“Naryn.kg“, 11-август, Нарын. Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кесиминде 2009-2010 жылдарга кышка даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.
Ага биринчи вице премьер министр Өмүрбек Бабанов катышты. Штабдын ишин губернатор Ө.Суваналиев алып барды. Анда белгилүү болгондой, Нарын облусуна бул кышка 45 миң 530 тонна көмүр керек. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга караганда 455 тоннага көп.
Жыйындын аягында Ө.Бабанов «Шарбон» фирмасы көмүр казган кесимде жана «Беш Сары» фирмасында болду. Көмүр казгандар бюджеттик мекемелерге тарткан көмүрлөрүн ала албай жатышкандыктарын, анын натыйжасында алар кайра салыкка акча карыз болуп жаткандыктарын билдиришти. Бул эки тараптуу маселени тезиреек чечип берүүнү Ө.Бабановдон суранышты.
Комментариев нет:
Отправить комментарий