да көбөйгөн. Облуста йоджетишсиздиги актуалдуу маселе болгондугуна карабастан, жылдан жылга ооруну табуу төмөндөөдө.

Ал эми кенже балдарды тейлөө жаатына кулак төшөсөк, 2009-жылга карата төрөлгөн балдардын 46 пайызы төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Медкызматкерлеринин шалаакылыгынан бир баланын өмүрүнө зыян болгон, башкача айтканда бала үйүндө бир топ убакытка чейин ооруп калган, ак халатчандар болсо абалын көрбөй фиктивдүү түрдө патронаж жасап, анын амбулатордук картасына «ден соолугу таза» деп жыйынтык чыгарышкан.

Райондун тургундары райондук ҮБМБга эмес, облустук ҮБМБга көбүрөөк кайрылышууда. Аймактагы ҮБДТ\ФАПтар тарабынан калкты медициналык тейлөө канааттандырбагандыктан, борборго стационардык дарыланууга келген бейтаптардын 82 пайызы айылдык же райондук дарыгерге эмес, түз эле тез жардамга, облустук ҮБМБга же ооруканага кайрылышкан. Беш жашка чейинки балдарды дарылоо нерв-психологиялык өсүүсүнө баа берүү жагы да анча колго алынбаган. Мисалы, Дөбөлү ҮДТсында ДЦП менен жабыркаган балага бир жылдан кийин гана диагноз коюлуп, көзөмөлгө кеч алынган. Бир жашка чейинки балдарды көзөмөлгө алуу консультацияга жиберүү кээ бир ҮДТ\ФАПтарда төмөндөп кеткен жана аз кандуулук оорусун эрте табуу жана дарылоо жагы боюнча лабораториялык изилдөөгө керектүү реактив алынбагандыктан, быйылкы жылга балдардын жана чоң адамдардын гемоглобини текшерилген эмес.

Ушул жана башка терс көрүнүштөр тууралуу докладды облустук ҮБМБнын деректиринин дарылоо боюнча орун басары А.Бердикожоева окуган соң, аталган райондун ҮБМБсынын деректири Д.Жумаевге сөз берилди.

Докладда айтылган айрым кемчиликтерди мойнуна алуу менен бирге -Контрацепция менен камсыз болуу жылдан жылга төмөндөгөн жок, отчетко кийинки убакта жыл ичинде жаңы пайдаланылгандары гана киргизилүүдө. Ал эми практикалык жардам өз деңгээлинде эле, автотранспорттун жоктугунан улам буга чейинки алыскы жайлоолор жана айылдарга чыгуу жагы гана кыйын болуп жатты. Райондо врачтар жетишсиз болгондуктан жергиликтүү тургундар бизге эмес, борборго кайрылышууда. +лгөн бала тууралуу айтсам, ката кетирген медперсоналдарга сөгүш жарыяладык. Ата-энелеринин нике тууралуу күбөлүгү же паспорту жок болгондуктан жаңы төрөлгөн балдар метрика ала албай калышууда,- деген Д.Жумаев райондогу медициналык тейлөөнүн өтө деле жаман эместиги тууралуу дагы бир топ аргументтерди келтирди.

Жыйынга катышкандар бир канча сын-пикирлерин айтышкан соң, калкты социалдык жактан тейлөөдө райондук жетекчилик да кайдигер калбастан, колдон келген жардамын медициналык мекемелерден аябашы керектиги белгиленди.

Комиссиянын төрайымы С.Эсенаманова райондо акушердик гинекологиялык кызматын координациялоо талаптагыдай жүргүзүлбөй жаткандыгына токтолду. Шашылыш убакта колдонулуучу акушердик сумканы колдоно билбеген жана ДЦП деген диагнозду бир жылга чейин кое албаган медкызматкерлерине айран калуу менен бирге эле, сөз болгон ФАП кызматкерлерине сөгүш берүү алардын башынан сылагандык экендигин, ҮДТ\ФАП кызматкерлери өз деңгээлинде иштебей жаткандыгын жана алардын квалификациясын көтөрүү керектигин белгиледи.

-Мындай маселе бир эле районго эмес, жалпы эле генефондго таасирин тийгизет. Кыргыз элине ден соолугу чың тукумду бере турган аялзатына көңүл бөлүү зарыл. Жер-жерлердеги ФАПтар ар бир күнүңүздөрдү жоопкерчилик менен өткөрүңүздөр, өз ишиңиздерди жакшы аткарып, сындан туура жыйынтык чыгарыңыздар,- деп айтты С.Эсенаманова.

Жыйналыштын аягында координациялык комиссиянын чечими менен Нарын районунун мамадминистрациясына райондук акушердик-гинекологиялык жана балдар кызматын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилип, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар райондун ҮБМБ деректири Д.Жумаевге тапшырылды. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Нарын облустук ҮБМБсынын деректири К.Мамбеталиевге жүктөлдү

Махабат Абдылдаева
«Теңир Тоо», №63-64 (13303-13304, 4-август, 2009-ж.

Комментариев нет:

Отправить комментарий