12.08.2009

Абалың кандай мамлекеттик тил?

“Талас турмушу”, 12-август, Талас. Тил мыйзамынын 20 жылдык мааракесине карата ой толгоо.

“Тил улуттун портрети”
Ч.Айтматов

Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм сүйлөйм ыр ырдайм.
Башка тилди жандан жакшы көрсөм да,
Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Деги биздин элдин ырыскысы Ала-Тоодой тура, анткени 1985-жылы бактыбызга кайра куруу келип, карааны көздөн учуп бараткан тилибизди, динибизди жана каада-салттарыбызды өз колубузга кайтарып берди. Болбосо мурдагы сенектик жылдар дейбизби айтор ал кокусунан ондогон жылдарга созулуп кетчү, бала чакабыз гана мамлап, папалап калмак түгүл өзүбүз да түндүктөгү якут, хакас, алтай чукча элдердикиндей ысмыбыз тургай аталарыбыздын атына чейин орусчага өзгөртүп, кадимки маңкуртка айланмак экенбиз. Буга да шүгүрчүлүк дейличи. Ансыз да Гүлбарабыз- Гуляга, Сонунбүбүз-Соняга ал гана эмес айрым Өмүралиев дегендерибиз Умралиевге которулуп кеткени жалган беле. Ошентип, 1989-жылы сентябрң айында көптөгөн орус тилинде сүйлөгөгн адамдардын көрсөткөн катуу каршылыгына карабастан кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болуп, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөгөндүгүн кимдер билбейт дейсиң.

Баарынан өкүнүчтүүсү ошондон бери канча жылдар өтсө дагы «Балык башынан сасыйт»-дегендей эл ишенип шайлаган айрым өз улутубуздагы депутаттарыбыз сессия маалында официалдуу тилде сүйлөгөндүгү албетте кыжырыңды келтирбей койбойт экен. Өткөндө ошондой орус тилинде сүйлөгөгн депутатка «эмне үчүн өз тилиңизде начар сүйлөсүз»-десе ал: Мен күнөөлүү эмесмин, мага окшогондор аз эмес, буга ошол учурдагы саясат күнөөлүү»- деп тили жаңы чыгып келаткан бөбөктөй актана сүйлөсл, аргасыздан күлөт да, күйөт да экенсиң. Албетте, мунун өзү болбогон шылтоо,- деп ойлоймун жеке түшүнүгүмдө. Себеби, тил мыйзамы чыккандан бери канча деген жылдар өттү.Эгерде өзүнүн көңүлү болуп дитин коюп чындап киришсе арийне капкачан эле үйрөнүп алмак. Канткен күндө да өз эне тили эмеспи. Ал түгүл кээде элетте жашаган айрым орус туугандар кыргыздын түшүн жооруп айрым сөзгө чоркокторун кепке жыгып койгон учурлары деле кездеше калып жүрбөйбү.

Эми сөзүбүздү көп узарта бербей областыбызда тил мыйзамынын аткарылышы кандай абалда экендигине көңүлүбүздү буралычы. Ырас, «Тил тагдыры- эл тагдыры»- деген кош колдоп кубаттай турган кароо-сынактар өтүп, райондордун, айыл кыштактардын ал түгүл көптөгөгн көчөлөрдүн аты кыргызча коюлду. Көчөлөрдөгү көрнөк жарнактар да мамлекеттик тилде атала баштады. Мунун өзү да жакшы жөрөлгө деп эсептейм.

Ошондой болсо да ушундай ийгиликтер менен бирге айта кетүүгө арзый турган кемчиликтер да кездешүүдө. Маселен айрым мекеме уюмдардын жетекчилери бүгүнкү күндө деле орус тилинде даярдалган материалдарын редакцияларга жөнөтүп жатышат. Же бул алардын гезитте иштегендердин кыларга иши жок, даяр нерсени которуп алышпай жандары жокпу дегениби же тил мыйзамын тоотпогондугубу, айтор муну түшүнүү кыйын.

Калкты тейлөө тармактарында иштеген орус тилинде сүйлөгөн жолдоштор жадегенде турмуш тиричиликке байланышкан сөздөрдү да билишпегендиги өтө өкүнүчтүү. Кокусунан ишиңиз чыгып тез жардамга, милицияга же сурап билүү бюросуна телефон чалып калсаңыз, сөзсүз орус тилиндеги жоопту угарыңызды бөркүңүздө көрө бериңиз… Эгерде анын жообуна канааттанбай мамлекеттик тилде сүйлөп туруп алсаңыз, анда телефондун кантип үзүлүп калгандыгын өзүңүз да байкабай калышыңыз ыктымал.

Өткөндө мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин кароого байланыштуу жыйында КРнын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин сактоо, коргоо жана аны иштетүү ишине Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин гана милдети эмес, ал бардык Кыргызстанда жашап жаткан кыргыз атуулдарынын милдети болушу зарыл,- деп эң туура айткан. Албетте буга жапырт киришип, көмөк колдоо көрсөтүүбүз абзел.

Эгерде биз улуттук тилибизди ыйык тутуп, урматтап, сыйлап муундарга жеткире албасак кайта ага кайдыгер кош көңүл мамиле жасай турган болсок анда тил гана эмес бүтүндөй бир улут да жоголуп кетиши мүмкүн,- деген ойду макаланын соңунда айта кетүүнү өзүмдүн атуулдук парзым,- деп эсептейм.

Суранчы Дүйшөнбаев, “Талас турмушу”

Комментариев нет:

Отправить комментарий