«Ысык-Көл кабарлары», 14-август, Каракол. Областыбыздын флора менен фаунага байлыгы мени сыймыктандырбай койбойт. Кайда барбагын табиятыбыз ажайып кооздуктары менен кучагына алып, байлыгын, ырыскысын чачып тургансыйт. Бул жолу мен аймагыбыздагы ихтиофаунанын учурдагы ал-акыбалы туурасында кыскача ой бөлүшүүнү туура таптым.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө балыктардын 26 түрү бар. Алардын ичинен ону интрудициялык деп аталгандар же сырттан алынып келинип кое берилгендер, он экиси болсо эндемикалык же жергиликтүү балыктар болуп саналышат. Мурдагы Советтер Союзунун мезгилинде Көлдөгү балыктардын продуктуулугун арттыруу максатында кое берилген балыктардын ичинен балык менен тамактангандары гана, алардын арасында биз сыймыктанган форель да бар, жашап, өөрчүп кетишкендиги илимий чөйрөгө кеңири маалым.
Сырттан алынып келинген жана жергиликтүү балыктардын өз ара катышы 60 пайызды түзөт. Башкача айтканда, сырттан келгендер басымдуулук кылат. Бул жерде баса белгилеп кетиш керек, Көлдөгү балыктардын жети түрү бизде гана бар. Алардын ичинен Ысык-Көлдүн чабагы, май чабагы, алабуга, кек чаар тукум курут болуп кетүү коркунучунун алдында турат.
Жыл сайын форель балыгы урук таштоого нап коюп, ыңгайлуу жайларга байыр ала баштаганда, аны коргоонун айлыктары; жарыяланганы менен көтөрүлгөн иш-чаранын майнабы көзгө көрүнбөгөнсүйт. Тескерисинче, ошол мезгилдерде табият байлыгына суук колдорду салуу өтө күчтөнүп, браконьерчиликке жогорку эшалондогу айрым чиновниктердин аралашып, «крыша» болуп берүү фактылары да жок эмес. Натыйжада, жылда кайталануучу демилгенин жыйынтыгы реалдуу чыкпай, чыгып калса массалык-маалымат каражаттары аркылуу калың журтка кеңири маалымдалбай, мындан таасирдүүлүк азайып, өз ара кажы-кужу менен иш бүтүп, «жабылуу аяк жабылуу бойдон» кала берүүдө.
Сөз оңтойу келгенде иш-чаранын бир жактуу өтүп келгендигин белгилей кеткенибиз ийги. Мында чүйгүндүүлүгүнө каралып, форель балыгына басым жасалып, жергиликтүүлөрү көмүскөдө калууда. Маани бербөөчүлүктүн ачуу кесепети жогоруда белгилеп кеткендей, көлдүн нукура балыктары жылдан жылга азаюуда. Анткени, суунун «кайберендери» уруктарын ар кыл мезгилде ташташат. Алсак, Ысык-Көлдүн чабагы менен май чабагы белгилүү гана бир аймакка жылдын март-апрель айларында тукум узартууга аттанышса, кек чаардыкы жай айынын алгачкы күндөрүнө барып такалат. Кырдаалды жакшы билишкен браконьерлер ошол участакаларды маанектешип, таасирдүү көзөмөлдүн кашандыгынан оной олжого туйтунушууда. Анткени, дагы кайталап кетейин, тиешелүү уюмдар тарабынан мыйзамсыз балык кармоого ак эдил мамиле жасалбай, байкоо жүргүзүлбөй жатат. Мында эндемикалык же жергиликтүү балыктар өтүмдүүлүгү менен айырмаланып, аларга басым өзгөчө жасалууда.
Ошондуктан «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы жагдайды жөнгө келтириш үчүн Ысык-Көлдү жылдын кайсы мезгили болбосун катуу көзөмөлгө алып, оперативдүү рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп туруу демилгесин көтөрүп чыккан. Буюрса, аракет областтык мамлекеттик администрациясы тарабынан колдоо таап жатат. Бул ирет иш-чара бир жактуу балык маселесин эле камтыбастан, уруксаатсыз мергенчилик жасоо, токой массивине кол салуу, бак-дарактарды, бадалдарды кыюу сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы да багытталмакчы.
«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы областтык мамлекеттик администрациясынын Ысык-Көлдүн айланасында браконьерликке каршы күрөшүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, балык кармоодогу браконьерликке каршы күрөштү күчөтүп келүүдө. Алсак, өткөн 2008-жылы бул багытта атайын оперативдүү топ түзүлүп, анын мүчөлөрү октябрь, ноябрь, декабрь айлары рейддерди тынымсыз өткөрүп турду. Алардын натыйжасында жалпы узундугу 18000 метрлик 208 даана балык кармоочу тор алынып, тогуз кайык кармалды. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында болсо 2400 метрлик 24 даана балык кармоочу тор, эки кайык «кылтакка» илинди. Айтмакчы, рейддик жүрүштөрдүн мезгилинде көзөмөлдө кызматына кирип алышкан айрым штаттан тышкаркы кызматкерлердин мыйзамсыз балык улоого түздөн-түз көмөктөш болуп олтурган көрүнүшүнө кириптерленишибиз бизди тынчсыздандырбай койгон жок.
ПРООНдун «Балык тармагында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо проблемаларын чечүү үчүн саясатты жана ченемдик-укуктук түзүмдү күчөтүү» долбоору менен бирдикте кийинки беш жыл аралыгында көлдүн уникалдуулугун сактап калуу, аны чыныгы жаратылыш резерватына айландыруу багытында комплекстүү жумуштарды жүргүзүү далалатын көрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев Ысык-Көлдүн келечеги жөнүндө кам көрүп, андагы эндемикалык балыктардын түрлөрүн, балык запасын сактап калуу максатын көздөп, Ысык-Көлдөн балык кармоого тыюу салган атайын Указ кабыл алды. Чечкиндүү бул кадам мыйзамсыз балык кармоого элдешкис күрөш жүргүзүүгө айкын жол ачууда. Жалпыбыздын ишибизге учурда коомчулук менен бирдиктеги, келечекти көздөгөн эриш-аркак аракет жетишпей жаткансыйт.
Э.СҮЙҮНБАЕВ, «Ысык-Көл» биосфералык
аймагынын рейддерди уюштуруу
боюнча оперативдүү тобунун
жетекчиси, башкы адис.
Комментариев нет:
Отправить комментарий