“Talasnews“, 13-август, Талас. Учурда Карабуура районундагы Бакыян айыл өкмөтундө АРИС тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүү багытында эгүү, тигүү, жер семирткичтердин түрлөрү боюнча окутуу иштери жүргүзүлүүдө.
2005-жылы Бакыян айылында Гулмира Базарбаеванын демилгеси менен “Акылай” үрөнчүлүк фондусу ачылган. Фонддун мүчөлөрү 30 кишиден турат. Фонддун максаты дыйкандарга үрөн таратып берүү.
“Биз тараткан “Айсброш” деген үрөндөн азыр дыйкандар алды 60 центнерге чейин, арты 35 центрден түшүм алып жатышат”, - деп билдирди Гулмира Базарбаева.
“Леди Ширин” коомдук фондусунун жетекчиси Гүлүмкан Шабданбекова “Айсброш” үрөнүнүн Карабуурадагы 10 коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге таратып берген. Натыйжада Карабууралык дыйкандар түшүмдү арбын алып, кубанычтары коюндарына батпай турган чак. (Мира Сейдикеримова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий