“Аймак-news”, 12-август, Баткен. Америка Кошмо Штатынан (АКШ) атайын иш сапары менен келген сүрөтчү Крис Мартэнс Баткен аймагынын ууз чеберлери менен жолугушту.
Баткен аймагынын кол өнөрчүлөрүнүн улуттук буюмдары жана элдик чыгармачылыгы менен таанышуу максатында 65 жаштагы америкалык сүрөтчү, борбордук азия элдеринин маданиятын изилдөөчү Крис Мартэнс эл аралап, уз чеберлер менен жолугушту.
Крис Мартэнстин айтымында, кыргыз эли кол өнөрчүлөргө, уз чеберлерге жана ар тармактуу таланттарга бай. Крис Мартэнс буга чейин Кыргызстанда алты жолу болгон. Бирок Баткен жергесине биринчи жолу келип жатат. “Кыргызстандын башка аймактарына караганда Баткен аймагында нукура кыргыз буюмдары көп сакталып калыптыр. Айрыкча мени таң калтырганы куракты өзгөчө техника менен жасашат экен”, - деди Крис Мартэнс. Америкалык изилдөөчү кезиккен уз чеберлердин бири 88 жаштагы Ширин эже болду. Ал курактын гана 100дөн ашык түрүн билет.
Крис Мартэнс Орто Азиядагы элдердин улуттук эски буюмдарын чагылдырган каталог китебин чыгарат. Мына ушул каталогго кыргыз элинин улуттук буюмдары жана кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери жарыяланат. Ал эми Баткенден сатып алынган буюмдар Нью-Йорктогу тарыхый музейлерге көргөзмөгө коюлмакчы. (Жылдыз Абдрахманова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий