“Жаңы Багыт”, 11-август, Талас. Ушул сөздүн тегерегинде Талас шаардык суу түтүктөр башкармасынын жетекчиси Шамиль Акматов менен дил маек.
-Шамиль Акматович, суу дегенде илгери бирөөдөн уккан уламышты эстейм.
-Чогуу угуп койбойлубу?
-Араб өлкөлөрүнүн биринде адамдын байлыгы эшигинин алдында өсүп турган дарагынын санынан жараша бааланат дешет. Бир дарагы болсо орто тирилиги бар, эки дарактуусу тың жашайт, ал эми үч дарактан ашык бак өстүрсө кожоон байлардын катарына кирет экен?
-Себеби?
- Себеби ушул, ошол бакты коюртуш үчүн сууну литрлеп сатып алат тура… Канча каражат керек экенин эсептей берсек болот.
-Жакшы мисал экен.
-Эми өзүбүздүн күнүмдүк тиричилигибизге кайрылып, тагдыр буюруп, табигатыбыз жарашып суунун кээрин тартпай турган шартта тартыштык маселесинин жарала калып жатышына токтолсок.
-Дегеле шаарды, шаар калкын с менен камсыздоонун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Мүнөздүү айтканда, шаарда суунун баркы кыйла жогорулайт. Анткени ошол суунун шаардыктарга жеткирүү үчүн бүтүндөй бир тармак пайдаланылып, эчендеги күч, каражат жумшалып жатпайбы.
-Кыябы келип калганда шаардын суу тармагы жөнүндө кыскача баян куруп берсеңиз?
-Биздин ишкана калкты, соода, саламаттык сактоо, жалаң гана таза маданий жана билим берүү тармактарын, өндүрүш жайларын таза суу менен камсыздабастан шаардан көп сандаган канализация тармагын тейлейт.
-Суу түтүктөрүнүн, жабдуулардын абалы кандай?
-Шаардын суу тармагы 1965-жылдары курулган. Жалпы узундугу 75 чакырымды түзөт. Канализация коллектору 9 чакырымга жакын. Көрүнүп тургандай тармактын пайдалануу мөөнөтү бир эмес эки жолу өтүп, эскирип бүткөн. Ошондуктан кийинки үч жылдын аралыгында мэрия тарабынан калкты таза суу менен үзгүлтүксүз жана сапатуу камсыздоо боюнча олуттуу иштер аткарылды. Эл аралык АРИС программасынын долборлору менен иштешип, тармактын суу тактоочу башкы жайын кайра жаңылатуу жана булганыч сууну топтоп тазалоочу жайды ордуна келтирүү жүргүзүлдү. Долбоор боюнча өткөрүлгөн тендерге жараша тереңдиктеги скважинаны жаңыртуу, суу соргучтарды орнотуу, хлорлоочу установканы, суу сактоочу жайдын суу бөлгүч жайын куруу аткарылды. Мындан тышкары тармактын ыраттуу ишин камсыз кылууга керектүү кыйла иштер бүткөрүлүп жалпысынан 21 миллион 211миң 747 сом каражат өздөштүрүлдү. Мунун 15 милион 157 миң 496 сому чалчык сууну топтоп чыпкалоочу жайга жумшалды. Шаар турмушуна шаардыктардын саламаттыгына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган бул иштердин бир эле мисалына токтолсок, жаңыдан бургуланган скважинананын тереңдиги 119 метрди түздү.
-Кийинки долбоор эмнеге арналмакчы?
-Азыр жергиликтүү бийлик менен биргелешип суу түтүктөр тармагын жаңыртуу боюнча долбоорлорго катышууну болжоп, иштеп жатабыз. Болбосо кубаттуу суу соргучтар иштегенде эскирип бүткөн тармак чыдабайт, «үзүлүп», «жарылып» кетип жатат. Убактыбызды сарптап «булак» пайда болгон жерлерди зор күч, каражат сарптап, тынымсыз оңдоп жатканыбыз ошондон.
-Орточо ушундай «парывдар» канчалык түзөт?
-Алты айда 110 жолу «жарылды».
-Мунун дагы башка себеби барбы?
