“Naryn.kg“, 13-август, Нарын. Мындай маалымат Чыгыш аймактар аралык салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жумабек Мамырбаевден алынды.
Үстүбүздөгү жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча план 97 млн. сом чогултуш керек болсо, пландан ашык 107 млн сомго чогулган. Бирок ошол эле учурда облуста өнбөй жаткан көп жылдык карыздар 20 млн 400 миң сомду түзөт. Алардын 19 млн сомун же жалпы карыздардын 93% Жумгал районундагы көмүр казган ишканаларга тиешелүү. Кара-Кечедеги көмүр казган мамлекеттик АК «Ак Улак» ишканасы 2006 жылдан бери салыкка 11 млн 622 миң сом карыз. Аны өндүрүүгө мүмкүн болбой жатат. Себеби ал ишкана азыр иштебей турат.
Комментариев нет:
Отправить комментарий