“Теңир-Тоо“, 10-август, Нарын. Бет ачарга мэриядан, бейөкмөт уюмдардан, коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү ишканасынан өкүлдөр катышышты.
Долбоордун координатору Калил кызы Гүлмира аткарылуучу иш чаралар тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
- Республикада «Жаштарды интеграциялоо кызматы» аттуу бейөкмөт уюм бар. Ушул уюм социалдык маселелерди чечүү үчүн атайын кербен-долбоорлорду түзүү тууралуу жаштар арасында маселе көтөргөн эле. Кербен-долбоорлордун шарты боюнча: ар бир облустан бирден социалдык долбоорлор жактырылып, ал ишке ашуусу керек. Бул кербен-долбоордун биздин облустагы бөлүгү катары «Нарындын жаш лидерлери» уюму тарабынан иштелип чыккан «Айлана-чөйрөнү коргоо» аттуу долбоору кабыл алынды..Долбоор АзияУниверсалБанк тарабынан 2000 долларга каржыланып, мөөнөтү - бир ай, башкача айтканда 1-августтан 30-августка чейин.
Нарындын жаш лидерлери ойлонуп-толгонуп отуруп иштеп чыккан шаардын көркүнө, тазалыгына салым кошуучу бул иш-план боюнча Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркын ремонттоп, скамейкаларды, таштанды челектерди орнотобуз. Андан тышкары, 12-август күнү шаарда жаштар үчүн «Сен өзүң курган нерсени өзүң талкалабайсың» аттуу акция өткөрмөкчүбүз. Бул акциянын максаты: жаштардын аң-сезимин ойготуп, аларды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөтүү. Себеби, мээнет кылып, шаарды тазалыкта, иреттүү кармаганга канча акча каражатын жумшасаң да, адамдардын өздүк маданияты жетишпей, айлана-чөйрөгө шалаакы мамиле жасаса, жасаган эмгегиң талаага кетет.
Нарын шаарынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү ишканасынын деректири Б.Токтосунов жаштардын бул демилгеси колдой турган нерсе экендигин, шаардагы өзгөчө жай - «Тянь-Шань» паркына көрүлгөн бул камкордук башка жактарга да жайылтылса жакшы болорун айтты.
Махабат Абдылдаева,
«Теңир Тоо», №63-64 (13303-13304, 4-август, 2009-ж.
Комментариев нет:
Отправить комментарий