- Суу жетиштүү, баарын жөндөп койдук дегенде электр кубатынын өчүп калышы кошумча түйшүк жаратат. Моторубуз иштеп, сууну кайра кое бергенде жанагы көрүнүш кайталанат. Түтүк жарылган жерди казып оңдоо - оор жумуш. МАИ, жолчуларга кайрылып, уруксат алуу. Жайында мейли, кышкысын түйшүк арбыйт. Анын үстүнө оңдой турган жерди толук казгандан кийин гана иштин көлөмү аныкталат. Тиешелүү бөлөк бөлүктөрдү дайындап алуу керек. А убакыт күтпөйт.
-Касы участоктордо «порыв» көп болот?
-Иликтеп көрсөк Ленин, Оторбаев, Совет, токтогон, айтор, тармак боюнча кайталанары байкалат.
-Ишкананын канча абоненти бар?
4093 абонент жана 300 ашуун уюмдар менен иштешебиз. Былтыр 31 абонент кошулду. Мунун 9у жаңы уюшулган уюмдар.
-Алаканы эмненин негизинде жүргүзөсүңөр?
-Эки тараптуу келишим менен калктын 62, уюмдардын 95 пайызы камтылган.
-Сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн убагында аткарылбай жатканы ишкананын ишине кандай таасир этүүдө?
-Терс таасирин тийгизүүдө.Ошондуктан биз карыздарын жаппаган абаненттин суудан «кол үздүрүү» жолдорун, мындайча айтканда сууну «бууп» койууну колдоно баштадык.
-Төлөп койгон кошунасы запкы тартпайбы?
-Ал жагын жеринде, шартына жараша чечебиз…
-Дагы кандай жаңылыктарда колдонуп жатасыздар?
-Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн суунун пайдалангандыгы үчүн эсеп-кысып кагаздарын жүргүзүү «Биллииги» системасы боюнча жүргүзүүнүн колго алуудабыз.
-Дегеле ишиңерди жүргүзө турган жамаатыңар канча, иштөө үчүн кандай шарттар түзүлгөн, кыйын жагыңар эмнеде?
-Үч суроонун өзөгү бир. Башкармалыкта 36 кызматкер иштейт. Бардык суу соргучтар, слесарь, машинистер менен камсызданышкан. Көчмө ширетүүчү аппарат, тиешелүү атайын жабдыктарыбыз бар.
-Сиздердин кызматыңыздардан пайдаланган шаардыктарга каалоңуз?
-Жергебиз сууга бай. Бирок сууну кор туту болбойт. Илгертен ата-бабаларыбыз суунун касиетин аруу тутууга чакырган. АСР, сарамжал колдогон. Сууга (кудукка) түкүрбө, булганыч нерсе төкпө, деп суудай таза болууга умтулушкан.
Биздин мисалыбызда сууну сарамжал пайдалануу өтө актуалдуу. Айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку жагына суу чыкпай жатканда ошол эле үйдүн алдыңкы кабатындагы айрымдардын түтүктөрүнөн суу токтобой коромжу болгон учурлары болот. Айрым үй ээлери жайы менен бак-шагын, чарбасын ичер суу менен сугарганга маш. Мындай жай көрүнүштүү 10-15 эле адам жасаганда күнүнө 1,5 кубка чейин суунун сарп кылышат.А шаар боюнча алганда канча болот, элестете бериңиз.
-Ишти ургал ургалдаштыруу жакшыртуунун кошумча, келечектүү жолдору барбы?
-Сөз жок бар. Биринчиден, тармакты жаңыртуу.Ага чейин сууну үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүү. Анан жаш, иш белги адистерди тарбиялап, резерв түзүү. Азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз. Эң башкасы - сууну пайдалангандан кийин анысын кечиктирбей төлөп турууну камсыздоо. Бул иш калк менен бирдикте гана жүзөгө ашат. Мына ошондо эки ортодогу азыр жолуга калчу «ыйкы-тыйкы» мамиле өзүнөн өзү жоголуп, жашоо-тиричилик адамдарга ыңгайлуу, жагымдуу боло берет. Биргелешип, жоопкерчиликти тең көтөрсөң ал күн да алыс эмес.
Билдирме:
Ш.Акматов 1992-жылы Россия Федерациясынан мамлекеттик агрардык университетин аяктап, суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу адистигине ээ болгон. Мындайча айтканда, суу боюнча эколог.
1997-жылдан ушул мекемеден абонент бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2006-жылдан бери ишкананын жетекчиси.
Дил маек курган Т.Абдыбалиев, Б.Боромбаев,
“Жаңы багыт”, №23, 31.07.2009-ж.
Комментариев нет:
Отправить комментарий